Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бюджеттик процесстеги айкындуулук, отчеттуулук жана коомдук катышуу тууралуу Дар-Эс-Салам Декларациясы

2012-01-31 / Актуалдуу тема

Акыркы он беш жылда биз мамлекеттик бюджеттердин айкындуулугун арттыруу жана коомчулукту бардык деңгээлдеги бюджеттик процесстерге тартууну камсыздоо үчүн окудук, иштедик жана күрөштүк.

 

Биз кимбиз?
Биз – жарандардын катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздаган ачык-айкын мамлекеттик бюджет жана бюджеттик процесстер адамдын бардык укуктарын – жарандык, социалдык, экономикалык, маданий жана ыңгайлуу айлана чөйрөгө укугун ишке ашыруу үчүн өзгөчө маанилүү деп эсептеген, бул ишеним бүт дүйнөдөгү пикирлештердин башын бириктирген жарандарбыз жана жарандык коомдун уюмдарбыз.
 
Акыркы он беш жылда биз мамлекеттик бюджеттердин айкындуулугун арттыруу жана коомчулукту бардык деңгээлдеги бюджеттик процесстерге тартууну камсыздоо үчүн окудук, иштедик жана күрөштүк. Биз жарандык коомдун катышуусу бюджеттик процесстин, кабыл алынган чечимдердин жана жетишилген натыйжалардын сапатын бир кыйла жакшыртаарын, бул болсо адамдардын жашоосун бир топ жакшы жагына өзгөртөөрүн далилдедик. 
 
Биздин глобалдык кыймылдын баалуулуктары
 
Мамлекеттик бюджеттер жарандардын төлөдөрүнүн, ошондой эле мамлекеттик активдерден түшкөн пайданын эсебинен түзүлөт. Ушундан улам биздин кыймылдын негизги прицибине ылайык, мамлекеттик бюджет жаатында чечим кабыл алуу процессине катышуу бардык жарандардын фундаменталдык укугу жана милдети деп эсептелет. 
 
Биз социалдык теңдикти, калктын өзгөчө аярлуу тобунун укуктарын жана ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү ар бир аракетибизде теңдик принцибине таянуу менен ишке ашыруу үчүн аракеттенип келебиз. 
 
Биз өз ара ынтымак жана теңдик прициптерин карманып, касталык, расалык, диний, этникалык, жыныс арасында бөлбөйбүз.
 
Биз буга чейин топтогон жамааттык тажрыйбабыз тууралуу ачык айтып, ар тараптуу жана ийкемдүү болгонубузга сыймыктанабыз. Биз көрсөткөн жана колдогон демилгелер биздин тажрыйбабызга негизделген жана конкреттүү ар бир кырдаал үчүн өзгөчөлүк каралган. 
 
Биз кыймылдын бардык мүчөлөрү арасында горизонталдык кызматташтыкты баалайбыз жана өнүктүрөбүз. 
 
Биз өз кыймылыбызда акыйкаттыктын жогорку стандарттарын сактоого сөз беребиз жана саясий партиялардан, өкмөттөн, эл аралык уюмдардан, ММКдан жана бизнестен көз карандысыз болгонубузду жарыялайбыз. 
 
Биз дүйнө жүзүндө бюджеттик процесстин айкындуулугу, отчеттуулугу жана коомдук катышууну жайылтууга учур келгенине терең ишенебиз. Бул максатта биз бирдиктүү көз караштын, бирдиктүү принциптердин, так талаптардын жана чогуу аракеттенүүлөрдүн программаларынын айланасында биригип жатабыз.
 
Биз көргүбүз келген дүйнө
 
Адатта жарандар жана өзгөчө калктын эң аярлуу катмарынын өкүлдөрү мамлекеттик бюджет тармагында чечим кабыл алуу процессинен четте калып келет. Биздин баамыбызда, мындай көрүнүштү өзгөртүү зарыл жана мүмкүн. Бул үчүн төмөнкү негизги принциптерге таянуу керек:
 
– Мамлекеттик бюджеттер ачык-айкын болуш керек. Бул демек мамлекеттик каражаттар кантип түзүлөөрү, бөлүштүрүлөөрү, чыгымдалаары жана эсептелээри тууралуу маалымат өз убагында кеңири коомчулукка толук деңгээлде жетип турушу керек.
 
– Бюджеттик процесстер инклюзивдүү болушу керек, башкача айтканда бардык жарандарга мамлекеттик каражат тууралуу маалымат алуу укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берип, аларды мамлекеттик каражатты түзүү, бөлүштүрүү жана башкаруу тууралуу чечим кабыл алуу процессине катыштырып, чечимдерге таасир этиши керек.
 
– Бюджеттер жакырчылык менен күрөшүү жана социалдык теңдикке жетүү үчүн эффективдүү, натыйжалуу жана акыйкат түзүлүш керек жана чыгымдалыш керек.
 
– Бюджеттик маалымат так болушу шарт жана белгилүү коомдук баалоолорго негизделиши керек. Ал мамлекеттик каражаттардын мурда белгиленген артыкчылыктуу багыттары боюнча чыгымдалышы керек, муну менен коррупция жана эффективдүү эмес башкарууга жол бербеши зарыл.
 
– Бюджеттер толук болушу керек – анда кайдан чыкканына карабастан мамлекеттин кирешеси жана чыгашасы, анын ичинде эл аралык жардамдар, жарым жартылай мамлекеттик фонддор, ошондой эле тышкы жана ички карыздар камтылышы шарт.
 
– Бюджеттер туруктуу болушу керек: алар мамлекеттик каражатты узак мөөнөттүү пландар үчүн, учурдагы жана келечектеги муунга пайдалуу долбоорлор үчүн колдонууну камсыздаш керек.
 
– Бюджеттердин аткарылышы тууралуу отчеттор өз убагында жана кечиктирилбестен өкмөттөгү бардын деңгээлдерде берилип турушу керек.
 
– Бюджеттерге дайыма мониторинг, көзөмөл жүргүзүлүп, алар мыйзам чыгаруучу бийлик, ички жана тышкы аудит органдары, ММК жана жарандар алдында жооптуу болушу керек.
 
Биз чакырабыз:
 
Бардык өкмөттөр –    улуттук жана регионалдык:
 
Маалымат алуу, анын ичинде бюджеттик маалымат алуу укугун таануу; мыйзамдын негизинде муну бекитүү, ишке киргизүү жана анын аткарылышын камсыздоо.
 
– Жарандарды жана башка кызыкдар тараптарды, анын ичинде жарым-жартылай мамлекеттик фонддорду, салыксыз төлөмдөрдүн эсебинен түзүлгөн фонддорду бюджеттик артыкчылыктарды аныктоо ишине активдүү тартуу.
 
– Өзөктүү бюджеттик бери дегенде сегиз документти өз убагында жарыялоо жана коомдо талкуулоо: бюджетке чейинки арыздар, аткаруучу бийлик тарабынан сунушталган бюджеттин долбоору, жарандык бюджет, бюджеттин аткарылышы тууралуу учурдагы отчеттор, жарым жылдык отчет, жылдык отчет, андан тышкары аудитордук отчет.
 
– Мамлекеттик финансы каражаттар жана мамлекеттик финансы институттар, анын ичинде формалдуу түрдө бюджеттик процесстин тышында деп эсептелгендер тууралуу ар тараптуу отчет берүү.
 
– Бюджеттик документацияга жана бюджеттик процесстерге мамлекеттик салык жана экономикалык саясатты ишке ашыруу үчүн колдонулган бардык ресурстарды (алар кайдан чыкканына карабастан) киргизүү.
 
– Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын жана финансылык көзөмөл органдарынын өкмөттөн көз карандысыздыгын камсыздоо жана аларга өз дараметин жогорулатуу үчүн жетиштүү ресурс берүү, муну менен алардын көзөмөлдөө функциясын эффективдүү аткаруусун камсыздоо.
 
– Бюджеттик маалыматты бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен жеңил жана жеткиликтүү формада жарыялоо жана таратуу, анын ичинде маалыматтардын санарип түрүндө ачык болушун камсыздоо, интернет, коомдук китепканалар, маалыматтык борборлор ж.б. жерлерде таратуу.
 
Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы:
 
– Өзүнүн конституциялык милдеттерин аткаруу үчүн өз дараметин жогорулатуу – бул адегенде өзүнүн, же өкмөттүн эмес, калктын кызыкчылыктарын көздөө дегенди билдирет.
 
– Бюджетке байланыштуу чечимдерди кабыл алууда жана бюджетти коомдук угуулар жана кайрылуулар аркылуу ишке ашыруу процессинде жарандардын кеңири катышуусун камсыздоо үчүн мүмкүн болгон чараларды колдонуу.
 
– Алынган кирешелер жана алардын туура, же туура эмес колдонулуп жатышы тууралуу өкмөттөн отчетту талап кылуу.
 
Финансылык көзөмөлдөө боюнча 
мамлекеттик органдарга
 
– Өзүнүн көзөмөл функциясын ишке ашырууда дараметин жогорулатуу, муну менен мамлекеттик ресурстарды колдонуу маселесинде өкмөттүн отчеттуулугун камсыздоо.
 
– Жарандык коомдун уюмдары менен социалдык аудитти ишке ашырууда тыгыз кызматташуу.
 
– Мамлекеттик чыгашаларды, анын ичинде жарым жартылай мамлекеттик фонддорду, салыксыз төлөмдөрдүн эсебинен түзүлгөн фонддорду ишке ашыруу принциптерин даярдоодо мамлекеттик каражаттардын туура эмес колдонулушун ашкерелөө жана алдын алуу максатында жарандык коом жана бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы менен тыгыз кызматташуу.
 
– Өкмөттүн ишмердүүлүгүн көз карандысыз текшерип туруу жана бекитилген мамлекеттик бюджетке ылайык мамлекеттик каражаттардын түзүлүшү жана колдонулушу тууралуу өкмөттөн отчет талап кылуу.
 
– Бардык мамлекеттик фонддордун, анын ичинде бюджеттен сырткаркы фонддордун отчеттуулукту камсыз кылуу функциясын толук аткарышы үчүн аларды текшерип туруу.
 
ММК
 
– Мамлекеттик бюджет тууралуу маалыматты таратууда коомдун кызыкчылыгы үчүн иш алып баруу жана бул маалыматты жарандарга түшүнүктүү жеткирүү ишин камсыздоо.
 
– Мамлекеттик каражатты колдонууга байланыштуу мониторинг жүргүзүп туруу жана каражаттын максатсыз пайдаланылганы тууралуу маалыматтарды жарыялоо.
 
– Жарандык коом менен жарандардын бюджеттик процесске катышуусу мамлекеттик каражатты эффективдүү башкарууга түрткү болгону тууралуу мисалдарды көрсөтүү.
 
– Жарандык коом уюмдары жана жарандар менен кызматташуу, алардын бюджеттик мониторингдин жыйынтыктарын таратуу жана талкуулоо ишинде шарт түзүү.
 
Эл аралык мамлекеттик мекемелер жана донорлор:
 
– Жарандардын жана башка кызыкдар тараптардын бюджеттик процесске кеңири жана компетенттүү катышуусун колдоо.
 
– Өкмөттөн өз жарандары алдында отчет беришин талап кылуу.
 
– Өкмөт менен кызматташуу жана аларга мамлекеттик бюджет тууралуу маалыматты өз убагында жарыялоо жана чыгаруу ишинде колдоо көрсөтүү, коомдун катышуусу менен процесстерди өнүктүрүү жана отчеттуулуктун жогорку стандарттарына умтулуусун камсыздоо.
 
– Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы жана финансылык көзөмөлдөө органдары менен кызматташуу, алардын көзөмөл функциясын мындан да эффективдүү аткаруусу үчүн, андан тышкары өкмөттүн отчеттуулугун камсыздоо үчүн бюджеттик маалыматты өз убагында жарыялоо максатында колдоо көрсөтүү.
 
– Өкмөткө бюджеттик система жана процесстер менен айкалышкан алар тараптан көрсөтүлүп жаткан чет элдик донордук жардам тууралуу өз убагында, так, ар тараптуу маалымат берүү.
 
– Өзүнүн айкындуулугун жана отчеттуулугун, ошондой эле өз өлкөсүндөгү өкмөттөрдүн айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздоо үчүн өз тажрыйбаларын улам-улам жакшыртуу.
 
Жарандарга  жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө:
 
– Социалдык акыйкаттык жана адам укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча өз ишмердүүлүгүндө бюджеттик анализ, мониторинг жана адвокация аспаптарын колдонуу.
 
– Бийликтин аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бутактарынан мамлекеттик бюджет тууралуу маалыматты талап кылуу жана бюджеттик маселеде өзүнүн сабатын жогорулатуу.
 
– Бюджеттик процесске катышууда өз укугун таануу жана коргоо.
 
– Маалымат алуу тууралуу мыйзамды кайсы жерде гана болбосун ошол жакта колдонуу жана ал жок болсо, анын кабыл алуусун талап кылуу.
 
– Биздин кыймылга кошулуу.Биз бардык өкмөттөрдү жана кызыкдар тараптарды дүйнө жүзүндөгү адамдардын укугун толук камсыздоо иши, комчулуктун тартылышын камсыздоочу айкын, ачык бюджеттик практика үчүн глобалдык нормаларды жана стандарттарды бирге кеңешип орнотууга чакырабыз.