Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (159) 30 Январь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик жана ЖӨБ органдары көрсөткөн жана уюштурган кызмат көрсөтүүлөргө жарандардын канааттануу деңгээлин баалоонун жыйынтыктары

2025-01-30 / ЖӨБ кызматтары
Мамлекеттик жана ЖӨБ органдары көрсөткөн жана уюштурган кызмат көрсөтүүлөргө жарандардын канааттануу деңгээлин баалоонун жыйынтыктары

Надежда ДОБРЕЦОВА, ӨСИнин башкаруу төрайымы, "Муниципалитет" журналынын башкы редактору; Николай НОВИЦКИЙ, КР Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр секторунун башчысы

  • Жарандардын 70%дан ашыгы кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн расмий белгиленген акыдан ашыкча бейрасмий кошумча акча төлөгөнүн четке кагышат.
  • Маалымкат алуу үчүн жарандардын ЖӨБ органдарына кайрылууларынын саны 5 эсе кыскарды (2018-жылга салыш-тырмалуу), бирок көрктөндүрүү, сугат суу, бала бакчалар, таштанды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө, баарынан көп канализацияга суроо-талап өстү.

ИЗИЛДӨӨГӨ ӨБӨЛГӨ БОЛГОН ЖАГДАЙЛАР ЖАНА АНЫН УЮШТУРУЛУШУ

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары – КР ЭКМ) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маселелеринде мамлекеттик саясатты даярдоого жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. Министрликтин милдеттерине мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу практикасын жалпылоо жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо кирет.

Жарандарга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатынын белгиленген критерийлерге шайкеш келишине мониторинг жана баалоо жүргүзүү бир катар программаларда жана концепцияларда, анын ичинде 2021-2026-жылдары “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясында каралган. Аталган Концепция КР Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №39 Жарлыгы менен бекитилген. 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүндөгү чакырыктарга, кемчиликтерге жана дал келбестиктерге өз убагында жооп кайтарууга мүмкүндүк берет. ЖӨБ органдарынын ишин баалоодо жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине катышуусу маанилүү ролду ойнойт.

Жогоруда аталган Концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын 4.2.4-пунктун ишке ашыруу максатында ЭКМ Өнүктүрүү саясат институтуна (мындан ары – ӨСИ) жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө канааттануу деңгээлин изилдөөнү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул кайрылууга жооп катары “КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн атынан ӨСИ ЭКМнын атынан социологиялык сурамжылоону уюштурууга көмөктөштү. Сурамжылоо 2024-жылдын жайында жүргүзүлдү. Респонденттердин жалпы саны 2637 адамды түздү, анын ичинде 1660ы – аял жана 977си – эркек. Ылгап алууга Кыргыз Республикасынын 39 району тандалып алынган (Чоң-Алай району техникалык себептерден улам чыгып калган). Талаада маалыматтарды “Эрфольг Консалт” компаниясы чогултуп чыкты.

ИЗИЛДӨӨНҮН ӨЗӨКТҮК ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

  • Изилдөөнүн өзөктүк жыйынтыктары – позитивдүү, жарандардын мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө канааттануу деңгээли жалпысынан изилденген кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү боюнча 81 пайызды түзөрүн күбөлөндүрөт. Жергиликтүү деңгээлде уюштурулуп жаткан кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде ЖӨБ органдарына карата ушундай эле көрсөткүч бир аз төмөн жана 62% түзөт.
  • Маалымкаттарды берүү, пландуу медициналык жардам көрсөтүү, документтерди алуу же алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрү эң популярдуусу жана эң жакшы жыйынтыктарга жетти деп табылды. Кыймылсыз мүлккө байланышкан кызмат көрсөтүүлөр эң төмөнкү канааттануу деңгээлин көрсөтүп, кайрылгандар өтө аз болгонун көрсөтүп турат.
  • Заманбап системалар: калкты тейлөө борборлору, “бирдиктүү терезе” жана “Түндүк” сервистери кайрылуу пункттарынын арасында олуттуу үлүштү ээлеп калышты – жооп кайтарган жарандардын 46% акыркы 12 айдын ичинде бул пункттарга кайрылышкан. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын калктын дээрлик жарымы колдонот (эркектерге караганда аялдар бул аралыктан иштеген формага көбүрөөк кайрылышат).
  • Жарандардын басымдуу көпчүлүгү – 70% ашыгы – кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн расмий белгиленген акыдан ашыкча бейрасмий кошумча акча төлөгөнүн четке кагышат.
  • Маалымкат алуу үчүн жарандардын ЖӨБ органдарына кайрылууларынын саны беш эсе кыскарды (2018-жылга салыштырмалуу), бирок көрктөндүрүү, сугат суу, бала бакчалар, таштанды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө, баарынан көп канализацияга суроо-талап өстү.
  • 2018-жылдан баштап жергиликтүү деңгээлде жана ЖӨБ органдарынын инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрүнүн негизги түрлөрүнө канааттануу деңгээли канализацияны кошпогондо, оң динамиканы көрсөтүүдө.
  • Кызмат көрсөтүүлөрдүн экинчи чоң тобунун басымдуу бөлүгү – социалдык, өнүгүү мүнөзү жана мобилдүүлүк – канааттануу деңгээлине карата оң көрсөткүчтөрдү чагылдырып турат. Коомдук транспорт, спорт жана музыка мектептери бул тизмеге кирбейт.

МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРҮ

Сурамжылоо мамлекеттик органдар жеткирген төмөнкү 12 негизги кызмат көрсөтүүлөргө карата жүргүзүлдү:

  • маалымат берүү (м.: айыптар тууралуу);
  • жер боюнча маселелер (каттоо, алуу);
  • чукул (тез) медициналык жардам көрсөтүү;
  • транспортту каттоо;
  • жарандык абалдын актыларын каттоо;
  • мектепке чейинки, мектеп окуу жайларына кезекке коюу;
  • социалдык кызмат көрсөтүүлөр/тейлөө;
  • кыймылсыз мүлктү каттоо;
  • пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык төлөмдөрдү тариздөө (кайра эсептөө);
  • пландуу (чукул болбогон) медициналык жардамды көрсөтүү;доку
  • менттерди алуу же алмаштыруу;
  • маалымкаттарды берүү.

Сурамжылоого катышкан жарандардын жарымынан көбү (56%) акыркы 12 айдын ичинде жогорудагы тизмеден кандайдыр бир кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайрылышкан. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайрылгандардын басымдуу көпчүлүгүн – 81% – жыйынтык канааттандырган. Ошол эле учурда кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн көп кайрылбаган аялдар (кайрылган аялдардын саны – 57%, эркектердин саны – 54%) жалпысынан кызмат көрсөтүүлөргө канааттануусун көбүрөөк билдиришет (аялдар – 88%, эркектер – 74%).

Кызмат көрсөтүүлөрдүн популярдуулугу менен алынган жыйынтыкка канааттануу деңгээлин салыштыра келгенде, маалымкаттарды берүү, пландуу медициналык жардам көрсөтүү, документтерди алуу же алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрү эң популярдуу жана эң жакшы жыйынтыктар менен белгиленгени көрүнүп турат. Жерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөр канааттануунун эң төмөнкү деңгээлин, аны сурап кайрылгандардын аз болгонун чагылдырууда (1-сүрөт).

1-сүрөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн популярдуулугунун жана аларды алгандардын канааттануусунун рейтинги

Бирок жыныстарды жана айрым кызмат көрсөтүүлөрдү алып караганда кырдаал жалпы сүрөттөн олуттуу айырмаланышы мүмкүн. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча “артта калып жаткандардын” тобунда пенсияларды, жөлөкпулдарды жана социалдык төлөмдөрдү тариздөө (кайра эсептөө) жана жер тилкелерине байланышкан кызмат көрсөтүүлөр (каттоо, алуу) турат. 

Жынысы боюнча алып караганда чукул (тез) медициналык жардам көрсөтүүгө карата эң көп айырмачылык байкалды – эркектер бул кызмат көрсөтүүгө эки эсе азыраак канааттануусун билдиришти, бирок эркектер пенсияларды, жөлөкпулдарды жана социалдык төлөмдөрдү тариздөө (кайра эсептөө) боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жогору баасын беришти. Ошондой эле эркектер жер маселелерине байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыгын өтө начар – беш эсе начар баалашат (2-сүрөт).

2-сүрөт. Жыныстардын алкагында кызмат көрсөтүүлөргө канааттануунун деңгээли

Рейтингде акыркы сапта орун алган кызмат көрсөтүүлөргө к анааттанбоонун себептерине жасалган талдоо эркектер менен аялдардын ортосунда олуттуу айырмачылыктар бар болгонун көрсөттү. Алсак, эркектердин көбү пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык төлөмдөрдү тариздөө (кайра эсептөө) кызмат көрсөтүүсү көп убакытты алат деп эсептешет, ал эми аялдар кызматкерлер эч нерсе кыла албай калган кырдаалга туш болушат (2-А-сүрөт).

2-А-сүрөт. Жыныстардын алкагында пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык төлөмдөрдү тариздөө (кайра эсептөө) кызмат көрсөтүүсүнө канааттанбоонун себептери

Чукул (тез) медициналык жардам кызмат көрсөтүүсүнө карата жыныстардын кабылдоодогу кескин айырмачылыктары аныкталды: аялдар жооп ала алышпайт, ал эми эркектер жардам алуу өтө көп убакытты талап кылат деп эсептешет (2-Б-сүрөт).

2-Б-сүрөт. Чукул (тез) медициналык жардам кызмат көрсөтүүсүнө канааттанбоонун себептери, жынысы боюнча

Жер маселелерине байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө канааттанбоонун себептерине карата тескери кырдаал белгиленет: эркектер өз суроо-талабына жооп алышпайт, ал эми аялдар маселе кечиктирилип чечилерин белгилешет (2-В-сүрөт).

2-В-сүрөт. Жер боюнча маселелерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөргө (каттоо, алуу) канааттанбоонун себептери, жынысы боюнча

Ошондой эле респонденттерден кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайда кайрыларын сурашты. Сурамжылоо көрсөткөндөй, жарандардын көпчүлүгү – 67% – конкреттүү кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу мамлекеттик мекемелерге түз кайрылышат. Бирок заманбап системалар: калкты тейлөө борборлору, “бирдиктүү терезелер” жана “Түндүк” сервистери кайрылуу пункттарынын арасында олуттуу үлүштү ээлешти – жооп берген жарандардын 46% акыркы 12 айдын ичинде бул пункттарга кайрылышкан.

3-сүрөт. Мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн жарандардын кайрылууларынын пункттарынын түзүмү 

Жынысы боюнча, изилдөө көрсөткөндөй, аялдарга караганда эркектер мамлекеттик органдарга жана мекемелерге түз кайрылышат, ал эми эркектерге караганда аялдар калкты тейлөө борборлоруна көбүрөөк барышат.

4-сүрөт. Облустар жана жыныстар боюнча маморгандардын талап кылынган кызмат көрсөтүүлөрүнө канааттануунун деңгээли

 

 

 

Респонденттерге Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына карата өзүнчө суроо берилди. Аны калктын дээрлик жарымы – 49 пайыздан ашыгы колдонушат. Бирок, жынысы боюнча алып караганда, айырмачылыктар бар – эркектерге караганда аялдар бул аралыктан иштеген форматты көбүрөөк колдонушат.

Жалпысынан кызмат көрсөтүүлөргө карата коррупциянын деңгээлин кыйыр түрдө баалоого жардам берген төлөмдөргө карата жарандарга маанилүү суроо узатылды: кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн расмий белгиленген акынын үстүнө кошуп, жең ичинен акча төлөгөн учурлар болду беле? Жарандардын басымдуу бөлүгү – 70 пайыздан ашыгы – белгиленген ченемден ашыкча акы төлөгөндүгүн четке кагышты. Жооптор жыныстар боюнча караганда анча деле айырмаланбайт, бирок жооп бербегендердин арасында аялдардын үлүшү бир аз көбүрөөк болду (5-сүрөт).

5-сүрөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кайрылуунун жыштыгы, жынысы б-ча

Региондор боюнча алып караганда бардык 12 кызмат көрсөтүүгө карата канааттануу деңгээли орто эсеп менен Ош жана Жалал-Абад облустарында жогору, Баткен облусунда төмөн. Бирок Жалал-Абад облусунда эркектер арасында социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөгө канааттануунун деңгээли өтө жогору эмес, ал эми Баткен облусунда жарандардын пландуу (чукул эмес) медициналык жардам көрсөтүү жана документтерди алуу же алмашуу кызмат көрсөтүүлөрүнө канааттануусу жогорку деңгээлде болгон. Жынысы боюнча караганда, Чүй жана Ысык-Көл облустарында да айырмачылыктар байкалган, бул жакта документтерди алуу жана алмаштыруу кызмат көрсөтүүсүнө канааттануунун деңгээли төмөнүрөөк. Ошондой эле Чүй облусунда эркектер менен аялдарды баалоодо айырмачылыктар байкалат – аялдар пенсияны, жөлөкпулдарды, социалдык төлөмдөрдү тариздөө (кайра эсептөө) кызмат көрсөтүүсүн дээрлик эки эсе жогору баалашкан.

ЖӨБ ОРГАНДАРЫ БЕРГЕН ЖЕ УЮШТУРГАН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР

Жарандар ЖӨБ органдарына кайрылган соң алган кызмат көрсөтүүлөрдүн суроо-талапка ээ болушуна карата алганда эң олуттуу өзгөрүү – маалымкат алуу үчүн кайрылуулардын санынын кескин – 5 эсе кыскарышы болду. Алсак, 2018-жылы респонденттердин 79% акыркы 12 айда алар ЖӨБ органына маалымкат алуу үчүн жок дегенде бир жолу кайрылууга туура келгенин айтса, 2024-жылы мындай жоопту 15,1% гана берген. Ошондой эле кандайдыр бир кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ЖӨБ органдарына бир да жолу кайрылбаган жарандардын үлүшү олуттуу өстү. Көрктөндүрүүгө, сугат сууга, бала бакчаларга, таштанды чыгарууга, бирок баарынан көп канализацияга суроо-талап өстү (6-сүрөт).

6-сүрөт. Кызмат көрсөтүү үчүн белгиленген акыдан ашыкча, жең ичинен акча берүү тууралуу суроого жооп 

Жалпысынан жергиликтүү деңгээлде уюштурулган кызмат көрсөтүүлөргө канааттануу деңгээли 62 пайызды түзөт, бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө карата ушундай эле көрсөткүчтөн төмөн. Кызмат көрсөтүүгө канааттануунун рейтингинин сап башында орто мектептер, бейтапканалар, коомдук тартип жана коопсуздук турат; ал эми музыкалык жана искусство мектептери жана өзгөчө канализация соңунда орун алган (7-сүрөт).

7-сүрөт. Жергиликтүү деңгээлде уюштурулган кызмат көрсөтүүлөргө канааттануунун рейтинги

2018-жылдан бери ЖӨБ органдарынын инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрүнүн негизги түрлөрү канализацияны кошпогондо, оң динамиканы көрсөтүүдө. Канализацияга карата динамика айылдарда жашаган адамдар бул кызмат көрсөтүүнү шаарлардагыдай эле көлөмдө уюштуруунун зарылдыгын баамдап турганын билдирет (8-сүрөт).

8-сүрөт. ЖӨБ органдарынын инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөрүнө жарандардын канааттануу деңгээлинин динамикасы

Кызмат көрсөтүүлөрдүн экинчи чоң тобунун басымдуу бөлүгү – социалдык, өнүгүү мүнөзүндө жана мобилдүүлүк – бул да канааттануу деңгээлине карата оң көрсөткүчтөрдөн кабар берүүдө. Коомдук транспорт, спорт жана музыка мектептери бул тизмеге кирбейт (9-сүрөт).

9-сүрөт. Жарандардын ЖӨБ органдарынын “социалдык жана өнүктүрүүчү” кызмат көрсөтүүлөргө канааттануу деңгээлинин динамикасы 

Сурамжылоого катышкандарга “Эгерде мындай мүмкүнчүлүк болсо, кошумча каражатты кайсы кызмат көрсөтүүнү каржылоого жумшайт элеңиз?” деген суроо узатылды. Жооптордун динамикасы суу менен камсыздоонун жана канализациянын көйгөйү 2012-жылдан бери эң актуалдуу бойдон калып жатканын көрсөттү. Инвестицияларды талап кылган кызмат көрсөтүүлөрдүн рейтингинде кийинки орунда жолдорду эксплуатациялоо – 23,4%, үчүнчү орунда таштандыларды чогултуу жана чыгаруу (10,7%), андан кийин жашылдандыруу (8,7%), көчөлөрдү жарыктандыруу (7,9%), көчөлөрдү жана аянттарды тазалоо (3,7%) турат (10-сүрөт).

10-сүрөт. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга биринчи кезекте инвестиция салууда жарандардын артыкчылыктары

Окшош материалы: