Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
Тажрыйба алмашуу сапарлары: муниципалитеттер муниципалдык ишканалардын иши жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү боюнча тажрыйбалары менен кантип бөлүшүүдө?
Данияр АЙТБАЕВ, КР ЖӨБ Союзунун директорунун орун басары
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу айыл өкмөттөрүнүн, муниципалдык ишканалардын жана райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү үчүн бир катар тажрыйба алмашуу сапарларын уюштурду. Бул иш-чара практикалык тажрыйба алмашып, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга карата жаңы ыкмаларды табуу максатында өткөрүлдү.
2025-жылдын октябрында Нарын, Ош жана Чүй облустарына үч сапар уюштурулду. Алардын ар бири тажрыйба алмашуу, көйгөйлөрдү талкуулоо жана реалдуу чечимдерди табуу үчүн аянтчага айланды.
Нарын облусу: олуттуу тажрыйба алмашуунун башаты
Алгачкы тажрыйба алмашуу сапары 9-октябрда Кочкор районунун Ормон-Хан айыл өкмөтүндө өттү. Конокторду райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Баялы ДОСАЛИЕВ тосуп алды. Ага Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын, Кочкор райондорунун айыл өкмөт башчылары жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.
Программа теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтыган. ЖӨБ Союзунун эксперти Гүлнара САЯКБАЕВА муниципалдык ишканалардын милдеттери жана функциялары, ошондой эле алардын айыл өкмөттөрү менен байланышы тууралуу айтып берди.
Андан соң катышуучулар жергиликтүү ишкананын иши менен таанышып, уставдык документтерди даярдаганды, тарифтерди түзгөндү, каттаганды жана лицензия бергенди, ошондой эле салык кызматынын жеке кабинетинен санариптик кол тамгасына (Рутокен) чейин электрондук аспаптарды колдонгонду үйрөнүштү.
Сапардын соңунда катышуучулар муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун ийгиликтүү мисалдарынын бири болгон “Ормон-Хан” эс алуу багында болушту. Иш-чарага 29 адам, анын ичинде үч аял катышты.
Ош облусу: Кара-Суу районунун муниципалитеттери менен Баткен районунун муниципалитеттери тажрыйба алмашты
Экинчи сапар 21-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка жана Мады айыл өкмөттөрүнө уюштурулду. Бул жерге Баткен облусунун Баткен районундагы муниципалдык ишканалардын жана айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү чогулушту.
Биринчи сапар сыяктуу эле катышуучулар муниципалдык ишканалардын ички иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин карап чыгышты, социалдык инфраструктуралык объектилерди кыдырып, Датка айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын алдыңкы тажрыйбасы менен таанышышты.
Комузчулардын чыгармачылык ийрими жана Мады айыл өкмөтүнүн спорт комплекси өзгөчө кызыгууну жаратты. Булар муниципалитеттер коомдук демилгелерди кантип өнүктүрө аларынын бир мисалдары.
Ардактуу коноктордун арасында Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Арзибек ЖУСУПОВ жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Сүйүнбай САТЫБАЛДЫЕВ болду. Жалпысынан 30 адам катышты, алардын ичинен бешөө – аялдар.
Чүй облусу: үчүнчү айлампа жана жаңы перспективалар
Тажрыйба алмашуу боюнча соңку сапар 30-октябрда Кемин районунун Кичи-Кемин айыл өкмөтүнө уюштурулду. Аламүдүн, Ысык-Ата жана Чүй райондорунан келген делегаттар Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн “Боролдой” муниципалдык ишканасынын иши жана Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн ийгиликтүү тажрыйбалары менен тааныша алышты.
Катышуучулардын арасында Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана райондук администрациялардын өкүлдөрү болду. Катышуучулар кызматташуу, модернизациялоо жана инновацияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Иш-чарада Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Айгүл КУРМАНАЛИЕВА да сөз сүйлөдү. Тажрыйба алмашуу сапарына 40 адам, анын ичинде тогуз аял катышты.
Эмнелер талкууланып, кандай жыйынтыкка келишти?
Жолугушуулардын форматы диалогдор жана суроо-жооптор түрүндө мүмкүн болушунча ачык болду. Мындай ыкма катышуучуларга муниципалдык ишканалардын реалдуу көйгөйлөрүн талкуулоого мүмкүндүк берди:
- каржылоонун жана жабдуулардын тартыштыгы,
- төмөн тарифтер жана элдин карызы,
- полигондордун жетишсиздиги жана негизги фонддорду жаңылоого байланышкан кыйынчылыктар.
Бирок сүйлөшүү көйгөйлөрдүн айланасында гана болгон жок. Көптөгөн конструктивдүү сунуштар да айтылды:
- бюджеттен тышкаркы булактарды жигердүү тартуу,
- энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү,
- муниципалитеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү,
- кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу,
- ченемдик базаны өркүндөтүү жана мамлекеттик колдоону күчөтүү.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Бул сапарлар жандуу баарлашуу жана тажрыйба алмашуу муниципалдык башкарууну өнүктүрүүнүн натыйжалуу аспабы болгонун көрсөттү. Мындай жолугушуулар катышуучуларды шыктандырат, практикалык чечимдерди табууга жардам берет жана бардыгы ийгиликтер менен бөлүшүүгө жана кесиптештерин колдоого даяр болгон бирдиктүү кесипкөй жамааттарды түптөөгө жардам берет.
Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы КОЖОМАМБЕТОВ Азамат: “ЖӨБ Союзу бир нече жылдан бери өткөрүп келе жаткан муниципалитеттердин ортосундагы тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралар чындап эле окутуунун жана өз ара аракеттенүүнүн абдан натыйжалуу формасы болгонун далилдей алды. Бүгүнкү күндө көптөгөн муниципалдык ишканалар документтерди тариздөөдө, тарифтерди иштеп чыгууда жана өз ишин уюштурууда кыйынчылыктарга туш болуп келишет. Ошондуктан биз үчүн үлгүлүү ишканалардын ишин практикада көрүү өзгөчө пайдалуу болду. Мен да муниципалдык ишкананын директоруна көптөгөн суроолорду берип, толук жоопторду алдым. Жетекчиде да, кызматкерлерде да чындап мотивация бар болгонун, алар өз иши менен сыймыктанарын көрүп кубандым. Күн окуяларга бай болуп, чоң пайда менен өттү. Биз техникалардын базасында болуп, тажрыйба алмаштык жана көйгөйлүү маселелерди чындап чечүү жолдорун талкууладык. Ушул сапардан кийин ишканамдын ишин өркүндөтүп, аны үлгүлүү кылып, жетишкендиктеримди башка кесиптештерим менен бөлүшүү каалоом пайда болду”.
ЖӨБ Союзу ушул өңдүү иш-чараларды мындан ары да өткөрүүнү пландап жатат, себеби алар муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын чындап жакшыртууга жана жашоочулардын жергиликтүү бийликке ишенимин бекемдөөгө алып келет.
Тажрыйба алмашуу сапарларынын сериясы “Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун көмөгү менен өттү. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келүүдө. Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык ишканалар көрсөткөн кызматтардын сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.
Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Үйдөн полигонго чейин: калдыктарды иштетүүгө аялдарды кантип тартса болот? Коммуналдык калдыктарды иштетүү системасында гендердик теңчиликти жана социалдык инклюзияны талдоонун жыйынтыктары
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча комплекстүү окутуу: аймактарда жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр боюнча башкаруучулук компетенттүүлүк кантип өркүндөп жатат?
-
№12 (170) / 2025-12-30 Дараметти жогорулатууга гранттар: жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу кылган адамдарга инвестициялоо
-
№1 (159) / 2025-01-30 Мамлекеттик жана ЖӨБ органдары көрсөткөн жана уюштурган кызмат көрсөтүүлөргө жарандардын канааттануу деңгээлин баалоонун жыйынтыктары
-
№11 (157) / 2024-12-02 Маданият аркылуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: “Комуз” музыкалык ийрими
-
№11 (157) / 2024-12-02 Кара-Суу айылдык аймагында фитнестин жардамы менен элеттик аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Каркыранын кубулушу: Нуржандын таза жана дени сак коомго сапары
-
№11 (157) / 2024-12-02 Катуу тиричилик калдыктарынын пайда болуу ченемдерин кантип эсептеп чыкса болот?















