Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көңүл бур, Кыргызстан!

2012-01-31 / Актуалдуу тема

2011-жылдын этегинде Танзаниянын борбору Дар-Эс-Салам шаарында бюджеттик айкындуулук, отчеттуулук жана жарандардын бюджеттик процесске катышуусунун Башкы Ассамблеясы өттү.

 

2011-жылдын этегинде Танзаниянын борбору Дар-Эс-Салам шаарында бюджеттик айкындуулук, отчеттуулук жана жарандардын бюджеттик процесске катышуусунун Башкы Ассамблеясы өттү. Форумга 56 өлкөдөн жана 12 эл аралык уюмдан 100гө жакын адам катышты. Алар Бюджеттик процесстеги айкындуулук, отчеттуулук жана коомдук катышуу тууралуу Декларацияга кол койду. 
 
Өнүктүрүү саясат институту жарандык коомдогу бардык уюмдардын, ошондой эле улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги башкаруу органдарынын көңүлүн Дар-Эс-Салам Декларациясына буруу зарылдыгын белгилейт. Анткени документте бюджеттик маалыматты ачуу жаатында мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандык коомдун кызматташуусунун маанилүү жана актуалдуу принциптерин  камтыйт.
 
Бул Декларация Кыргызстан үчүн өз убагында түзүлгөн документ болуп калды. Анткени акыркы учурда өлкөдө коомчулук мамлекеттик жана муниципалдык каржынын кандай башкарылып жатканына көңул бурууда, бюджеттин айкындуулугун талап кылган демилгелер күчөөдө. Коомдун алдыңкы катмары бюджеттик процесске катышуусунун жана коомдук каражатты чыгымдоону көзөмөлдөөнүн маанисин сезе баштады. Декларацияда көрсөтүлгөн принциптер бул иште туура багыт алууга жардам берет. 
 
Ушул тапта Декларация интернетте төмөнкү даректе сакталган: 
 
http://www.makebudgetspublic.org 
 
жана аны физикалык да, юридикалык да тараптар ала алат.
 
Өнүктүрүү саясат институту бюджеттик айкындуулугуна, коомдук каражатты акыйкат жана эффективдүү башкарууга кызыкдар болгондорду Декларацияга кошулууга чакырат. Анткени документте көрсөтүлгөн принциптерге канчалык көп жарандар жана уюмдар колдоосун билдирсе, ошончолук анын саясий салмагы артат жана бюджеттик маалыматты ачыкка чыгаруу процессинде өкмөткө жана башкаруу органдарына таасири ошончолук күчтүү болот.