Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүл

2012-01-31 / Актуалдуу тема

2011-жылдын 23-декабрында КРнын Жогорку Кеңешинин “КРнын Өкмөтүнүн структурасы тууралуу” N 1452-V токтому менен КРнын Өкмөтүнүн жаңы структурасы түзүлгөн.

 

2011-жылдын 23-декабрында КРнын Жогорку Кеңешинин “КРнын Өкмөтүнүн структурасы тууралуу” N 1452-V токтому менен КРнын Өкмөтүнүн жаңы структурасы түзүлгөн. Өз кезегинде 2012-жылдын 12-январында КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар тууралуу” N 12 токтомуна ылайык, КРнын Өкмөтүнүн алдында Курулуш жана аймакты өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттик түзүлдү. 2012-жылдын январында КРнын премьер-министринин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Курулуш жана аймакты өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору болуп Нарбаев Каныбек Жайчиев дайындалды. Агенттиктин структурасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча маселелерди караган,  аймакты өнүктүрүү боюнча атайын бөлүм (департамент) болоору күтүлүүдө.