Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын мектебине өтүнмөлөр кабыл алынууда

2020-12-15 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын мектебине өтүнмөлөр кабыл алынууда

2016-жылдагы шайлоодон кийин жергиликтүү кеңештердин курамы бир кыйла өзгөрүп, күчөдү. Жарандардын баамында, айыл өкмөтүнө караганда жергиликтүү кеңештер элдин ишенимине көп кирген эмес жана мындан улам ишеним рейтингинде жетинчи орунду ээлешет.

Себеби жарандар жергиликтүү кеңештердин депутаттары тууралуу жогору пикирде болгондуктан, ошого жараша депутаттардын квалификациясы, анын ичинде билими да жогору болушу керек деп эсептешет[1].

Жергиликтүү кеңештердин азыркы курамында жаштар көбүрөөк болуп калды. Бирок жергиликтүү кеңештердин сапаттык курамын алганда гендердик теңсиздик байкалат. Айталы, өткөн чакырылышка салыштырмалуу жалпысынан Кыргыз Республикасы боюнча 2016-жылы айылдык жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны 2 пайызга азайып, депутаттардын жалпы санынан 13 пайызды түзгөн. Шаардык кеңештердин курамында да аялдардын үлүшү азайып кетти – 24,6 пайыздан 20,5 пайызга түштү[2]. Жергиликтүү кеңештердеги гендердик теңсиздик аялдар үчүн 30 пайыздык квоталарды киргизүүгө себепчи болду. Бул ченем мыйзамдарга 2019-жылы киргизилген.

Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусун күчөтүү үчүн жергиликтүү кеңеш жакшы көпүрө болуп бере алат. Аярлуу топтордун кызыкчылыктарын коргоо үчүн жергиликтүү кеңештердин курамында аялдар менен жаштардын болгону өтө маанилүү. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун изилдөөлөрү жана тажрыйбасы көрсөткөндөй, аялдардын жергиликтүү шайлоого катышуу көрсөткүчүнүн төмөн болушунун бир нече себеби бар: аялдар өз күчүнө ишенишпейт (өзүнө берген баасы өтө төмөн), жамаат аларды уяткарат деп коркушат, өз билимине болгон ишеними аз. Жаштарда болсо такыр башка көйгөйлөр бар – алар кеңешке барууга даяр, бирок депутаттын иш-милдеттерин сапаттуу аткаруу үчүн атүгүл баштапкы билими да жетпей калууда. Мунун натыйжасында жергиликтүү кеңештердеги жаштардын бөлүгү же деструктивдүү күчкө айланууда, же улуу депутаттар аларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып кетүүдө.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын билими жетишсиз болгонунун натыйжасында ЖӨБ органдарынын ишинде өтө көп кыйынчылыктар бар экенин КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу да тастыктайт. ЖӨБ Союзу жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин сапаттык курамын жогорулатууга кызыкдар. Союз шайлоо мыйзамдардын талабына ылайык, анын ичинде гендердик теңдик талаптарын сактоо менен өткөрүлүшүн каалайт.

Бул маселени чечүү үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоору 2020-жылы Аялдар жана жаштар үчүн жергиликтүү кеңештин болочок депутатынын мектебин уюштурууда.

Мектепти уюштурууда Долбоордун негизги өнөктөшү – КР ЖӨБ Союзу.

Мектептин аянтчасы – Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдарынын Мыкты практикалар порталы.

Мектептин максаты – жигердүү аялдардын, анын ичинде кыз-келиндердин элеттик муниципалитеттердеги жергиликтүү кеңештерде өз потенциалын ишке ашыруусу үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү.

Кыргыз Республикасынын жараны болгон жана айылдарда жашаган 20-30 аял (28 жаштан жогору курактагылар) жана 10-20 келин (28 жашка толо электер) мектептин катышуучусу боло алышат.

Мектептин бардык материалдары мамлекеттик жана расмий (кыргыз жана орус) тилдерде даярдалат. Сабактарды, консультацияларды жана коммуникациялык байланыштарды эки тилдүү тренерлер өткөрөт.

Мектепте окуу бир нече багытта өтөт. Анын ичинде:

  • өзүнө болгон ишенимди жогорулатуу жана лидердик сапаттарды өнүктүрүү (жеке жана психологиялык көндүмдөр);
  • шайлоо процесси (жарандан талапкерге чейинки, талапкерден депутаттыкка чейинки процесс);
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жарандын мүмкүнчүлүктөрү;
  • жергиликтүү кеңештин депутатынын билими жана көндүмдөрү, анын ичинде бюджеттик процесске жана гендерге сезимтал бюджетти түзүү боюнча окуулар;
  • аярлуу топтун маселелерин чечүүгө жана адам укуктарын коргоого багытталган шайлоо алдындагы өзүнүн программасын даярдоо үчүн практикум.

Адам укуктарын коргоо, тең салмактуу өнүгүү, анын ичинде аярлуу топторду өнүктүрүү маселелерине байланышкан кырдаалда аялдар жана жаштар жергиликтүү жамаатка кандай таасир тийгизгенин баяндап берген мисалдар да окууга кошулат.

Катышуучулар жергиликтүү кеңештердин азыр иштеп жаткан ийгиликтүү депутаттарынын таржымалы менен таанышып чыгышат. Бул депутаттар өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, ишинде эмнелер шыктандырарын, депутаттыкка аттанганда кандай тоскоолдуктар болгонун, депутат болуп, комиссияны, атүгүл бюджет боюнча комиссияны жетектөө иш жүзүндө кандай болгонун айтып беришет.

Практикумдун алкагында катышуучулар шайлоо алдындагы программаны даярдоо, жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкер катары шайлоого катышуу боюнча өз ишин пландап алышат.

Мектепти бүтүрүп, үйүнө кайтып келгенден кийин катышуучулар жамаат муктаждыктарын аныктоо усулдарын колдонуп, максаттуу топ эмнелерди күтүп жатканын, айылдын көйгөйлөрүн аныктайт. Ошондой эле катышуучу шайлоо программасына кошкусу келген чараларды максаттуу топ менен талкуулап алышы керек. Мындан тышкары бул мезгилде катышуучулар шайлоо процесси маалында жардам бере турган колдоо топторун түзүшү керек. Катышуучулар Мектептин алкагында иштелип чыккан план боюнча иш алып барышат. Белгилүү бир этаптарда планга жараша алар ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун насаатчыларынан консультация алып турушат. Буга кошумча насаатчылар талапкер катары каттоо, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары иш-аракеттер боюнча консультацияларды өткөрүшөт.

Долбоор шайлоо күнү да МЕКТЕПтин катышуучулары менен туруктуу байланышты кармап турат. Ошондой эле шайлоо күнү туруктуу тажрыйба жана пикир алышуу болуп, мунун натыйжасында Мектептин өкүлдөрү, тажрыйбасы көбүрөөк, ийгиликтүү катышуучулар кеңешке муктаж болгон талапкерлерге жардам беришет. Мындай маалымат алмашуу, моралдык колдоо жана жардам кеңири колдонулган, заманбап компьютердик технологиялардын базасында уюштурулат. Мектептин катышуучулары жергиликтүү кеңештердин депутаттары катары түрдүү чөйрөдө иштеген өз кесиптештеринин тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Мыкты практикалар порталына кире алышат. Ошондой эле Мектептин катышуучуларына “Мен – жергиликтүү кеңештин депутатымын” аттуу китеп берилет. Анда практик депутаттардын эң актуалдуу суроолоруна 100дөн ашык жооптор камтылган. Депутаттар бул китепти айылдын маанилүү көйгөйлөрүн чечүү үчүн өз ишинде, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен кызматташууда колдоно алышат.

Долбоор жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу маселелери боюнча МЕКТЕПтин бардык катышуучулары үчүн окууларды (онлайн семинарларды) пландап жатат. Мында жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн пландоодо аялдардын, аярлуу топтордун муктаждыктарын жана керектөөлөрүн эсепке алууга негизги көңүл бурулат. Семинарда жергиликтүү деңгээлде пландоонун алгачкы баскычтарында эле бул топтордун керектөөлөрүнүн эсепке алынышы да маанилүү темалардын бири болот.

Жергиликтүү кеңешке шайланган, Мектептин катышуучусу болгон депутаттар семинардын соңунда өз муниципалитетинде бюджеттик процессте гендердик теңдикти камсыз кылуу үчүн иш-аракеттер планын даярдай алышат. Калган катышуучулар да гендердик теңдик эсепке алынган бюджетти кантип түзүш керек, практикада муну камсыз кылуу үчүн ЖӨБ органдары кандай иштерди жасашы керек – мына ушул багыттагы билимге ээ болушат. Ошондой эле бюджеттик каражатты бөлүштүрүп жатканда аялдардын жана аярлуу топтордун керектөөлөрү эсепке алынышы үчүн ЖӨБ органдары менен диалог түзүү боюнча өз пландарын даярдап алышат.

Долбоор Мектептин бардык катышуучуларынын консультанттар, ментор-тренерлер менен байланышын камсыз кылат. Ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайланган Мектептин катышуучуларына презентацияларды даярдоо боюнча кошумча консультацияларды берет.

Мектептин жыйынтыгы боюнча анын бүтүрүүчүлөрүнүн бери дегенде 20 пайызы жергиликтүү кеңештин депутаты болот деп күтүлүүдө. Калган 80 пайызы да жергиликтүү жамааттарда элдин күчүн бириктире алган жөндөмгө ээ болушат. Депутат болбосо да, алар бюджетти түзүү боюнча коомдук угууларга даярданууда жана катышууда же ниети окшош башка депутаттар менен, же өз алдынча жергиликтүү кеңеш менен иш алып барышат.

_______________


[1] 2020-жылы жүргүзүлгөн социалдык изилдөөнүн жыйынтыктары. Бул изилдөөнү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буюртмасы менен «Erfolg Consult» ЖЧК жүргүзгөн.

[2] ЖӨБ-2017, жыл сайын чыгуучу басылма. Өнүктүрүү саясат институту, 2018-жыл.

 

Окшош материалы: