Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Биз “даамсыз буламыкты” райондордо бышырабыз, же 2012-жылдагы шайлоо өнөктүгү алдында

2012-02-29 / Актуалдуу тема

2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган, учурда иштеп жаткан КРнын Конституциясы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизди.

 

Надежда Добрецова, 
“Муниципалитет” журналынын баш редактору, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы
 
Өлкө жергиликтүү шайлоо өнөктүгүнүн алдында турат. Бул шайлоо жарандардын буга чейин болуп көрбөгөндөй активдүүлүгүн даярдап жатат жана азыртадан эле өкмөттүн башкаруусундагы регионалдык деңгээлине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата мамлекеттин анык саясаты болбогонунан улам кырдаалдын чыңалышы менен айырмаланып жатат. Бүгүнкү күндө райондордун деңгээлинде ыйгарым укуктардан, бийлик бутактарынан, өкмөттүн жана саясий партиялардын кызыкчылыктарынан өтө даамсыз буламык даярдалып жатат жана бул буламык эми-эми турукташып келаткан коомду ууландырышы ыктымал. Акимдерди шайлоого байланыштуу чуулгандуу окуялар да буламыкка мурч кошкондой болду. Андыктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүктүрүүгө карата мамлекеттик саясат менен ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө байланыштуу маселелерди чечпесек бул буламыктын жаман даамы көпкө чейин кетпей калышы ыктымал.  
 
Ким кимдин алдында жооптуу? 
 
2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган, учурда иштеп жаткан КРнын Конституциясы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизди. 111-беренеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасын төмөнкүлөр түзөт: жергиликтүү кеңештер – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөр органдары, шаарлар мэриялары – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары. Ошондой эле Конституция жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана алардын кызматтагы адамдары өз ишмердүүлүгү боюнча жергиликтүү кеңештердин алдында жооптуу болгонун аныктады. Башкалар боюнча Конституция мыйзамга шилтейт. Муну менен борбордон алыстатуу боюнча бардык улуттук жана эл аралык тажрыйбаны эске алган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жаңы укуктук базасын түзүү боюнча республика үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк пайда болгон. Жаңы укуктук база жергиликтүү өз алдынча башкаруунун саясий, административдик жана каржы автономиясы үчүн кеңири шарттарды түзүп бермек. Түзүп бермек. Бирок түзгөн жок. 
 
2011-жылдын 15-июлунда кабыл алынган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзам көп жагынан мамлекеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата катаал көзөмөлүн сактап калды.  Өкмөт өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаалды турукташтырууну ойлонуп, революциядан кийинки баскычта өз алдынча башкаруу процесстерине активдүү таасир этүүгө ниеттенип жаткандай. Бирок жаңы мыйзам түпкүрүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына талапкерлерди көрсөтүү укугун мамлекеттик чиновниктерде (премьер-министрге – шаарлардын мэрлеринин талапкерлерин жана мамлекеттик администрация башчыларына – айылдык аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын талапкерлерин) калтыруу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигин түзүүнүн мурдагы принцибин сактап калды. 
 
Адистердин айрымдары бул кырдаал демократиялык болгонун белгилеп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун саясий автономия принцибине жооп берет деп эсептейт. Анткени ЖӨБнун аткаруу органынын башчысынын кызматына талапкерди көрсөтүү укугу жергиликтүү кеңештин депутаттарына да тиешелүү. Бирок 2011-2012-жылдар ичинде өлкөдө өткөн ЖӨБнун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо мыйзамды колдонуу практикасы либералдуу, ал эми жергиликтүү кеңештин туруму жергиликтүү мамлекеттик администрациянын турумуна караганда күчтүү болот деген үмүттү актаган жок. Чындыгында эле мамлекеттик администрациялар дайыма эле өзүнүн талапкер көрсөтүү укугунан колдонгон жок. Көпчүлүк учурда талапкерлерди жергиликтүү кеңештер көрсөтүп жатты. Ошентсе да жыйынтыгында шайланган башчылардын көбү жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан көрсөтүлгөндөр болду. Мисалы, Борбордук шайлоокомдун маалыматы боюнча, 2012-жылдын 20-январында өткөн шайлоодо 16 айылдык аймакта башчы болгон 11 талапкерди жергиликтүү мамлекеттик администрация көрсөткөн. Мында райондук мамлекеттик администрациянын атынан 21 талапкер көрсөтүлгөн, алардын тогузу өттү, башкача айтканда дээрлик ар бир экинчиси. Кеңештин атынан 20 талапкер көрсөтүлгөн, алардын бешөө гана өттү, башкача айтканда ар бир төртүнчүсү. Мындай кырдаал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулук проблемасы сакталып калганын далилдейт. Анткени мамлекеттик администрация тарабынан көрсөтүлгөн талапкер биринчи кезекте аны “жылдырган” тарапка кылчактап тураары турган иш да. Ал эми элчи? Эл эмне болмок эле, эл күтө турат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын лидерлери чындыгында эл алдында жооптуу болуш керек, эл тарабынан көрсөтүлүп, калк тарабынан тандалыш керек. Эгерде бүгүн айыл өкмөттүн башчысынын алдына же жарандардын чогулушуна барыш керек, же райондук акимдин чакыруусу боюнча ага барыш керек деген тандоо пайда болсо, башчы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын пайдасына чечим кабыл алат деп божомолдосо болот. Эгерде аны элеттин тургундары, же жергиликтүү кеңештин депутаттары тандаса, бал-ким чечими өзгөрмөк. Маселе башкада: ЖӨБнун аткаруучужетекчисин ким тандаш керек – жергиликтүү кеңештин депутаттарыбы же түз шайлоо жолу менен жарандарбы? Эки вариантта тең жетишпегендиктер да, артыкчылыктар да бар. Тандоо жеңил эмес, бирок бул жерде маселени чечүүнүн жаңы, күтүүсүз жолун тандаса болот.
 
Региондор өздөрү чечеби?
 
Белгилей кетчү жагдай, биздин өлкөдө калк шайлоо механизмине ар башка көз карашта. Өлкөнүн жарандары шайлоо тууралуу төмөнкүдөй пикирде: жалпысынан дээрлик 76 пайызы, анын ичинен 60 пайызы шайлоо түз өтүш керек деп эсептейт, 16 пайызы кыйыр түрдө, жергиликтүү кеңештин депутаттары аркылуу өтүш керек деген пикирде. Бирок аймактык жагынан алып караганда карама-каршылык чыкты. Мисалы, Баткен облусунун тургундары шайлоо кыйыр түрдө, жергиликтүү кеңештин депутаттары аркылуу өтүш керек десе, Нарын жана Таластын тургундары түз шайлоо аркылуу өздөрү эле ЖӨБнун мыкты башчыларын шайлай алышаарына ишенишет. Юристтер мындай ар башка пикирге жооп берүүгө даяр. Алардын баамында, мыйзамга норма киргизиш керек. Ага ылайык, ЖӨБнун башчыларын кандай жол менен тандаарын жамаат өзү чечиш керек – кеңеш тандайбы, калк өзү тандайбы, же сынак боюнча тандалабы. Бул да жаңы Конституцияга жана коомдогу демократиялык маанайга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маңызына төп келет.  
 
Ролдор, жүздөр, кызыкчылыктар аралашты… 
 
Учурдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзам ЖӨБ органдары деп атоо менен райондук кеңештерди сактап калганы дагы бир көйгөйдү жаратты. Бул акылга сыйбаган кырдаалга себепчи болду – райондук кеңештер өкмөттүн аймактык бөлүмдөрүнүн – жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (ЖМА) алдындагы кандайдыр бир өкүлдөр органы болуп эсептелет. Бирок ЖМА өкмөттүн алдында гана жооптуу жана райондук кеңештердин аткаруу органы катары чыга албайт. Ошондой эле райондук кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болуп эсептелбейт, анткени Конституцияга жана башка нормативдик укуктук акттарга ылайык, райондук деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу жокко эсе. Тескерисинче, район мамлекеттик башкаруунун принциптерине негизделип башкарылат, андыктан бул деңгээлде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар түзүлөт. Алар болсо аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар системасындагы эң төмөнкү деңгээл болуп саналат. Буга байланыштуу райондук акимдердин райондук кеңештердин депутаттары тарабынан шайланышы кырдаалды ого бетер чаташтырды. Райондук администрациянын башчылары – өкмөттүн чиновниктеринин маңызы, алардын аймактардагы өкүлдөрү. Алар райондук кеңештер тарабынан шайланбашы керек, алар дайындалышы керек. Анткени аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар системасында бийлик вертикалы бар (жана ушундай болуш керек!). Буга ылайык, мамлекеттик органдардын төмөндө турганы жогорудагысына баш иет. Болбосо өкмөт үчүн Конституция боюнча жоопкерчиликтүү болгон өз программаларын ишке ашырууга жана өз функцияларын аткарууга кыйын болот. Тандалма жол АТКАРУУ бийлигине карата ылайыксыз, анткени ал мыйзамды/чечимдерди АТКАРЫШ керек. Өкмөт –Жогорку Кеңештин ишчи колдору. Райондук акимдер – өкмөттүн региондордогу ишчи колдору. Аларды кантип шайлайбыз? Анткени шайлоо маселеси – жоопкерчилик маселеси. Ким шайласа, ошол талап кылат. Анда премьер-министр акимдерден талап кыла албай калабы, анткени алар кеңеш алдында жооптуу болуп калат да. Ал эми иш жүзүндө андай эмес – алар баары бир өкмөт алдында жооптуу, анда шайлоонун эмне кереги бар? 
 
Дегеле райондук кеңештер мыйзамда өтө эле “асылып калды”. Эгерде КР премьер-министри жергиликтүү кеңештердин сунушу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчыларын дайындай алат жана иштен бошото алат (Конституциянын 89-беренеси, 7-пункту) деген Конституциялык норма жөнүндө айта турган болсок, анда бул норманын маңызын сөзмө сөз чечмелей келсек (бул норма туура же туура эмес деген талкуу жүргүзбөстөн), мында жергиликтүү кеңештердин, мунун алдында Конституциянын 111-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын түшүнсө болот, мына ушулардын ыйгарым укуктары тууралуу сөз болот. Мына ушундай деп тиешелүү райондун аймагында жайгашкан айылдардын жана шаарлардын жергиликтүү кеңештери эсептелет. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын талапкерлиги боюнча сунушту берүү укугуна, жогоруда айтылгандай, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы деп эсептелбеген райондук кеңеш эмес, жергиликтүү кеңештер берүү укугуна ээ. 
 
Белгилей кетүү зарыл, райондук кеңештер өз маселелеринин чөйрөсүнө ээ эмес. Мурда алар жок дегенде райондук бюджетти бекитчү. 2012-жылы райондук бюджет болбойт өңдөнөт. Эми аларды бир нерсе менен алагды кылуу үчүн ушул шайлоо ойлоп табылгандай. Бирок бул – ыйгарым укуктарды жасалма “көбүртүү”, ал өзгөчө бир максатты көздөйт – партиялык курулушка жардам берүү. Негизи партиялык курулушка каршы эч оюм жок, ошентсе да менин терең ишенимимде, партияларды жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн эсебинен, же ага зыян келтирүү менен курбаш керек. Партиялык курулуш менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун максаттары жана милдеттери ар башка. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлиндеги партиялык курулуш партиялык кызыкчылыктар тарапка өтүүгө, адамдарды партиялык принцип менен бөлүүгө алып келет. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги маңызы – белгилүү бир аймактын жергиликтүү жамааты алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип, өзүнүн турмушуна тиешелүү маселелерин (суу, канализация, таштанды, көчөлөрдү жарыктандыруу, коомдук транспорт ж.б.) чечет. Партиялык курулуш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө, адамдардын өзгөчө маанилүү маселелерин биргелешип чечүүсүнө тоскоолдук кылат. Мындан тышкары райондук акимдерди шайлоо өкмөткө аброй кошпойт. Башкаруу вертикалы райондун деңгээлинде аякташы керек жана чындыгында эле вертикал болуш керек – катуу көзөмөлдөнгөн жана мыкты башкарылган. Анда отчеттуулукка, башкаруучулукка сокку уруунун кажети барбы? Анткени мына ушундан өкмөттүн региондордогу ийгиликтүү иш алып баруусу көз каранды эмеспи. 
* * *
Ушундан улам “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзам кыска аралыктуу, убактылуу мүнөзгө ээ. Муну анын кабыл алышына түрткү болгон өкмөт да көп жолу белгилеген. Ошол эле учурда райондук деңгээлде  түшүнүктөрдүн, ыйгарым укуктардын, жоопкерчиликтин жана отчеттуулуктун башаламандыгы мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүнө зыянын тийгизип жатат. Бул болсо таң калууну жараткан жок, бул түшүнбөстүккө түртүп жатат - жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында жана регионалдык өкмөттө саясаттын жоктугу коркунучтуу, зыяндуу жана келечеги жок болгонун эки саясий кризис далилдеген жокпу? Учурдагы бийликти курулган үч завод да, он завод да куткара албайт. Аны региондордогу маселелерге олуттуу көңүл буруу сактап калат. Бул адегенде башкаруудагы тартип, адамдардын жашоо шартынын реалдуу жакшырышы, алардын башкаруу жана чечим кабыл алуу процессине тартылышы. Мына ушул нерселер өкмөттүн туруктуу жана ийгиликтүү иштешинин негизин түзөт. 
 
Эгерде мамлекеттик бийлик мурдагы бийликтегилердин тагдырын кайталабагысы келсе, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” жаңы маңыздуу мыйзам кабыл алуу чечимине келиш керек. Эң жакшысы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу Кодексти иштеп чыгуу маселесине кайтыш керек. Ал жерде ЖӨБ тармагындагы мыйзамды коддоштуруп, бул тармактагы бардык коомдук мамилелерди комплекстүү жөнгө салууга болот. Көйгөйдүн баары төмөнкүдө: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнүн 20 жылдык тарыхы ЖӨБ системасы (мамлекеттик башкаруунун бардык системасы өңдүү эле) туруктуу, чукул, адатта өзүн өзү актабаган жана бир калыпта жүрбөгөн өзгөрүүлөргө кабылып келатканын далилдеп жатат. Бул өзгөрүүлөрдүн негизги милдети экономикада жана социалдык мамилелерде курч кризистик көрүнүштөр пайда болгон шартта башкарууну камсыздоо болуп эсептелчү. Бул бара-бара саясий мүнөзгө ээ боло баштады. Тиешелүү учурларда өлкөнү башкарган адамдардын алгачкы милдети – бийликти өз колунда кандай болгон күндө да сактап калуу болгон. Бул аракет өтө ашкере жана өзүн өзү актабаган борбордоштуруунун, ЖӨБ тармагындагы реформалардан баш тартуунун эсебинен жасалып келген. Башкаруунун стратегиялык маселелерин эч ким караган эмес жана алар арткы планда кала берген. Андай болсо тарых бийликти эч нерсеге үйрөткөн жокпу?