Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

12 (170) 30 Декабрь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Дараметти жогорулатууга гранттар: жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу кылган адамдарга инвестициялоо

2025-12-30 / ЖӨБ кызматтары
Дараметти жогорулатууга гранттар: жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу кылган адамдарга инвестициялоо

Кеңешбек ЭРГЕШОВ, ЖДКЖ Долбоорунун гранттар, мониторинг жана баалоо боюнча менеджери

ЖДКЖ Долбоорунун гранттык компоненти – бул бир жолку бюджеттик колдоо эмес, бул сууга, тазалыкка, жолдорго, коопсуздукка жана жеринде чечимдердин ачыктыгына күн сайын жооп берген адамдардын компетенциялары менен ырааттуу иштөө. Негизги басым адамдарга – айылдык аймактардын башчыларына жана адистерине, мэриялардын жана райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлерине, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, кызмат көрсөтүүчүлөргө жана жигердүү жарандарга жасалды. Окутуу, методикалык колдоо жана практика аркылуу муниципалдык командалар пландоонун, тарифтерди негиздөөнүн, коомдук талкуулоонун жана аткарылышын көзөмөлдөөнү жалпы тилин алышат, башкача айтканда, башкаруунун бүткүл циклине ээ болушат, мунсуз жакшы ниеттер бири-бирине байланышы жок иш-аракеттерге ажырайт. Алгачкы жыйынтыктардан эле белгилүү болду: бул тил жана жол-жоболордун топтому пайда болгон жерде кызмат көрсөтүүлөрдү болжолдоо мүмкүн болот, тарифтер түшүнүктүү, ал эми тургундар менен диалог туруктуу жана мазмундуу болуп калат.

Муниципалитеттерге бул эмне үчүн керек: жалгыз эле акча менен гана чечилбей турган көйгөйлөр

Учурдагы кырдаалга жасалган талдоо көрсөткөндөй, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана туруктуулугу техникага жана сметага гана эмес, ошону менен бирге башкаруу жөндөмүнө да көз каранды. Көптөгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат көрсөтүүлөрдү пландоо жана уюштуруу, экономикалык жактан негизделген тарифтерди эсептөө, программаларды жана ички ченемдик актыларды иштеп чыгуу, муниципалдык ишканаларды башкаруу, мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча системалуу окуу жетпей жатат. Квалификацияны туруктуу негизде жогорулатуу практикасы көп учурда жок болуп, кызматкерлер кесипкөй билими жок жылдар бою иштеп келатышат. Буга аймактарга мүнөздүү кыйынчылыктар да кошулат: тажрыйбасы жок адамдар кызматтарды ээлеп, кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер пландарын иштеп чыкканды, муниципалдык программаларды даярдаганды, тарифтерди эсептегенди, коомдук угууларды өткөргөндү жана катуу коммуналдык калдыктарды иштетүү системасын курганды нөлдөн баштап үйрөнүүгө тийиш.

Натыйжада чечимдер ички туюмга таянып, жетиштүү талдоо жүргүзүлбөстөн кабыл алынат, ал эми кадрлардын бир жерде кармалбаганы 1-2 жыл сайын ар бир жылышты жокко чыгарып салууда. Жаңы кызматкерлер насаатчысы жок калып, институционалдык эс-тутум түптөлбөй, ал эми процесстер жаңыдан башталууда. Өзгөчө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө укукту колдонууда каталар өзүнчө көңүл бурууну талап кылууда: кара ниеттен эмес, ченемдерден күмөн санагандыктан, пландоонун чабалдыгынан жана сапаттуу документтердин жетишсиздигинен жол-жоболор токтоп турат, келишимдер үзгүлтүккө учурап, тургундардын ишеними төмөндөөдө. Дал ошондуктан дараметти жогорулатууга бөлүнгөн гранттар негизги себепке – көндүмдөргө жана жол-жоболорго даректелүүдө – бул “биз жакшырткыбыз келет” дегенден ырааттуу жана текшерилүүчү башкаруу циклине айланып жатат. Бул көндүмдөр канчалык жакшы өздөштүрүлсө, ошончолук азыраак чечимдер кагаз бетинде калат, демек, жыйынтык да ошончолук туруктуу болот.

География жана даректүүлүк: кимдер жана эмне үчүн билим алууда

Программа 2024-жылдан 2027-жылга чейинки мезгилге эсептелип, өлкөнүн алты максаттуу районундагы 31 муниципалитетти камтыйт. Алар: Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондору, Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ноокен райондору, Талас облусунун Бакай-Ата району жана Чүй облусунун Чүй району. Мындай камтуу картада гана эмес, катышуучулардын курамында да маанилүү. Окууга депутаттар жана жооптуу катчылар, башчылар жана алардын орун басарлары, пилоттук айылдык аймактардын жана шаардык мэриялардын адистери, муниципалдык ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле жигердүү тургундар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү келүүдө. Бир аудиторияда саясий чечимдерди кабыл алгандар да, аларды регламенттерге жана конкреттүү кызмат көрсөтүүлөргө айландыргандар да кездешет.

Бул “аралаш” модель талкууларды иштиктүү кылууда. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты үчүн добуш берген депутат, эсепке алуу жана отчеттуулукка жооп берген бухгалтер, жеринде аткарууну уюштурган адис катарлаш отурса, класста эле көп нерсе маалым болуп калат. Катышуучулар максаттарды тактаганды, артыкчылыктарды аныктаганды, ролдор боюнча жоопкерчиликтерди бөлүшкөндү жана чечимди келечекте ишке ашырам деген көз караштан караганды үйрөнүп жатышат. Мындай формат макулдашууга кеткен убакытты үнөмдөйт, себеби көптөгөн маселелер окуу жана биргелешип иштеп чыгуу баскычында эле чечилип калат.

Эмнелер өзгөрүүдө: пландоодон жана кызмат көрсөтүүнүн экономикасынан баштап, жашоочулар менен ачык диалогго чейин

Окуунун негизги багыттары катышуучулар көздөмдөн жыйынтыкка чейин кызмат көрсөтүүнүн бардык жолун көрүп, ишке ашыра ала тургандай түзүлгөн. Биринчиден, кеп жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жөнүндө болуп жатат. Бул жерде негизги элементтер жазылат: кызмат көрсөтүүнүн курамы, пландоо, жоопкерчиликти бөлүштүрүү, милдеттүү документтердин тизмеси, иш-аракеттердин ырааттуулугу жана мөөнөттөрдү өткөрүп жибербөөгө мүмкүндүк берген календарь. Командалар боштуктарсыз жана ар башкача чечмелөөсүз башкаруучулук “алкакты” чогултканды үйрөнүшөт.

Экинчиден, кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер пландары иштелип чыгат. Мындай план жалпы максатты конкреттүү иш-чаралардын, бюджеттердин, мөөнөттөрдүн жана жооптуулардын ырааттуулугуна өткөрөт. Иш жүзүндө бул документтин декларация болбой калганын жана кыймылды өлчөп, багытын тууралоочу башкаруу аспабына айланганын билдирет.

Үчүнчүдөн, мониторинг жана баалоо туураланат. Катышуучулар ар бир кызмат көрсөтүү үчүн көрсөткүчтөрдү койгонду, маалыматтарды чогултуп, иштетүүнү уюштурганды, иш жүзүндөгү жыйынтыктарды план менен салыштырганды жана чечимдерди тууралаганды үйрөнүшөт. Ачык-айкындуулукка өзгөчө көңүл бурулат: тургундарга кантип жана эмне жөнүндө такай маалымат бериш керек, четтөөлөрдү кантип түшүндүрсө болот, кайтарым байланыш кезектеги бир эпизод эмес, башкаруу процессинин бир бөлүгү болуп калышы үчүн адамдарды талкууга кантип тартыш керек.

Төртүнчүдөн, коомдук угууларды өткөрүү чечмеленет. Бул жерде даярдык маанилүү: презентацияны кантип түзүш керек, кандай материалдарды көрсөтүш керек, татаал суроолорго кантип жооп берип, алар чындап бир чечимге айланышы үчүн сунуштарды кантип жаздырып алыш керек. Негизи жергиликтүү бийлик жамаат менен сүйлөшүүлөрдүн жумушчу форматын алат, анда талкуу сандарды, ишти уюштурууну жана ишке ашыруунун этаптарын камтыйт.

Акыр-аягы, өзүнчө жана өзгөчө блок катуу коммуналдык калдыктарди иштетүү системасынын мисалында тарифтерди эсептеп чыгууга арналды. Эң маанилүү бөлүгү – кызмат көрсөтүүлөрдү бөлүп чыгуу: чогултуу, ташуу, жүктөп түшүрүү, сорттоо, полигонду же аянтчаны эксплуатациялоо, башкаруу, экологиялык коопсуздук, техниканы күтүү жана кызматкерлерге маяна төлөө. Ушундан кийин түз, кыйыр жана инвестициялык чыгымдардын түзүмүн көрүп, амортизацияны эсепке алып, чыгымдарды жумуштардын түрлөрү боюнча бөлүштүрүп, өздүк наркын эл жана уюмдар үчүн тарифтик чечимдерге которуп, тургундардын ар кандай топтору үчүн тарифтин жеткиликтүүлүгүн баалоо керек болот. Ушул баскычта даректүү социалдык механизмдер да талкууланат: реалдуу өздүк наркты эсепке алуу аяр абалдагы кожолуктарды колдоо менен айкалышканы маанилүү. Коомдук бөлүккө өзгөчө басым жасалат: тарифти кантип сунушташ керек, кайсы маалыматтарды көрсөтүш керек, жашоочулардын негизги суроосуна кантип жооп берсе болот – эмне үчүн дал ушул сумма көрсөтүлдү – жана жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кантип тариздеп, ишке ашырууга болот.

Билимдер чечимдерге кантип айланат: тарифтерди кайра эсептөө, эрежелер жана ачык жол-жоболор

Окуудан кийин бардык 31 муниципалитет өлкөнүн мыйзамдарынын колдонуудагы ченемдерине жана талаптарына таянуу менен, катуу коммуналдык калдыктарды чогултууга, ташып чыгарууга жана жайгаштырууга тарифтерди кайра эсептеп чыгууга өтүп жатышат. Бул экономикалык жактан негизделген тарифти эсептөө эрежелерин сактоону, кызмат көрсөтүүнүн стандартын жана ички ченемдик актыларды киргизүүнү, калдыктарды иштетүүнүн нормативдерине жана жергиликтүү деңгээлдеги чечимдерди бекитүүнүн белгиленген тартибине шайкештигин билдирет.

Өкүлчүлүктүү органдын кароосуна чейин тарифтер коомдук угууларга чыгарылып, анда тургундар, уюмдар, демилгелүү топтор жана депутаттар толук маалымат алып, суроолорун узатып, сунуштарын киргизишет. Ачык талкуудан кийин гана чечимдер айылдык, шаардык кеңештердин бекитүүсүнө жиберилет. Муну менен катар коммуналдык калдыктарды башкаруунун ички эрежелери – конкреттүү аймак үчүн жоопкерчиликти, иш-аракеттердин ырааттуулугун жана сапат көрсөткүчтөрүн белгилеген документтер даярдалат. Процесс ушундай логикага ылайык жүргөндө, талкуу “жалпысынан” сандар боюнча талаш-тартышка эмес, конкреттүү каттамдар, аянтчалар, графикалар, сорттоо ыкмалары жана чыгымдарды жабуунун булактары жөнүндө сүйлөшүүгө айланат.

Ишке киргизүү тобокелдиктердин чектери: кимдер окушу керек жана кимдер чындап келишет

Алтургай жакшы түзүлгөн программа да ал кандай уюштурулганына көз каранды болот. Тре-нингдердин бир бөлүгүнө иш жүзүндө чечим кабыл алган же даярдаган кызматкерлер катышпайт: муниципалитеттер окууга бош убактысы барларды жиберишет, мындай учурда билим практикага жетпей калууда. Адатта айылдык аймактардын башчылары жана шаар мэрлери кыска мөөнөттүү иш сапар менен чектелет же болбосо, алардын деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү негизги чечимдер кабыл алынганына карабастан, такыр эле катышпай коюшат. Жетекчилердин көп жакшы катышпаганы ишке киргизүү процессин жайлатууда, себеби команда бир өңчөй белгилерди албай калат: адистер процесстерди өзгөртүүгө даяр, бирок жогорку деңгээл күн тартибин дайыма эле бөлүшө бербейт.

Кызматкерлердин мойнунда милдет көп болгондуктан окуунун алдын ала макулдашылган күнү үзгүлтүккө учурап калууда, бул графикти бузуп,  циклдерди узартат жана райондор боюнча даярдыктын бирдей деңгээлде болбой калышына алып келет. Ошону менен бирге сезондун жыйынтыгы боюнча динамика позитивдүү болууда: катуу коммуналдык калдыктарды башкаруу боюнча райондук жана муниципалдык программаларды иштеп чыгуу темасы боюнча кеңири аудиториянын катышуусу менен ондогон тренингдер өткөрүлдү, кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер пландары темасы боюнча дагы бир салыштырууга боло турган серия; пилоттук муниципалитеттерде коомдук угуулар өттү, анда жыныстык курамы боюнча паритетке жакын жүздөгөн катышуучулар өз позицияларын билдиришти. Бул жөн эле статистика эмес, бул жергиликтүү командалар жана тургундар чындап ишке кошулуп, эсептөөдөн диалогго чейин реформанын мазмундуу бөлүгүн өздөштүрүшкөнүнүн белгиси.

Тобокелдиктерди азайтуу үчүн уюштуруучулар акырындык менен форматты да өзгөртүп жатышат: жетекчилердин катышуусу үчүн жоопкерчиликти алдын ала бекитип, аралаш топтор үчүн “өтмө” күндөрдүн ырааттамасын киргизип, өзүнчө кызмат көрсөтүүлөргө методикалык “жыйнактарды” түзүшүүдө, күндүзгү сессиялардан кийин аралыктан консультацияларды сунуштап, муниципалитеттердин ортосунда насаатчылыкты киргизип жатышат. Мындай ыкма сабактардын ортосунда көндүмдөрдү жакшылап бекемдеп алууга жардам берип, даярдаган документтерди расмий чечимдерге тез айландырууга шарт түзөт.

Гранттык механизм кандайча иштейт: акча – жергиликтүү бюджетке, жоопкерчилик – жеринде

Дараметти жогорулатууга бөлүнгөн грант-тардын принципиалдуу өзгөчөлүгү – каражаттар тикелей жергиликтүү бюджеттерге которулат, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды пайдаланууну өз алдынча пландаштырып, конкурстук жол-жоболорду жүргүзүшөт жана макулдашылган иш-чараларды өткөрүшөт. Коштоп жүрүүдө өнөктөштөрдүн жана эксперттердин ролу: окутуу, консультация берүү, документтерди даярдоодо жана жол-жоболорду долбоорлоодо жардам көрсөтүү. Мындай дизайн жергиликтүү бийликтин өз алдынчалуулугун жана жоопкерчилигин бекемдейт, жыйынтыкка жоопкерчиликтүү мамилени түптөйт жана долбоордун алкагында гана эмес, ошону менен бирге аймакта ресурстарды башкаруунун туруктуу практикасын түзөт.

“Өндүрүштүк тартиптин” жогорулашы маанилүү натыйжа болуп калат: эгерде жергиликтүү команда чечим жана жыйынтык үчүн жоопкерчилик ага жүктөлгөнүн билсе, анда убакытты эсепке алуу, регламенттерди сактоо жана документтердин сапаты байкаларлык тезирээк өсөт. Бул каталарды жокко чыгарбайт, бирок аларды оор кесепеттерсиз оңдоого жана жашоочулардын ишенимин сактап калууга жардам берет.

Жашоочу акыр соңунда эмнени алат?

Муниципалитеттин командасы көндүмдөрдү жана жол-жоболорду – пландаганды, эсептөө жүргүзгөндү, коомдук талкуу өткөргөндү, аткарылышын көзөмөлдөгөндү өздөштүргөндө кызмат көрсөтүү алдын ала божомолдоого боло тургандай жана түшүнүктүү болуп калат. Калдыктарды чыгаруу график боюнча ишке ашат, полигон жана аянтчалар эреже боюнча иштейт, тариф иш жүзүндөгү өздүк нарктын негизинде түзүлүп, жашоочулар менен талкууланып, стандарттар документтерде бекитилип, ал эми түзөтүүлөр дайындардын жана кайтарым байланыштын негизинде киргизилет. Ачык пландар, баалоонун так критерийлери жана үзгүлтүксүз отчеттуулук бар жерде ишеним көбөйөт, чыр-чатактар жана даттануулар азаят, ал эми кызмат көрсөтүүчүлөрдө баа боюнча гана эмес, сапат боюнча да атаандашууга стимул пайда болот.

Дараметти жогорулатууга инвестиция – бул күнүмдүк кадыресе жашоого инвестиция, мында чечимдер “кокустан пайда болгон бир энтузиазмдан” көз каранды эмес, алар ырааттуу жол-жоболорго жана жамаатка кызмат кылуу мандатын кабыл алгандардын жоопкерчилигине негизделет. Мындай ыкма муниципалитеттерге учурдагы милдеттерди аткаргандан тышкары, жигердүү иштөөгө – өнүгүүнү пландоого, коммуналдык ишканаларды жаңы деңгээлге чыгарууга, өнөктөштүктү жана инвестицияларды издөөгө мүмкүндүк берет. Дал ошондуктан жергиликтүү бийликтин адамдык капиталына салым кошуу – бул кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана тургундардын ишеними жөнүндө сөз болгондо кыраакы жана өзүн актаган стратегиялардын бири.

 

Окшош материалы: