Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү демилге ЖӨБ органы менен жамааттын мамилесин өзгөртүүдө: тирешүүдөн кызматташууга карай жол

2020-06-08 / Жергиликтүү демилге
Жергиликтүү демилге ЖӨБ органы менен жамааттын мамилесин өзгөртүүдө: тирешүүдөн кызматташууга карай жол

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү АА

“Жашоочуларды таза суу менен камсыздоо” аттуу жергиликтүү демилге 2018-жылы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖД Конкурсунда экинчи орунду ээлеп, 100 000 сом өлчөмүндө байгеге ээ болгон. Тоонун боюнда орун алган, дотацияда турган чакан муниципалитет үчүн масштабдуу, кызыктуу жана натыйжалуу демилге болду. Натыйжасын ушундан билсеңиз болот – долбоорду ишке ашырган эл андан ары кызыгып кетип, башка демилгелерди да көтөрүп чыкты. Ошентип аймактагы бир нече артыкчылыктуу маселе да чечилди.

62 түтүн – 275 адам жашаган Кол-Чаты айылында таза суу көп жылдардан бери курч маселе болчу. Жамааттын муктаждыктарын чогуу аныктагандан кийин ЖӨБ органы чогулушта жашоочулар менен бирге маанилүү чечим кабыл алды: таза суу менен камсыз кылуу үчүн ар бир үй-бүлө 1000 сомдон чыгарышы керек. Ошентип, жалпысынан 62 000 сом чогулду. Ашар жолу менен узундугу 4,2 км болгон чуңкур казылып, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акчага курулуш материалдары сатып алынып, жаңы суу куурлары төшөлдү. Ошентип кыска мөөнөттүн ичинде 300гө жакын адам таза суу менен камсыз болду.

Байге катары берилген 100 000 сомго айыл өкмөтү документтерди сактай турган эки чоң жана эки кичинекей шкаф, жыйын залы үчүн чоң стол, 12 отургуч, кабылдамага жумушчу стол жана отургуч сатып алды. Бул эмеректерди айыл өкмөтүнүн жаңы имаратына киргизишти. Ошентип дагы бир маанилүү маселе чечилди: АӨ кызматкерлери жана айылдык кеңештин депутаттары үчүн жумуш шарттары түзүлдү.

Бермет ТОКТОСУНОВА, жергиликтүү демилгенин лидери, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: “Азыр айыл өкмөтүнүн бардык жыйындары жана чогулуштары, кеңештин сессиялары, чогулуштар жана коомдук угуулар өңдүү иш-чаралар ыңгайлуу шартта өтүп калды. Бардык каалоочулар жыйын залына бата тургандай болду. Мурда мындайды элестете да алчу эмеспиз. Анткени ЖӨБ органында мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тар, эски жана суук бөлмөдө иштечү. Бардык коомдук иш-чаралар мектепте өтүп келген. Жаңы имарат курулуп, буга кошумча ЖД Конкурсунда жеңүүчү болгонубузга жетине албай турабыз. Азыр эми жакшы шарттар түзүлдү, имаратыбызга эмерек толуп, документтерди сактоо үчүн орун табылып, атүгүл ашканабызга да жаңы эмерек киргизилди. Иш үчүн сонун шарттар түзүлдү. Биз жумушка да башкача мамиле жасап калдык. Бизде шыктануу, кызыгуу пайда болуп, кызматкерлер мурдагыдан да көп жумуштарды жасап жатат. Бизге келгендер үчүн да жакшы шарттар түзүлдү, кезек күткөндөр жок, ЖӨБ органы элге өз убагында жана сапаттуу кызмат көрсөткөндүктөн ачууланган адамдар да болбойт”. 

Алгачкы ийгиликтүү демилгеден кийин жергиликтүү жамаат да көбүрөөк кызыга баштады. Адамдар өз көчөсүнүн, айылынын же жалпы аймактын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жаңы идеяларды көтөрүп чыгышты: көчөлөрдү жарыктандыруу жана көпүрөнү толугу менен оңдоо өңдүү айылдын курч көйгөйлөрү чечилди. Бир айылда көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн жергиликтүү өнүктүрүү фондунан 63 000 сом бөлүнүп берилсе, дагы бир айылда жергиликтүү ишкер 60 000 сом берди, ал эми жергиликтүү бюджеттен 170 000 сом бөлүндү. Мына ушинтип отуруп аймактагы беш айылда чирип кеткен жыгач устундар бетондон жасалгандарга алмаштырылып, “кобра” түрүндөгү чырактар орнотулуп, узундугу 5 км болгон жаңы зымдар өткөрүлдү. Ошентип көчөлөрдү жарыктандыруу көйгөйү кыска мөөнөттө чечилди. Анткени бул жергиликтүү демилгени бардыгы туш тараптан колдоп беришти. Эң негизгиси – эл бул демилгени өзү көтөрүп чыгып, жергиликтүү өнүктүрүү фондунан акча бөлүп берүү үчүн бир добуштан чечим кабыл алышты. Бул иште ЖӨБ органы жана жергиликтүү ишкер чоң колдоо көрсөттү.

Экинчи жергиликтүү демилгенин алкагында аймактагы эки айылды бириктирип турган жалгыз көпүрө толугу менен оңдолду. Бул маселени чечүү үчүн тышкы инвестициялар тартылып, жергиликтүү бюджеттен 60 000 сом бөлүндү. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25 000 сомго күйүүчү май берсе, АРИС долбоору курулуш материалдарын сатып алууга 17 000 сом бөлдү. Ар бир айыл 10-15 адамды жиберип, он күндүн ичинде ашар жолу менен көпүрө толук оңдолду. Элдин эмгек салымы 75 000 сомго бааланууда. Натыйжада эки айылдын эли бир кыйла жеңилдей түштү. Анткени көптөн бери күткөн көпүрө айылдарды бириктирип турган жалгыз жол болчу. Бул демилгенин арты менен ары-бери каттагандардын түйшүгү жеңилдеп, бул жагдай адамдардын маанайына, албетте, жергиликтүү экономиканын өнүгүүсүнө да оң таасирин тийгизди.

Бермет ТОКТОСУНОВА: “Жергиликтүү демилгелер сөзсүз керек. Алардын жардамы менен адамдар маанилүү нерсени түшүнө алышат: бийликке нааразы болуп отура бергенден пайда чыкпайт. Айылдын өнүгүүсү үчүн, жашоо шартын оңдоо үчүн ар бир адам салым кошууга тийиш. ЖӨБ органы эл менен тыгыз иш алып барганда ортодо түшүнүү пайда болот. ЖӨБ органынын иши да ачык-айкын болсо, эл да жакшы баасын берип, колдоо көрсөтө баштайт. Жергиликтүү демилгелерди чогуу ишке ашыргандан кийин нааразычылыктар, даттануулар жана жаңжалдар да токтоду. Ал эми көп адамдар айыл өкмөтүнүн иши канчалык кыйын болгонун билбей жүрүшкөнүн мойнуна алды. Кайсы бир маселени биз менен, бир айыл, бир аймак болуп чечкенде, жергиликтүү жамаат кызыгып, моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөткөндө ЖӨБ органы алдыга коюлган максаттарга оңой жетет”.

 

Окшош материалы: