Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Президент Садыр ЖАПАРОВ “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлады. ӨСИ жеңүүчүлөрдү жана консультанттар тобун куттуктайт!

2021-06-01 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Президент Садыр ЖАПАРОВ “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлады. ӨСИ жеңүүчүлөрдү жана консультанттар тобун куттуктайт!

Бул макаланы даярдап жатканда http://www.president.kg сайтындагы материалдар колдонулду.

2019-2020-жылдар аралыгында Өнүктүрүү саясат институтунун консультанттары шаарларга жаштар менен диалог түзүүгө, ири көлөмдөгү документтерди даярдоого жана конкурстун татаал жол-жоболорунан өтүүгө жардам беришти. Сыйлык тапшыруу аземи 2021-жылдын 28-апрелинде өттү. 

Сыйлык тапшыруу аземине БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонния ОЖИЕЛО жана ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин ЖОЛЬМ катышты. ЮНИСЕФ тарабынан демилгеленип, Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен эки жылда бир өткөрүлчү “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” улуттук конкурсуна Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Нарын, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Исфана болуп жалпысы 18 шаар катышты.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча:

  • Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары биринчи орунду ээлеп, 3 миллион сомдук байгени жеңип алды;
  • Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары экинчи орунду алып, 2 миллион сом байгеге ээ болду;
  • Баткен облусунун Баткен шаары үчүнчү орунду ээлеп, 1 миллион сомдук байгени камсыз кылды.

Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү баалоо боюнча эң жогорку упайды топтогон он шаар “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” наамын алышты. Тизмеге жеңүүчүлөрдөн сырткары Кадамжай, Токмок, Нарын, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Ош жана Каракол шаарлары кирген.

Шаарларды баалоо үчүн деталдуу баалоо ыкмасы  иштелип чыккан. 26 көрсөткүчтөн сырткары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте кыйла сапаттуу маалыматтарды топтоо боюнча изилдөө жүргүзүшкөн.

Комиссия бардык чогултулган далилдерди, баяндамаларды жана ар кайсыл муниципалитеттер берген документтерди пайдаланып,  акыркы чечимин кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” улуттук сынагына катышкан шаарлардын активдүү жаштары менен жолугушту. Мамлекет башчы эбегейсиз социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалга ээ жаштар азыркы учурда мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу экендигин өзгөчө белгиледи. Жаштарды экономикалык өсүштүн жана муундардын бакубаттуулугун камсыздоочу эң баалуу кадрдык ресурс катары караса болоруна токтолду. Садыр Жапаров “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” улуттук конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырып, жаштардын ар кандай тематикадагы, кызыктырган суроолоруна жооп берди. Алардын өлкөнүн өнүгүүсү боюнча каалоо-тилектери менен сунуштарын укту. Президент Садыр Жапаров ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, аймактардагы жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча уюмдардын ролу жана жаңы Конституциянын жаңы муунга тийгизген таасири, ички туризмди өнүктүрүү үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү зарылдыгы, коронавирус инфекциясынын пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошкон ыктыярчылардын статусун мыйзамдык жактан бекемдөө, саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүү ж. б. боюнча суроолорго жооп берди.

Өнүктүрүү саясат институту эки жылдан бери шаарларга бул конкурска даярданып, аларды жаштар менен иштөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп келген консультанттар тобун чын дили менен куттуктайт. “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” Долбоорунун менеджери Айнура ЖУНУШАЛИЕВАны, долбоордун консультанттары Жылдыз КЕРИМОВАны, Мирлан МОЛДОБЕКОВду, долбоордун коммуникация боюнча эксперти Гузель ЖАНАЛИЕВАны куттуктайбыз. Дал ушул долбоордун командасынын күчү менен 18 шаар конкурска катыша алды. Долбоордун башында шаарлардын көбү атайын жергиликтүү жаштар саясатын киргизүүнүн маанилүүлүгүн толук түшүнбөй жатышкан. Бирок көптөгөн шаарларда эки жылдык тыгыз кызматташтыктан кийин балдар жана жаштар менен иштөө саясаты экинчи пландагы социалдык маселелер эмес, шаар бийлигинин артыкчылыктуу багыты болуп калганын команда өзүнүн негизги жетишкендиги деп эсептейт.

“Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” Долбоорунун менеджери Айнура ЖУНУШАЛИЕВА: “Биз үчүн эң маанилүү жана баалуу сабак – бул Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарга жана жаштарга карата чындыгында достук мамиле түзө алаарын түшүнүү болду. ЖӨБ органдарынын алдында көптөгөн милдеттер турат жана мэриялардын артыкчылыктуу маселелерди иргеп алуусу көйгөйгө айланат. Артыкчылыктар аныкталганда, ЖӨБ органдары өз максаттарына жетиши оңой болот. Биздин милдет мэрияларга өспүрүмдөрдү жана жаштарды шаардын саясатынын артыкчылыгы катары кароого жардам берүү болчу. Долбоор шаарлардын иш-аракеттери формалдуу, “кожо көзүнө” болбой, “достук көрсөткүчтөрүнө” жетише алган реалдуу жыйынтыктарга алып келүү үчүн күч-аракет жумшады. Эң көрүнүктүү жыйынтык, менин оюмча, балдар жана жаштар мэриялардын максаттуу аудиториясына айланды. Көптөгөн мэриялар онлайн сурамжылоолор аркылуу топтолгон өспүрүмдөрдүн пикирин пландаштыруу процессине киргизүүгө аракет кылышкан. Буга чейин көпчүлүк шаарларда ушундай масштабдагы жаштарды сурамжылоо боюнча мындай иш-чаралар болуп көргөн эмес. Мэрия жаштарга өнүгүү үчүн жакшы шарттарды түзүп берип, ал эми жаштар ага жооп кайтарып активдешип, өз шаарын өнүктүрүүгө салымын кошо баштаган жакшы мисалдар аз эмес. Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаардын маңызы мына ушунда – балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шарттар жаштарды өз күч-аракети менен шаарды андан ары өнүктүрүүгө түрткү берет”.

“Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” Долбоорунун консультанты Жылдыз КЕРИМОВА: “Конкурстук документтерди даярдоодо шаарларга консультация берүү процесси өтө кызуу өттү, айрыкча конкурстун аяктарына аз калганда бул абдан байкалды. Дээрлик бардык негизги документтер үчүн шаблондорду даярдадык, анын ичинде мэрдин балдар жана жаштар менен иштөө планынын шаблону, мамлекеттик социалдык заказ программасынын шаблону, балдарга жана жаштарга байланыштуу маселелерди социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына (мындан ары – СЭӨП)  киргизүү боюнча отчеттун шаблону бар, кылмыштуулук, балдардын жана жаштардын саны, аялдарга каршы кылмыштуулук, билим берүү боюнча статистикалык маалыматтарды тариздөөнүн шаблону, Калкка укуктук консультация берүү боюнча типтүү жобо жана башкалар бар. Мындан тышкары, биз конкурска катышуу үчүн негизги документтин – балдар жана жаштардын абалы жөнүндө баяндаманын шаблонун даярдадык, анын ичинде балдар жана жаштар арасында жүргүзүлгөн онлайн сурамжылоонун маалыматтары да камтылган.

Айрым шаарлар жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүнө ишенишкен жок, өздөрүн жеңилген деп эсептешти жана биз аларды жеңиш эмес, балдар жана жаштар менен мамиле түзүү жана иш алып баруу андан да маанилүү болгонуна ынандырып, аларды конкурска “тартып” эле келдик. Көптөгөн шаардык ЖӨБ органдары үчүн, чындыгында, жаштар менен иш алып баруу маанилүү болуп калды, бирок алар жеңишке жетпесе да, күтүлбөгөн жерден рейтингде жакшы орундарды ээлешти.

Акыры жеңүүчү болгон шаарларга сапаттуу өтүнмөлөрдү даярдоодо жардам берүү үчүн көп күч-аракет жумшалды – алардын СЭӨПсын толуктадык, иш-чараларды даярдап, өткөрдүк, маалыматтарды топтодук, документтерди даярдадык – мунун баарын чогуу жасадык. Мен шаарларды конкурска катышууга даярдоо боюнча бардык чоң иш-чаралар конкурстун алкагынан чыгып, шаардык ЖӨБ органдарынын балдар жана жаштар менен активдүү өз ара аракеттенүү практикасы шаарларда туруктуу практикага айланат деп ишенгим келет”.

“Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” Долбоорунун консультанты Мирлан МОЛДОБЕКОВ: “Балдардын жана жаштардын муктаждыктары биз иштешкен муниципалитеттердин социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына (мындан ары – СЭӨП) киргизилгендиги кубандырат. Бирок бул үчүн айрым кыйынчылыктардан өтүүгө туура келди. Биринчиден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иштей турган максаттуу жана маанилүү аудитория катары балдардын жана жаштардын пикирин изилдөө механизмдеринин, аларды жергиликтүү өз алдынча башкарууга тартуунун аспаптарынын жоктугу көйгөй болду. Биз кыска мөөнөттүн ичинде ЖӨБ органдарына баарлашуу жана чечим кабыл алуу үчүн балдар менен жаштардын пикирлерин эске алуу менен туруктуу ачык инновациялык инструменттерди практикада колдонууга жардам бердик. Биз мектеп парламенттери менен биргеликте бир топ иштерди жасадык, СЭӨПда балдар менен жаштардын муктаждыктары жана кызыкчылыктары камтылганын билүү үчүн алар менен чогуу шаарлардын СЭӨПсы менен таанышып чыктык. Жергиликтүү бюджеттерде  балдардын жана жаштардын кызыкчылыктарын эсепке алууну жакшыртууга бут тоскон тоскоолдуктарды мэриялар менен чогуу жеңгенге аргасыз болду. Мындай тоскоолдуктардын арасында бюджеттик пландоонун начардыгы, балдарга жумшалуучу каражаттар тууралуу маалыматтын жетишсиздиги, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр өңдүү тармактардагы муктаждыктарга финансы каражаттарын жетишсиз же бирдей эмес бөлүү ж.б. Максаттуу аудиториянын – балдардын жана жаштардын жүрүм-турумунда да байкалаарлык өзгөрүүлөр болду. Көпчүлүк мектеп окуучулары балдарга жана жаштарга байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү процессинде мугалимдер менен да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен да жакшы байланыш түзүлө баштаганын белгилешти. Алар артыкчылыктарды аныктоо, пландаштыруу жана чечимдерди кабыл алууга катышуу боюнча көндүмдөргө ээ болуп, өздөрүн жергиликтүү жамааттын бир бөлүгү катары сезе башташты”.

“Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар” Долбоорунун байланыш боюнча эксперти Гузель ЖАНАЛИЕВА: “Конкурска даярдануу учурунда шаарларда маалымат алмашуу үчүн бирдиктүү аянтча болгон эмес, көпчүлүгү кошуналар эмне кылып жатышканын, жаштар менен иштөөдө кандай ыкмаларды колдонсо болорун билбестен “сыйпалап” эле иш алып барышкан. ӨСИ “Инстаграмда” баракча ачып, анда мэрия жетекчилеринин айткандарын,  жаштардын пикирин, иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды сүрөт жана видео материалдар менен чогуу жарыялай баштады (https://www.instagram.com/p/B7h32Ghg7ns/). Бул конкурстун катышуучуларына атаандаштар эмне кылып жаткандыгын билүүгө, иш-чаралардын топтомун байытууга жардам берди. Ар кандай шаарлардан келген жаштар топторунун ортосунда горизонталдык байланыштын пайда болушу, жаштар конференциялары жана форумдары өткөрүлүп турушу маанилүү. Онлайн режиминде жаштар арасында сурамжылоо жүргүзүү үчүн шаарларды окутуу максатында көп күч-аракет талап кылынган, бирок бул атаандаш шаарларга жаштардын күтүүлөрүн жана муктаждыктарын түшүнүүгө чоң жардам берди. Биз убакыт менен эсептешкен жокпуз, күнү-түнү жана аптасына жети күн бою техникалык колдоо көрсөттүк, бирок биз мэриянын колдоосу менен жаштарга эс алуу, коопсуздук чөйрөлөрүндөгү муктаждыктарына, шаар бийлигинин ишине байланыштуу суроолоруна жоопторду алып бергенибизге сыймыктанабыз. Жаштардын демилгелүү топтору менен иштешип, алардын энергиясына жана чыгармачыл идеялардын көптүгүнө таң калдык, биз өзүбүз да позитивдүү күч-кубатка ээ болдук”.

 

Окшош материалы: