Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү демилге аркылуу ЖӨБ органы спорттук иш-чараларды уюштуруу маселелерин эффективдүү чечүүдө

2020-10-06 / Жергиликтүү демилге
Жергиликтүү демилге аркылуу ЖӨБ органы спорттук иш-чараларды уюштуруу маселелерин эффективдүү чечүүдө

Түрмөктүн автору Гуляим ШАМШИДИНОВА, ӨСИнин мыкты практика боюнча адиси

Күнтуу айылдык аймагында 7 жаштан 40 жашка чейинки курактагы 80ге жакын адамда орто мектептин базасында спорт менен алектенүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. 2020-жылдын февраль айында Шалта жана Күнтуу айылдарындагы мектептерге спорттук шаймандар сатып алынып, коопсуз машыгуу үчүн тосмо орнотулду. Мунун баары ЖӨБ органдары колдоого алган жергиликтүү демилгенин жардамы менен мүмкүн болду. Натыйжада үйрөнчүк спортчулар эми кикбоксинг жана оксуз кармашуу менен алектене алышат – кенже топ 7ден 12 жашка чейинки 30 адамдан турат, улуулар тобу 12ден 30 жашка чейинки 25 адамдан турат; волейбол – 12 кыздан турган топ, 12 адамдан турган жигиттер тобу жана 20 жаштан 40 жашка чейинки курактагы 18 адамдан турган чоңдор тобу. Спорттук жабдууну сатып алууга 37 000 сом бөлүндү.

Ошентип, 2021-жылга Биргелешкен аракеттер планына кошулган жергиликтүү маанидеги актуалдуу көйгөйлөрдүн бири чечилди.

Окуянын таржымалы

2019-жылдын күз мезгилинде  Күнтуу айылдык аймагынын өкүлдөрү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Жобону1 киргизүүгө багытталган тренингге катышкан. Окуу “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун2 максаттуу муниципалитеттеринин өкүлдөрү үчүн өткөрүлдү. Аталган долбоорду Шейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту Чүй облусунда ишке ашырып келатат (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору).

Тренингде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө Жобону киргизүүнүн ролу жана артыкчылыктары тууралуу толук маалымат берилди. Билим топтоп алып,  Күнтуу айылдык аймагынын ЖӨБ органдары аны өз муниципалитетинде ишке ашырууну чечишти. Жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн баалоо үчүн эсеп жүргүзүлдү. Анын натыйжасында 10 000 сом бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар болгону аныкталды. Гранттык жардам катары ЭҮЖӨБОЖ Долбоору 27 000 сом көлөмүндө акча каражатын бөлүп берди. Натыйжада жергиликтүү демилге конкурсун өткөрүү үчүн каржылоонун жалпы суммасы 37 000 сом көлөмүндө аныкталды.

Эмнелер жасалды?

Каржылоонун булактарын жана суммасын аныктап алгандан кийин  Күнтуу муниципалитетинин ЖӨБ органдары ЖД жөнүндө Жобону киргизүү боюнча иштерди уюштура башташты. Алар иштеп чыккан пландын негизинде долбоор даярдалды. Кийин бул долбоор айылдык кеңештин сессиясында каралды. Жергиликтүү демилгелерге колдоо көрсөтүүдө жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышуусуна дем берүүдө мындай долбоорлордун маанисин баамдоо менен, кеңештин депутаттары өз токтому (2019-жылдын 6-ноябрдагы №8/5)3 менен “ Күнтуу АА ЖӨБ органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Жобону бекитишти.

Расмий документти кабыл алгандан кийин айыл өкмөтү жергиликтүү демилгенин конкурсунун төмөнкүдөй багыттарын аныктады:

  1. Тиричилик калдыктарын жыйноону жакшыртуу.
  2. Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
  3. Коомдук жерлерди көрктөндүрүү.

ЖД боюнча конкурстун бардык процессин уюштуруу үчүн беш адамдан турган (үч аял) конкурстук комиссия түзүлдү. Комиссияга АӨ кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү киришти.

“ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен беш жылдан берки кызматташтыгыбыздын натыйжасында биз жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын кантип аныкташ керектигин билип калдык. Албетте, биз өзүбүздөгү артыкчылыктуу маселелер тууралуу билчүбүз. Алар тургундар менен чогуу өткөрүлгөн ЖМБА-сессияларынын жүрүшүндө аныкталган. 2019-жылдын октябрь айында өткөн тренингдин практикалык бөлүгүндө биз конкурсту өткөрүү жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган долбоордук сунуштар үчүн жарыялардын үлгүлөрүн даярдадык. Ал эми конкурстун багытын аныктоодо биз артыкчылыктуу болгон көйгөйлөрдү, анын ичинде 2021-жылга Биргелешкен аракеттер планына (БАП)4 кошулган маселелерди негиз катары алдык”, - деди айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Эдита ТАЙГАРАЕВА.

Комиссия алдыда болчу конкурс тууралуу жарыяны даярдап, анда конкурска катышуу үчүн шарттарды көрсөтүп, бул жарыяны АӨнүн расмий веб-сайтына5, маалымат такталарына жайгаштырды, “Вотсаптагы” бардык тайпаларга билдирүү жөнөттү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгелүү топтор жана БМжБ тобунун мүчөлөрү арасында таратты.

2019-жылдын 20-ноябрынан 2-декабрга чейинки мезгил аралыгында өтүнмөлөр кабыл алынып, жекеме-жеке да, телефон аркылуу да консультациялык жолугушуулар өткөрүлдү. Натыйжада жергиликтүү жамааттан үч өтүнмө түштү.

Өтүнмө жибергендердин арасында Шалта айылында жашаган эки жигердүү жана кайдыгер эмес адам болду. Алар – элеттик мектептин дене тарбия мугалими жана машыктыруучусу ТОКТОНАЛИЕВ Урмат жана айылдын активисти ЖАРКЫНБАЕВ Турдубек. Алар жаштар арасында спортту өнүктүрүү боюнча маселени чечүү үчүн демилгелүү топко биригишти. АӨ имаратынын жанындагы маалымат тактасынан жарыяны окуп калып, эки дос жергиликтүү демилгелер конкурсуна катышууну чечишкен. Конкурстун шарттары менен таанышып чыккандан кийин алар өтүнмө даярдап, конкурска “Спорт – бул ден соолук” деген аталыш менен жиберишкен. Бул демилгенин негизги максаты: спорт менен алектенүү жана жаштардын натыйжалуу машыгуусу үчүн зарыл болгон спорттук шаймандарды сатып алуу.

Конкурстук комиссия долбоордук сунуштарга баа берип, жыйынтыгын чыгарып, натыйжада Урмат ТОКТОНАЛИЕВ башында турган “Спорт – бул ден соолук” демилгеси конкурстун жеңүүчүсү деп табылды. Комиссиянын Протоколунун негизинде АӨ башчысы өзүнүн Буйругу менен конкурстун жыйынтыктарын бекитти. Алар маалымат такталарына жарыяланды.

Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу тууралуу ЖӨБ органы менен ДТ ортосунда эки тараптуу макулдашууга кол коюлуп, Техникалык тапшырмада шарттар көрсөтүлдү. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөөнөтү 2019-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын февраль айына чейин деп белгиленди.

Эмнелер жасалды?

Акыркы мезгилде спорт жаштар арасында өзгөчө популярдуу болууда. Жаштар кикбоксингге, волейболго, футболго кызыкканы менен, спорттук шаймандар тартыш болууда. Анткени алар тез эле эскирип, жараксыз абалга келип калат. Мындан улам шаймандарды жана спорттук кийимдерди жаңылоо зарылчылыгы келип чыгууда. Ошол себептен бөлүнгөн 37 000 сом көлөмүндөгү акчага ЖӨБ органы Шалта айылындагы орто мектепке мушкерлер үчүн төрт груша, төрт мушкер колкабын сатып берди. Ал эми башка мектепке волейбол жана футбол топтору берилди.  Күнтуу айылындагы мектептин стадионунда спортчулардын коопсуз машыгуусу үчүн тосмолор орнотулду.

Тилекке каршы, спортчулардын кубанычы көпкө созулган жок. COVID-19 пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында өлкө боюнча карантин чаралары киргизилди. Бирок буга карабастан Урмат менен Турдубек келечекке үмүт менен карашат. Анткени карантинге чейин спортзалда 80ге жакын адам машыгып жаткан, карантинден кийин деле алар машыгуусуна кайтып келишет:

  • кикбоксинг жана күрөш секциясында: 7-12 жаштагы 30 адам кенже топто, 12-30 жаштагы 25 адам чоңдор тобунда.
  • волейбол секциясында: 12 адамдан турган кыздар тобу жана 12 адамдан турган жигиттер тобу туруктуу машыгып турушат. Бирок 20-40 жаштагы 18 адам кирген улуулар тобу да бар, алар аптасына эки жолу машыгышат.

Демилгелүү топтун лидери, мугалим ТОКТОНАЛИЕВ Урмат Шалта айылына 2004-жылы көчүп келген. Ал жылдары жаштар спортко такыр кызыгышчу эмес. Урмат айыл тургундары арасында спортту өнүктүрүү демилгесин жигердүү түрдө көтөрүп чыгып, мында өзгөчө көңүлдү жаштарга бурду. Анын айтымында, өсүп келаткан муунду сөзсүз спортко тартыш керек. Себеби спорт – бул өспүрүмдүн мүнөзүн калыптандырат, тартипке, эмгекке, боорукердикке үйрөтөт, балдар чыдамкай болуп өсүшөт. Ал эми азыркыдай жашоо ритминде бул өзгөчө маанилүү болуп турат. Спорт өспүрүмдүн мүнөзүн калыптандыруу менен, аны жакшы жакка өзгөртөт. Машыгуулардын жардамы менен балдардын эрки күчтүү болуп, жеңишке умтулуу каалоосу пайда болот, алар аягына чейин күрөшкөндү, жеңилип калуудан коркпогонду, өзүн кармай билгенди үйрөнүшөт. Бүгүнкү күндө айылда облустук жана республикалык деңгээлдерде өткөн опимпиадаларга катышкан балдар көп.

Сокулук району арасында волейбол боюнча таймаштар  Күнтуунун жаштары үчүн чоң окуя болуп калды. Бул таймаштарды демилгелүү топтун лидерлери Урмат менен Турдубек уюштурушкан. Таймаштар 2020-жылдын 20-23-февраль күндөрү Шалта айылындагы Д.Доронбеков атындагы мектептин аймагында өттү. Таймашка төрт муниципалитеттен кыздардын 8 командасы, кийинки күнү балдардын 8 командасы катышты. Жалпысынан таймаштарга 160 бала катышып, төрт бейтарап калыс чакырылды. Калыстар таймаштарга тең салмактуу баасын беришти.

Таймаштын жыйынтыктары жарыялангандан кийин Д.Доронбеков атындагы мектептин директору жана Урмат ТОКТОНАЛИЕВ жеңүүчүлөргө баалуу байгелерди, дипломдорду жана грамоталарды тапшырышты. Бул үчүн 4 000 сомду У. ТОКТОНАЛИЕВ берген. Ал эми Шалта айылындагы мектептин мугалимдери спорттук иш-чаралардын бардык катышуучулары үчүн тамак даярдашты.

Катышуучу балдар мурда ушундай эле таймаштар башка муниципалитеттерде да өткөнүн, бирок мындай масштабдуу деңгээлде болбогонун белгилешип, биринчи жолу байге алып, мындай иш-чарада даамдуу тамак жегенин айтып кубанып турушту.

Таймаштар өтө жогорку деңгээлде өтүп, балдар жакшы маанайда тарап кетишти. Ал эми башка муниципалитеттерден келген командалардын машыктыруучулары ушул мектептин аймагында мындай таймаштарды туруктуу түрдө өткөрүп турууну сунуш кылышты.

ТАЙГАРАЕВА Эдита, АӨнүн жооптуу катчысы: “Бул демилгени ишке ашыруунун арты менен биз жаштарыбыз канчалык прогрессивдүү, жигердүү болгонун, аларда чоң дарамет, кызыктуу идеялар бар экенин, кайдыгер болбогонун, өз айылынын өнүгүүсү үчүн салым кошууга даяр болгонун көрө алдык. ЖД боюнча конкурсту өткөрүү өңдүү мындай механизмдин пайдасы биз башында ойлогондон да көп болду. Биринчиден, адамдар “ойгоно” баштады жана жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүгө жигердүү катышууда. Экинчиден, бул жергиликтүү бийлик менен элди бири-бирине жакындатат, алар айылдын маселелерин чогуу чечишүүдө. Келечекте бул тажрыйбаны дагы колдонууну пландап жатабыз. Азыр болсо, ушул жылы ЖД боюнча конкурсту кайсы багытта уюштурса болот деп ойлонуп, идеяларды топтоп жатабыз”.

Алынган сабактар жана келечеги

ТОКТОНАЛИЕВ Урмат: “Жергиликтүү демилге боюнча конкурс кийинки иш-аракеттерге дем берди. Эми жергиликтүү бийлик өзгөчө муктаж болгон спортчуларга колдоо көрсөтө алат. ЖД конкурсунун жардамы менен биз жаңы спорттук шаймандарды алып, чоң таймаш өткөрө алдык. Бирок эң негизгиси – бул демилге адамдарды бириктирип, атүгүл мектептин жамааты да четте карап турбастан, финансылык жана моралдык жактан колдоо көрсөттү. Ал эми балдар ушунчалык көп эмоцияларга ээ болушту! Жергиликтүү бийлик тарабынан мындай жардам биринчи жолу көрсөтүлдү. Мугалимдерде да, балдарда да, айтор баарында стимул пайда болду. Мындай конкурстар көбүрөөк өткөрүлүп турушун каалайбыз. Ошондо эл да баарына пайда алып келген жергиликтүү демилгелге көбүрөөк кызыга баштайт”.

Ал арада уюштуруучулар ЖД жөнүндө Жобону ишке ашыруу процессинде кетирилген кемчиликтерди белгилешти: “ЖӨБ органы спорттук шаймандарды сатып алаардан мурда бул чөйрөдөгү адистер менен кеңешип көрсө болмок экен. Себеби АӨдө товардын сапатын баалай алган тийиштүү адис жок. Эгерде бизди бул чөйрөдөгү адис катары товарларды сатып алуу процессине кошушса, биринчиден, бизде айрым спорт дүкөндөрүндө жеңилдиктерибиз бар, ошону колдонмокпуз. Экинчиден, биз сапаттуу спорт кийимдери кайда жасаларын билебиз. Ал эми азыр болсо мага шаймандарды сатып алып, колума карматышты. Сатып алуу процессине кесипкөй адамдарды жана адистерди сөзсүз түрдө кошуш керек. Балким, мында биздин да күнөөбүз болгон чыгаар. Себеби башынан эле товарларды сатып алууга жана бул процесске катышууга ниетибизди билдирсек болмок. ЖӨБ органы сатып алуулардын бардык түрлөрү боюнча ачык-айкындуулукту камсыз кылышы керек”, - деди У.ТОКТОНАЛИЕВ.

Жаштар эң жигердүү социалдык топ болуп саналат. Ошондуктан спортту жана маданиятты өнүктүрүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү өңдүү багыттарда алардын социалдык активдүүлүгү өтө маанилүү болуп турат.

Ишке ашырылган жергиликтүү демилгенин лидерлери Урмат менен Турдубектин тажрыйбасы  Күнтуу айылдык аймагында спортту өнүктүрүү процесси ишенимдүү колдо экенин көрсөттү. Бул адамдар кичи Мекенинин чыныгы патриоттору, алар дени сак муун үчүн чындап күрөшүп, бул багытта салым кошууга дайыма даяр турушат.

ЖД жөнүндө Жобону ишке ашырууда өзүн көрсөтө алгандан кийин ЖӨБ органы аларга карантин маалында гуманитардык жардамды бөлүштүрүү милдетин жүктөдү. Азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардамды ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Өнүктүрүү саясат институту аркылуу берген. Карантиндин алгачкы күндөрү гуманитардык жардамдын биринчи партиясы башаламан, айрым учурларда акыйкат эмес таратылса, Урмат өз командасы менен бул ишти колго алып, бардык муктаж үй-бүлөлөргө тизме боюнча жардамды так жана акыйкат бөлүштүрүп берди. ЖӨБ органы жергиликтүү демилге боюнча конкурстун жеңүүчүсүн тандап алууда жаңылбаганы белгилүү болду – эң татыктуулары жеңген экен. Мындан улам алардын ишинин жыйынтыгы жалпы элге чоң пайда алып келди.

Ошентип, ЖӨБ органы конкурс өткөрүү менен ЖД жөнүндө Жобону киргизүү тажрыйбасына ээ болду. Муну менен элеттиктерге артыкчылыктуу көйгөйдү тандап алууга жана аны чогуу чечүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду.

 Күнтуу ААнын айыл өкмөт башчысы СЕЙДАЛИЕВ Адилет: “Жергиликтүү демилге боюнча конкурстун ЖӨБ органы тарабынан уюштурулушу – бул өтө зарыл жана натыйжалуу механизм. Мунун натыйжасында ЖӨБ органы менен жергиликтүү жамааттын тыгыз кызматташуусуна жол ачылууда. Биринчи тажрыйбанын арты менен элеттин жаштары өз артыкчылыктарын өз алдынча аныктап алып, ЖӨБ органы менен биргелешип, жаштардын муктаждыгын канааттандарды – алардын спортту өнүктүрүү боюнча маселесин чечип берди”.

 

__________________


1 http://dpi.kg/upload/file/Tipovoe_Polojenie_Mestnaya_initsiativa_05.09.2019_N01-1884_KYR.docx    

 

Окшош материалы: