Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкек мэриясы жана “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмеси (ӨСИ) да Глобалдык өнөктөштүккө кошулуп, Ачык өкмөт өнөктөштүгүнүн (OGP) жаңы мүчөлөрү болуп калышты

2020-11-20 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

Бул уюм ачык, инклюзивдүү жана өкмөттүн кеңири катышуусуна негизделген коомду түзүү үчүн өкмөттөрдүн жана жарандык коомдун лидерлеринин башын бириктирген уюм.

Ачык өкмөт өнөктөштүгүнүн [1] OGP Local (Жергиликтүү деңгээлде Ачык өкмөт) уюмунун жаңы мүчөсү катары Өнүктүрүү саясат институту Бишкек мэриясынын жергиликтүү жарандык коом уюмдары жана Ачык өкмөттүн башка мүчөлөрү менен иш алып баруусуна колдоо көрсөтөт. Бул иш ачык-айкындуулукка жетүүдө ачык өкмөт программасын жергиликтүү деңгээлде жайылтуу максатын көздөйт.

“Өнүктүрүү саясат институту (DPI) Кыргыз Республикасындагы жарандардын керектөөлөрүнө жооп берген реформаларды жүргүзүү үчүн жарандык коом менен өкмөттү кызматташтыгы маанилүү болгонун белгилейт. “Жергиликтүү деңгээлде Ачык өкмөт” демилгеси (OGP Local) бул максатка жетүү үчүн жакшы платформаны сунуш кылууда. OGP Local демилгесинин жаңы мүчөсү катары биз жергиликтүү кызыкдар жактар менен өнөктөштүктө бул багыттагы күч-аракеттерди активдештирүүгө, “Ачык өкмөт” Демилгесинин башка мүчөлөрүнүн тажрыйбасын өздөштүрүп алууга умтулабыз. Себеби ЖӨБ органдары менен жарандык коомдун, калктын ортосунда диалог түзүлмөйүнчө жергиликтүү маанидеги иштерди чечүү мүмкүн болбойт. Башкарууга байланышкан чечимдердин, ири долбоорлордун тагдыры, ар бир маанилүү социалдык-саясий иштердин ийгилиги, жалпысынан эле ЖӨБ органдары жүргүзүп жаткан саясаттын тагдыры калктын колдоосуна көз каранды. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүнө карабастан, бул системаны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп берүү, анын ичинде жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү аркылуу коммерциялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүү үчүн шарт түзүү мамлекеттик органдардын да, ЖӨБ органдарынын да милдеттенмеси жана жоопкерчилиги болуп саналат. Себеби бул “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга ылайык, жергиликтүү маанидеги маселеге кирет”, - деп айтты ӨСИнин башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.

 

________________


[1] “Ачык Өкмөт” өнөктөштүгү (OGP) – ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коррупция менен күрөшүү жана башкарууну күчтөндүрүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу боюнча өкмөттөрдүн милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган көп тараптуу демилге. Толук маалымат алуу үчүн: http://ogp.el.kg

 

Окшош материалы: