Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин аткаруучу бутагы кимдин чечимдерин кабыл алыш керектиги тууралуу жарандардын пикирлери ар бир облуста ар башка. Мисалы, Талас облусунун тургундарынын көбү – 70 пайызы жергиликтүү кеңештер деп туура эсептешет. Ал эми Баткен облусунда кеңештер жогорку бийликке ээ деп эсептегендер эки эсе аз. Жарандардын басымдуу бөлүгү аткаруучу орган өз чечимдерин аткарат десе, аткаруучу органга буйрукту берүү укугуна жергиликтүү мамлекеттик администрация ээ деп эсептегендер да аз эмес.
ЖӨБ органдарынын кызматкерлерине алардын ою боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу кайсы деңгээлде иштеши керек, башкача айтканда муниципалдык кызматтар кайсы жерде көрсөтүлүшү керек деген суроо узатылды. Жооптор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маңызына төп келет – шаар жана айылдардын деңгээлинде – ЖӨБнун 83 пайыз кызматкери ушундай пикирде экендиги 4-сүрөттө жооптор аркылуу көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда ЖӨБ органдарынын ар бир онунчу кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкарууну райондун деңгээлине которууга даяр болгону, муну менен калктан муниципалдык кызматтар тууралуу түшүнүгүн ажыратууну каалаары тынчсыздандырат. Адистер мындай пикир басым саясатынын жана райондук мамлекеттик администрациянын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун үстүнөн карап турганынын кесепетинен улам пайда болду деген ойдо№
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кысымы чындыгында эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн олуттуу жана көйгөйлүү маселе бойдон калууда. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өкмөттүн өкүлдөрү катары алар тиешелүү аймактагы бардык маселелерди, анын ичинде мыйзам боюнча ЖӨБ органдарынын гана карамагына өткөрүлүп берилген жергиликтүү маанидеги маселелерди да чечүү боюнча өздөрүн жогорку бийликке ээ деп эсептешет. Мындн тышкары райондук деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик администрация ЖӨБ органдарын өзүнүн аймактык бөлүмү катары кабыл алышат. Жада калса жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчисине карата мыйзамсыз аракеттерди колдонушат, мисалы сөгүш жарыялашат. Бул болсо өтө кеңири тараган кадыресе катары кабыл алынган көрүнүшкө айланды2
Кыргыз Республикасында райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчылары мыйзамдарды, өз милдеттерин жана ыйгарым укуктарын билишпейт. Мисалы, мага, ЖӨБнун башчысы катары, ЖМАнын башчысы сөгүш жарыялады. Мен ага “сиз мени жазалай албайсыз, менин кызматым саясий, ал эми сиз менин иш берүүчүм эмессиз” деп жооп кайтардым. Бирок ЖМАнын башчылары дайыма эле бизге сөгүш жарыялаганга аракет жасай беришет. Менин ишенимимде мен жергиликтүү жамаатка жана жергиликтүү кеңешке гана отчет беришим керек. Эгерде ЖМАнын башчысы менин кемчиликтеримди же каталарымды кандайдыр бир жол менен көрсөткүсү келсе, ал бул тууралуу жергиликтүү кеңешке маалымдашы керек, бул маселени депутаттар карайт. Же ыйгарым укуктуу органга, прокуратурага кайрылсын. Бирок ал өзү түздөн түз мага басым жасабашы керек, мен анын кол алдындагы кызматкери эмесмин. Бирок бул менин жеке позициям, менин бардык эле кесиптештерим - ЖӨБнун башчылары – акимдердин кысымына туруштук бере албайт. Көпчүлүк бул сөгүштөрдү унчукпай эле кабыл алат. Мына ошентип жашап келатабыз: чечимдердин жакшы үлгүсүн көрсөтө ала турган жана көрсөтүүгө милдеттүү болгон ЖМАнын башчысы өзү мыйзамдарды билбегенин, аларды четке какканын билдирүүдө.
ЖӨБнун мурдагы башчысы менен маектен
Жериликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын ушундай жол менен баш ийдирүүдө төмөнкү нерсе чоң ролду ойнойт: ЖӨБ органдарынын башчылары ар кандай ыйгарым укуктардын негизинде түрдүү аудиториялардын алдында отчет берет: мамлекеттик, өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар жана аралаш боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, өз милдеттери боюнча жамаатка. Бирок 2010-жылдагы Конституциялык реформага карабастан ЖӨБ тууралуу жаңы мыйзамда сакталып калган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчилерин дайындоо системасы жергиликтүү мамлекеттик система тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкарууга кысым жасоо үчүн кошумча аракеттерди түзүп жатат.
Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчилери жергиликтүү жамаат алдында гана чыныгы отчет бере турган болсо, ЖӨБнун эффективдүү иштөөсүнө бут тосуп жаткан саясий автономиядагы бир топ кемчиликтер жоюлмак. Мында же жергиликтүү кеңештер депутаттар тарабынан шайланышы керек, же түздөн түз шайланышы керек. Башкача айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчиси кандай жол менен өз кызматына жетсе, бийликтин булагы кимде болсо, отчеттуулук да, аны менен бул жетекчинин эффективдүү иши да көз каранды болмок. Андыктан акыркы жылдары ЖӨБ системасынын алдында бир суроо курч турат: шайлообу, же дайындообу?
Өлкө жарандары негизинен шайлоо жолун колдошууда – жалпысынан 76 пайызы, алардын 60 пайызы шайлоо түз болушу керектигин айтса, 16 пайызы кыйыр түрдө, жергиликтүү кеңештердин депутаттары аркылуу өтүшүн каалайт. Сурамжылоого катышкандардын 20 пайызы гана ЖӨБнун башчыларын мамлекеттик органдар дайындашы керек деп эсептешет. Облустарды салыштыра келгенде да окшош. Болгону Баткен жана Чүй облустарынын тургундары өзгөчөлөндү: Баткендин тургундарынын 30 пайызы шайлоо жергиликтүү кеңештер аркылуу өтсүн десе, Чүй облусунун тургундарынын 30 пайызы мамлекеттик органдар тарабынан дайындалышы керек дейт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун саясий дараметине баа берүүнү жыйынтыктап жатып, калк жергиликтүү өз алдынча башкаруудан көбүрөөк саясий өз алдынчалуулукту, жергиликтүү маанидеги маселелерди дагы да эффективдүү чечүү үчүн саясий автономияны күчөтүүнү күтүп жатканын белгилей кетүү зарыл. Өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чоң саясий автономияга толугу менен даяр эместигин айтышат, алар жарандардын талаптарын канааттандыруу үчүн жергиликтүү жамааттын алдында отчеттуулукту күчтөндүрүүгө муктаж. Мунун бардыгы ЖӨБнун деңгээлинде мамлекеттин, жада калса жергиликтүү мамлекеттик администрациянын катышуусуз, чыныгы шайлоо системасына кайтуу чечимине түртүп жатат. Шайлоонун формасы болсо жамааттан көз каранды.
Борбордон алыстатуу стратегиясын иштеп чыгууда өзгөчө көңүлдү Баткен облусуна буруу зарыл. Анткени бул жактагы калктын басымдуу бөлүгүндө бийликти диний лидерлерге берип койо турган адамдарга карматуу маанайы байкалат.
Эгерде биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талап кылынган саясий автономияга ээ болгонун элестетсек, анда суроо жаралат: алар муниципалитетти көз карандысыз башкарууга, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүүгө даярбы? Бул тууралуу “Муниципалитет” журналынын жаңы санында окуңуз.