Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бардыгы үчүн сейил бактар! Бишкекте Жашыл Upgrade 2021 Форуму өттү

2021-06-01 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Бардыгы үчүн сейил бактар! Бишкекте Жашыл Upgrade 2021 Форуму өттү

Бул макалада https://soros.kg/ сайтынан алынган материалдар колдонулду.

2021-жылдын 22-апрелинде Жер күнүндө, бейөкмөт уюмдар, Бишкек шаарынын коомчулугу мэриянын жана шаардык кеңештин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн форумга чогулуп, Бишкекте жашыл аянтчалардын келечеги бар же жок экендигин жана эгер шаарлардын “жашыл өпкөсүн” сактап калуу үчүн чукул чаралар көрүлбөсө борбор калааны кандай келечек күтүп тургандыгын талкуулашты. Социалдык жана экологиялык теңсиздик маселеси “Бардыгы үчүн сейил бактар!” темасы менен өткөн “Жашыл Upgrade 2021” Жылдык шаардык форум маалында көтөрүлдү. Иш-чараны “Арча демилгеси” Коомдук фонду “МувГрин” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө, “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен уюштурган. Өнүктүрүү саясат институту жашыл аянттарды коргоого жарандардын катышуусу боюнча өз сунуштарын даярдады.

Жакынкы келечекте Бишкек шаары жашылдандыруусуз калышы мүмкүн. Жашыл зоналар үчүн каралган аймактардын көпчүлүгүнө курулуштар түшүп, ал эми жолдор унаалар жана алардын ээлеринин ыӊгайлуулугу үчүн кеӊейтилүүдө. Ошондуктан жарандар кышында ыштан деми кысылып, жайында болсо чаңдан жана күндүн ысыгынан кыйналышат. “Арча демилгелери” КФ эксперттеринин айтымында, алты жылдын ичинде жарандар жашылдандырууга арналган аймактын 40% жоготушту. “Арча демилгелери” КФнын 2020-жылы жүргүзгөн изилдөөсү көрсөткөндөй, борбор шаардын аймагында жашаган 63% бишкектиктер үчүн жөө жүрүүчү (500 метрден аз) жашылдандыруу зоналары жеткиликсиз, бул коопсуз айлана-чөйрөнүн шарттарында убакыт өткөрүү мүмкүндүгүнүн жокутугуна алып келет, натыйжада Бишкекте социалдык-экологиялык теӊсиздикти түзөт.

Спикерлердин баяндамалары Бишкекте жашыл зоналардын жеткиликтүүлүгүн, бак-дарактарды отургузуунун экономикалык пайдасы, жашыл зоналардын санитардык-коргоочулук ролу, майыптуулугу бар жарандар үчүн жашыл аймактардын жеткиликтүүлүгү, жашылдандыруу маселесине жарандык катышуу механимдерин, жарандардын гүлбакчаларды куруу мүмкүндүктөрүн, ошондой эле жашылдандыруу ченемдерин кошкондо, ар түрдүү теманы камтыды. 

Шаар чөйрөсүнүн шарттарында жашыл аймактар температураны төмөндөтүү, абаны нымдаштыруу жана жел согуу, абаны булгоочулардан тазалоо, башаламан булганууну азайтуу менен жарандардын жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон конституциялык укугун камсыз кылат. “Арча демилгеси” коомдук фондунун аткаруучу директору Дмитрий ВЕТОШКИНдин айтымында, бир нече жумадан кийин биз кайрадан чаӊдан кыйналабыз, ал эми жашыл бак-дарактар адамдарды чаӊдан жана башаламан булгануудан коргойт. Дмитрий айткандай, бак-дарактар ошондой эле желдин согуп турушун, биздин шаардын шамалдап турушун камсыздайт. Ал ошондой эле коронавирус пандемиясы мезгилинде гүлбакчалардын маанилүүлүгүн белгиледи: “Бишкектин аймагынын 60% бак-дарак отургузуудан ажырады. Карантин учурунда жарандар үчүн гүлбакчалар гана кыйла коопсуз мейкиндик болду. Биз гүлбакчага чейин коомдук транспорт менен барууга тийиш эмеспиз, бир нече мүнөттө жетүүгө мүмкүн болгон гүлбакчалар ар бир райондо болууга тийиш. Биздин балдар тышта сейилдебей жана короодо ойнобой калышты, алар үйдө отурушат; биз жөө баспай калдык жана унаанын эшигине чейин жетебиз, таксиге отурабыз жана андан ары кетебиз. Ошонуктан жашыл зоналар аз болуп калды”. Анын пикиринде шаарда сугат системасы иштебейт, бардык жашыл аймактар жаан-чачын аркылуу сугарылат.

“Сорос-Кыргызстан” фондунун аткаруучу директору Шамиль ИБРАГИМОВ бак-дарактарды отургузуунун экономикалык пайдалуулугу темасын көтөрдү: “Чечим кабыл алган адамдар шаарды бизнестин жана экономикалык пайданын көз карашында кабыл алышат. Гүлбакчалар дагы алар үчүн пайдалуу салым болуп саналат. Бирок бак-дарактар жарандарды ар түрдүү оорулардын өрчүшүнөн сактоо менен саламаттык сактоо системасына болгон жүктөмдү азайтат. Жашыл зоналар агрессиянын жана кылмыштуулуктун деӊгээлин төмөндөтөт. Бак-дарактар – менталдык агрессия көйгөйүн чечүүнүн эң оңой ыкмасы. Жашылдандыруу абдан күчтүү экономикалы капиталга ээ”.

“Арча демилгеси” коомдук фондунун билим берүү программаларынын координатору Дмитрий ПЕРЕЯСЛАВСКИЙдин айтымында, Бишкек Башкы архитектурасынын планында абдан көп жашыл зоналар бар, чындыгында бул аймактардын көпчүлүк бөлүгү май куюучу жайларды кошкондо ар кандай объекттерди курууга берилип кеткен. Дмитрий шаарды шаардык райондор жана жаӊы конуштар деп бөлбөөнү, бардык зоналарды жалпы шаардык деп кабыл алууну сунуштайт: “Бул маселе социалдык-экологиялык теӊсиздик, ар бир жаран кадам сайын жашыл зоналарга укуктуу”.

Ошондой эле форумда эпидемиолог, медицина илимдеринин кандидаты Алексей КРАВЦОВ чыгып сүйлөп, жашыл зоналардын стресстин деӊгээлин төмөндөтүүгө тийгизген таасири тууралуу теманы көтөрдү: “Жашыл зоналар биздин психисоматикалык абалыбызга жагымдуу пайдасын тийгизет. Шаар чөйрөсүндө биз көбүрөөк стресске түшөбүз, ал тургай жарык булгануудан да. Стресс организмдин каршы туруу деӊгээлин төмөндөтөт жана андан ооруй баштайбыз”.

ӨСИнин башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА активисттерди, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн жана кайдыгер эмес шаардыктарды жашыл аянттарды коргоо маселесине кыйла натыйжалуу мамиле жасоо үчүн жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун мыйзамда белгиленген мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга чакырды. “Мыкты жыйынтыктарга жетүү үчүн ЖӨБ органдары менен иштөөдө мыйзамдарда белгиленген талаптарга жана буга чейин сүрөттөлгөн механизмдерге кайрылуу керек. ӨСИ тиешелүү иш-аракеттердин жана иш-чаралардын жыйнагын сунуш кылат, алардын аткарылышын мэриядан жана кеңештен жогорку ыктымалдуулук менен күтүүгө болот, анткени бул “күтүлбөгөн жерден пайда болгон” сунуштар эмес, ЖӨБ органдарынын жарандар менен өз ара аракеттенүү формалары мыйзамда белгиленген.

Парктар жана жашылдандыруу боюнча бөлүмдү камтыган Бишкектин уставын даярдап кабыл алса болот, ага жергиликтүү жамааттын жүрүм-турум эрежелерин да, ЖӨБ органдарына коюлган талаптарды да киргизсе болот.

Шаардык кеңештин алдында жашылдандыруу маселелери боюнча биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү пайдалуу болмок (мисалы, жаңы объектилерди жашылдандыруу боюнча курулушчулар менен подрядчылардын ортосундагы байланыштын сакталышына мониторинг жүргүзүү). Шаардык кеңеш ушул биргелешкен мониторингдин жыйынтыгынын расмий буйрутмачысы болуп, топтун отчетторун угуп, алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алганы өтө маанилүү. Бул топ, мисалы, жашыл аянттарды калыбына келтирбей кыйратып жаткан курулушчулардын  жана подрядчылардын “кара тизмесин” түзө алмак. Кеңеш өз ыйгарым укуктарында аларды жазалоо мүмкүнчүлүгүн таппаса да, “кара тизмеге” кирүү фактысынын өзү эле натыйжасын берет, анткени эч ким коомдук айыптоонун күчүн жокко чыгара албайт.

Бишкек жергиликтүү бюджеттин эсебинен жергиликтүү демилгелерди каржылоонун механизмин киргизиши керек – калктын топторунун арасында жашылдандыруу боюнча долбоорлорудун конкурсун өткөрсө болот. Жашыл аянтчалардын жетишсиздиги маселеси өзгөчө курч турган жерлерди, шаардын айрым райондорун жана аймактарын, мисалы, кээ бир жаңы конуштарды тандап алса болот.

Демилгелүү (биргелешкен) бюджеттин киргизилиши кийинки кадам болушу мүмкүн (бул форма мыйзамдарда жок болсо да, аны өзгөчө шаарларда киргизүү күндүн талабы болуп турат). Бул форма муниципалитетке артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо үчүн тандап алуу максатында жарандардын добуш берүүсүн уюштурууга мүмкүндүк берет. Кайсы долбоор жеңип чыгары – бульвардагы таманташтарды алмаштыруу же сейил бакка көчөттөрдү отургузуу болобу бул азырынча белгисиз.

Жарандар укуктары жөнүндө көбүрөөк билип, аларды жигердүү колдонушу керек. Мисалы, шаардын бюджетине жашылдандыруу боюнча сунуштарды берүү үчүн шаардык мэриядан Жарандык бюджетти жана бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү талап кылууга тийиш.

Ошондой эле жарандарга Бишкек шаарынын “жашыл” келечегин камсыз кылган жергиликтүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун сунуштоого мүмкүндүк берген ченем жаратуу демилгесинин механизми бар, бирок азырынча ал көп колдонулбай жатат.

Шаарга кандай бак-дарактар ​​керек?

Шаардык айлана-чөйрө үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жөндөмдүү бак-дарактар керек: дарактардын башы кенен болуп, жалбырактуу болууга тийиш. Мындай өсүмдүктөр өтө көп өлчөмдө ным чыгарып, абаны муздатып, мүмкүн болушунча көбүрөөк көлөкө берип турат. Жалбырактардын эсебинен (көбүнчө одуракай жана жабышчаак) алар чаңды сактап, абаны зыяндуу газдардан тазалап турушат.

Шаардык чөйрөгө ылайыкташтырылган бак-дарактар зарыл: алар топурактын убактылуу кургап кетишине чыдап, чаңга, зыяндуу газдарга, күйгөн күнгө, начар топурактарга туруштук бере алат.

Көп жылдар бою өскөн, шамал менен карга туруштук берген бак-дарактар керек: салыштырмалуу узак жашаган, шаардык ландшафттын элементинин узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыз кылган дарактар зарыл. Мындай бак-дарактар ​​биологиялык өзгөчөлүктөрүнүн жана туура кам көрүүнүн аркасында көп жылдар бою шаардын экологиялык коопсуздугун камсыздай алышат.

Кандай көчөттөр керек?

Окшош материалы: