Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аялдардын лидерлиги менен жергиликтүү кеңештин депутаттары ортосунда жалпы эмне бар?

2020-03-13 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Аялдардын лидерлиги менен жергиликтүү кеңештин депутаттары ортосунда жалпы эмне бар?

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору (ЖДККЖ) тууралуу кененирээк маалымат: http://dpi.kg/ky/activity/projects/full/0/87.html

Аялдардын лидерлигин жана шайлоого катышуу көндүмдөрүн үйрөткөн окууга 25 аял катышты. Эми алар жергиликтүү кеңештерге шайлоого ат салышууга даяр.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун үч максаттуу муниципалитетинде аялдардын потенциалын жогорулатуу боюнча бир катар тренингдер өттү. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт. Тренингдер эки бөлүктөн түзүлдү. Алардын жүрүшүндө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилди. Эскерте кетсек, Мыйзамга жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квотаны резервге кармоо механизми киргизилген. Тренингде аялдардын лидерлиги, колдо болгон ресурстарды мобилдештирүү менен шайлоо өнөктүгүн ийгиликтүү өткөрүү тууралуу баяндамалар жасалды.

Тренингдин практикалык бөлүгү шайлоо алдындагы платформаны түзүү боюнча аялдардын жеке даярдыгына арналып, катышуучулар бул жерде үйрөнгөнүн ошол замат практикада да сынап көрүштү. Катышуучуларга жүйөлүү сын айтып, суроолорду узата билүү, ошондой эле аларга шайлоо алдындагы программасын жакшыртуу үчүн толуктоолорду сунуш кылуу тапшырмасы берилди.Өз программаларында аялдар көптөгөн көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгышты. Мисалы, элди таза суу менен камсыз кылуу, элеттиктер үчүн тротуар куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жергиликтүү бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу өңдүү маселелер көтөрүлдү. Аял талапкерлер өз программасын даярдагандан тышкары, шайлоочулар арасында маалыматты ийгиликтүү жайылтуу үчүн программага креативдүү идеяларды да кошушту. Катышуучулардын бири кызыктуу идеяны сунуш кылды: үгүт баракчага мектепке бараткан, жолдун начардыгынан улам кийими булганган окуучулардын сүрөттөрүн тиркеп койсо болот. Натыйжада аялдар өздөрүн шайлоого аттанган талапкер катары элестетип, эл алдында сүйлөө практикасын өздөштүрүштү. Бул процесс аялдарга биригип, шайлоодо жеңип чыкса команда менен кантип иштеш керектигин көрсөттү. Мындай колдоо аялдарда өзүнө болгон ишенимди арттырат. Тренингден кийин аялдар пикири менен бөлүштү. Катышуучулар тренинг аларга өз оюн жеткиргенди, адамдарда шайлоодон кийин өз жашоо шартын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар болгонун айтып, адамдарды ынандыра ала тургандай сүйлөгөндү үйрөткөнүн белгилешти.

Айгүл МАМЫТКАНОВА, Кумбел айылдык аймагынын Корумду айылынын тургуну: “Биз ушул тренинг үчүн Долбоорго ыраазыбыз. Мен тренингде кайсы бир көйгөй тууралуу оюмду туура жана ырааттуу жеткиргенди үйрөндүм. Ошондойэле көйгөйдү чечүүдө жана андагы менин ролума басым жасаганды үйрөнө алдым. Бүгүн мен биринчи жолу өз платформамдын долбоору менен тааныштырып, эл алдында сүйлөдүм. Кесиптештердин сунуштарынан кийин шайлоо алдындагы программамды кантип жакшыртса болоорун түшүндүм. Мындан тышкары депутат болсом да мен чече албай турган көйгөйлөр бар экенин, анткени бул маселелер жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечилбей турганын түшүндүм. Мен шайлоого катышууга даярданып жатам. Ошол себептен мунун баары мага пайдалуу болду”.

Бакытбүбү САТЫБАЛДИЕВА, Авлетим айылдык аймагынын Коргон айылынын тургуну: “Аялдрдын идерлигине жана шайлоого катышууга үйрөткөн тренингде биз айылдын көйгөйлөрүн аныктаганды  өздөштүрүп, аялдардын укуктарын коргоо боюнча маалымат алдык. Ошондой эле биз мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат алып, айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квотаны кармап туруу максатында атайын механизм киргизилгенин билдик. Аял жана эне катары депутаттыкка аттанып жатып, аялдардын укуктары толук корголсо деп каалайт элем. Депутат болуп калсам, жергиликтүү маанидеги маселелерди карап жатканда калктын аярлуу катмарынын, өзгөчө чөнтөгү жука үй-бүлөлөрдүн көйгөйлөрүн козгойм. Биздин айылда үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси да курч турат. Эми чогулуштарда, биздин муниципалитеттин иш-аракеттер планын даярдап жатканда аялдардын укуктарын коргоо боюнча иш-чараларды кошууну да сунуш кылам, алардын ишке ашырылышы үчүн болгон күчүмдү жумшайм”.

Асылгүл АЛИЕВА, Оргочор айылынын тургуну: “Мен 31 жаштамын. С.Абдракманов атындагы орто мектепте мугалим болуп иштейм. Жергиликтүү кеңештин депутаты катары талапкерлигимди коюу тууралуу буга чейин ойлонгон эмесмин. Бирок айылдын тургундары менин балдарга жасаган мамилемди, мектептеги шарттарды жакшыртууга болгон аракетимди көрүп жүрүшкөндүктөн шайлоого катышууну сунуш кылышты. Үйдөгүлөр менен талкууладык, кайын журтум каршы болду, бирок күйөөм мени колдоп, күчүмдү сынап көрүшүм керектигин айтты.

Ошондон кийин мына азыркыдай тренингдерге катыша баштадым. Ушундан кийин менде чоң кызыгуу пайда болуп, шайлоого катуу камданып жатам. Бүгүнкү тренинг жогорку деңгээлде өттү. Ушундай тренингдерди көбүрөөк өткөрүп тургулачы деп өтүнөм”.

 

Окшош материалы: