Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЭНЕ ҮЧҮН ЖУМУШ, же Жамаат мектепке чейинки билим берүү маселесин кантип чечүүдө

2012-03-30 / Актуалдуу тема

Дээрлик 2000ге чукул киши жашаган Тоң айылы үчүн бала бакчанын ачылышы чындап эле чоң окуя.

“Менин эки кичинекей балам бар, ал эми жолдошум кайсы жерде жумуш чыкса, ошол жакта иштейт. Айылда жумушсуздук кандай экенин өзүңөр деле билесиңер да. Мен ишке чыгайын дегем, бирок балдарымды кимге калтырарымды билбейм. Мага окшогондор айылда көп”, - дейт Ысык-Көл облусунун Тоң айылынын тургуну Рыскүл Сакеева. Ал башка аялдар өңдүү эле болочок бала бакчанын имаратын оңдоо иштери качан бүтөт жана ал жакта анын балдары үчүн орун барбы деп сурап келген. Саналуу мүнөттөрдүн ичинде долбоордун жетекчиси Айткүл Байтурованы жана жергиликтүү АА башчысы Болот Мамытовду балдарын көтөргөн жыйырмага жакын аял курчап калды. Бардыгы бала бакча ишин качан баштай турганына кызыгышты.

Дээрлик 2000ге чукул киши жашаган Тоң айылы үчүн бала бакчанын ачылышы чындап эле чоң окуя. Айткүл Байтурованын айтымында, жылдан жылга айылда мектеп жашына чейинки балдардын саны өсүүдө. Андыктан Байтурова жетектеген Элеттик инвестициялык бирикме айыл тургундары арасында сурамжылоо жүргүзүп, жыйын өткөргөндө алардын көпчүлүгү айылга биринчи кезекте мектепке чейинки мекеме зарыл болгонун белгилешкен. Анткен менен бир кездери 25 орундуу бала бакча орун алган имарат көп жылдардан бери толук талкаланып, аны калыбына келтирүү үчүн бир кыйла каражат талап кылынган. Ал эми жергиликтүү бюджетте мындай каражат жок. Бул маселени чечүүгө өнөктөштүк жардам берди.

Жамааттарды өнүктүрүү боюнча альянс (CDA)уюштурган долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу боюнча бир катар тренингдерден кийин Айткүл Байтурова жана анын тобу долбоор даярдап, Жамааттарды өнүктүрүү боюнча альянс (CDA) менен өнөктөштүктө жана “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” каржылык колдоосу менен ишке ашырылган БУУ-Аялдардын “2010-2011-жылдары Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы элет тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга багытталган айылды өнүктүрүү программаларынын натыйжалуулугун арттыруу” долбоорунун алкагындагы сынакты жеңип алышты.

Ошентип элеттик активисттердин демилгеси, жергиликтүү бийликтин кызыгуусу жана “2010-2011-жылдары Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы элет тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга багытталган айылды өнүктүрүү программаларынын натыйжалуулугун арттыруу” долбоорунун колдоосу айылда 20 жылдан бери чечилбей келаткан маселени чечүүгө багытталган аракеттерди мобилдештирүү боюнча ийгиликтүү социалдык өнөктөштүк үчүн база болуп берди.

Айткүл Байтурованын айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу менен 65 бала мектепке чейинки билим алып, ал эми алардын ата-энелери иш таап, өз үй-бүлөсүнүн турмуш шартын жакшырта алышмакчы. Баса, бул ата-энелердин айрымдары ушул эле бала бакчада иштей алат, анткени ага квалификациялык кызматкерлер керек жана алар жергиликтүү бюджеттен маяна алышат. Бул үчүн кийинки жылдан тарта эле бала бакчаны кармоого жана коммуналдык кызматтарды төлөөгө кошумча каражат бөлүү өтүнүчү менен КРнын Каржы министрлигине кайрылуу пландаштырылып жатат. Мына ушундай пландарын жергиликтүү айыл өкмөт башчысы Болот Мамытов ортого салды.

Белгилей кетчү жагдай, жергиликтүү бийлик алгачкы күндөрдөн тарта эле долбоорду ишке ашырууга тартылып, смета түзүү, ишчилерди табуу жана ремонт иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү колго алган. Мында долбоорго техникалык гана эмес, каржылык да колдоо көрсөтүлгөн. Мындан тышкары долбоор аяктагандан кийин айыл үчүн ушундай маанилүү болгон бул объектке кам көрүү жана андан ары өнүктүрүү милдети жергиликтүү бийликке жүктөлөт. Анткен менен алар буга кубанышууда.

Бүгүн ар бир эле айыл биздин өлкөнүн эң кичинекей жарандары үчүн бардык шарттар түзүлгөн бала бакчасы менен мактана албайт. Көпчүлүк айылдык социалдык-маданий объекттер талкаланып калган же мышык ыйлаарлык абалда турат жана жергиликтүү бийлик да, мамлекет да аларды калыбына келтирүү же жаңысын куруу боюнча ишти аткара албай келишет.

Жаңы бала бакчада балдардын өнүгүүсү жана аларды мектепке даярдоо үчүн жакшы шарттар түзүлөрүнө ата-энелер өздөрү күбө болду. Алар мониторинг тобуна кошулуп, имаратты толугу менен көрүп чыгышты. Сыймыктанганын жашырбаган Айткүл аларды бир залдан экинчи залга ээрчитип жүрүп, кыйкымчыл суроолорго жооп берип жатты: “Мына, карагылачы, бул жерде оюн бөлмөсү болот,ал эми бул жерде балдар окуйт. Биз жарык өчүп калса деп, меш менен жылытууну да ойлонуштуруп койдук. Ошон үчүн тынчсызданбагыла, балдарыңар үшүбөйт, ал эми терезелерден, өзүңөр көрүп тургандай, жел кирбейт. Музыка боюнча сабак да өтөт, бул үчүн аспаптарды сатып алып койдук”.

Жалгыз калгандан кийин Айткүл бул долбоор оңой-олтоң ишке ашпаганын айтты. Кыйынчылыктар бир топ эле болуптур. Бюрократиялык бут тосуулардан өтүп, зарыл болгон бардык документтерди алуу үчүн бир топ мамлекеттик мекемелердин босогосун атташ керек болду. Мында ага Элеттик инвестициялык бирикмеде социалдык мобилизация боюнча иште алган тажрыйбасы жардам берген экен. Бирок тышкы каржылоого жана айыл өкмөтүнүн колдоосуна карабастан каражат баары бир жетишсиз болуп, объектти толугу менен бүткөрүү үчүн дагы аракеттер зарыл. “Ички иштерден тышкары бакчанын айланасындагы аймакты да курчап, көрктөндүрүү зарыл. Башка да иштер толтура”, - деп пландары менен бөлүштү энергияга толуп турган бул аял. Айткүл кайгырган жок, ал эгерде демилге жана көктүк болсо, бардык кыйынчылыктарды жеңүү мүмкүн деген ойду карманат.

Басылманын материалы

жамааттарды өнүктүрүү Альянсы

тарабынан даярдалды (CDA)

Долбоор тууралуу кыскача маалымат

БУУ-Аялдардын “2010-2011-жылдары Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы элет тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга багытталган айылды өнүктүрүү программаларынын натыйжалуулугун арттыруу” долбоору Жамааттарды өнүктүрүү боюнча альянс (CDA) менен өнөктөштүктө жана “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” каржылык колдоосу менен ишке ашырылып келет. Ал инфраструктуранын социалдык жана экономикалык негизги активдерине жетүүсүн кеңейтүүнүн эсебинен элет тургундарынын, негизинен аялдардын турмуш деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт. Долбоор айылдын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган жана ачык сынактын негизинде көз карандысыз Улуттук комитет тандаган жергиликтүү жамааттардын түрдүү демилгелерин колдоп берди.