Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ деңгээлинде шайлоо системасындагы кризис:мыйзамдын аракети менен текшерилди

2012-03-30 / Актуалдуу тема

Сыноо өнөктүгү саясий күчтөрдүн жергиликтүү парламенттеги орундарга өтө чоң кызыгуусун көрсөттү.

Надежда Добрецова

“Муниципалитет” журналынын баш редактору, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруучу төрайымы

2010-2011-жылдар аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата мыйзамдык база, анын ичинде шайлоо процесси олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Учурда шаардык кеңештердин депутаттары саясий партиялардан, ал эми айылдык өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлөт. 2011–2012-жылдардагы шайлоо өнөктүктөрү жаңы мыйзамдык базанын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин ачыкка чыгарды. Ал-бетте азырынча тыянак чыгаруу эрте, анткен менен жергиликтүү деңгээлдеги учурдагы шайлоо системасы кандай кемчиликтерди камтыганын бүгүн эле көрүүгө болот. Өзгөчө 2012-жылы күзүндө өтө турган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо боюнча масштабдуу өнөктүккө көз салуу маанилүү.

Көпчүлүк эксперттердин жана коомдук уюмдардын пикири боюнча, ал эми бул пикирлерге Өнүктүрүү саясат институту да кошулат, шайлоодогу партиялык принцип жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугу жана анын жарандардын керектөөлөрүнө жооп берүү жөндөмү үчүн кооптуу. Ошол эле учурда ЖӨБнун аткаруу органдарына башчыларды шайлоонун жыйынтыгы алар саясий автономияга азырынча жете албаарын көрсөттү. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациядан көз карандуулук сакталып кала берүүдө.

Ошону менен коомчулук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчыларын шайлоо маалындагы чуулгандуу жыйынтыктарга нааразы болуп турат. Бул тууралуу биз “Муниципалитет” журналынын өткөн санында жазган элек.

Күч сыноо

2012-жылы жаз мезгилинин башында күч сыноо– жергиликтүү кеңешке шайлоонун алгачкы толкуну болду. Шайлоо депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу КР президентинин буйругу менен дайындалды. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо боюнча жалпысынан 57 шайлоо округу жана 148 шайлоо бекети түзүлдү.

2012-жылдын 4-мартында Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент, Маргун айылдык кеңештеринде, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештеринде, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Бает, Терек, Көнөрчөк, Жергетал айылдык кеңештеринде жана Жумгал районундагы Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө,Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештеринде шайлоо өттү.

Ошондой эле шайлоо Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинде, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинде, Ош шаардык кеңешинде өттү.

Жаңы рекорддор

Сыноо өнөктүгү саясий күчтөрдүн жергиликтүү парламенттеги орундарга өтө чоң кызыгуусун көрсөттү. Мисалы, 13 айылдык кеңешке 546 депутаттыкка талапкер катталды, же ар бир мандат үчүн үчтөн талапкер ат салышты. Ошол эле учурда кампанияга (өнөктүккө) парламенттик партиялар гана эмес, башка бир топтору да активдүү катышты.

Эгерде элет жеринде ар бир талапкер кеңештеги орун үчүн эки атаандашынан озуп чыгышы керек болсо, үч шаарда – Ошто, Караколдо жана Токмокто атаандаштык күтүлгөндөн да өтө жогору болду. Ош шаардык кеңешине шайлоодо 7 саясий партиядан (“Замандаш”, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Республика”, “Улуттар биримдиги”, КСДП, КУДП) 597 талапкер катталды. Кыргызстан Коммунисттер партиясы талапкерлердин тизмесин чакыртып алып, шайлоого катышуудан баш тартты. Караколдо 6 саясий партиядан (“Мекен ынтымагы”, “Республика”,“Замандаш-Современник”, КСДП, “Ата Мекен”, “Ак шумкар”) жана 14 шайлоочулар тобунан (“Единство-Биримдик”, “Жаңы жүздөр”, “Табылга жаштар кеңеши”, “Патриот”, “Келечек багыты”, “Кыргызстан жаштар кеңеши”, “Келечек”, “Биримдик”, “Аракет”, “Алга, Каракол жаштары”, “Калматай-Ата”, “Мугалим”, “Биз Каракол шаарынын келечеги үчүн”, “Союз”) 976 талапкер катталган. Токмок шаарында 6 саясий партиядан (“Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Республика”, “Замандаш”, “Ак шумкар”, КСДП) жана он шайлоочулар тобунан (“Чындыкка багыт”, “Жилкомсоюз”, “Достук үйү”, “Ишкерлер биримдиги”, “Кубат”, “Жаңы муун”, “Токмок”, “Биримдик”, “Биздин шаар үчүн”, “Ынтымак”) депутаттык орун үчүн 800 талапкер катталган. Ошентип шаарларда болжол менен 150гө жакын депутаттык мандат үчүн эки миңден ашуун талапкер,башкача айтканда бир орунга 15 киши ат салышты. Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы көрсөткөндөй, эң көп долоого келгендердин жалпы саны – 13 757 (61,50%).

Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы боюнча эң көп добушту – 47,35% - “Улуттар биримдиги”партиясы алган. Келгендердин жалпы саны 96 049 адамды (77,96%) түздү. Караколдо 20,84% добушту алып, КСДП алдыга озуп чыкты. Келгендердин жалпы саны 4663 адамды түздү.

Өзгөчө пикир. Партиялык эмдөө: жыргалчылыккабы, же

жамандыккабы?

Кыргызстандын муниципалитеттери, өзгөчө айылдар үчүн мындай олуттуу атаандаштык күрөш жаңы тажрыйба болду. Анткени өткөн чакырылыштарда жарандарды шайлоого депутаттыкка талапкер катары катышууга көндүргөн учурлар да болгон. Эми болсо саясий партиялардын активдүүлүгүнөн улам талапкер болгусу келгендердин саны көп.

Муну оң натыйжа деп бааласа болчудай. Анткен менен жергиликтүү кеңешке партиялык тизме менен ат салышууну чечкен лидерлер кандай максатты көздөөрүн түшүнүү өтө маанилүү.

Саясий партиялар саясий көз караштарды – оңчул, солчул, борборчул, экологиялык, гендердик – башкача айтканда тынчтыкты орнотуунун кандайдыр бир глобалдык идеясын алып жүрүшү керектигин эстегенибиз пайдалуу болот. Мисалы, гендердик теңдик, же эркин базар өңдүү. Партиялык платформанын негизинде жаткан мындай идеялар аларды парламентте коргоо, анын өлкөнүн бардык аймактарында бирдей иштешин камсыздоо максатында мыйзамдын негизинде ишке ашыруу үчүн адамдардын башын бириктирип турат. Бирок, мисалы, жолдорду оңдоого, же канализация курууга байланыштуу маселелерди чечүүнүн негизинде кандай өзгөчө, глобалдуу идея жатсын? Бала бакча партиялык принцип боюнча курула алабы, же суу түтүк колонканын партиялык тийиштиги кандай? Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү укугу жергиликтүү кеңештерге тиешелүү, андыктан алар партиялык мүнөзгө ээ боло албайт. Алар конкреттүү көчөдөгү, конкреттүү жергиликтүү артыкчылыктары менен гана аныкталыш керек. Бир партиянын мүчөлөрү бүткүл өлкө аймагы боюнча карманышы керек болгон бирдиктүү саясий платформа жана программа жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгына каршы келиши ыктымал. Дал ушул көрүнүш Ошто орун алды. Ал жакта бир көчөнүн тургундары шаардык кеңешке шайлоо учурунда биригип алып, шаардык бюджеттин ресурстарын бөлүштүрүүдө ошол көчөнүн кызыкчылыктарын коргой турган жалпы талапкерди чыгаруунун ордуна саясий жышанасы боюнча бөлүнүп алып, бири-бири менен тирешти. Анткени шаардык кеңеште бул көчөнүн тургундарынын кызыкчылыктары бирдей – төшөлгөн асфальтты оңдоо, суу түтүгүн жана канализацияны оңдоо, коомдук транспорт үчүн жаңы аялдама киргизүү. Жана мында эч кандай саясий идеялар иштебейт. Бир гана идея бар – бул турмуш шартты жакшыртуу. Бирок саясий принцип адамдарга ошол максат үчүн биригүүгө бут тосту. Мындай жөнөкөй логика бир тыянакка жетелейт: Кыргызстанда партиялык курулуштун кызыкчылыктары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун максаттарына карама-каршы келип, адамдардын өз жашоосун жакшыртуусуна тоскоол болот. Жергиликтүү маанидеги иштерге карата бирдиктүү кызыкчылыктарды четке кагып, уруусуна карап, “өз бала” жана “чоочун бирөө” деп бөлүү салты кырдаалды ого бетер курчутууда.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде шайлоо кампаниясындагы партиялык принцип Кыргызстандын айыл жана шаар тургундары үчүн пайдасыз гана болбостон, ошону менен бирге жаңжал потенциалынын өнүгүүсүнө жол ачып, ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун азайтуу менен зыян да келтирет. Баса, көпчүлүк өлкөлөр муну дароо түшүнүп, жергиликтүү шайлоолорду партиялык негизде өткөрүү идеясынан баш тартышты. Мисалы, Украинада жергиликтүү кеңештерге партиялык тизме менен шайлоо жергиликтүү бийликтин бүт системасынын иштебей калуусуна алып келди. Бул өлкөдө партиялык шайлоонун натыйжасында аткаруу органдарынын башчылары жана кеңештин депутаттары түрдүү партиялардын мүчөлөрү болуп,бири-биринин чечимдерин четке кагып жатышты. Ушундай чечилбеген тирештин жыйынтыгында башкаруу системасы бир орунда туруп калды. Акыр аягында Украинада жергиликтүү шайлоо системасынан партиялык принцип зыяндуу жана кооптуу деген негизде алынып салынды. Мына ушундай эле көрүнүш башка да өлкөлөрдө орун алып, алар жергиликтүү кеңешке аймактык шайлоонун зарылдыгы тууралуу чечимге келишти. Анда эмне үчүн биз башкалардын катасын эске албай жатабыз? Биз үчүн бул ушул тапта өзгөчө кооптуу, анткени өлкө 2010-жылдагы коогалаңдан кийин дагы деле өзүнө келе элек, коомдо деструктивдүү ниеттер жана күтүүлөр бир топ, ал эми жаңжал үчүн топурак даяр турат. Эмне үчүн өзүбүзгө өзүбүз зыян келтирип жатабыз? Эмне үчүн жергиликтүү кеңештердин деңгээлинде саясий оюндарды жүргүзүп, муниципалитеттердеги жашоо сапатын жакшыртууга тоскоол болуп жатабыз? Саясий процесске глобалдык идеяларды жана принциптерди киргизүү менен партиялык вирусту Жогорку Кеңештин деңгээлинде кыйыштыруу жакшы натыйжа берет. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде муну жасоого таптакыр болбойт.

Партиялык кыймылдын тарапкерлери партиялык лидер жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышып, өзүнүн саясий жана административдик жөндөмүн өнүктүрүп, жергиликтүү деңгээлде тажрыйба топтоп, төмөн жактан жогору көздөй көтөрүлүш керек деген ойду карманышат. Абдан жакшы! Партиянын жергиликтүү лидерлерине жергиликтүү деңгээлдеги саясий процесстерге катышууга эч ким тоскоол болгон жок. Кеп башкада: жергиликтүү маанидеги бардык маселелерди дүңүнөн Кыргызстандагы партиялык курулуштун кызыкчылыктарына курмандыкка чалбаш керек. Адамдарда жалгыз гана партиялык тизме аркылуу эмес, бирок талапкердин башка да критерийлеринин негизинде тандоо жана шайлануу мүмкүнчүлүгү болуусу шарт.

ЖӨБ башчылары жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кысымына кабылдыбы?

Акыркы жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде башка шайлоо процесси активдүү жүрүп жатты – бул айылдарда ЖӨБнун аткаруучу жетекчилерин шайлоо. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” жаңы мыйзамга ылайык, айыл өкмөт башчысынын кызматына талапкерди көрсөтүү укугу жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана ... жергиликтүү мамлекеттик администрацияга тиешелүү. Бул жергиликтүү өз алдынча башкарууну мамлекеттик органдардан бөлүп караган Конституцияга карама каршы келет. Талапкерди көрсөтүү укугуна ээ болуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрация жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштерине кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда, жана ЖӨБ аткаруу органынын башчысын акимге көз каранды абалга коюуда.

Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери ушул карама-каршылыкка бул мыйзамды иштеп чыгуучулардын көңүлүн бир нече жолу бурду. Ошентип мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизип жаткан учурда Өкмөт мыйзам арадагы, компромистүү мүнөзгө ээ болгонун, Конституциянын талаптарына толук ылайыкташтыруунун жүрүшүндө сөзсүз жакшыртылышы керектигин тааныды. 2011-жылы жайында мыйзам кабыл алынып жаткан учурда ЖӨБ органдарынын бир кыйла жетекчилери толук ыйгарым укуктарга ээ болбостон, милдетин аткаруучу деген макамды алып жүрчү. Бул болсо жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу башкарууга бут тосуп жатты. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Өкмөт башкаруу системасын чукул арада жөнгө салуу зарыл деген жүйөнү карманып, мыйзамдын бул редакциясын кабыл алууга шашылды. Ошол эле учурда

Өкмөт жергиликтүү мамлекеттик администрациянын колу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштерине кийлигишүүгө аракет кылбаганын, ал эми ЖӨБ башчысынын кызматына талапкерди көрсөтүү укугу – депутаттар же өтө эле пассивдүү, же өтө эле чуулгандуу боло турган муниципалитеттер үчүн кепилдик экендигин баса белгилеп жатты. Ал эми башчылыкка талапкерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары көрсөтөт, администрация болсо процесске сырттан “байкоо салат” деген убада абада асылган бойдон калды.

Эскерте кетели, сөз 2010-жылы жана 2011-жылы өз кызматын тиги, же бул себептерден улам таштап кеткен ЖӨБ аткаруучу органдарынын жетекчилеринин бир тобу тууралуу болуп жатты. Ошентип 2012-жылы жазында бул мыйзам кандай иштегенин көрө алдык. Өнүктүрүү саясат институту Адамдын өнүгүүсү тууралуу Улуттук докладды иштеп чыгуунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жамаатка отчеттуулугун жана саясий дараметин анализдеди. Башчыларды шайлоонун жаңы системасынын жыйынтыктарын билүү үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан шайлоонун жыйынтыктарынын расмий статистикасын сурадык. Алынган жооп корутундулоого жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштерине жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аралашуусуна жана аралашпоосуна байланыштуу жагдай чындыгында кандай болгонун түшүнүүгө жол ачты. Анткени түшүнүктүү да, башчынын кызматына талапкерди көрсөткөн булак болочок жетекчинин отчеттуулугун аныктайт: ким көрсөтсө, ошол сурайт, ким жаратса, дал ошол аны жок кылуу укугуна ээ. Бул эреже ачык жазылбаса да, практика көрсөткөндөй, аким колдогон башчы калктын алдында эмес, атүгүл формалдуу түрдө аны тандаган депутаттарга эмес, дал ошол акимге жооп берет.

ЖӨБ жаңы башчыларынын дээрлик жарымы формалдуу түрдө мамлекеттик администрациялар алдында жооптуу

БШКдан алынган жооп өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 170 аткаруу органынын жетекчилери иш жүзүндө кимдин алдында жооптуу болорунан элес берет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык органынын жарымынан бир аз ашыгыраак жетекчиси – 55% жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн экен. Калган бөлүгү – 45% чындыгында жергиликтүү мамлекеттик администрация алдында жооптуу болот, анткени 34% акимдин атынан көрсөтүлсө, дагы 11% акимдер жана депутаттары менен биргелешип көрсөтүлгөн.

Регионалдык тиликте башчыларды шайлоодо талапкерлери утуп алган булактарга карата кеңири таралуу байкалат. Ысык-Көл облусунун көпчүлүк айылдык округдарында жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн башчылар жеңишке жеткен – дээрлик 71%. Ошол эле учурда Жалал-Абад облусунда айылдык округдардын 33 пайызында гана депутаттар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер уткан. Негизи эле Жалал-Абад облусу жергиликтүү мамлекеттик администрацияга көз карандуулук жагынан негизги топтон чоң ажырым менен алдыда баратат – ЖӨБ башчыларынын дээрлик 70% ЖМА тарабынан көрсөтүлгөн, ал эми негизги топтогу облустарда – Ошто, Таласта, Нарында, Чүйдө жана Баткенде ЖМА көрсөткөн талапкерлер 40-50 % тегерегинде турат. Гендердик тиликте Кыргызстан мурдагыдай эле аялдар жада калса жергиликтүү деңгээлде башкаруучу кызматтарга жетүүдө чектелүү болгон өлкө катары кала берүүдө – 170 башчынын он бири гана аял. Бул болсо ЖӨБ органдарынын башчысы болгондордун жалпы санынын 6 пайызын гана түзөт. Ошол эле учурда Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облустарында аялдар башчылыкка такыр тандалган эмес.

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде 2011–2012-жылдары өткөн шайлоо процессинин жыйынтыктары төмөнкүдөй үч негизги тыянакты чыгарууга түрткү болду:

• партиялык курулуштун кызыкчылыктары жергиликтүү маанидеги маселелердин табияты менен карама-каршылыкка чыгып,жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын натыйжалуулугуна гана эмес, ошону менен бирге жамааттардын өнүгүүсү консолидацияланган жерлерде туруктуулукка да коркунуч жаратып жатат; жергиликтүү шайлоо системасында партиялык принципти күчөтүү багытында бардык аракеттер башка өлкөлөрдө болгондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун талкаланышына да алып келиши мүмкүн; жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын шайлоо мааниге жана конституциялык негизге ээ эмес, анткени булар түпкүрүндө өкмөт тарабынан региондордо дайындалган кызматтар;

• “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамдын 2011-жылдагы редакциясына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоо ошол башчыларга жергиликтүү калк алдында жооптуу болушу үчүн шарт түзбөстөн, аларды талапкерликке көрсөткөн булактар – жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынан көз каранды кылып койду.

Бул фактылардын бардыгы саясий автономияга жана шайлоо процессине карата жергиликтүү өз алдынча башкаруунун системасы терең кризисте экенинен кабар гана бербестен, добулбас да кагып жатканын көрсөтүүдө. Бул кризисти Конституциянын мыйзамдык актыларындагы карама-каршылыктар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагындагы жергиликтүү маанидеги маселелердин табияты жаратты. Кыргызстандын саясатчылары жергиликтүү өз алдынча башкарууну күчтөндүрүү темасына кайтып келиш керек. Бирок муну өз кызыкчылыгы, мисалы, партиялык курулуш кызыкчылыгы үчүн эмес, аларды шайлаган калктын кызыкчылыгы үчүн жасаш керек.