Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аламүдүн айылдык аймагы калктын бош убактысын уюштуруу боюнча жашоочулардын демилгесин колдоп, каржылап берди

2020-05-13 / Жергиликтүү демилге
Аламүдүн айылдык аймагы калктын бош убактысын уюштуруу боюнча жашоочулардын демилгесин колдоп, каржылап берди

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭУЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

Кыргызстандагы жергиликтүү жамааттар дайыма жигердүү болушчу, коомдук иштерден калчу эмес, айылдагы жана шаардагы турмуш шарттарын жакшыртуу чөйрөсүндө көп иштерди биргелешип жасап келишти. Мындай жигердүүлүк түрдүү формаларда билинчү, алардын ичинен эң байыркысы жана белгилүүсү – ашар. Донорлор каржылаган инфраструктуралык долбоорлорду жарандар кошо каржылаган учурлар да аз эмес. Жарандар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн айыл өкмөтү жана мэриялар менен биригип, иш-чараларга, ишембиликтерге, майрамдарга катышып келишет. Адамдар жергиликтүү өз алдынча башкаруудан көп нерсени талап кылган, бирок ошол эле учурда көп нерсени өз алдынча жасоого даяр болушчу. Анткен менен жакынкы убакытка чейин ЖӨБ органдары тарабынан жарандардын демилгелерин каржылоо мүмкүнчүлүгү көп деле эмес болчу. Себеби мындай өз ара байланышты мыйзамдардын алкагында ишке ашыруу оор эле. Акыры бул маселе 2019-жылдын сентябрь айында чечилди. КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар иши жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – ЖӨБЭММА) Буйругу менен “ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Типтүү жобо (мындан ары – ЖД жөнүндө Жобо) бекитилген. 2019-жылдын этегинде ЖД жөнүндө Жобо Ош, Нарын жана Чүй облустарынын бир катар муниципалитеттеринде сыноо түрүндө ишке киргизиле баштаган. 

Үч облустагы 10 максаттуу жана 5 максаттуу болбогон ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү алдын-ала окуудан өтүштү. Окуу “Жергиликтүү демилге – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү бюджеттин каражаттарын башкаруунун жана жергиликтүү жамааттын реалдуу катышуусунун активдүүлүгүн жогорулатуунун аспабы” деген темада өттү. Окууга Чүй облусунун Аламүдүн айылдык аймагынын өкүлдөрү – айыл башчысы жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын лидерлери катышты. Алар Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү демилгенин укуктук негиздери менен таанышып чыгышты. Катышуучулар ЖӨБ органдары жергиликтүү демилгелерди колдоп берген эл аралык жана Кыргызстандагы тажрыйбаны үйрөнүштү. Ошондой эле алар ЖД жөнүндө Жобону киргизүүнүн жол-жоболору менен таанышып, соңунда ЖД жөнүндө Жобону киргизүү боюнча иш планын даярдап чыгышты.

Жергиликтүү демилгени уюштуруу

Аламүдүн айылдык аймагынын өкүлдөрү өз муниципалитетинде Жобону киргизүү идеясын колго алышты. Себеби үйлөрүнө кайткандан кийин ЖӨБ органынын мүмкүнчүлүктөрүн талдап чыгып, “Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетте каражат барбы?” деген суроого жооп издешти. Бюджетте каражат жетиштүү болчу, ошондуктан ЖӨБ органынын жетекчилери кызматкерлерине Аламүдүн айылдык аймагында ЖД жөнүндө Жобону киргизүүгө уруксат беришти.

ЖД жөнүндө Жобо бир нече баскыч менен ишке ашты: адегенде айыл өкмөтү Аламүдүн айылдык аймагынын ЖД жөнүндө Жобосун киргизүүнүн кенен планын даярдап алды. Андан кийин Жобону айылдык кеңештин кароосуна жиберди. 2019-жылдын 11-ноябрында айылдык кеңеш токтом менен “Аламүдүн ЖӨБ органы тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Жобону бекитти. Бул документтин негизги максаты – жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн КР мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катыштыруу максатында демилгелерди колдоо.

Кийинки баскычы – учурдагы кырдаалга анализ жасап, жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктап алып, ошолорго жараша жергиликтүү демилгелерге сынак жарыялоо. Анализдин жыйынтыгында төмөнкүдөй багыттар аныкталган:

  • элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп берүү;
  • бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүп берүү;
  • дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

Андан кийин ЖӨБ органы каржылоонун көлөмүн аныктады: жергиликтүү демилгени тандап алуу максатында сынак өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 78 миң сом бөлүндү.

Сынакты уюштуруп, өткөрүү үчүн айыл өкмөт башчынын буйругу менен беш адамдан турган конкурстук комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын өкүлү кирди. Конкурстук комиссия жергиликтүү демилгелерди каржылоо үчүн сынак өтөөрү тууралуу жарыяны даярдап, айыл өкмөтүнүн расмий сайтына, айылдык аймактагы маалымат такталарына жайгаштырып, старосталарга жана жергиликтүү активисттерге таратып берип, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Өтүнмө 2019-жылдын 3-декабрынан 16-декабрына чейин берилиши керек болчу. Комиссиянын мүчөлөрү конкурстук өтүнмөлөрдү кабыл алып, катышуучуларды каттоодон өткөрдү.

Сынакка үч өтүнмө түшүп, комиссия долбоордук сунуштарга баа берип, конкурстун жыйынтыгын чыгарды. Комиссиянын мүчөлөрү сынактын жеңүүчүлөрүн протокол менен бекитип, айыл өкмөт башчысы 2019-жылдын 17-декабрындагы буйругу менен конкурстун жыйынтыгын бекитти. Бардык документтер – конкурстук комиссиянын протоколу, айыл өкмөтүнүн буйругу жана женүүчүлөрдүн тизмеси айыл өкмөтүнүн сайтына жана маалымат такталарына жайгаштырылды.

Төмөнкү демилгелер конкурстун жеңүүчүлөрү деп табылды:

  • “Жаңы жылдык иш-чараларды уюштуруу”, лидерлери: Тамара ИСАКУНОВА жана Айнура МОЛДОЖАПАРОВА;
  • “Маданий иш-чараларды уюштуруу”, лидери: Наталья БУБУНОВА.

ЖӨБ органы конкурстун жеңүүчүлөрү менен макулдашуу түздү. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу тууралуу макулдашууда анын аткаруучуларынын жана ЖӨБ органынын укуктары жана милдеттери көрсөтүлгөн. Ал эми Техникалык тапшырмаларда демилгелерди каржылоонун максаты жана планы кенен баяндалган.

“Жаңы жылдык иш-чараларды уюштуруу” жергиликтүү демилгеси

“Жаңы жылдык иш-чараларды уюштуруу” аттуу жергиликтүү демилге үчүн ЖӨБ органы 39 миң сом бөлүп берген. Бул демилгенин лидерлери – Тамара ИСАКУНОВА жана Айнура МОЛДОЖАПАРОВА 20 адамдан (6 эркек жана 14 аял) турган санаалаштардын башын бириктирди. Бул командага 36 жаштан 75 жашка чейинки курактагы музыканттар жана айылдагы таланттуу жашоочулар кошулган. Топтун уюткусун жамааттагы кадыр-барктуу аялдар түздү. Алар чү дегенде эле “Тумар” деп аталган топту түзүп, жаңы жылдык майрамды өткөрүү сценарийин чогуу даярдап чыгышты. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акчадан тышкары жергиликтүү ишкерлер кошумча салым катары 40 миң сомго жакын акча беришти. Бул жардамдын жарымы акчалай, жарымы товар түрүндө берилди. Мисалы, ишкерлердин бири улуттук кийимдерди тигип берди. Жергиликтүү демилгенин айрым катышуучулары өз чөнтөгүнөн акча чыгарып, жомоктогу каармандардын костюмдарын ижарага алышты.

Калкты көбүрөөк тартуу максатында транспорт (“Портер” үлгүсүндөгү унаа) уюштурулуп, ал жаңы жылдык куттуктоо жазылган баннер менен кооздолду. Булмашине Аламүдүн айылынын көчөлөрүн кыдырып, активисттер үн күчөткүчтүн жардамы менен элеттиктерди майрамга чакырышты. Ошентип, алдын-ала түзүлгөн графиктин негизинде 2019-жылдын 2 6 - д е к а б р ы н а н 30-декабрына чейин эки айылдын ар кайсы көчөлөрүндө майрам өттү. Активисттер жомоктогу каармандардын ролун аткарып, жети оюн коюп, ырдап, бийлеп, жаңы жылдык белектерди таратып чыгышты. Майрамга 1650 адам, анын ичинде 360 эркек, 690 аял жана 600 бала катышты.

Тамара ИСАКУНОВА буларды айтып берди: “Жергиликтүү демилгелер сынагына катышуу абдан жакты. Биринчиден, биз көчө шартында эл менен иш алып барганды үйрөндүк. “Тумар” тобунунун катышуучулары беш күндүн ичинде түрдүү курактагы адамдар чогулган ар бир көчөнү жана кварталды кыдырып чыгып, аларды театралдаштырылган оюндарга жана майрамдык концерттерге тарттык. Адамдар көздүн жоосун алган улуттук кийимдерди жана элечектерди, жомоктордогу каармандарды, театралдаштырылган оюндарды жана концертти көпкө чейин айтып жүрүштү. Иш-чарага катышкан ар бир адамдын жүрөгүндө из калтырып, баарынын маанайын көтөрүп, чыныгы майрамдын элесин жеткире алдык деп ойлойм. Адамдар көр тириликти унутуп, бир саамга болсо да совет доорундагыдай майрамдык маанайды эстешти. Ал маалда маданий иш-чаралар көчөлөрдө масштабдуу өтүп турчу эмес беле. Бизди өзгөчө балдар эстеп калды окшойт. Алар биз койгон оюндарды чоң кызыгуу менен көрүп отурушту. Балдар үчүн бул эсте калаарлык окуя жана чоң ачылыш болду. Себеби алар биздин айылда биринчи жолу ушундай чыныгы майрамдык шоуну көрүштү. Бул майрамда жаш-кары дебей, баары көңүлдүү убакыт өткөрө алышты, күнүмдүк жашоого көрк кошулгандай болду. Ата-энелер толкунданып, бул майрам балдарды бир сыйра сергиткенин айтып жатышты. Себеби акыркы учурда балдар телефондон көзүн албай, башка эч нерсеге кызыкпай калган эле. Элеттиктердин көбү азыркы учурда дал ушундай иш-чараларды мүмкүн болушунча көбүрөөк өткөрүп туруш керектигин, ага балдарды жана ата-энелерди тартуу зарылдыгын белгилешти. Анткени мындай ишчаралар түрдүү улуттардагы адамдардын башын бириктирип, ынтымагын бекемдеп, ар кайсы элдин маданиятын тааныта алат. Экинчиден, мындай иш-чараларды өткөрүү менен биз элибиздин каада-салттарын көрсөтө алдык. Бул болсо өсүп келаткан муунду тарбиялоого, туура жолго багыттоого жардам берет. Азыркы учурда жаштар улуттук маданиятыбызды унутуп баратпайбы. Үчүнчүдөн, жергиликтүү демилгелер конкурсуна катышуу биздин топко өзүн реалдуу иште көрсөтүүгө, көптөгөн адамдардан жылуу сөздөрдү, ыраазычылыкты угууга шарт түздү. Биздин топко ЖӨБ органы да ыраазы болуп, колдоо көрсөтүп турду. Ошол себептен биз Ноорузду майрамдоо боюнча жергиликтүү демилгелердин кийинки сынагына да катышууну пландап, атүгүл даярданып, чоң пландарды түзө баштаганбыз. Бул майрамды да өзгөчө белгилейин деген ниетибиз бар болчу. Бирок, тилекке каршы, карантиндин айынан азырынча бул идеядан баш тартууга мажбур болдук. Эң негизгиси – биз элди ойгото алдык. Эми алар бизден жаңы иш- чараларды күтүп жатышат”.

“Маданий иш-чараларды уюштуруу” аттуу жергиликтүү демилге

Демилгенин лидери Наталья Алексеевна БУБНОВА 64 жашта, ал Аламүдүн айылынын квартал башчысы. БУБНОВА жергиликтүү демилгенин жыйынтыктары тууралуу кенен айтып берди. Конкурс тууралуу маалыматты Наталья Алексеевна алгач айыл өкмөтүнүн сайтынан окуп, андан кийин мектеп директорунан жана айылдык кеңештин депутатынан уккан экен. Конкурстун шарттары менен таанышып чыгаары менен, ага катышууга ашыккан. Анын үстүнө Наталья Алексеевна маданият чөйрөсүндө мол тажрыйба топтой алган. СССР маалында эле ал райондун маданият секторунун башчысы болуп иштечү. Ушул күнгө чейин бул чөйрөдө жигердүү иштеп келатат:  Наталья Алексеевна актердук чеберчилик жана вокал боюнча курстарды өтүп, ири маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу менен алектенип жүрөт. Болгондо да бул иштерди өз демилгеси менен, акы албай жасайт.

Наталья Алексеевнанын айтымында, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору уюштурган жергиликтүү демилге боюнча тренинг биротоло чечим кабыл алууга жардам берген. Демилгени өз колуна алып, Наталья Алексеевна санаалаштарын жана кесиптештерин чогултту. Демилгеге жети адам кошулду, алардын арасында кварталдык комитеттердин мүчөлөрү, мектеп директору жана айылдык кеңештин депутаты бар. Баары чогулуп, конкурстун шарттарын талкуулап алгандан кийин катышууну чечишти. Алар өтүнмөнү толтуруп, пландалып жаткан бардык иш-чараларды жана чыгымдын сметасын жазып чыгышты. “Маданий иш-чараларды уюштуруу” деп аталган демилге сынактан утуп алганы абдан жакшы кабар болду. ЖӨБ органы бул демилгени ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 39 миң сом бөлүп берди. Мындан тышкары техникалык жардам катары ЭҮЖӨБОЖ Долбоору 27 миң сом көлөмүндө грант берди.

Адамдар мурдагыга караганда жигердүү болуп, “ойгоно” баштаганы, кооз, таза көчөлөрдү жана парктарды көргүсү келип жатканы, маданият менен спортту өнүктүрүп, айылда жакшы жашоо үчүн шарт түзүүгө умтулганы абдан кубандырат. Ошондуктан жергиликтүү демилге да өнүгө баштады. Бул үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу “мотор” болуп, элдин демилгесин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Демилгени ишке ашыруу 14 адамдан турган топту түзүүдөн башталды. Бул топко улуулар гана эмес, түрдүү курактагы балдар, аниматорлор жана концерттик топ да кирди. “Бул конкурс масштабдуулугу менен баарын кызыктырды. Бирок ошол эле маалда мындан ары да бардык маданий иш-чараларды сапаттуу деңгээлде өткөрүп туруу үчүн зарыл болгон жабдууларды, кийим-кечелерди сатып алууга шарт түзүлдү. Ушунусу менен да конкурс бизди кызыктырганын жашырбайм. Мындай мүмкүнчүлүк биздин кийинки демилгелерибизге оң таасирин тийгизип, ишибиздин туруктуу болушун камсыз кылат эмеспи”, - деди Наталья Алексеевна. Бөлүнгөн акчага эки музыкалык колонка, микрофондор, төрт карнавалдык костюм, чоң бенгал шамдары, фейерверктер, тарсылдактар сатып алынып, жарнама даярдап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 100 белек сатып алып, кварталчылар аркылуу таратып чыктык. Ижарага алган кичи автобусту “Жаңы жылдык каттам” катары кооздодук. Аниматорлор жана концерттик топ көчөлөрдү кыдырып, майрам уюштурушту. 2019-жылдын 26-декабрынан 28-декабрына чейин Аламүдүн жана Садовое айылдарынын булуң-бурчунда беш театралдаштырылган оюн коюлду. Бул иш-чараларда элеттиктер ырдап, бийлеп, балдарга таттуу таратып бердик. Үч иш-чара имараттын ичинде, ал эми экөө Садовое айылынын көчөлөрүндө өттү. Көчөдөгү иш-чаралар кечинде өткөндүктөн салюттар жана фейерверктер менен коштолуп, жаш-кары дебей, баарына майрамдык маанай тартууладык. Элеттиктер абдан кубанышты.

Иш-чараларга 800 адам, анын ичинде 210 эркек, 295 аял жана 2 жаштан 15 жашка чейинки курактагы 300гө жакын бала катышты. Бул иш-чаралар жагымдуу, эстен чыккыс болду. Катышуучулар ыраазы болуп, уюштуруучуларды алкап, алар кубаныч, бакыт тартуулаганын айтып жатышты. Көптөр бул майрам динине жана улутуна карабай, бардык элеттиктердин башын бириктиргенин айтышты. Адамдар “Мындан ары да майрамдар ушинтип өтүп турабы?” деп сурап, аниматорлорду туулган күндөрдү өткөрүүгө чакырып жатышты. Иш-чаранын уюштуруучулары да чоң ырахат алышты. Аниматорлор, концерттик топтун мүчөлөрү, артист балдар толкунданып, болгон күч-аракетин жумшап, иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүштү. Алар өз талантын көрсөткөндөн тышкары жергиликтүү демилгелер чөйрөсүндө мол тажрыйба топтой алышты. ЖД жөнүндө Жобону ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча Наталья БУБНОВА мындай тыянак чыгарган: “Эми биз “жергиликтүү демилге” деген эмне экенин билип калдык. Мындай конкурсту мындан ары да уланта бериш керек. Эгерде айыл өкмөтү ушундай сынакты дагы уюштурса, жигердүү катышабыз, себеби тажрыйбалуу болуп калбадыкпы. Менимче, конкурстардын артыкчылыгы абдан көп. Биринчиден, ага жигердүү адамдар катышат, аларды коомго пайдалуу иш жасагысы келген жаратмандар деп койсо да болот. Мындай адамдар башкаларга жарык маанай тартуулап, алар менен бактылуу көз ирмемдерди бөлүшкүсү келет. Коомдун дагы бир бөлүгү пайда алат – өзү майрамды уюштура албаса да, ага катышууну каалаган, руханий өнүгүүгө умтулган, моралдык канааттануу алгысы келгендер да аз эмес. Экинчиден, ресурс жана стимул болсо, болгон күч-аракетти жумшап, кызмат көрсөтүүнүн бардык түрлөрүн сапаттуу жеткирсе болот. Мисалы, биздин бригада өз ишин билген кесипкөй адамдардан, аниматор жана артисттерден куралып, ыкчам чогулуп, ишти уюштуруп, бир нече маданий иш- чараны өткөрүп, көп сандагы адамдардын башын бириктире алдык. Үчүнчүдөн, жергиликтүү демилге аркылуу айыл өкмөтү менен чогуу айылдын ар бир бурчунда, аянтында, кварталында социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө шарт түзүлдү. Адамдар мурдагыга караганда жигердүү болуп, “ойгоно” баштаганы, кооз, таза көчөлөрдү жана парктарды көргүсү келип жатканы, маданият менен спортту өнүктүрүп, айылда жакшы жашоо үчүн шарт түзүүгө умтулганы абдан кубандырат. Ошондуктан жергиликтүү демилге да өнүгө баштады. Бул үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу “мотор” болуп, элдин демилгесин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Бизде чечилиши керек болгон өтө көп көйгөйлөр бар. Кварталчы катары аймакты көрктөндүрүп, балдар аянтчасында каруселдерди жана селкинчектерди орнотуп, карылар үчүн спорт аянтчаларында машыктыргычтарды, отургучтарды орнотуп, жарыктандырып, балдар үчүн скейтбординг жасап бергим келет. Дарыянын боюнда “Жаштар аллеясын” жасагыбыз келет. Бул – элеттиктер үй-бүлөсү менен сейилдеп, эс ала турган жалгыз жер. Бул аллеяны жашылдандырып, гүлдөрдү отургузуп, тротуарын оңдоп койсо эле көркүнө чыгып калмак. Айтор, шаардагыдай сейил бак жасап койсок жакшы болоор эле. Мисалы, жакында эле кары адамдар хор түзүп, ага өздөрү да катышкысы келерин айтышты. Бул абдан сонун идея, муну сөзсүз ишке ашырыш керек”. ЖӨБ органдары өткөргөн жергиликтүү демилгелердин конкурсу биздин социалдык пландарыбызды ишке ашырууга, айылды өнүктүрүүгө, элеттиктердин турмуш шартын оңдоого жардам берип жатат. Ошол эле маалда жергиликтүү демилгелер үчүн бюджеттен акча бөлүнгөнү менен, карапайым адамдар да акчалай, же эмгек ресурсу түрүндө салым кошуп жатышат. Бирөө көчө же курулуш материалын алып келсе, башкасы чуңкурду казып берет же транспорт уюштурат. Айтор, жергиликтүү демилге – бул бир ишти чогуу жасоо. Бул процессте жергиликтүү жамаат жергиликтүү бийликтин жардамы менен аймактагы калкка пайда алып келген бир максатка умтулат.

ЖӨБ органдары: жоопкерчиликти тең бөлүшүү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да ЖД жөнүндө Жобону ишке ашыруунун натыйжасы тууралуу өз пикирлери менен бөлүшүп, оң таасирин баса белгилешти. Алар жергиликтүү демилгенин конкурсун уюштуруп, ишке ашырганды үйрөнүштү, маданият чөйрөсүндө жергиликтүү жамаат менен иштин маңызын түп-тамырынан бери өзгөрткөн Жобону даярдашты, жергиликтүү жамаат менен натыйжалуу иштегенди үйрөнүп, көчөдө масштабдуу маданий иш-чараларды жакшы уюштуруунун жолдорун табышты, бул үчүн өз ишин билген адамдарды таба алышты. ЖД жөнүндө Жобону ишке ашыруунун алкагында сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында ЖӨБ органы мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түздү. Бул топко беш адам мүчө болду. Топтун курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын лидерлери кирди. БМжБ тобу жергиликтүү демилге ишке ашырыла баштаган күнү эле ишин кошо баштады: маданий иш-чара өтө турган үч жерде мониторинг жана баалоо жүргүздү, протоколдорду түзүп, ЖӨБ органына берди. Мониторинг көрсөткөндөй, жергиликтүү демилгелер техникалык тапшырмага шайкеш өткөрүлүп, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүлдү.

Жергиликтүү демилгени ишке ашыруудагы кыйынчылыктар

Аламүдүн айылдык аймагында ЖД жөнүндө Жобону сыноо түрүндө киргизүү процессинде негизги кыйынчылык – бөлүнгөн мөөнөттүн аздыгы болду. Себеби айыл өкмөтү иштин даярдык бөлүгүн кыска мөөнөттүн ичинде уюштурууга мажбур болду. Күтүлбөгөн кыйынчылыктар документтерди, анын ичинде техникалык тапшырманы даярдоо процессинде пайда болду. Себеби айыл өкмөтүндө буга чейин мындай документтерди даярдоо боюнча тажрыйбасы жок эле. Мындан тышкары жамааттан түшкөн көпчүлүк долбоордук сунуштар чабал болду, алар техникалык тапшырманын талаптарына жана шарттарына жооп берген эмес. Башка бир маселе – аткаруучулар отчет тапшырууну кечеңдетишти. Бирок механизмди киргизүүнүн сыноо режимин эске алганда бул кыйынчылыктар убактылуу мүнөзгө ээ десе болот. Келечекте тажрыйба топтолуп отуруп, бул маселе жаратпачудай. Аймакта маданий агартуучу мекемелер дээрлик болбогону бир кыйла олуттуу маселе. Аймакта 300 орундуу бир клуб бар, ал да иштебей турат, атүгүл муниципалдык менчикте эмес. Бул клуб ремонттук- механикалык заводго таандык. Ошондуктан айрым маданий иш-чаралар такыр ыңгайсыз имаратта өтүп жатат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал да ЖӨБ органынын ишине түзөтүүлөрдү киргизди. Жергиликтүү демилгелердин кийинки конкурсу – Ноорузду майрамдоого арналмак. Бирок бул майрамды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пландар үзгүлтүккө учурады. Кийинки баскыч – Аламүдүн айыл өкмөтү жергиликтүү демилгелер конкурсунун жардамы менен социалдык жактан аярлуу үй- бүлөлөрдө өскөн балдардын жайкы эс алуусун уюштурууну пландап жатат.

Тажрыйбаны кеңири жайылтуу

ЖД жөнүндө Жобону сыноо түрүндө киргизүүнүн жыйынтыктарын талкуулоо үчүн 2020-жылдын март айында Аламүдүн айылдык аймагынын мисалында тажрыйба алмашуу сапары уюштурулду. Ага 61 адам, анын ичинде 15 аял катышты. Тажрыйба алмашуу сапарынын негизи максаты – ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитеттериндеги ЖӨБ органдарына бюджеттик каражатты башкаруунун жана жергиликтүү жамаатты маселелерди чечүүгө реалдуу катыштыруунун аспабы катары жергиликтүү демилгелердин сынагын уюштурганды үйрөтүү. Тажрыйба алмашуунун жүрүшүндө ЖӨБ органдары жаңы аспаптарды колдонуп, эл менен байланышты бекемдөө практикасын өздөштүрүп, ЖД жөнүндө Жобону ишке ашыруунун жол-жоболору, менен кенен таанышып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жаатындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат алышты. Катышуучулар бир фактыга көңүл бурушту: көпчүлүк муниципалитеттер дотацияда турушат, ошондуктан жергиликтүү демилгелердин сынактарын каржылоо оор болот, бюджеттеги акча айылдын өтө маанилүү маселелерин чечүүгө араң эле жетип жатат. Мисалы, Алай районундагы Бүлөлү ААнын айыл өкмөт башчысы Бакыт АРТЫКОВ бийик тоолуу аймактар өткөрүлүп берилген, бирок төлөнбөгөн мамлекеттик ыйгарым укуктарды араң аткарып жатышканын айтты.

Мындай ыйгарым укуктарга социалдык маселелер, аскердик-эсепке алуу столунун иши, пробация иш-чаралары ж.б кирет. Жергиликтүү демилгелерди толук ишке ашыруу үчүн берилген ыйгарым укуктарды тийиштүү министрликтер каржылашы керек. Ошондо гана ЖӨБ органдары жергиликтүү маселелерди гана чечпестен, демилгелерди да ишке ашыра алмак. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВдин айтымында, ЖД жөнүндө Жобо – бул башкаруу аспабы, анын жардамы менен ЖӨБ органы калкка азыркыдан да көбүрөөк жакындай алат. Себеби бул аспап ЖӨБ органына элдин демилгесин колдоп, адамдарды демилге көтөрүүгө шыктандырып, жергиликтүү өз алдынча башкарууга катыштырат. Ошондуктан ЖӨБ органы ЖД жөнүндө Жобону ишке ашыруу боюнча ишти мүмкүн болушунча күчтөндүрүүгө умтулушу керек. Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары Аламүдүн айыл өкмөтүндө жергиликтүү демилгелер менен иштөө боюнча мыкты практика түптөлүп калганын, муну өлкөнүн булуңбурчунда кеңири жайылтуу зарлыдыгын белгилешти. Себеби жергиликтүү жамаатты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катыштыруунун жаңы аспабы өзүнүн натыйжалуулугун жана максатка ылайыктуулугун далилдей алды. Катышуучулардын “Жобону ишке ашыруу Аламүдүн айылдык аймагына эмне берди?” деген суроосуна АӨ башчысы Найзабек КӨЛБАЕВ ЖӨБ органы Жобону ишке ашыруунун бардык жол-жоболорун үйрөнгөнүн белгиледи: “Мурда жамаат ЖӨБ органына ишенбей, жергиликтүү бюджет туура эмес сарпталып жатат деп шектенип, “бюджеттик акчаны кымырып алышты” деп айыптачу. ЖД жөнүндө Жобону киргизгенден кийин элеттиктер жергиликтүү бийликке карата пикирин өзгөрттү. Себеби жергиликтүү жамаатка маданий-коомдук иш-чараны өз алдынча өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Демилгечилер калк менен иштөө канчалык кыйын болгонун жон териси менен сезишти. Иштин соңунда көп адам катышкан масштабдуу иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү моралдык жактан кыйын болгонун, өтө көп күч-аракетти талап кыларын түшүнүштү. Жергиликтүү демилге – бул сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон механизм, бул – этностордун ортосундагы ынтымакты бекемдөө үчүн жергиликтүү жамаатты активдештирүү аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жаңы формаларынын бири. Бул маселе Аламүдүн аймагы үчүн өзгөчө маанилүү. Себеби бизде жашаган калктын этностук курамы көп түрдүү. Биз ушундай жол менен ЖӨБ органы диалогго даяр экенин, өз ара мамилелерди түзүүдө жаңы усулдарды колдонгусу келерин, эл менен байланыш түзүүнүн башка деңгээлине өтүүгө даяр болгонун көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары биз жергиликтүү бюджеттин каражатын натыйжалуу пайдаландык. Көп акча сарптабастан, демилгелүү топтордун колдоосу менен көбүрөөк адамды тарта алдык. Иш-чарага 2500гө жакын адам, анын ичинде миң аял жана 900дөн ашык бала катышты. Айыл өкмөтүнүн гана күчү менен мынчалык көп сандагы адамдарды тарта алмак эмеспиз!”, - деп сөзүн жыйынтыктады айыл өкмөт башчысы Найзабек КӨЛБАЕВ.

Окшош материалы: