Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖДККЖ Долбоору кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө социалдык-инклюзивдүү жана гендердик абалды сезген ыкмаларды киргизүүдө

2020-03-16 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
ЖДККЖ Долбоору кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө социалдык-инклюзивдүү жана гендердик абалды сезген ыкмаларды киргизүүдө

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору (ЖДККЖ) тууралуу кененирээк маалымат: http://dpi.kg/ky/activity/projects/full/0/87.html

Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө социалдык-инклюзивдүү жана гендердик абалды сезген ыкмаларды киргизүү боюнча тренингдер өттү. Бул тренингдер ЖӨБ органдарынын, айылдык кеңештердин өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, жооптуу катчылар жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү үчүн уюштурулду. Иш-чара “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун 25 максаттуу муниципалитетинде өткөрүлдү. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт.

Катышуучулар гендердик абалды сезген жана социалдык-инклюзивдүү ыкмалар менен таанышып чыгышты. Анын ичинде картирлөө техникасын, аярлуу топтордун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн гендердик абалды сезген жанасоциалдык-инклюзивдүү бюджетти түзгөнгө, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жол ачкан укуктук алкактарды жана аспаптарды өздөштүрүштү. Тренингге жалпысынан 398 адам катышты.

Тренингде катышуучуларга бир нече темалар боюнча терең маалымат берилди. Мисалы, социалдык топтордун көп түрдүүлүгү, “гендер” түшүнүгү, “жыныс” жана “гендер” терминдеринин ортосундагы айырмачылык, гендердик басмырлоо, гендердик теңдикке жетүүнүн эл аралык жана улуттук механизмдери, гендердик анализ, анын максаты, ыкмалары жана колдонмо өңдүү темалар болду. Ошондой эле социалдык инклюзивдүүлүк жана гендерди эсепке алган бюджетти түзүү, анын максаттары, ыкмалары жана колдонуу жолдору боюнча сессиялар да болду.

Катышуучулар өз муниципалитеттериндеги жергиликтүү элди категорияларга бөлүп чыгып, гендердин, жаш курактын, этностук тийиштүүлүгүн ж.б. эсепке алуу менен карта түзүштү. Андан кийинки сессиялар гендердик теңдикти жайылтуу боюнча иш-аракеттер планына жана бул багыттагы улуттук мыйзамдарга арналып, эл аралык келишимдерге сереп жасалды.

Катышуучулар гендердик квоталар боюнча жаңы мыйзам оң өзгөрүүлөргө салым кошоорун белгилешти. “Эркектердин да, аялдардын да кызыкчылыктары бирдей даражада эсепке алынышы керек. Айылдык кеңештерде аялдар үчүн квота бөлүнгөнү абдан жакшы болду. Аял депутаттар жергиликтүү кеңештерге келсе, көптөгөн социалдык топтордун муктаждыктарын башкаларга жеткире алышат”, - деп эсептейт жергиликтүү кеңештин депутаты А. АБРЕШОВА.

Т р е н и н г д и н маанилүү бөлүгү колдонуудагы административдик документтерге гендердик анализ жүргүзүү ыкмаларына жана стратегияларына арналды. Бул тема катышуучуларга өзгөчө кызыктуу болуп, алар административдик документтерде гендердик жана социалдык абалды сезген ыкмалар жетишпей жатканын белгилешти. Атүгүл катышуучулар документтерди талкуулоо үчүн түзүлгөн платформаны колдонуп, аларга гендердик жана социалдык абалды сезгеныкмаларды киргизип чыгышты.

“Мага бул тренинг абдан жакты. Эми мен гендердик анализ жүргүзүп, жергиликтүү бюджет канчалык деңгээлде гендердик талаптарга жооп берээрин баалай алам. Бул практика биздин муниципалитеттин ишине кириши керек деп эсептейм”, – деди айыл өкмөттүн адиси К. КОРОБАЕВА.

Тренингде өнүктүрүү программаларын, иш аракеттер пландарын жана бюджеттин күнүмдүк чыгымдарын бири-бирине үндөштүрүү процесси да талкууланды. Катышуучулар анализдин максаттары тууралуу маалымат алып, азыр колдонуудагы административдик документтерге киргизилип жаткан тийиштүү өзгөртүүлөр жетишсиз болгонун түшүнүштү. Жөн гана өзгөртүүлөрдү киргизип койбостон, конкреттүү ресурстарды кошо бөлүп бергенде гана бул багыттагы иштер өз максатына жетет. Отчеттуулук жана ачык-айкындуулук үчүн түрдүү социалдык топтордун кызыкчылыктарын өнүктүрүү программаларына жана жылдык бюджеттерге кошуу да маанилүү маселе. Катышуучулар бул ыкмаларды интеграциялоо боюнча окуу процесстери маанилүү болгонун белгилешти. НУСУПОВ Е., жергиликтүү активист: “Улуттук деңгээлде кабыл алынган көп чечимдерди жергиликтүү бийликке, анын ичинде ЖӨБ органдарына түшүндүрүп, чечмелеп берген учурлар өтө сейрек кездешет.

Бул көрүнүш жергиликтүү бийликтин потенциалын, билимин жана жөндөмдүүлүгүн арттырууга бут тосууда. Бул ЖӨБ органдары үчүн кошумча кыйынчылыктарды жаратып жатат. Өзгөчө отчетторду даярдаганда кыйналабыз. Мисалы, мамлекет санариптештирүү процесси ишке киргенин жарыялады. Бирок бул инновацияларды интеграциялоо боюнча тренингдер өткөн жок да”.

 

Окшош материалы: