Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы КОРРУПЦИЯ

2012-01-31 / Актуалдуу тема

Чындыгында айылдык аймактын башчысы, же чакан шаардын мэри ошол аймактын тургундарынан жаңы унааны, үйдүн ремонтун, жада калса жаңы дарбазанын курулушун жашырып койо албайт.

Өнүктүрүү саясат институтунун иликтөө материалдары

Акыркы бир нече жылдан бери түрдүү уюмдар тарабынан өткөрүлүп келаткан  коомдук пикирди билүүнүн жыйынтыктарына ылайык, бийликтин элге көбүрөөк жакын бутагы катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишеним жетишерлик деңгээлде жогору болчу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калк ишениминин рейтингинде диний уюмдар, бейөкмөт сектор жана массалык маалымат каражаттарынан кийинки эле жогорку сапта турчу. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга жогорку ишенимдин болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени калкка жакын болгону үчүн ЖӨБ органдарында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, бир нерсени уурдап, мунун билинбей калуу мүмкүнчүлүгү азыраак. 
 
Чындыгында айылдык аймактын башчысы, же чакан шаардын мэри ошол аймактын тургундарынан жаңы унааны, үйдүн ремонтун, жада калса жаңы дарбазанын курулушун жашырып койо албайт. Андыктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын кызматкерлеринин жана башчыларынын киреше көлөмү – бул балким өлкөдөгү башкаруу органдары тууралуу эң ачык каржылык маалымат. Ошол эле учурда ЖӨБ органдарынын башчылары жана кызматкерлери аймак тургундарынын аларга мамилеси алардын ишине түздөн түз таасирин этээрин жакшы түшүнүшөт. Белгилей кетчү жагдай, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин айылдык аймактардын 30 пайызга жакын башчысы кызматынан алынган. ЖӨБнун бир дагы терс аракети көзөмөлдөөчү органдар тарабынан да, коомчулук тарабынан да жазасыз калбайт.
 
Ошол эле учурда ЖӨБ органдарынын башчылары бардык тарабынан алганда эң корголбогон саясий жетекчи бойдон кала берүүдө. Аларды дайындаган райондук акимдер коррупция менен күрөштүн жыйынтыгын көрсөтүү үчүн ЖӨБнун башчыларын оңой эле курмандыкка чалышат. Мындан тышкары кээде райондук мамлекеттик администрациянын долбоорлору жана максатсыз керектөөлөрү үчүн жергиликтүү бюджетти колдонууга мажбурлоо менен башчыларды мыйзам бузууга түрткөн учурлар бар. Мунун бир мисалы – мурдагы бийлик учурунда жергиликтүү бюджеттин эсебинен облуста көп кабаттуу турак-жайларды жана бизнес борборду курганы үчүн Чүй облусунун башчыларына каршы прокурордук аракеттер. Башчылар жогору жактан тапшырмадан улам объекттерди куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча бөлүшкөн. Ошол эле маалда Чүй облусундагы айыл көчөлөрүнө, бала бакчаларга, мектептерге жана башка социалдык инфраструктураларга акча жетпей калган. Бирок райондук акимдер мажбурлап жатса, алар оңой эле баш ийбей койо алмак беле? 
 
Эмесе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары калктын ишенимине жана колдоосуна абдан муктаж, коррупциялык аракеттерде чектелүү, бирок өзүнөн жогору жакта турган органдардын кысымына дуушар болуп келет. Мына ушундай жеңил эмес кырдаал түзүлдү. 
 
ЖӨБдагы коррупциянын деңгээли
 
Иликтөөлөргө ылайык, сурамжылоого катышкандардын 18 пайызы гана ЖӨБ органдарындагы коррупциянын деңгээлин эң жогорку деп баалашкан. 38 пайызы коррупциянын деңгээлин орточо деп баалашкан. Сурамжылоого катышкан жарандардын 20 пайызы ЖӨБ органдарында коррупция такыр жок деп эсептейт (1-сүрөттү караңыз. ЖӨБнун аткаруу органдарындагы коррупциянын деңгээлин баалоо, %).
 
Элет тургундарына салыштырмалуу шаардыктар коррупция көрүнүшүнө үч эсе көбүрөөк күбө болушат: шаардыктардын 33% ЖӨБдагы коррупциянын деңгээли өтө жогору деп эсептейт, ал эми элеттиктердин 10% гана ушундай деп жооп берген. Ошол эле учурда ЖӨБда коррупция такыр эле жок, анткени ал жакта уурдай турган эч нерсе жок деп эсептеген элеттиктердин саны төрт эсе көп (13,5%), ушундай пикирдеги шаардыктар 3,7 пайызды түзгөн. Сурамжылоого катышкандардын пикири боюнча, эң коррупцияланган деп Бишкектин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аталган – баш калаанын сурамжылоого катышкан тургундарынын дээрлик жарымы жергиликтүү өз алдынча башкарууда коррупция өтө жогору десе, 20% аны орточо деп баалаган. Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарынын жарымына жакыны да ЖӨБ органдарындагы коррупциянын деңгээлине орточо деген баа берген. 
 
Алынган маалыматтардын негизинде ЖӨБ органдарына карата ишенимдин регионалдык рейтингин сунуш кылса болот. Ага ылайык, тургундардын олуттуу бөлүгү же ресурстар болбогону үчүн, же кызматкерлердин жана башчылардын таза болгону үчүн ЖӨБ органдарында коррупция жок деп эсептешет. Бул рейтинг Ош облусунун ЖӨБ органдарына карата жарандардын ишеними эң төмөнкү деңгээлде болгонун көрсөтөт. Ишеним рейтингинин эң жогорку тепкичинде Ысык-Көл облусу турат. Бул жакта калктын 40% жакыны Ысык-Көл облусунун ЖӨБ органдарына ишенет. 
 
Ошентсе да сурамжылоого катышкан Кыргызстандын жарандарынын жарымынан көбү ЖӨБ деңгээлинде коррупция болгонун белгилешет. Коррупция конкреттүү кайсы учурда билинет? 
 
ЖӨБдагы коррупция көрүнүшү
 
3-сүрөттө көрсөтүлгөндөй, жарандар ЖӨБ органдары менен коррупциялык аракеттерге керектүү справкаларды алганда (21,2%), ишке орношкондо (20,7%), муниципалдык жерди же объектти ижарага алганда, же сатып алганда (18,2%), балдарды билим берүү мекемелерине орноштурганда (17,1%) барат. Муниципалдык мүрзөдөн орун алуу зарылчылыгы пайда болгондо да, азыраак коррупциялык аракеттер байкалат.
 
Кеңеш ЖӨБдагы коррупция менен күрөшүүнүн фактору катары 
 
ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүнө калк тарабынан көзөмөл жүргүзүүнүн бир механизми – жергиликтүү кеңештер. Алардын милдетине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине толук көзөмөл жүргүзүү жана отчет талап кылуу кирет. Бул тапшырманы жергиликтүү кеңеш канчалык деңгээлде аткарып жатат? Жергиликтүү кеңеш ЖӨБнун аткаруучу органдарынын ишин көзөмөлдөйбү? Калктын үчтөн бир бөлүгү бул тууралуу билбейт. Сурамжылоого катышкандардын үчтөн бир бөлүгү жергиликтүү кеңештин депутаттары аткаруучу органдын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт, бирок бул ишти начар аткарат деп эсептешет. 14% гана жергиликтүү кеңештин өз функцияларын аткаруусуна канааттанат. Географиялык алкактан караганда, Баткен облусунун тургундарынын 30%кеңеш ЖӨБнун ишин толук жана эффективдүү көзөмөлдөйт деп эсептейт. Чүй жана  Ош облусунун тургундарынын арасында жергиликтүү кеңештин өз функциясын аткаруусуна канааттангандардын саны 8%гана түзгөн.
 
Жарандар ЖӨБдагы коррупцияга чыдоого даярбы? 
 
Борбордук башкаруу органдарына салыштырмалуу жергиликтүү өз алдынча башкарууда коррупция жалпысынан төмөн болгонуна карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруу чечкен маселелер өтө жөнөкөй: бул – справкалар, мүрзө, же жер. Жарандар бул нерселереге байланыштуу коррупциялык аракеттерге катышууну туура деп эсептейби? Сурамжылоо көрсөткөндөй, ага катышкандардын 80% жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө коррупциянын болушун сынга алышкан.