Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Балдар менен жаштарга ыңгайлуу муниципалитеттер Социалдык-экономикалык өнүгүү планын даярдашат

2019-06-17 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

“Балдар менен жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” демилгесин жайылтуунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте окуу тренингдерин өткөрдү. Тренинг “Муниципалитеттин Социалдык-экономикалык программасын даярдоо” темасы боюнча өттү.

Окууга Жалал-Абад жана Ош облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары баш болгон 51 адам катышты. Жалал-Абаддан тренингдерге Таш-Булак, Курманбек, Багыш, Кызыл-Туу, Ырыс, Сузак айылдык аймактарынын жана Жалал-Абад шаарынын өкүлдөрү катышты. Ош облусундагы тренингге Алля-Анаров, Гүлистан айылдык аймактарынын жана Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларынын өкүлдөрү келишти. “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” демилгесинин жана “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу муниципалитет” долбоорунун негизги принциби – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүү боюнча стратегиялык пландарына балдар менен жаштардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн киргизүү. Бул болсо келечек муунга өнүгүү жана Кыргызстандын жараны катары калыптануусу үчүн Өнүктүрүү саясат институту өзүнүн өнөктөшү “Толеранттуулук үчүн эл аралык фонду” менен чогуу өспүрүмдөрдүн муктаждыктарын жана артыкчылыктарын талдап чыккан. Ал эми СЭӨПны даярдоо ЖӨБ органынын негизги иш-милдеттерине кирет эмеспи. Кийинки кадам – максаттуу жана өнөктөш муниципалитеттерге шаарлардын Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын даярдоого жардам берүү. Андан кийин балдардын жана жаштардын аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрү СЭӨПга киргизилет”, – деп айтты ӨСИнин тренери Султан МАЙРАМБЕКОВ. Тренингдин катышуучулары СЭӨПны даярдоо боюнча материалдар бир кыйла түшүнүктүү болгонун, мунун натыйжасында алар өз муниципалитетинин өнүгүү программаларын даярдай алышарын белгилешти. Багыш айылдык кеңешинин депутаты Анаркуль МАШАЕВА тренинг ага көп жаңы материалдарды бергенин, үйрөнгөндөрүн практикада колдонуп, жаңы СЭӨПны даярдоого катыша турганын айтты. Ал эми Ноокат шарынын вице-мэри Данияр ТАЖИБАЕВ буларды айтты: “Биз бүгүн СЭӨПны иш теп чыгуу боюнча жаңы билим алдык. Колдонуудагы Социалдык-экономикалык өнүгүү программаны жаңылап жатканда бүгүн үйрөнгөндөрдүн баарын эске алабыз”. Ушундай эле тренинг Чүй облусунун Ысык-Ата районунун муниципалитеттери үчүн 26-апрелде Кант шаарында өткөн. “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” демилгеси Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте, БУУнун Тынчтык куруу фондунун жана DFID’дин финансылык колдоосу менен ишке ашып жатат.

Окшош материалы: