2012-01-31 / ЖӨБ кадрлары
Квалификациянын деңгээли, аны жогорулатуу боюнча системалык ыкма – муниципалдык кызматты өнүктүрүү маселесин талкуулоодо өзөктүү көйгөй.
Калкты сапаттуу тейлөө – муниципалдык кызматкерлердин негизги функциясы. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистеринин кызматтык милдеттерин аткаруусу алардын квалификациясынан, өз ишин аткаруу үчүн жетиштүү болгон билим жана тажрыйбадан көз каранды.
Квалификациянын деңгээли, аны жогорулатуу боюнча системалык ыкма – муниципалдык кызматты өнүктүрүү маселесин талкуулоодо өзөктүү көйгөй. Ошол эле учурда окутуу системасын эки багытка бөлүү керек: базалык окутуу жана квалификацияны жогорулатуу жана муниципалдык кызматкерлерди кайра даярдоо курстары. Өз тапшырмасына жана көйгөйлөргө ээ эки багыт тең көңүл бурууну жана анализди талап кылат. Бирок муниципалдык системаны жакшыртууга таасир этүү жагынан ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга байланышкан экинчи багыт өзгөчө кызыгууну жаратат.
Бүгүнкү күнү муниципалдык кызматкерлердин кошумча профессионалдык окутуусу кандай уюштурулган?
Анализ көрсөткөндөй муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу системасын уюштуруунун бирдиктүү системасы жана эрежеси тилекке каршы жок. Ошол эле учурда ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин даярдоо деңгээли өтө эле төмөндөп кеткени байкалат. Бул биринчи кезекте акыркы жылы совет доорунда мамлекеттик кызмат системасынын уюштуруучулук жөндөмүн үйрөнгөн “эски гвардиянын” жаш курагына байланыштуу иштен кетип жатышына байланыштуу. Маянанын аздыгынан, муниципалдык кызматтын өзгөчө элет жеринде аброюнун төмөн болушунун улам жетишерлик көлөмдө даярдалган жаңы кадрлар өз кесиби менен иштебестен мамлекеттик башкаруу системасында жана бизнесте орун алууга умтулуп жатышат. Бошогон орундарды тиешелүү билими, тажрыйбасы жана дегеле бул иште толук күч менен иштөөнү каалабаган адамдар ээлей башташты. Милдеттүү кошумча билим берүү системасынын жоктугунан муниципалдык кызматкерлердин квалификациясынын деңгээли төмөндөй баштады. Муниципалдык кызматка болгон кызыгуунун төмөндөөсүнө акыркы жылдары мамлекеттин жергиликтүү өз алдынча башкарууну саясатына карата мамилеси да таасирин тийгизди. Бул жергиликтүү бийликтин аброюнун азайышы, ыйгарым укуктар жана ресурстардын кыскарышы менен билинип жатат.
Ошол эле учурда ушул жылдардын ичинде эл аралык уюмдар жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүгө тиешелүү ар кандай темаларда өтө көп тренингдерди өткөрүүгө
олуттуу каражатты жумшады. Албетте мындай окутуулар тиешелүү долбоорлордун өз максатына жетүүсүнө жана муниципалдык органдардын потенциалын колдоосуна оң таасирин тийгизди. Өзгөчө Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетишкендиктери 2002-2008-жылдарга туура келет. Тренингдердин эффективдүүлүгүнүн азайышына программалардын макулдашылбаганы, керектөөлөрдүн бааланбай калышы, кыска мөөнөттүүлүгү, окутуунун карьера жана маянага байланбаганы терс таасирин тийгизди.
Эмесе, муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу системасы жалпысынан түзүлгөн эмес жана мындан ары да бул көйгөйгө көз жумуп койо берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунунун бардык реформасына тескери таасирин тийгизет. Учурда саясий мүнөзгө ээ, эч кандай байкалаарлык таасири жок, окутуунун системалык тартиби жок кырдаал түзүлдү.
Бул тармакта кандай негизги проблемаларды аныктоого болот?
• Окуу үчүн муниципалдык кызматкерлерге мотивация жана дем берүү системасынын жоктугу.
• Муниципалдык кызматкерлерди окутууда керектөөлөрдү баалоо системасынын жоктугу (окутуу тармагы, персоналдык курам).
• “Муниципалдык кызмат тууралуу” мыйзамдын талаптарын аткаруунун төмөнкү деңгээли.
• Окуу программалардын ЖӨБОнун керектөөлөрүнө жараша эмес, окуу жайлардын мүмкүнчүлүгүнө жараша түзүлүшү.
• Каражаттын жетишсиздиги.
“Муниципалдык кызмат тууралуу” мыйзамда ишке орношуу, карьералык өсүш жана квалификациянын деңгээлинин ортосундагы байланышка катаал көңүл бурулган. ЖӨБ органдарынын жетекчилерине бул талаптарды аткаруу үчүн өтө жогорку деңгээлдеги талаптар коюлган. Бул мыйзамга ылайык, мындай окутууларды жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашыруу каралган. Бул мыйзамдагы талаптардын ашкере катаалдыгы талкууга алынаарлык маселе, бирок квалификацияны жогорулатуу зарылдыгы жана кадрларды кайра даярдоо маселеси бүгүнкү күндө көңүл сыртында калып келет. Ошол эле мезгилде ЖӨБ органынын кызматкери да кошумча билим алууга кызыкдар эмес.
Ошону менен катар муниципалдык кызматкерлерди даярдаган айрым окуу жайлар өз эсебинен ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин жок дегенде бир жолу окутууга аракеттенип жатканын белгилөө зарыл. Мында адегенде Башкаруу академиясынын алдындагы Квалификацияны жогорулатуу борборун жана КУУнун алдындагы Мамлекеттик башкаруу жана политология институтун белгилеп коюу зарыл. Ошол эле маалда жада калса ушул эле окуу жайларда окуучулар тобун түзүү жана окуу программасы керектөөлөргө жараша эмес, ЖОЖдун мүмкүнчүлүгүнө жана каражатка жараша жүргүзүлүп келет.
Муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу тармагындагы кырдаалды жакшы жагына
өзгөртүү үчүн эмнеден баштоо зарыл?
Балким адегенде квалификацияны жогорулатуу Концепциясын түзүп, ага тиешелүү укуктук статус берүү керектир. Концепция өзүнө төмөнкү принциптерди камтыш керек:
• Концепцияга ылайык, муниципалдык кызматты өнүктүрүү тармагында тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгуу.
• Концепцияны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдын ыйгарым өкүлүнүн ролун, функциясын, укуктарын жана жоопкерчилигин аныктоо.
• Квалификация деңгээлине жараша кызматтан жогорулатуу жана каражат жагынан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн
аныктоо.
• Аттестация менен кошумча окутуу маселесин байланыштыруу.
• Кызматтан жогорулоо жана акчалай сыйлык алуу маселесин чечүүдө белгилүү бир артыкчылыктарды берген кошумча окутуудан өткөнүн тастыктаган мамлекеттик үлгүдөгү сертификат болуш керек.
• Туруктуу каржылык булагын аныктоо.
• Муниципалдык кызматкерлерди тобу жана багыты боюнча окутууда керектөөлөрдү баалоо системасын түзүү.
• Окуу өткөрүүдө “заказ” түшүнүгүн балким сынактын негизинде аныктоо.
• ЖӨБОнун кызматкерлеринин өз функциясын аткарууда окутуунун таасирин баалоо жана окутуу процессине мониторинг
жүргүзүү системасын түзүү.
Болочок Концепциянын өзөгүн түзө турган негизги идеялар 2012-жылдын 20-январында өткөн кызыкдар тараптардын катышуусу менен өткөн тегерек столдо талкууланды. Талкууга Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, ЖОБ органдарынын, ЖОЖ-
дордун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышты. Түрдүү ракурстарда учурдагы абалга ар тараптуу анализ жүргүзүлдү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү деңгээлде башкарууга байланыштуу башкы көйгөйлөр деп төмөнкүлөрдү атады: төмөнкү маяна, өз милдеттерин аткарууда ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин жетишсиз потенциалы. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ЖӨБ органдары өз кызматкерлерин окутууда жергиликтүү бюджеттен белгилүү бир шарттарда каражат бөлүүгө даяр. Бул каалоо нормативдик документтер жана мотивация системасы менен бекитилиши керек.
ЖОЖдордун өкүлдөрү окуу жайлар окутууга багытталган ресурстарды алуу үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча так жана эффективдүүсистеманын түзүлүшүн колдойт. Ошол эле учурда окутуучулар курамы нормативдик базанын жана учурдагы абалдын өзгөрүшүнө байланыштууу ЖӨБ органдарын окутуу үчүн өз квалификациясын жогорулатуусу керек.
Эксперттик жамаат мамлекеттик органдын ыйгарым өкүлү окутууну “заказ” кылган функцияны өзүнө алып, окутууда керектөөлөрдү баалоодон баштап, окутуунун муниципалдык кызматкердин ишинин сапатына тийгизген таасирин баалоого чейинки процессти координациялоо ролун алышы керектигин белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгы көрсөткөндөй, проблеманын формулировкасы жалпысынан муниципалдык кызматкердин квалификациясын жогорулатуу тармагындагы учурдагы кырдаалды чагылдырат.
Болочок Концепциянын максаттарына жетүү үчүн ортого коюлган тапшырмалар жетиштүү.
Концепция бардык кызыкдар тараптар -жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик органдын ыйгарым өкүлү, Мамлекеттик кадр кызматынын, ЖОЖдордун, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, эксперттердин – катышуусу менен талкууланып, кабыл алынышы керек.
Концепцияны ишке ашыруу баскыч-баскычы менен өтө алат. Мында баштапкы баскычында олуттуу ролду эл аралык уюмдар ойной алат, алар пилоттук моделдин жалпы ишке өтүүсүн камсыздай алат. Көрүлгөн чаралар муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселесинде системалык ыкманы камсыздап, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө көмөктөшөт.