Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (152) 5 Июль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кичинекей демилге эбегейсиз чоң паркка айланды

2020-06-08 / Жергиликтүү демилге
Кичинекей демилге эбегейсиз чоң паркка айланды

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап АА

Жаңы-Талап айылдык аймагынын “Таштанды төкчү жайдын ордуна эс алуу үчүн сейил бак” аттуу демилгеси 2018-жылы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖД Конкурсунда үчүнчү орунду ээлеген. Жергиликтүү калктын бул демилгеси 50 000 сом өлчөмүндө байгеге ээ болгон. Конкурстук комиссия мүчөлөрүнүн баамында, демилге масштабы, жергиликтүү жамааттын катышуусу менен, артыкчылыктуу көйгөйдү чечүү үчүн көп каражатты тарта алганы менен башкалардан бир топ айырмаланды. Жаңы-Талап айылынын жашоочулары кирген демилгелүү топ балдар паркын куруу маселесин көтөрүп чыккан. Бул үчүн активисттер чогулуш өткөрүп, өз планын негиздеп беришкен. Натыйжада марафон аркылуу 500 000 сомдон ашык акча чогулду. ЖӨБ органы айылдын борборунда 0,15 гектар муниципалдык жерди бөлүп берген. Адегенде парктын тегерек четин тосмолоп, жерди тегиздеп, төрт чатырча орнотуп, жарык өткөрүп, отургучтарды коюп чыгышты. Бардык жумуштар ашар жолу менен жасалды: 20 адам эки ай бою баш көтөрбөй иштеди. Жаңы паркка белгилүү балдар жазуучусу Шүкүрбек БЕЙШЕНАЛИЕВдин ысымы берилди.

Байге катары берилген 50 000 сомду демилгелүү топтун мүчөлөрү жана айылдын жаштары парктын ичинде балдар аянтчасын курууга жумшады: адегенде жерди тегиздеп, майда кум төгүп чыгып, андан кийин турник, эки селкинчек жана дөбө орнотуп беришти. Курулуш иштери бүтөөрү менен элеттиктер паркка үй-бүлөсү менен келип, бош убактысын ошол жерде өткөрө баштады. Балдар болсо кышжай дебей аянтчада чер жазат. Жада калса кычыраган кышта да үйгө кирбей, ошол жерде ойной беришет. Элеттиктер кечки убактысын ушул паркта өткөрүп калышты. Жазында демөөрчүлөр чыгып, газонго чөп өстүрүп, сегиз Тянь-Шань карагайын, он сирень дарагын, ар кандай сорттогу гүлдөрдү отургузуп беришти.

Китепкананын жана маданият бөлүмүнүн төрт кызматкери жыл бою кезектешип паркты акысыз карашат, алар сугарып, тегерек четин тазалап турушат. Жергиликтүү бюджеттен күнүмдүк муктаждыктарга – шланг, чака, күрөк, тырмооч, кран ж.б. сатып алууга акча бөлүнгөн. Мындан тышкары паркта тротуар куруу үчүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетте 100 000 сом көлөмүндө акча каралды.

Бул долбоорду ишке ашыргандан кийин адамдар да жигердүү болуп, башка демилгелерди көтөрүп чыга баштады. Мисалы, элеттик жаштар спортту өнүктүрүү маселесин козгоп, кароосуз калган мончонун имаратын спорт залга айландырууну сунуш кылышты. Айыл өкмөтүнөн уруксат алгандан кийин жаштар акча чогултуп, курулуш материалдарын сатып алып, өз күчү менен имаратты толук оңдоп чыгышты. ЖӨБ органы жаштардын ынтызарлыгын байкап, жергиликтүү бюджеттен 150 000 сом бөлүп берди. Бул акча жылытуу системасын орнотууга, эки жуунучу кабина, үч тонна көмүр сатып алууга жумшалды. Айылда кесипкөй машыктыруучулар да чыгып, азырынча акысыз эле иштеп берүүгө көнүштү. Учурда спорт залда 5 жаштан 14 жашка чейинки курактагы 80 бала машыгууда.

Кенжебай БЕЙШЕНКУЛОВ, жергиликтүү демилгенин лидери: “Менин алты жаштагы уулум да күрөш секциясына катышат. Бул мага абдан жагууда. Себеби ал чыргоолонбой калды, окууга да, спортко да олуттуу мамиле жасайт. Айылдагы жаштар да жакшы жагына өзгөрдү, сабактан кийин эле спорт залга жетип барышат. Мурдагыдай максатсыз көчөдө тентип жүргөндөр жок. Спорт өсүп келаткан муунга катуу таасир тийгизет экен. Ошондуктан ата-энелер демилге көтөрүп, машыктыруучулардын эмгек акысын төлөп берүүнү чечишти. Ар бир балага айына 200 сомдон төлөп бермей болушту. Азыр спорт залды райондук спорт комитетинин карамагына өткөрүү процесси жүрүп жатат. Бир машыктыруучу үчүн штаттык бирдик ачып, республикалык бюджеттен расмий эмгек акы төлөп берүү пландалууда. Ошондой эле райондук спорт комитети машыктыруучулардын эки жардамчысына айлык төлөп бергени жатат”.

Бирок муну менен жергиликтүү демилгелер токтоп калган жери жок. Долбоордун натыйжасын көргөн эл башка идеяларды да сунуш кыла баштады. Мисалы, айылдын четиндеги дарыянын нугун бекемдөө сунушталды. Анткени суу жээктен чыгып, бир кыйла жер участокторун жеп кетүүдө. Демилгечилер айыл өкмөтүнө кайрылып, ЖӨБ органы менен биргелешип, дарыянын боюнда аянты бир гектар болгон парк курууну чечишти. Айыл өкмөтү токой чарбачылыгына өтүнмө жибергенде алар иш канчалык маанилүү болгонун баамдап, ар кандай түрдөгү 1000 көчөт бөлүп берди. Ашар жолу менен элеттиктер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары көчөттөрдү отургузуп, жер семирткичтерди чачып чыгышты. Жумуш процессинде парктын аймагын дагы эки гектарга кеңейтүү тууралуу чечим кабыл алганда токой чарбачылыгы кошумча 2000 көчөт бөлүп берди. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги парктын тегерегин тосмолоп чыгуу үчүн темир зым менен камсыз кылды. Аягы көрүнбөгөн бул иште адамдарга дем берүү максатында айыл өкмөтү БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына колдоо сурап кайрылганда, бул уюм техникалык жардам катары ун жана май бөлүп берди. Натыйжада элеттиктер бир нече күндүн аралыгында көчөт отургузуп, парктын айланасын тосмолоп чыгышты.

БЕЙШЕНКУЛОВ Кенжебай: “Биз бул парк мынчалык чоң сейил бакка айланат деп ойлогон эмеспиз. Өлкөбүздөгү бир да шаарда мындай чоң парк жок. Иш жүзүндө биз дарыянын боюн бекемдеп, жерди сактап калгандан тышкары, келечекте эң чоң элеттик парктын бирине айланчу сейил бакты да кура алдык. Бул жерде жашоочулар эс алып, бош убактысын көңүлдүү өткөрө алышат. Бара-бара бул жерди көрктөндүрүп, адамдар ары-бери басып жүрүшү үчүн тротуар куруп беребиз, отургучтарды коюп, жарык өткөрөбүз. Азырынча көчөттөр өсүп чыга элек. Паркты акысыз эле карап жатабыз. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айылдын активисттери кезектешип паркты тазалап, сугарып жатат. Бирок келечекте сөзсүз штаттык бирдик ачыш керек. Анткени парктын аймагы өтө эле чоң. Кийинки жылы муниципалдык ишкана ачууну пландап жатабыз. Бул ишкана турак жай-коммуналдык чарба маселелери менен алектенмекчи. Бул үчүн бизде трактор жана экскаватор бар. Таштанды жыйнап, чыгаруу, ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу маселелеринен тышкары, ишкананын кызмат- керлери биздин чоң сейил багыбызды тейлейт.

Жергиликтүү демилгелер бизге эмне берди? Элге алдыга умтулуу үчүн түрткү болуп берди, шыктандырып, мотивация болуп берди. Демилгелер жергиликтүү жамаатты ордунан козгой алды. Адамдар туш тарапка басып кетпей, сырттан жардам күтүп, алакан жайып отура бербей, айылдын көйгөйлөрү тууралуу айтып чыккандан тышкары, ЖӨБ органдары менен чогуу чечиш керектигин түшүнүштү. Жергиликтүү демилгелердин жардамы менен бизде муниципалдык объекттер пайда болууда. Мындай объекттер канчалык көп болсо, элеттиктердин жашоосу да ошончолук тездик менен оңолот деп ойлойм”.

 

Окшош материалы: