Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мектептерди, ата-энелерди жана ЖӨБ органдарын тынчсыздандырган маанилүү маселелер

2012-03-30 / Актуалдуу тема

Бюджеттен тышкаркы каражаттарга (ата-энелердин жардамы) карата мектептин чыгаша функциялары кантип аткарылат

Бюджеттен тышкаркы каражаттарга (ата-энелердин жардамы) карата мектептин чыгаша функциялары кантип аткарылат, мектеп өз алдынча смета түзүп, чыгашаларды ишке ашырып жатабы?

№4 мектептин директору жооп берет

Биз коомдук бирикмеге кайсы бир чыгашага арыз жазабыз жана камкордук кеңеши бул арызды карап чыгат. Андан кийин зарыл сумманы бөлүү тууралуу чечим кабыл алат. Мектеп болсо каражатты сарптап, бардык каржылык отчетторду берет. Мында бардык которуулар жана чыгашалар банк аркылуу жасалат.Анын ичинде ата-энелер да коомдук бирикмеге өз салымдарын банк аркылуу гана жасайт, бул болсо коррупция үчүн мүмкүнчүлүктөрдү азайтат.

Окуу китептерине байланыштуу маселе кантип чечилүүдө?

№2 мектеп-лицейдин директору жооп берет

Бул биз үчүн өтө оор жана курч маселелердин бири. Аны чечүү үчүн эмне гана жасабадык – эч кандай жыйынтык жок. Бүгүн окуу китептеринин баасы өтө эле жогору жана эч бир мектеп бул маселени өз алдынча чече албайт. Жыл сайын мектеп фондун жаңылоо зарыл, бирок бул маселени чукул арада мамлекеттик деңгээлде чечүү керек.

“М” комментарийи

Китеп менен камсыздоо – бул мамлекеттик деңгээлде чечиле алчу маселе. Акыр аягында айрым өлкөлөргө окшоп, коргоого кеткен чыгашаларды окуу китептеринин пайдасына кыскартса да болот. Кептин баары министрликтердин деңгээлинде башкаруу сапатында жана парламент деңгээлинде артыкчылыктарды тандоодо.

Шаардын мэриясы мектепти каржылайбы?

№1 ОМ директору жооп берет

Шаардын мэриясы мүмкүн болушунча мектепке финансы колдоо көрсөтүүгө аракет жасап келет, бирок мэрия мектептин бардык керектөөлөрүн камсыздай албайт. Шаардык бюджеттен бир баланын тамагына 7 сом өлчөмүндө акча бөлүнөт; эмерек сатып алууда жарым-жартылай колдоо көрсөтүлөт; өткөн жылы мектептин ремонтуна 150 миң сом бөлүнгөн. Жабдуудан тарта бор сатып алууга чейинки башка материалдык-техникалык керектөөлөрдү канааттандырууга каражат жок. “Тегерек үстөлдө” вице-мэрлердин бири: “Мектепти кармоого триллиондор керек, ата-энелерсиз алар жашап кете албайт” деп айткан.

“М” комментарийлери

Орто билим берүүнү ата-энелердин кошо каржылоосунда эң өкүнүчтүү нерсе – бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде ата-энелер жана мектеп администрациясы бири-бирин айыптап, жемелеп, өз ара акыйнек айтышат. Мында нааразылыгын ошол көйгөйлөрдүн чыныгы айыпкери болгон мамлекет тарапка жолдогондор аз. Анткени дал ушул мамлекет билим берүүгө карата акысыз принцибин жарыялаган, муну менен ал белгилүү бир көлөмдөгү милдеттемелерди өзүнө алган, бирок аларды аткарбай келет.