Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
Үйдөн полигонго чейин: калдыктарды иштетүүгө аялдарды кантип тартса болот? Коммуналдык калдыктарды иштетүү системасында гендердик теңчиликти жана социалдык инклюзияны талдоонун жыйынтыктары
Айсулуу КАМЧЫБЕКОВА, ЖДКЖ Долбоорунун гендердик жана социалдык инклюзия маселелери боюнча адиси
Кыргызстандын элет жергелериндеги аялдар таштандыларды үйүндө сорттоп, балдарды экологиялык таза адаттарга үйрөтүп, система кайсы жерден иштен чыкканын биринчилерден болуп байкашат. Бирок тарифтин көлөмү, таштандыларды чыгаруу графиги жана кайра иштетилүүчү чийки затты чогултчу жер боюнча чечимдер кабыл алын-ган кабинеттерде аялдарды сейрек кездештирүүгө болот. Бакай-Ата жана Аксы райондорундагы көчмө консультациялар бир нерсени көрсөттү: гендердик өңүткө басым жасаган эрежелер жана жеткиликтүү инфраструктура болбосо, биз акчабызды да, ден соолугубузду да, ишенимибизди да жоготобуз. Бул макала аялдардын жана аяр абалдагы жарандардын кызыкчылыктарын эске алуу менен калдыктарды иштетүү системасын жакшыртуу боюнча ЖӨБ органдары үчүн практикалык сунуштарга арналган: калдыктарды өз-өзүнчө чогултууга шыктандыруу жана “социалдык ваучерлерден” тарта муниципалдык ишканаларга инклюзивдүү жалдоого чейин, жарандык коом менен өнөктөштүккө чейин, жынысы жана аярлуулугу боюнча маалыматтарды системалуу эсепке алууга чейин. Сунуштамалар ЖДКЖ Долбоору жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан. Бул изилдөө аялдарды жана аяр абалдагы жарандарды эске алуу менен калдыктарды иштетүү системасын жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо максатында жүргүзүлгөн.
Баалоо методологиясы документтер менен таанышып чыгууну жана Талас облусунун Бакай-Ата жана Жалал-Абад облусунун Аксы райондорунда көчмө консультацияларды айкалыштырды. Фокус-топтук талкуулар ар кандай курактагы (25–70 жаш) 22 аялдын катышуусу менен өткөрүлдү. Алардын арасында ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрү, мисалы, пенсионерлер, коомдук лидерлер жана активисттер, көп балалуу энелер, майыптыгы бар балдардын камкорчулары жана жалгыз бой энелер болду.
Муниципалдык ишканаларды башкарууда гендердик теңдемдин бузулушу
Калдыктарды иштетүүгө субъекттердин үч негизги тобу катышат: кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; кызмат көрсөтүүчү муниципалдык ишканалар; жана бул кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланган эл.
Муниципалдык ишканаларда айрыкча жетекчилик кызматта иштеген жана жогорку башкаруучулук звенодо болгон аялдар жаш кызматкерлер сыяктуу эле аз. Алар негизинен финансы бөлүмдөрүндө (бухгалтерлер, кассирлер), инспектор-көзөмөлдөөчү кызматтарда, кадрлар бөлүмдөрүндө, тазалап-жыйноочу кызматтарда эмгектешинет. Кадрдык курамда да этностук азчылыктардын жана майыптыгы бар адамдардын саны аз болгону байкалууда. Төмөнкү деңгээлдеги кызматтарды (мисалы, айдоочулар, жүктөгүчтөр жана тазалоочулар) негизинен аз камсыз болгон же көп балалуу үй-бүлөлөр ээлейт.
Калдыктарды иштетүүдө аялдардын маанилүү ролу
Элет жергесинде калдыктарды иштетүүдө эмгек жана башкарууга тиешелүү милдеттер салттуу түрдө гендерге карап бөлүштүрүлгөн көрүнүш бар. Аялдар калдыктарды сорттоо жана кайра иштетүүнү башкарууда жана чечимдерди кабыл алууда, ошондой эле өзгөчө кожолуктардын деңгээлинде маалымдуулукту жогорулатууда маанилүү ролду ойношот. Бирок, социалдык-маданий тоскоолдуктардан улам алар дайыма эле алынган кирешеден, ишке орношуудан жана калдыктарды иштетүү чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алган органдардын ишине катышуудан тикелей пайда көрө алышпайт. Аялдар эркектерге караганда калдыктарды чогултуп, аларды көзөмөлдөө үчүн жабдууларга, транспортко жана инфраструктурага азыраак жетет. Бирок, адатта аялдар кожолуктардын деңгээлинде калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу, жаштарды тартуу менен ишембиликтерди уюштуруу жана таштанды челектерин орнотуу сыяктуу бир катар коомдук демилгелерди ишке ашырып келет.
Желим бөтөлкөлөр, жалаяктар, кагаздар, темир жана суусундуктардын банкалары, айнек, желим баштыктар таштандылардын эң кеңири тараган түрлөрү болуп саналат. Жалпысынан калдыктарды сорттоо жана таштандылардын темир, айнек, кагаз, полиэтилен, пластик сыяктуу ар кандай түрлөрүн өзүнчө сактоо зарылдыгын терең баамдоо бар жана муну менен адатта үй тиричилигинде аялдар алектенишет. Алар үйдө коробкаларды жана кагаз калдыктарын өрттөп, ал эми күлдү таштандыга эмес, бакчага ыргытышат. Ошондой эле аялдар күзүндө желим бөтөлкөлөрдү салат жана жашылча кыямдарын (кышкыга) жасоо үчүн кайра колдонушат же жайкысын жайлоодо жүргөндөргө кымыз жана башка сүт азыктары үчүн колдонууга беришет.
|
НЕГИЗГИСИ ТУУРАЛУУ ЭКИ СӨЗ МЕНЕН Калдыктарды жок кылуу инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууда жетишилген айрым жылыштарга карабастан, аялдар жетекчилик кызматтарда да, күнүмдүк иштерде да олуттуу тоскоолдуктарга туш болуп жатышат. Алар адатта үйүндө жана жамааттарында калдыктарды жок кылууга байланышкан акы төлөнбөгөн иштерди аткарышат, мында алардын көз караштары чечимдерди кабыл алуу процессинде дээрлик эсепке алынбайт, себеби бул жерде мурдагыдай эле эркектердин пикири үстөмдүк кылат. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда кызмат көрсөтүүнү колдонуучулардын аярлуу топторунун бардык эле өзгөчөлүктөрү эсепке алына бербейт. Муниципалдык ишканаларда гендердик багыттагы саясаттын, практикалык аспаптардын жана окутуу программаларынын жоктугу аялдардын башкарууга катышуусун ого бетер чектеп жатат. Жетекчи аялдар үчүн бул боштуктар структуралык нормаларды жана институционалдык кемчиликтерди жоюу үчүн үзгүлтүксүз сүйлөшүүлөрдү билдирет, бул адатта үнүн жеткирүү үчүн кошумча күч-аракетти талап кылат. |
Аялдар ден соолук жана табият үчүн күрөшөт
Аялдар адатта климатка жана айлана-чөйрөнү коргоого тиешелүү маселелерге тынчсызданышат. Ошондуктан, алар калдыктарды иштетүүнүн зыяндуу ыкмалары, айлана-чөйрө жана ден соолук үчүн тобокелдиктер тууралуу жакшы билишет жана адатта калдыктарды азайтууга, кайра колдонууга жана кайра иштетүүгө багытталган технологиялар менен инновацияларды биринчилерден болуп киргизип, сүрөшөт. Бакай-Атада иштетилген майдан самын чыгаруу боюнча бизнести баштаган ишкер аял аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кафеден, фастфуд түйүндөрүнөн иштетилген майды алып, аны тамак жасоого пайдаланарын, бул болсо өз кезегинде ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын байкаган. Өзүнүн мастер-класстарынын алкагында ал адамдарга туура тамактануу жана таза/жаңы майды өз керектөөлөрү үчүн колдонуунун маанилүүлүгүн, ошондой эле самындарды жана жуучу каражаттарды жасоодо иштетилген майды колдонуу мүмкүнчүлүгүн үйрөттү.
Бөлүп чогултуу инфраструктурасын түзүү – аялдар жана аярлуу жарандар үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөр
Изилдөөнүн жыйынтыктары Талас жана Жалал-Абад облустарында инфраструктураны жакшыртуу, калдыктарды сорттоого көзөмөлдү күчөтүү жана кайра иштетүүчү пункттардын санын көбөйтүү зарылчылыгын көрсөттү. Бакай-Ата калдыктарды иштетүү боюнча муниципалдык кызматтын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланганына карабастан, район калдыктарды сорттоо жана иштетүү көйгөйлөрүнө туш болууда. Аксыда калдыктарды кайра иштетүүгө жергиликтүү жамааттын жана ишкерлердин жигердүү катышуусу байкалат, бирок калдыктарды чогултуунун формалдуу системасы жок.
Калдыктарды сорттоо, чогултуу жана жок кылуу үчүн өткөрүп берүү системасы жок. Бул аялдар жана калктын социалдык жактан аярлуу топтору үчүн кыйынчылыктарды жаратууда, себеби аларга калдыктарды ташуу же кайра иштетүү өткөрүп берүү үчүн узак жолду басып өтүүгө туура келет. Адистештирилген кайра иштетүү пункттары жок болсо, адамдар калдыктарды өрттөп же талапка жооп бербегендей ыкма менен жок кылышат. Транспорт кызмат көрсөтүүлөрү жеткиликтүү болгон күндө да, улгайган адамдар, жалгыз бой адамдар, аялдар башкарган кожолуктар жана майыптыгы бар адамдар кыймылдын чектелгендигинен жана таштанды баштыктарынын оордугунан улам калдыктарды иштетүүдө кыйынчылыктарга туш болушат.
Калдыктарды чогултуу жана сорттоо үчүн инфраструктураны түзүү маргиналдуу топтор, анын ичинде жумушсуз жаштар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүшү ыктымал. Эмгек мигранттары жана жөлөк пул бир гана киреше булагы болгон жалгыз бой энелер жумуштун жоктугунан, билим деңгээлинин төмөндүгүнөн жана кесиптик тажрыйбанын аздыгынан улам калдыктарды майда масштабда кайра иштетүүгө өзгөчө кызыкдар.
СУНУШТАМАЛАР
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун социалдык саясаты
- Шыктандыруу системасын киргизүү зарыл – сорттолгон калдыктарды өткөрүп берүү үчүн бонустар же азык-түлүккө купондор берилиши керек.
- Калдыктарды сорттоо жана өткөрүп берүү процессин жөнөкөйлөтүү, аларды аялдар жана социалдык жактан аярлуу топтор үчүн жеткиликтүү кылуу зарыл (мисалы, баштыктардын салмагын азайтып, көп балалуу үй-бүлөлөргө берилүүчү баштыктардын санынын лимитин кайра карап чыкса болот).
-
Социалдык гранттардын мамлекеттик программасынын алкагында калдыктарды кайра иштетүү боюнча ишканаларды колдоого артыкчылык бериш керек (“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулар үчүн 100 000 сом көлөмүндө социалдык келишим).
-
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана коммуналдык кызматтардын жумушчуларына муниципалдык субсидияларды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн социалдык заказ программасына социалдык ваучерди киргизүүнү карап чыгуу зарыл.
-
Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, анын ичинде калдыктарды иштетүүнү пландап, мониторинг жүргүзүүгө активист аялдарды жана аял депутаттарды тартуу менен БМжБТнын (биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун) ишин күчөтүш керек.
-
Үй чарба милдеттерин кайра бөлүштүрүүгө жана аялдардын акы төлөнбөгөн эмгегин кыскартууга, ошондой эле калдыктарды сорттоо жана кожолуктардын деңгээлинде башкаруу боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган демилгелерди сүрөө зарыл1.
-
Өзгөчө аялдардын жана социалдык жактан аялуу топтордун арасында калдыктарды иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана канааттануусу боюнча кайтарым байланыш механизмин түзүү (санарип платформаларды жана социалдык тармактарды колдонуу менен).
-
Калдыктарды чогултууга жана кайра иштетүүгө байланышкан кесиптерге карата стигманы азайтып, терс кабылдоону болтурбоо үчүн жаштар арасында тажрыйба алмашууну уюштуруш керек.
Окутуу жана ишке орноштуруу
- Атайын көндүмдөрдү талап кылбаган калдыктарды кабыл алуу жана сорттоо пункттарында калктын социалдык жактан аярлуу топторун ишке орноштурууга көмөктөшүш керек.
- Аялдардын окуу программаларына катышуусун кеңейтип, калдыктарды иштетүү чөйрөсүндө алардын башкаруучулук жана техникалык компетенцияларын күчөтүү зарыл.
- Калдыктарды кайра иштетүү чөйрөсүндө жумушчуларга карата стигманы азайтып, алардын аброюн көтөрүү жана алардын элдин саламаттыгына, экосистеманы коргоого жана туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу үчүн гендердик өңүттү эске алган коммуникация стратегияларын даярдап, агартуу өнөктүктөрүн өткөрүү зарыл.
- Мындай коммуникациялык стратегияларды биргелешип ишке ашыруу үчүн ЖӨБ органдары өнүктүрүү долбоорлору, донорлор, экологиялык жана туристтик уюмдар, ошондой эле тартип коргоо органдары менен өнөктөш мамилелерди түзүүгө тийиш.
- Аялдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатып, биокомпост, макулатураны жана жүндү кайра иштетүү, самын өндүрүү жана башкалар боюнча чакан цехтер сыяктуу социалдык-экономикалык демилгелерин ишке киргизүү жана өнүктүрүү үчүн консультациялык колдоо көрсөтүү жолу менен экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарыл.
- Окуу иш-чараларын инклюзивдүү форматта уюштуруу, мазмунду ар кандай билим берүү деңгээлине ылайыкташтыруу, аялдар үчүн ыңгайлуу убакытты тандоо жана социалдык колдоо көрсөтүү (мисалы, балага кам көрүү) зарыл.
- Тренерлер менен катышуучулардын арасында гендердик жана инклюзивдүү өкүлчүлүктү камсыз кылуу, эркектердин да, аялдардын да катышуусун, майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу зарыл.
Бизнести каттоо жана финансылык стимул
- Каттоону жөнөкөйлөтүү жана калдыктарды кайра иштетүү тармагында иштеген аялдарга таандык ишканаларга (ЖӨБдүн деңгээлинде) салыктык жеңилдиктерди бериш керек.
- Кесипкөй окууга, бизнести пландоого, финансыга, жабдууларга жана транспорт каражаттарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, калдыктарды сорттоо жана кайра иштетүү менен алектенген формалдуу эмес ишканаларды мыйзамдаштыруу үчүн дем берүү керек. Зарыл болсо регионалдык жана улуттук деңгээлдердеги чечимдерди сүрөө.
- ЖДКЖ долбоору да, жергиликтүү бийлик органдары да ишке ашырып жаткан сыйлыктар, коомдук иш-чараларга катышуу жана таануунун башка формалары аркылуу калдыктарды сорттоо жана кайра иштетүү чөйрөсүндө ишкер аялдарды таанытып, алардын беделин жогорулатуу зарыл.
Элдин маалымдуулугун жогорулатуу
- Улуу муундардын жаш муунга көндүмдөрдү өткөрүп берүүсү жана эски кийимдерди утилдештирүү үчүн салттуу жана чыгармачылык кол өнөрчүлүк (мисалы, курак жасоо, жүн иштетүү) боюнча мастер-класстарды жана ийримдерди аялдар кеңешинин жумушчу пландарына киргизүү менен өнүктүрүү зарыл.
- Аялдардын уюмдарын маалыматтык өнөктүктөргө тартуу, калдыктар көйгөйү, анын ден соолукка, айлана-чөйрөгө жана климатка тийгизген таасири жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле калдыктарды сорттоого жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз убагында төлөөнүн маанилүүлүгүнө үйрөтүү зарыл.
- Айылдардагы калдыктарга байланышкан кырдаалды баалоо жана калдыктарды иштетүү практикасын жана программаларын жакшыртуу максатында жашоочулардан пикир чогултуу үчүн аялдар уюмдары менен биргеликте үзгүлтүксүз изилдөөлөрдү жана мониторингдерди жүргүзүү зарыл.
- Ар кандай социалдык топторго, анын ичинде кары-картаңдарга, консервативдүү жана жабык жамааттарга, ошондой эле диний уюмдардагы эркектерге калдыктарды иштетүү саясаты тууралуу маалыматтарды жайылтуу үчүн диний жана жергиликтүү лидерлери менен жолугушууларды жана талкууларды өткөрүш керек.
- Жарандык коом уюмдары менен биргеликте жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча коммуникациялык өнөктүктөрдү өткөрүп, ар түрдүү муундардын өкүлдөрү жашаган кожолуктардагы жаштарга басым жасап, калдыктарды сорттоого жана туура иштетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн натыйжалуу каналдарды (социалдык тармактар, кыска видеолор) колдонуу зарыл.
____________
Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча комплекстүү окутуу: аймактарда жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр боюнча башкаруучулук компетенттүүлүк кантип өркүндөп жатат?
-
№1 (159) / 2025-01-30 Мамлекеттик жана ЖӨБ органдары көрсөткөн жана уюштурган кызмат көрсөтүүлөргө жарандардын канааттануу деңгээлин баалоонун жыйынтыктары
-
№11 (157) / 2024-12-02 Маданият аркылуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: “Комуз” музыкалык ийрими
-
№11 (157) / 2024-12-02 Кара-Суу айылдык аймагында фитнестин жардамы менен элеттик аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Каркыранын кубулушу: Нуржандын таза жана дени сак коомго сапары
-
№11 (157) / 2024-12-02 Катуу тиричилик калдыктарынын пайда болуу ченемдерин кантип эсептеп чыкса болот?
-
№10 (156) / 2024-11-07 Муниципалдык ишканалардын кызматкерлери: жаңы иш шарттары олуттуу көлөмдөгү билимди талап кылат
-
№10 (156) / 2024-11-07 Швейцария Өкмөтү Кыргызстандагы кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүүсүн улантууда: “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жаңы фазасы башталды















