Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштар үйү – жаңы идеялар жана долбоорлор пайда болгон, жаратуу жана өнүгүү үчүн арналган жер

2020-06-08 / Жергиликтүү демилге
Жаштар үйү – жаңы идеялар жана долбоорлор пайда болгон, жаратуу жана өнүгүү үчүн арналган жер

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун АА

2017-жылы Учкун айылдык аймагынын “Ички сугат суу үчүн дамбанын курулушу” аттуу жергиликтүү демилгеси ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖД Конкурсунда экинчи орунду ээлеп, 100 000 сом көлөмүндө байге алган. Айыл жаштарынын демилгеси боюнча ырасым кызматтарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн боз үй жана зарыл болгон буюмдарды алуу маселеси чечилди. Башында активист Рыспек ҮСӨНОВ турган айыл жаштарынын сунушу менен чогулуш өтүп, ага ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, аксакалдар жана жамаат лидерлери катышкан. Чогулушта ар бир үй-бүлөдөн беш таңгактан чөп чогултуп, аны сатып, түшкөн акчага боз үй алуу тууралуу чечим кабыл алынган. Натыйжада 202 үй-бүлө 1010 таңгак чөп чогултуп берди. Аны саткандан кийин түшкөн 80 800 сомго боз үй, титан-самоор жана 50 литрлик суу жылыткыч, дагы башка зарыл буюмдар сатып алынды. Мына ушундай эле ыкма менен дарыянын жээгин суу жеп кеткен көйгөй да чечилди. Суу ташкыны болсо эле элеттиктердин чарбагы жана жер үлүштөрү зыянга учурачу. Бул демилгени жаштардын дагы бир лидери Мирбек КАРАБАЛАЕВ көтөрүп чыккан. Активисттер 114 үй-бүлөдөн чогултулган чөптү сатып, 45 000 сом таба алышты. Буга кошумча жергиликтүү кеңештин депутаттары 10 000 сом берди, ал эми жергиликтүү бюджеттен 30 000 сом бөлүндү. Ошондой эле Нарын райондук өнүктүрүү фонду 105 000 сом бөлүп берди. Чогулган акчанын эсебинен жана курулушка, материалдарды ташып жеткирүүгө, тамактанууну уюштурууга катышкан жаштардын күчү менен дамбанын курулушу да бүттү. Ошентип элеттиктер саткан чөптүн жардамы менен ушундай эки чоң иш жасалды.

100 000 сом көлөмүндө байге алгандан кийин демилгелүү топтун лидерлери пландалган ишчаралардын алкагында жаштар борбору үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алышты. Жаштар байге катары берилген акчага ноутбук, көп функционалдуу аппарат, монитор, окуу такталарын, музыкалык аспаптарды (комуздарды), волейбол жана футбол топторну, Интернетке кошулуу үчүн роутер сатып алышты. Бул жабдуулардын баары жаштар борборуна орнотулду, ал эми комуздар, топтор жана окуу тактасы мектепке жана бала бакчага өткөрүлүп берилди.

Учкун айылындагы жаштар борбору 2019-жылдын башында жаштардын демилгеси менен түзүлгөн. ЖӨБ органы бош турган имаратты бөлүп берген эле. Элеттик жаштар жана жашоочулар бул имаратты өз күчү менен толук оңдоп чыгышкан. Башында бул жерде окуу-билим берүүчү борборду ачуу пландалып жаткан. Бул борбордо каалоочуларга орус жана англис тилдерин үйрөтүүчү, укуктук сабаттуулукту жогорулатуучу курстар, комуз черткенди жана манасчылыкка үйрөткөн ийримдер ачылмак. Ошондой эле түрдүү тренингдер жана семинарлар уюштурулуп, өткөрүлмөк. Андан кийин айылдын жаштары окуу борборун Жаштар үйүнө айландырууну чечишти. Ремонт жасалгандан кийин бул имараттын ичин жабдуулар менен толтуруп, иштегенге ыңгайлаштырыш керек эле. Конкурстан жеңип чыккандан кийин бул кыял орундалып, эми имарат толугу менен жабдылган, жаштар бош убактысын ушул жерден өткөрүп, долбоорлорду талкуулап, идеяларды ортого салып, түрдүү иш-чараларды өткөрүп турушат. Алар ноутбукту колдонуп, принтерден каттарды, чакыруу барактарын, кулактандырууларды жана түрдүү документтерди басып чыгарышат. Айылдын жаштары аймактын коомдук турмушуна жигердүү катышып турушат. Ошондуктан кезектеги чогулуштардын биринде жаштар түрдүү багыттагы беш топко биригүүнү чечишти. Ар бир топ кайсы бир маселени ыкчам чечүү максатында ошол багытта гана иш алып барышы керек.

2019-жылдын күзүндө Жаштар үйүндө уюштурулган алгачкы иш-чаралардын бири китептердин көргөзмөсү болуп калды. Бул жерде жаштар мектеп парламенти менен биргелешип “Ар бир адамдан бир китеп” деген ураан алдында демилге көтөрүп чыгышты. Бул демилгенин алкагында жаштар элден 1500 китеп чогултуп, Жаштар үйүндө расмий деңгээлде китеп көргөзмөсүн өткөрүштү. Ошол эле күнү мектептин имаратында чоң конференция да өттү. Бул конференция өсүп келаткан муунду тарбиялоо маселесине арналды. Конференцияга жаштар, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит КАДЫРБЕКОВ катышты.

Жаштар музыкалык аспаптарды өткөрүп берген мектепте комуз боюнча музыкалык ийрим ачылып, аны клубдун башчысы жетектейт. Бул ийримде 5-9-класстарда билим алган 20дан ашык окуучу комуз черткенди үйрөнүүдө. Ийримди жетектеген мугалимдин айтымында, бүгүнкү күндө балдар ноталарды таанып, элдик күүлөрдү үйрөнүп, “Жаш таланттар” аттуу райондук конкурстарга катышып, байгелүү орундарды, грамоталарды жана дипломдорду алууда. Үч окуу тактасынын бирин жаштар Учкун айылындагы “Раушан” бала бакчасына өткөрүп беришкен. Бул бакчада чоң тайпадагы балдар үчүн сабактар өткөрүлүп турат.

Тил курстарын уюштуруу үчүн Жаштар үйүндө жылытуу маселесин чечиш керек эле. Бул максатта жаштар азыркы учурда каражат издеп жатышат. Буга кошумча уюштуруу иштери да токтобой, жергиликтүү элдин ичинен жогорку билимдүү педагогдор да чыкты. Эми орус, англис жана араб тилдерин акыга үйрөткөн курстардын ишин уюштуруп, алардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн финансылык планды даярдап чыгыш керек.

Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн акча каражатын чогултуу боюнча демилге элеттик жаштар үчүн масштабдуу окуяга айланды. Учкун айылындагы ФАПтын имараты өтө эски, авариялык абалда турат, жылытуу системасы жок, бул имарат дарылоочу мекеменин стандарттарына такыр жооп бербейт. Ошентип ЖӨБ органы инвестор тапты. 2019-жылы декабрда “Ассалам” кайрымдуулук фонду ФАПтын жаңы имаратынын курулушуна 2 миллион сом бөлүп берүүнү чечти. Бирок кошо каржылоо да талап кылынган эле. Буга жергиликтүү бюджетте акча жок болчу. Ошондуктан айылдын жаштары бул маселени Жаштар үйүндө талкуулап, элден акча чогултуу боюнча план түздү. Жергиликтүү демилгенин лидери жана айылдык кеңештин депутаты Мирбек КАРАБАЛАЕВ буларды айтып берди: “Биздин айылда накталай акча чогултуу өтө оор. Ошондуктан бизде салт болуп калгандай, жардамды товар түрүндө чогулттук.

Айылда чөпкө болгон суроо-талап жогору, ошон үчүн буга чейинки ыкманы колдонуп, элден чөп чогултмай болдук. Ал эми чөп ар бир үйдө эле бар да. 2020-жылдын февраль айында айылдын жаштары көчө-көчөгө бөлүнүп, ар бир үй-бүлөдөн үч таңгак чөп чогултуп чыкты. Айрымдар 500 сомдон беришти. Ошентип жалпысынан 600 таңгак чөп чогулду. Чөптү саткандан кийин 130 000 сом колубузга тийди. Жазында карантиндин айынан ФАПтын көптөн бери күтүлүп жаткан курулушу убактылуу токтоп калды. Бирок карантин бүтөөрү менен ишти кайрадан баштайбыз”.

Ошентип Учкун айылдык аймагынын прогрессивдүү жаштары түрдүү демилгелерди көтөрүп чыгып, көйгөйлөрдү четинен чечип келатышат. Муну менен алар жергиликтүү бийликке да жардам берип, айылын да өнүктүрүүдө. Ал эми талкуу жана жандуу диалог үчүн түзүлгөн аянтча – Жаштар үйү жаңы идеялар жана долбоорлор пайда болгон жерге, жаратмандык жана өнүгүү болгон жерге айланды.

Окшош материалы: