Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары “ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Типтүү жобону ишке ашырууда

2020-10-06 / Жергиликтүү демилге
ЖӨБ органдары “ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Типтүү жобону ишке ашырууда

Түрмөктүн автору Гуляим ШАМШИДИНОВА, ӨСИнин мыкты практика боюнча адиси

Акыркы жылдары дээрлик бардык элеттик муниципалитеттерде жергиликтүү демилге1 (мындан ары – ЖД) активдүү жайылып жатат. Жергиликтүү демилге – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө айыл тургундарынын акчалай жана эмгек салымын кошуусу. Тургундар көчөлөр же кварталдар боюнча, же болбосо жалпы айыл болуп демилгелүү топторго биригип, эң актуалдуу маселени талкуулап, аны чечүү жолдорун чогуу издешет. Көп учурда мындай жергиликтүү демилгелер ЖӨБ органдары менен чогуу ишке ашырылат. ЖӨБ органы жергиликтүү бюджеттин чегинде иштин кайсы бир бөлүгүн өз мойнуна алат. Айталы, жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органынын биргелешкен аракети менен жергиликтүү маанидеги маселелердин катарына кирген, айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылат. Бирок жергиликтүү бийлик менен жамааттын мындай өз ара байланыш практикасы 2019-жылга чейин кандайдыр бир жергиликтүү ченемдик укуктук актыларда жана жалпысынан өлкөнүн мыйзамдарында бекитилген эмес. 2019-жылдын сентябрь айында гана КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – ЖӨБЭММА) буйругу менен “ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Типтүү жобо2 бекитилген (мындан ары – ЖД жөнүндө Жобо).

2019-жылдын этегинде эле ЖД жөнүндө Жобону Ош, Нарын жана Чүй облустарынын 15 муниципалитетинде киргизүү иштери башталган. Бул үчүн адегенде “Жергиликтүү демилге – жергиликтүү бюджеттеги каражатты башкаруунун жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө чындап катышуусунун жигердүүлүгүн жогорулатуунун аспабы”3 аттуу темада тренинг өткөн. Тренингдин катышуучуларынын арасында Чүй облусунун (Сокулук районундагы Күн-Туу АА жана Кызыл-Туу АА) жана Ош облусунун (Өзгөн районунун Жазы АА) үч айылдык аймагынын өкүлдөрү да болду. Окуунун жүрүшүндө айыл өкмөт башчылары жана кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын лидерлери Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү демилгелердин укуктук негиздери менен таанышып чыгышты. Ошондой эле алар ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерге колдоо көрсөтүлгөн эл аралык жана кыргызстандык тажрыйбалар, ЖД жөнүндө Жобону киргизүүнүн жол-жобосу тууралуу маалымат алышты. Соңунда тренингдин катышуучулары ЖД жөнүндө Жобону киргизүү боюнча иш планын даярдап чыгышты.

“Муниципалитет” журналы жергиликтүү жамааттарда Жобо кантип ишке ашырылып жатканы тууралуу баяндамасын улантат.

 

______________


1 Жергиликтүү демилге дегенде жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселени чечүүгө багытталган, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар демилге көтөрүп чыккан долбоорду, идеяны жана башка демилгелерди түшүнүш керек.

2 http://dpi.kg/upload/file/Tipovoe_Polojenie_Mestnaya_initsiativa_05.09.2019_N01-1884_KYR.docx