Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандын бардык аймактарында 10 миңден ашык адам аялдардын жергиликтүү шайлоого катышуусу жөнүндө билип калышты

2021-04-05 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Кыргызстандын бардык аймактарында 10 миңден ашык адам аялдардын жергиликтүү шайлоого катышуусу жөнүндө билип калышты

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерде аялдардын санын көбөйтүү үчүн кандай шарттар түзүлгөн? Алар жергиликтүү өнүгүүгө кандай салым кошо алышат? Ушул жана башка суроолорго жоопторду ийгиликтүү депутат айымдар жергиликтүү жамааттар менен аймактык маалымат жолугушууларда талкуулашты. Өнөктүк 2021-жылдын 15-февралынан 5-мартына чейин Кыргызстан боюнча 20 жерде өттү. Жолугушууларга 1100гө жакын адам катышып, маалыматтык материалдар аркылуу өнөктүк 10 миңден ашуун шайлоочуларга жетти. Жолугушууларды БУУӨПтүн жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту өткөрдү.

Өлкө калкынын жарымын аялдар түзгөнүнө карабастан, алардын жергиликтүү кеңештердеги саны 10-12 пайыздан ашпайт, ал эми айрым кеңештерде аялдар таптакыр жок. 2021-жылы жазында боло турган жергиликтүү шайлоодон кийин кырдаал түп-тамырынан бери өзгөрүшү керек. Бул шайлоо мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайык өткөрүлөт. Бул өзгөртүүлөр аялдарга мандаттардын кеминде 30% кепилдик берет (30 пайыздык квота). Эгерде азыр жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын саны болжол менен 800 адамды түзсө, 2021-жылдын апрелинде алардын саны эки миңден ашышы керек.

Бирок, шайлоонун алдында ыктымал талапкерлердин жана шайлоочулардын баары эле бул өзгөрүүлөр жөнүндө кабардар эмес. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого аялдардын – депутаттыкка талапкер катары да, шайлоочу катары да катышуу деңгээлин жогорулатуу керек, аялдар үчүн жагымдуу атмосфера түзүп, аларга коомдук колдоо көбүрөөк болууга тийиш.

Аймактык иш-чаралардын катышуучулары өлкөнүн ар кайсы муниципалитеттеринен чогулган ийгиликтүү аял депутаттар менен көзмөкөз жолугушуп, депутаттык мандаттын жардамы менен жергиликтүү жамааттардын кандай көйгөйлөрүн чече алышканы, аял депутаттар жалпысынан жергиликтүү өнүгүүгө кандай олуттуу салым кошуп жатканы жөнүндө окуяларын өз оозунан угушту. 

Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Батырбек КААРОВ белгилегендей, “эгерде депутаттык корпуста аялдар көбүрөөк болсо, алар илең-салаң жетекчини да иштете алышат. Аялдар бизге мындан да жакшы иштөөгө түрткү беришет. Ал эми аялдар аз болсо, анда активдүү жетекчи да бара-бара жалкоолонуп калат. Анткени, аялдар өтө активдүү жана жоопкерчиликтүү. Аял депутаттар кайсы бир көйгөйдү көтөрүп чыкканда, аны аягына чейин чечүүгө умтулушат”.

20 жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар аялдардын катышуусун кеңейтүүнүн перспективаларын кызуу талкуулашты, шайлоо процесси жана аялдардын жергиликтүү саясатка катышуусу боюнча көптөгөн суроолорду беришти. Жыйындын катышуучуларынын көпчүлүгү аял депутаттардын санынын көбөйүшүн кызуу колдоп, аялдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына катышуусу анын адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат деп тастыкташты. Жолугушуулардын катышуучулары – эркектер жана аялдар – видео жана басма материалдарын алышты, анын ичинде БШК тарабынан бекитилген жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн Колдонмо да бар. Мунун баарын алар өз жамааттарында таратып чыгышты. Алсак, Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Нургүл УСЕИНОВА өнөктүктүн маалымат материалдарын чогултуп алып, өз айылында дагы 16 аялга ушундай жолугушууну өз алдынча өткөрдү. 

Максат ИБРАИМОВ, Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы: “Өз тажрыйбам менен бөлүшөйүн: эркек депутат “эркекче”, сөз берип иш жасайт, кимдир бирөөгө каражат бөлүп берем деп убада берип коёт, бюджетти бөлүштүрүүгө жеңил мамиле жасайт. Ал эми аял болсо таптакыр башкача нукта иштейт – аял абдан принципиалдуу, жергиликтүү бюджеттин акчасына өтө аяр мамиле жасайт. Аял депутаттар мага мына ушул үчүн жагат. Ошондуктан аял депутаттар көбүрөөк болушун каалайт элем”.

Жолугушуулар түздөн-түз маалымат берүүдөн тышкары, иш-чаралардын өзү катышуучулардын тажрыйба алмашуу аянтчасы да болуп калды. Аймактык жолугушуулардын катышуучулары өз тажрыйбалары менен мындан ары дагы бөлүшүп, бири-бирин колдоп туруу каалоосун билдиришти. Ошентип, аймактык жолугушуулардын уюштуруучулары “Вотсапта” жана “Телеграмм-каналда” (https://t.me/aiymaiyl) 19 тайпаны түзүштү, анда депутаттыкка талапкер аялдар жергиликтүү саясаттагы кесиптештерине суроолорун берип, тажрыйбалары менен бөлүшүп же пайдалуу маалыматтарды камтыган ачык ресурстарга кирүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Жалпысынан мындай каналдар Телеграм-каналына кошулууну каалаган 579 аялды бириктирет. 

 

Окшош материалы: