Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Маданият аркылуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: “Комуз” музыкалык ийрими

2024-12-02 / ЖӨБ кызматтары
Маданият аркылуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: “Комуз” музыкалык ийрими

Алима ОМОРОВА, коомчулук менен байланыш боюнча адис, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, ӨСИ

“Комуз – бул жөн гана музыка эмес, бул ошону менен бирге элибиздин жүрөгү жана жаны. Ал кыргыз элине сыймык тартуулап, комуздун добушун уккандарды, анын ичинде дүйнө жүзүндөгү гастролчуларды кошо алганда баарын тамшандырган касиетке ээ. Мен Кыргызстандын ар бир жараны бул аспап жана анын мааниси жөнүндө билүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек деп эсептейм. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосуна ыраазымын жана клубубуздун мындан ары да өнүгүүсүн чыдамсыздык менен күтөм. Анткени клуб жаңы муундарга дем берип, маданий салт-санаабызды сактап калууга умтулат”.

Айзада ӨСКӨНБАЕВА

2023-жылдын сентябрында Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Конорчок чакан айылы олуттуу көйгөйгө туш болду: маданий иш-чаралар өтпөй, жаштар өз мурасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан. Тургундар, жаштар менен бирге комузда – кыргыздын баалуу аспабында ойноонун салттуу өнөрүн үйрөнүүгө абдан кызыкдар эле. Бирок, сапаттуу окутуу үчүн аянтча да, ресурстар да болгон эмес, ал эми жергиликтүү жамаатта жаштарды тартып, шыктандыруу үчүн уюштурулган маданий иш-чаралар жок болчу. Ушундан улам туруктуу маданий демилгени түзүү зарылдыгы айкын болду.

Бул маселени чечүү максатында Осконбаева Айзада Кемеловна “Комуз” музыкалык клубун түзүү демилгесин көтөрүп чыкты. Айзада 1982-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында төрөлүп, өмүрүн музыкага жана билимге арнаган. Ал эки жыл Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында окуп, андан соң Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда билимин улантып, музыка мугалими адистигине ээ болгон. 13 жылдан ашык мугалимдик тажрыйбасы менен ал конкурста жеңишке жеткенден кийин клубдун жетекчиси болуп тандалып алынган. Бул конкурс ылайыктуу лидерди табуу максатында уюштурулган эле.

Тандоодон кийин ал ийримге катышуу шарттарын талкуулап алуу үчүн ата-энелер чогулушун уюштуруп, натыйжада ачык-айкындуулукту жана кызматташтыкты камсыз кылган үч тараптуу келишим түзүлдү. Окуунун алгылыктуу баасы белгиленген – бир окуучуга 500 сом деп эсептелди, мындай баа программаны бардык үй-бүлөлөр үчүн каржылык жактан жеткиликтүү кылды. Башында “Комуз” клубуна 12 окуучу келген, бирок ийримдин натыйжалуулугу жөнүндө маалымат көп тарап отуруп, жылдын аягына чейин клубга дагы 6 окуучу кошулду. Ушул жылы клубда 24 окуучу комуз черткенди үйрөнүп жатышат. Сапаттуу окууну камсыз кылуу үчүн класстын көлөмү атайылап чектелген, мунун натыйжасында ар бир балага жекече мамиле жасалып, ар биринин талантын өнүктүрүүгө шарт түзүп жатат.

Клубдагы өзгөчө маанайга Тынчтык корпусунун англис тилдүү ыктыярчысы да себепчи болууда, ал да иш-чараларга жигердүү катышууда. Ыктыярчы клубда сабак өтүүгө гана жардам бербестен, ошону менен бирге ырдап, ар кандай маданий иш-чараларга катышуу менен музыкага болгон сүйүүсүн башкаларга жеткирүүдө. Анын катышуусу студенттердин окуу тажрыйбасын ар кандай музыкалык стилдер жана тилдер менен тааныштырып, англис тилин көңүлдүү жана интерактивдүү шартта өздөштүрүүгө жардам берди.

“Комуз” клубунун ачылышы айылга чоң таасирин тийгизип, жаштарга маданий тамыры менен байланышты бекемдеп, ошол эле учурда баалуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Клуб комуз чертүү өнөрүн гана үйрөтпөстөн, ошону менен бирге ырдаганды, бийлегенди да үйрөтүп, студенттерге сахнада жана коомдо ишенимин бекемдеген ар тараптуу маданий билим берет.

Бул күч-аракеттер жемишин бере баштады: окуучулар жакында эле вокал, комуз жана бий боюнча райондук конкурста биринчи орунду, ал эми облустук конкурста үчүнчү орунду ээлеп, элге таанылышты. Бул жетишкендиктер окуучулардын берилгендигин жана окутуу методикасынын ийгилигин чагылдырып турат. Бул методика жөнөкөйлүккө, окуучуларды тартууга жана маанайга басым жасайт.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу элет жергесиндеги таланттуу жаштарга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн зарыл болгон ресурстарды берүү менен клубду өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойноду. Бул демилге салттуу музыканы сактап калып, андан ары жайылтуу менен гана чектелбестен, ошону менен бирге студенттердин жашоосун маңыздуу кылды. Аларда өзүнө болгон ишеним пайда болуп, өздөрүн тартипке көндүрүп, маданий мурастарын тереңирээк баалай башташты.

Окшош материалы: