Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу 2020-2025-жылдарга жаңы Стратегиясынын долбоорун талкуулады

2020-05-13 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу 2020-2025-жылдарга жаңы Стратегиясынын долбоорун талкуулады

2020-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун 2020-2025-жылдарга стратегиясынын долбоору талкууланды.

Талкууну Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Хельветас менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” (ЖДККЖ) долбоору уюштурду.

Дүйнөдө кеӊири колдонулган мамлекеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ич ара аракеттенүү механизими – алардын легитимдүү кызыкчылыктарын билдирүүчү - муниципалдык бирикмелер, Кыргыз Республикасында да колдонулат. Биздин өлкөдө муниципалитеттердин кызыкчылыктарын коргоочу болуп ЖӨБ Союзу саналат. ЖӨБ Союзунун 20 жылдан ашык тарыхы бар, ал ар кайсы жылдарда мамлекеттин ЖӨБдү өнүктүрүүдө ийгиликтүү өнөктөшү катары иштеп келген. Бул мөөнөттүн ичинде белгилүү жыйынтыктарга жетишүү болду, тактап айтканда, мыйзамдарда ЖӨБ Союзунун жана муниципалдык бирикмелердин статусу ЖӨБ органдарынын легитимдүү кызыкчылыктарын билдирүүчүсү катары бекитилди. Азыркы учурда ЖӨБ Союзу өнөктөштөрдүн жардамы менен борбордук жана жергиликтүү деӊгээлде ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын толук кандуу билдирүү жана коргоо үчүн өзүнүн кудуретин күчөтүү боюнча кадамдарды жасап жатат.

Талкуунун бардык мүчөлөрүнүн аракеттери ЖӨБ Союзунун мындан ары өнүгүүсүнө жана анын ЖӨБ органдарынын толук кандуу оюн билдирүүчүсү болушуна багытталган, анткени легитимдүү, натыйжалуу иштөөчү мунициплитеттердин бирикмесинин бар болгону өлкөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө багытталган аспап болуп саналат. Бул иш-чарага ЖӨБ Союзунун дирекциясынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун, Өнүктүрүү саясат институтунун, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун өкүлдөрү катышты. Жолугушууда ЖӨБ Союзунун 2017-2020-жылдарга Программасынын аткарылышына жасалган анализдин жыйынтыгы каралып, учурдагы жагдайларды анализдөө жумушу аткарылды, жетишкендиктер, көйгөйлөр жана ресурстар талкууланды. ЖӨБ Союзунун директору Ө.АЛМАНБЕТОВ келе жаткан Жалпы жыйында бекитүү максатында ЖӨБ Союзунун 2020-2025-жылдарга сапаттуу стратегия иштеп чыгуу маселеси зарыл болгонун баса белгиледи. Жаӊы документ ЖӨБ Союзун өнүгүүгө үндөгөн компас болушу керек. Талкуунун жыйынтыгы боюнча ЖӨБ Союзунун өнүгүү стратегиясына кириши керек болгон артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Жумушчу топ стратегиянын долбоорун толуктап чыгып, ушул жылдын жай мезгилинде талкууга чыгарууну пландап жатат.

 

Окшош материалы: