Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Шайлоо белгиленди

2012-02-29 / Актуалдуу тема

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо тууралуу” Жардыкка кол койду.

 

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо тууралуу” Жардыкка кол койду. 
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылдык аймагынын айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңешине жана Балыкчы шаардык кеңешине, Ош облусунун Алай районундагы Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңешине, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңешине жана Кемин районундагы Кемин шаар тибиндеги поселоктун поселоктук кеңешине шайлоону 2012-жылдын 25-мартында, жекшемби күнү өткөрүүнү дайындады.
 
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда айтылган өкүлдөр органдарына шайлоону өткөрүү ишин уюштуруу тапшырылды.
 
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын чыгаша сметасына ылайык шайлоону өткөрүү, шайлоого даярдык жана аны өткөрүү маалында мыйзамдуулукту, жарандарын укуктарын жана эркиндигин камсыздоо, коомдук тартипти коргоо боюнча чара көрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүү тапшырылды.
 
Өлкө башчысынын “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештерин таратуу тууралуу” башка Жардыгы менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылдык аймагынын  айылдык кеңешин, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңешин жана Балыкчы шаардык кеңешин, Ош облусунун Алай районундагы Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңешин, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңешин жана Кемин районундагы Кемин шаар тибиндеги поселоктун 
поселоктук кеңешин таратуу бекитилди.Жардыктар расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет. 
 
Кыргыз Республикасынын президентинин 
басма сөз кызматы.