Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жазы айылдык аймагындагы жергиликтүү демилге жаңы таланттарды ачты

2020-10-06 / Жергиликтүү демилге
Жазы айылдык аймагындагы жергиликтүү демилге жаңы таланттарды ачты

Түрмөктүн автору Гуляим ШАМШИДИНОВА, ӨСИнин мыкты практика боюнча адиси

“Эл ичи – өнөр кенчи” деп аталган жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкагында 2019-жылдын ноябрь айында “Кош жылдыз” аттуу конкурс өткөрүлдү. Сегиз түгөй мыкты таланттарын жана чеберчилигин көрсөтүп, конкурстун бардык шарттарын аткарышты. Эркек менен аял түгөй болуп катышуусу айылдагы гендердик тең салмактуу мамилелерди түзүү үчүн жакшы шарт жана мүмкүнчүлүк болуп калды. Натыйжада конкурстун Гран-присин Фрунзе айылынан келген түгөйлөр утуп алып, 10 000 сом көлөмүндө башкы байгеге жана жеңүүчүнүн дипломуна ээ болушту. Биринчи жана экинчи орундарды ээлеген түгөйлөргө 7 000 жана 5 000 сом өлчөмүндө байгелер берилди. Калган катышуучулар 1 000 – 2 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелерди алышты. Ал эми конкурстун соңунда жергиликтүү маданияттын жылдыздарынын катышуусу менен концерт өттү.

Окуянын таржымалы

2019-жылдын октябрь айында Ош шаарында “Жергиликтүү демилге – жергиликтүү бюджеттеги каражатты башкаруунун жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө чындап катышуусунун жигердүүлүгүн жогорулатуунун аспабы” аттуу темада тренинг өткөн. Бул тренинг “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун1 максаттуу муниципалитеттеринин өкүлдөрү үчүн өткөрүлдү. Аталган долбоорду Шейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келатат (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору). Окууну ЭҮЖӨБОЖ Долбоору уюштуруп, ал Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобону пилоттук негизде киргизүүнүн алкагында өткөрүлдү2.

Катышуучулардын арасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Жазы айылдык аймагынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү да болушту – тренингге айыл өкмөт башчысы, жооптуу катчы, айыл өкмөтүнүн адистери, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМБ) төрагасы, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү катышты. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү демилгелерге колдоо көрсөтүү боюнча эл аралык жана кыргызстандык тажрыйба менен таанышып, КРда жергиликтүү демилгелердин укуктук негиздери, ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө жобону киргизүүнүн жол-жоболору тууралуу маалымат алышты; жергиликтүү демилгелерди колдоо аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттын реалдуу катышуу активдүүлүгүн жогорулатуунун аспаптары менен иштөө боюнча жаңы билимге жана көндүмдөргө ээ болушту.

Тренингдин катышуучулары ЖД жөнүндө Жобону киргизүүнүн бардык процессине даярдык көрүп, уюштурганды үйрөнгөнүн, конкурс өткөрүп, конкурстук комиссия түзүп, анын мүчөлөрүн тандаганды, артыкчылыктуу көйгөйлөрдү туура аныктаганды, конкурстун жеңүүчүлөрүн тандап алганды, ЖД жөнүндө Жобону ишке ашыруу боюнча планды даярдаганды үйрөнгөнүн айтышты. Тренингдин практикалык бөлүгүндө алар конкурсту өткөрүү үчүн жарыянын үлгүсүн, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган түрдүү темадагы долбоордук сунуштарды даярдап чыгышты.

Жазы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Минавар АКЖОЛОВА: “Биздин жамаат өтө активдүү, калктын жергиликтүү демилгелери дайыма болуп келген, адамдар өздөрү эле чогула калып, өз көчөсүндөгү кандайдыр бир көйгөйдү чечип келишчү. Кээде ЖӨБ органы техника же акча каражаты жагынан жардам берчү. Бирок азыр ЖД жөнүндө Жобо ЖӨБ органына расмий деңгээлде ЖД боюнча конкурстарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, ЖӨБ органы жергиликтүү демилге аркылуу элдин артыкчылыктуу маселесин чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлө алат. Бул өтө ыңгайлуу экен. Себеби ЖӨБ органы “бир ок менен эки коёнду атып жатпайбы”: биринчиси – элдин артыкчылыктуу маселесин чечип, алардын муктаждыктарын канааттандыруу. Экинчиси – ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү ишине жигердүү катышууга жергиликтүү жамаатты шыктандырат”.

Эмнеден башташты?

Тренингден кийин өз муниципалитетине кайтып келип, АӨ башчысы өз командасы менен кошо ЖД жөнүндө Жобону киргизип, конкурс өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышты. Өз демилгесин долбоор катары даярдап чыгышып, аны айылдык кеңештин (АК) депутаттарынын кароосуна жиберишти. Депутаттар кезексиз сессияда “Жазы ААнын ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу Токтом (2019-жылдын 30-октябрындагы №100/22) кабыл алышты. Жобо Юстиция министрлигинин облустук бөлүмүндө каттоодон өткөрүлүп, муниципалитеттин сайтына илинген.

Айыл өкмөт башчынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы №254 буйругу менен конкурстук комиссия түзүлүп, курамы бекитилди. Комиссиянын курамына АӨ кызматкери, АК депутаты, айыл старостасы жана жергиликтүү жамааттын өкүлү кирди.

Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү жарыяны даярдашып, аны АӨнүн сайтына жана төрт айылдагы маалымат такталарына жайгаштырып чыгышты.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү аяктаган маалда жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн үч долбоордук өтүнмө түштү. Алардын темалары:

  • “Таштанды тазалоо үчүн урналарды орнотуу”;
  • “Спорт – бул ден соолук”;
  • “Эл ичи – өнөр кенчи”.

Белгиленген күнү долбоорлордун авторлору комиссия мүчөлөрүнө өз демилгелери тууралуу айтып беришти. Жыйынтыгында башында Буракыя САТАРОВА турган “Эл ичи – өнөр кенчи” аттуу жергиликтүү демилге жеңүүчү деп табылды.

Конкурстун жыйынтыгы протоколго киргизилип, АӨ сайтына жана айылдык аймактардагы маалымат такталарына илинди.

Жергиликтүү демилгенин алкагында эмнелер жасалды?

ЖД боюнча өткөрүлүп жаткан конкурс тууралуу жарыяны жергиликтүү жамааттын лидери, Кара-Дыйкан айылындагы Маданият үйүнүн директору Буракыя САТАРОВА айылдаштарынан уккан экен. АӨ кызматкерлери менен жолугушуп, конкурска катышуу шарттары тууралуу кенен маалымат алган. Ал санаалаштарын чогултуп, конкурска катышуу үчүн 11 адамдан турган демилгелүү топту (ДТ) түзгөн. Демилгелүү топко айылдын жигердүү жашоочулары кирди: китепканачы, Аялдар кеңешинин жана Жаштар комитетинин өкүлдөрү, активисттер, төрт айылдын старосталары. ДТ айылдын актуалдуу маселелерин талкуулап, өз мүмкүнчүлүктөрүн талдап чыгып, ЖД боюнча конкурска өтүнмө берүү тууралуу чечимди кабыл алды. Конкурстун шарттарына ылайык, ДТ эсептөөлөрдү жүргүзүп, чыгашалар сметасын даярдап, өтүнмөнү иштеп чыгып, жергиликтүү демилгенин долбоорун “Эл ичи – өнөр кенчи” деп аташты. Долбоордун максаты – эл ичинен таланттарды сууруп чыгып, элеттик маданиятты жайылтуу үчүн “Кош жылдыз” таланттардын конкурсун өткөрүү.

“Эмне үчүн дал ушул маданият темасын тандап алдык? Мен маданият чөйрөсүндө 44 жылдан бери эмгек кылып келатам. Мамлекет мурда элет жергесиндеги маданияттын өнүгүүсүнө өтө олуттуу мамиле жасачу. Бирок СССР урагандан кийин элеттик “маданият очоктору” – клубдар жана Маданият үйү иштебей калды. Кара-Дыйкан айылындагы Маданият үйү да мындан четте калган жок. Бул Маданият үйүндө мурда аптасына бир нече иш-чара өтүп турчу. СССР урагандан кийин өскөн жаштар маданияттын заманбап жанрларына гана кызыгышат, муну менен ата-бабасынын салт-санааларын унутуп калышты; кыргыз маданиятын жана тилин өнүктүрүү боюнча идеология жок. Жаштар арасында жаңжалдар көбөйдү – көчөмө-көчө мушташышат, ичимдик ичишет. Айылдын лидерлери жана ЖӨБ органдары менен биргелешип, чара көрүүгө аракет жасап жүрдүк. Бирок дискотекалар кырдаалды оңдоп кеткен жери жок. Мына ошондон кийин “Ыр-кесе”, “Айыл кечи” жана “Кадыр түн” конкурстарын өткөрө баштадык. Бирок бул конкурстар да жаштарды кызыктыра алган жок. Ошондуктан жаштар арасында “Кош жылдыз” конкурсун өткөрүүнү чечтик”, - деп айтып берди Буракыя САТАРОВА.

ДТ мүчөлөрү “Кош жылдыз” таланттар сынагынын программасын даярдап чыгышкан. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен музыкалык аппараттарды сатып алышты: колонка, үн күчөткүч, микрофон жана поддон 27 000 сомго сатып алынды; алар таланттар конкурсун өткөрүү тууралуу жобону иштеп чыгышты. Конкурс төмөнкү жанрлар боюнча өтмөй болду: улуттук кийимдер, ырлар, бийлер, макал-лакаптар, жаңылтмачтар. Конкурс тууралуу жарыяны айылдык аймактагы төрт айылдын ичинде активисттер, лидерлер жана мектеп мугалимдери арасында таратып чыгышты.

Таланттардын конкурсуна катышуу үчүн эркектерден жана аялдардан турган 8 түгөй өтүнмө берди. Алар ырдап, бийлеп, жакшы сүйлөп, аудитория алдында чыга алган таланттар эле. Конкурстун катышуучуларына “Кош жылдыз” конкурсу жөнүндө Жобонун алкагында берилген тапшырмаларга даярдануу үчүн он күнгө жакын убакыт бөлүндү. Түгөй кылып катыштыруу айылдагы гендердик тең салмактуу мамилелерди түзүү үчүн негизги шарт жана мүмкүнчүлүк болуп калды.

АӨ өкүлдөрүнүн жана ар бир айылдан аял лидерлердин ичинен калыстар тобу түзүлүп, алардын ысымдары конкурстун алдында гана белгилүү болду.

Ырдап чыгуу үчүн сахнаны кооздоп, тамак-аш даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 6 500 сом, ал эми байге фондуна 30 000 сом бөлүнгөн.

Ошентип, 2019-жылдын ноябрь айынын бир күнүндө конкурстун бардык катышуучулары - 8 түгөй (16 адам) – чүчүкулак кармап, өз таланттарын көрсөтүп беришти. Ар бир түгөй жанрлардын түрлөрү – ыр конкурсу, бийлөө ж.б. боюнча өз-өзүнчө чыгышты. Залга 120га жакын адам чогулду. Алар төрт саат бою ырчыларды колдоп турушту.

Конкурс бүткөндөн кийин калыстар тобу анын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдү жарыялады. Натыйжада “Кош жылдыз” конкурсунун Гран-присин Фрунзе айылынан келген түгөйлөр утуп алып, 10 000 сом көлөмүндө башкы байгеге жана жеңүүчүнүн дипломуна ээ болушту. Экинчи түгөйлөр биринчи орунду ээлеп, 7 000 сом, үчүнчү түгөйлөр экинчи орунду ээлеп, 5 000 сом байге алышты. Калган катышуучулар 1000-2000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелерди алышты.

Конкурстун жыйынтыктоочу бөлүгүндө гала-концерт өтүп, ага жергиликтүү маданият жылдыздары катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чара конкурсанттар үчүн да, аларга колдоо көрсөтүп, сүрөп турган көрөрмандар үчүн да чоң майрам болуп калды. Ошол кечте ар бир адам үйүнө жакшы маанайда кайтты. Ал эми конкурстун бактылуу катышуучулары уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, ушул өңдүү иш-чаралар болсо, аларга да жигердүү катышууга даяр экенин айтышты.

ДТ лидери, Маданият үйүнүн директору Буракыя САТАРОВА конкурстун жыйынтыгына жана анын тийгизген таасирине мындайча баа берди: “Баары биз ойлогондой өттү. Мындай конкурсту айылда өткөрүү – бул чоң жетишкендик. Анткени атүгүл райондо да мындай деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлбөйт! Эл абдан жакшы пикирлерин айтып жатышат, баары эле ушундай кызыктуу жана пайдалуу иш-чара үчүн ыраазычылыгын билдирүүдө. Бул иш-чара жаштарды салт-санааларыбызды унутпаганга, кыргыз маданиятын жана тилин өнүктүрүүгө багыттайт. Катышуучулардын арасында 17 жаштан 35 жаш куракка чейинкилер болду. Биз жарышка түрдүү жаш курактарга кирген топторду тарта алдык. Жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоо боюнча ушул өңдүү конкурстарды жергиликтүү бийлик квартал сайын өткөрүп турушу керек. Ошондо биз айылдагы ондогон жылдар бою унутта калып келген маданияттын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо алабыз. Бул багытта менин көптөгөн идеяларым бар. Кайнене менен келиндин ортосундагы мамилени жакшыртуу максатында “Жаш келиндер”, “Сармерден”, “Ыр-кесе”, “Үй-бүлөлүк эстафеталар” ж.б. өңдүү конкурстарды өткөрсө болот. Элет жашоочусунун руханий, нравалык, эстетикалык жана дене тарбиясы үчүн маданиятты жана спортту өнүктүрүү боюнча жергиликтүү демилгелерге жигердүү колдоо көрсөтүлүүгө тийиш”.

Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Максатбек ИБРАИМОВ жергиликтүү демилгелерди колдоо зарылчылыгын баса белгилеп, демилгелердин жергиликтүү калкка тийгизген таасирин жогору баалады: “ЖД жөнүндө Жобо – бул жергиликтүү жамаатты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу боюнча эң керектүү механизм. Биз ЖД боюнча конкурсту биринчи жолу өткөрдүк. Менин баамымда, биздин бул алгачкы тажрыйбабыз ийгиликтүү болду. Бардыгы ыраазы болуп калышты, маанайлары көтөрүлүп, эстен чыккыс таасир тийгизди. Эл да, конкурстун катышуучулары да, уюштуруучулар да, ЖӨБ органы да – баары жыйынтыгына ыраазы. Биз ЖД боюнча конкурстарды өткөрүү тажрыйбабызды уланта беребиз, сырттан жардам болобу же жокпу, буга карабастан ушуну менен токтоп калбайбыз.

Карапайым адамдарды коомдук иш-чараларга тартуу зарыл. Ал эми бул үчүн ЖД конкурсуна бюджеттен каражат бөлүнүшү керек. Мен бул эмне үчүн жана кантип жасаларын так түшүндүм. Биринчиден, бул адамдарда активдүүлүктү жана жоопкерчиликти күчөтөт. Мисалы, ЖД боюнча конкурска катышуу үчүн адамдар демилгелүү топторго чогула башташат, долбоорлорду иштеп чыкканды үйрөнүшөт. Эгерде утуп алса, долбоорду ишке ашыруу процессине жан дили менен тартылышат. Экинчиден, бул адамдарды “ойготот”, кыймылга түртөт – алар жамааттын өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтин бир бөлүгүн өзүнө алышат. Ар бир айылда “уктап жаткан” адамдар бар, алар четте туруп алып эле ЖӨБ органынын ишине баа бере беришет, адатта терс баалашат, бирок өздөрү эч нерсе кылышпайт. Бул конкурс ар бир тургунга масштабдуу жана кызыктуу долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк берет, бардык каалоочуларга тең шарттарды түзөт. Үчүнчүдөн, адамдардын маданияты, кызыгуусу жана аң-сезими жогорулайт, жамаатта адамдар ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана макулдашуу күчөйт. Бул азыркы күндөрү өтө маанилүү болуп турат. Мага бул долбоор абдан жакты. Долбоордун ЖӨБ органдары үчүн да, эл үчүн да пайдасы көп болду. Эгерде ЖӨБ органдарынын баары жергиликтүү бюджеттердин жардамы менен ушундай ЖД боюнча конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү максаты менен ЖД тууралуу Жобону киргизүү канчалык натыйжалуу жана пайдалуу болгонун билсе сонун болмок”.

Алынган сабактар

Бул багыттагы кийинки иш-чараларды жакшыртуу үчүн конкурс жыйынтыкталгандан кийин уюштуруучулар кетирген кемчиликтерин, каталарын жана алынган сабактарды талкуулашты.

Буракыя САТАРОВАнын айтымында, “Кош жылдыз” таланттардын конкурсу тууралуу Жобону даярдап жатканда алар конкурска кыргыз элинин салтына кирген кол өнөрчүлүгүн жана чеберчилигин (сайма саюу, токуучулук) кошпой калышкан экен. Ошондой эле алар байге фондуна көбүрөөк каражат бөлүп, маалымат өнөктүгүн активдүүрөөк жана кеңири масштабда өткөрүүн керектигин түшүнүштү. Маалымат өнөктүгү 2-3 ай мурда башталса, катышуучуларда даярданууга көбүрөөк убакыт болмок.

“Биз мындай конкурсту биринчи жолу өткөрүп жаткандыктан айрым кемчиликтер болду. Бирок мунун баары кийинки иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүдө бизге сабак болот”, - деди ал.

Акча эмнелерге сарпталды?

Жергиликтүү демилгени ишке ашырууга кеткен чыгашалардын жалпы суммасы 67 000 сом болду. Алардын ичинде:

  • ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Жазы айылдык аймагында ЖД жөнүндө Жобону киргизүү үчүн 27 000 сом көлөмүндө жардам берди; бул акчага музыкалык аппаратура сатып алынды;
  • ЖӨБ органы конкурстун байге фондуна жана ырчылар үчүн сахнаны жасалгалоого жергиликтүү бюджеттен 36 500 сом бөлүп берди;
  • ДТ лидерлеринин атынан жергиликтүү жамааттын акчалай салымы 3 500 сом болду.

 

_________________

2 http://dpi.kg/upload/file/Tipovoe_Polojenie_Mestnaya_initsiativa_05.09.2019_N01-1884_KYR.docx 

 

Окшош материалы: