Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кара-Суу айылдык аймагында фитнестин жардамы менен элеттик аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

2024-12-02 / ЖӨБ кызматтары
Кара-Суу айылдык аймагында фитнестин жардамы менен элеттик аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү

Алима ОМОРОВА, коомчулук менен байланыш боюнча адис, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, ӨСИ

Кара-Суу айылдык аймагында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жергиликтүү жамаатты өзгөртө алды. Долбоор адистештирилген фитнес-борборду ачуу менен элеттик аялдардын физикалык жана эмоционалдык бакубатчылыгы үчүн шарттарды түзүп, жергиликтүү лидерликтин жана коом менен кызматташуунун күчүн көрсөттү.

Элет жергесинде аялдардын кызыкчылыктары жана муктаждыктары адатта көз жаздымында кала берет, себеби коом аларды үй тиричилиги жана бала тарбиялоо милдеттери менен чектеп коёт. Аялдардын физикалык жана эмоционалдык саламаттыгына тиешелүү маселелерди коом адатта этибарга ала бербейт. Кара-Суу айылдык аймагында да ушундай көрүнүш өкүм сүрүп келген. Бул жакта аялдардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн эч кандай шарттар түзүлгөн эмес. Ал эми спорт аялдардын ден соолугунун жалпы абалын оңдоп, алардын бакубатчылыгынын деңгээлине таасирин тийгизүүчү маанилүү компонент болуп саналат эмеспи.

2024-жылдын январынан тартып Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылдык аймагы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен жигердүү кызматташа баштаган. Долбоор ЖӨБ органдарына жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, жергиликтүү бийлик менен тургундардын ортосундагы диалогду өнүктүрүү менен калктын бакубатчылыгын жакшыртууга жардам берип келатат.

Жергиликтүү кеңештин депутаты жана мектеп мугалими Жазгүл ЖУМАЛИЕВА бул демилгеде башкы ролду ойноду. Аялдардын дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплекстерге болгон муктаждыгын баамдап, ал долбоордун иш-чараларына жигердүү катыша баштаган. Долбоордун техникалык колдоосу менен айыл өкмөтү жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планын иштеп чыккан. Фитнес кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу артыкчылыктуу деп тандалып алынып, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн иштөө шарттары аныкталып, ачык-айкын конкурстук тандоо өткөрүлгөн жана ага Жазгүл катышып, жеңишке жеткен.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун техникалык колдоосу менен Жазгүл айыл өкмөтүнүн адистерине Кочкор районун өнүктүрүү фондунун талаптарына жооп берген өтүнмө даярдоого жардам берди. Ийгиликтүү толтурулган өтүнмө кабыл алынып, Өнүктүрүү фонду айыл өкмөтүнө спорттук жабдууларды жана шаймандарды сатып алууга 705 миң сом бөлүп берген. Жергиликтүү кеңеш өз кезегинде демилгени колдоп, дагы 100 миң сом бөлүп, ошондой эле фитнес секциясы үчүн жергиликтүү коомдук борбордон кенен орун берилди.

Аялдардын фитнес борбору расмий түрдө 2024-жылдын 15-апрелинде ачылган. Биринчи күнү ага 75 аял келип, көп өтпөй үч курактык топко бөлүнгөн: 60тан улуулар үчүн, 40 жаштан 60 жашка чейинкилер үчүн жана 18 жаштан 40 жашка чейинкилер үчүн тайпалар ачылган. Сабактар жумасына үч жолу эки нөөмөт менен өткөрүлөт, ошол себептен ар кандай графиктерди эске алат.

Бүгүнкү күндө фитнес борбору ар кандай курактагы 70 элеттик аял үчүн сүйүктүү жана пайдалуу жерге айланды. Борбор аялдарга ден соолукту чыңдоого, туура тамактануу жөнүндө билим алууга жана бири-бири менен байланышып турууга жардам берип келет. Бул демилге Кара-Суудагы аялдардын бакубатчылыгын кыйла жакшыртып, жергиликтүү лидерликтин жана жамааттын колдоосунун таасирин көрсөттү.

Жазгүлдүн лидерлиги жана долбоордун колдоосу айылдагы аялдардын өзгөчө жашоо шарттарына кам көрүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн артыкчылыктуу маселеге айландырды.

Бул ийгилик окуясы гендердик теңчиликтин жана аялдардын лидерлигин колдоо канчалык маанилүү болгонун көрсөтүп, башка муниципалитеттерди ушул сыяктуу демилгелерди кабыл алууга жана өз жамааттарын жакшыртууга шыктандырып жатат.

Фитнес борборуна туруктуу түрдө барган аялдар күч-кубатка толуп, өздөрүн сергек сезип калганын белгилешүүдө. Алардын көпчүлүгү спорт менен машыгуу жана баарлашуу үчүн атайын жай ачылганына ыраазы болуп жатышат. 

Окшош материалы: