Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өнүктүрүү саясат институтунун 2020-жылы Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө тийгизген таасири жана салымы. Отчёттун кыскача мазмуну

2021-04-30 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Өнүктүрүү саясат институтунун 2020-жылы Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө тийгизген таасири жана салымы. Отчёттун кыскача мазмуну

Өнүктүрүү саясат институту 2020-жылы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө тийгизген таасири жана салымы жөнүндө отчёт даярдады. Бул – уюмдун мындай отчётторду иштеп чыгуудагы алгачкы тажрыйбасы, бирок институт өз ишинин жыйынтыктарын кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү менен бөлүшүүнү маанилүү деп эсептейт.

Жылдык отчётто “Өнүктүрүү саясат институту” Коомдук бирикмесинин (мындан ары – ӨСИ) Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө тийгизген таасиринин жана салымынын жыйынтыктары чагылдырылган. Бул жыйынтыктар тышкы жана ички булактардын эсебинен каржыланган ар кандай долбоорлордун алкагында ӨСИнин ишмердигинин натыйжасында алынган. Отчётто ӨСИнин позициясы жана пикири чагылдырылган, бул конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга каражат бөлгөн тышкы өнөктөштөрдүн позициясы жана пикири менен дал келбеши мүмкүн. Отчёт конкреттүү долбоорлордун жыйынтыктары жөнүндө программалык отчёттордун негизинде түзүлгөн, бирок аларды толугу менен камтыган эмес. Конкреттүү долбоорлордун жыйынтыктары жөнүндө айрым отчётторду ӨСИнин www.dpi. kg сайтынан табууга болот. Отчетто ӨСИ жалгыз же башкы аткаруучу болгон долбоорлордун жыйынтыктары камтылган. Эгерде жыйынтыкка жетүүдө ӨСИнин өзгөчө же жетектөөчү ролу болсо (бул жөнүндө тийиштүү шилтеме жасалса), анда ӨСИ алдыңкы аткаруучу болуп саналбаган долбоорлордун жыйынтыктарын отчётко кошууга жол берилет. 

Отчётту ӨСИнин Башкармалыгынын төрайымы Н.Н.ДОБРЕЦОВА даярдап, ӨСИнин Башкармасынын мүчөлөрү Б.БЕКИЕВ жана С.ГРАДВАЛЬ карап чыгышып, ошондой эле ӨСИнин Байкоочу кеңеши тарабынан каралып, жактырылды. Отчёт ӨСИнин сайтында жарыяланган: www.dpi.kg.

2020-жылы ӨСИ төмөнкүдөй принциптерге негизделген интегралдык ыкманы колдонууну улантууда: башкаруу органдарынын ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү; жарандардын кызыкчылыктарынын үстөмдүгү; азчылыктын кызыкчылыктарын кошуу жана эске алуу; гендердик баланс; “зыян келтирбе” принциби (DNH-принцип). Бардык долбоорлор бир эле мезгилге багытталган иштердин комплексин камтыйт: башкаруу органдары менен жарандардын ортосундагы ички байланыштарын күчөтүү, башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо; жамааттардын жана жарандардын топторунун мамлекет жана тышкы дүйнө менен тышкы байланыштарын чыңдоо; мыйзамдарга жана маалыматтарга негизделген пландаштыруу; туруктуу өзгөрүүлөргө алып келген башкаруунун инновациялык усулдарын жана тажрыйбаларын колдонуу. ӨСИ бардык региондордо Кыргыз Республикасынын 250гө жакын муниципалитети менен кызматташат. ЖӨБЭММА жана ЖӨБ Союзу менен үч тараптуу меморандум бар, бул бардык ЖӨБ органдары менен тез жана натыйжалуу байланыш түзүүгө мүмкүндүк берет. ӨСИ алган негизги сабактар: башкаруу системасынын ишин чабалдаткан параллель структураларды түзбөө; башкаруу органдарын инвестицияларды башкарууга үйрөтүү жана жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик алышы үчүн финансылык жардамды бюджет аркылуу көрсөтүү; башкаруу органдарын жарандар менен тыгыз иштешүүгө үйрөтүү; жамааттар менен башкаруу органдарынын ортосундагы горизонталдык байланыштарды өнүктүрүү; улуттук деңгээлде мамлекет менен уюшкан диалог жүргүзүү.

ЖӨБ органдарынын 2020-жылы Калктын ишеним индексинин эсебине кайтышын ӨСИ маанилүү жетишкендик деп эсептейт. Бул “Ачык өкмөт” Улуттук иш-аракеттер планынын алкагында мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында ӨСИнин ишинин жыйынтыгы болду. 2020-жылы Индексти эсептөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул күрөштүн мааниси бар, анткени ЖӨБ органдары башка башкаруу органдарына салыштырмалуу эң жогорку деңгээлде ишенимге ээ.

2020-жылы ӨСИнин дагы бир олуттуу жетишкендиги бул ЖӨБ Союзу менен кызматташуу жана ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталын түзүү болду. ЖӨБЭММА жана ЖӨБ Союзу менен биргеликте Борбор Азияда Жергиликтүү башкаруу академиясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул уюм жергиликтүү жана аймактык рынокто билим берүү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн кызматташуунун жана натыйжалуу иштөөнүн жаңы, кеңири мүмкүнчүлүктөрүн түзөт. 

ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттар менен өз ара аракеттенүүнүн онлайн аспабы катары ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы өз убагында чыкты. Портал жана Академия стандарттуу долбоордук ишмердүүлүктүн чегинен чыгууда, бул түзүмдөр Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө ЖӨБдү өнүктүрүүгө байланыштуу бардык процесстердин негизги катышуучуларынын ортосундагы туруктуулуктун жана кызматташтыктын жаңы форматын белгилешти. Академия ошондой эле муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун ведомстволук (горизонталдык) системасынын маанилүү элементи болуп, ЖӨБ Союзуна өкүлчүлүк функциясын натыйжалуу аткарышы үчүн шарт түзүшү керек.

2020-жылы ӨСИ жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу процессине Социалдык-экономикалык пландаштыруунун динамикалык регрессиялык моделин (Модель)1 киргизе баштады. Бул Модель жашоо сапатына, аймакта өндүрүштүн жана керектөөнүн өсүшүнө, жергиликтүү бюджеттердин кирешелер базасынын жана калктын кирешелеринин өзгөрүшүнө таасирин тийгизген түрдүү факторлорго (калктын өсүшү, инвестициялар, фонддор ж.б.) баа берген статистикалык маалыматтарга негизделген. Мындай ыкма буга чейин жергиликтүү деңгээлде жүйөлүү экономикалык божомолдор колдонула элек Кыргыз Республикасы үчүн жаңылык болуп саналат. Модель ар кандай сценарийлерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, айрым долбоорлордун жыйынтыктарын, анын ичинде кошумча таза кирешени эске алат. Модель ошондой эле экологиялык туруктуулуктун көрсөткүчтөрүн белгилөөгө мүмкүндүк берет.

2020-жылы ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды өткөрүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарын аткара албай калган кырдаалга туш болушту. Эпидемиологиялык кырдаал жана ага байланыштуу чектөөлөр жарандарды салттуу формадагы жолугушууларга чогултууга мүмкүнчүлүк берген жок. Пандемиянын таасири астында ЖӨБ органдарынын 10 пайызга жакыны гана 2021-жылга карата бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөргөнүн ырасташты. 2020-жылы ӨСИ ар бир ЖӨБ органы жергиликтүү бюджеттин чыгымдары жөнүндө маанилүү маалыматты бере алышы үчүн онлайн режиминде Жарандык бюджетти өркүндөтүүнүн үстүнөн иштей баштады. Ошондо кайсы көчө, мисалы, көчө жарыктарын оңдой тургандыгын тургундар түшүнө алышмак. Андан тышкары, ЖӨБ органдарына бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларга альтернатива катары колдонууну сунуштоо үчүн өтүнмөнү модернизациялоо сунушталууда.

COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан мамлекеттик бюджеттин секвестрине байланыштуу жергиликтүү бюджеттерди коргоо үчүн ӨСИ ЖӨБ Союзу менен кызматташтыкта көптөгөн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Республикалык бюджеттин секвестринин натыйжасында жалпысынан жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин кыскарышы КР Өкмөтү сунуш кылгандай олуттуу болгон жок. Бул ЖӨБ органдарын коргогон ЖӨБ Союзунун, ӨСИнин жана КР ЖК депутаттарынын жетишкендиги болду. Бирок жалпысынан финансылык децентралдаштыруунун деңгээли төмөн бойдон калууда, бюджеттик мааниде алганда, аймактарды өнүктүрүү саясаты ишке ашырылбай жатат. Бирок жергиликтүү бюджеттердин кирешеси канчалык аз болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине нааразы болгондор ошончолук көбөйөт. Ошондуктан жергиликтүү бюджеттердин каржыланбай калышы бийлик үчүн, социалдык туруктуулук үчүн кооптуу.

ӨСИ жергиликтүү жамааттардагы аялуу топтор: аялдар, балдар жана жаштар менен иштөө багытында көп күч-аракет жумшады. Эпидемия күч алып, толук карантиндик чектөөлөр киргизилген шартта түз жардам бергенден тышкары ӨСИ ЖӨБ органдары менен чогуу бул топтор менен байланыш түзүүнүн бир нече жаңы форматтарын киргизе алды: жаштар иштери боюнча консультативдик кеңештер, жаштардын мониторинг жана баалоо топтору, жергиликтүү бюджеттен жергиликтүү демилгелерди колдоо, онлайн Жарандык бюджет (бул иштер дагы деле уланууда).

Улуттук деңгээлде ӨСИнин күч-аракеттери Жергиликтүү өз алдынча башкаруу кодексинин долбоорунун үстүнөн иштин алкагында ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө багытталган. 

КР Финансы министрлиги менен байланыш түзүү аракеттери улуттук деңгээлдеги салыштырмалуу ийгиликсиз мисалы катары каралса болот. Министрликтин ичинде бюджеттер аралык мамилелер боюнча кеңеш түзүү жөнүндө айтылган чечимдер, жогорку жетекчилер, анын ичинде министрлер менен жолугушуулар, көп жолу жасалган кайрылуулар эч кандай натыйжага алып келген жок. Мурунку жылдардан айырмаланып, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө бөлүштүрүлгөн маалыматтарды алуу аракети да ийгиликтүү аяктаган жок. 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаны мамлекеттик органдардын салыштырмалуу ийгиликсиз ишке ашыруусу дагы бир көйгөйлүү чөйрө болуп калды. Программаны даярдап, жайылтууга ӨСИ жигердүү катышкан. Программанын жыйынтыктары өнөктүктөрдүн жана түшүндүрүү иштеринин деңгээлинде бир жолку болуп калды, ал эми негизги катышуучулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар эмес, банктар жана башка каржы-насыя мекемелери болушкан. ӨСИ “урунуп-беринип” иштөөдөн алыстап, мамлекеттин катышуусу менен жана билим берүү системасынын алкагында маселени системалуу түрдө чечүүгө өтүү зарыл деп эсептейт. Бул иш финансы-насыя мекемелеринин системасынын алкагында болбошу керек. Анткени алар калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга эмес, өзүнүн кардарлар базасын түзүүгө умтулушары айдан ачык.

2020-жыл дүйнө жүзү сыяктуу эле ӨСИ үчүн да сыноо болду. COVID-19 пандемиясы кызматкерлердин жана долбоорлордун графиктерине жана форматтарына таасирин тийгизип, чектөө шарттарында иштөөнүн тактикасын жана стратегиясын өзгөртүүгө аргасыз кылды. Уюмдун кошумча көйгөйү болуп, валюта курсунун кескин өзгөрүлүшү болду, бул долбоорлордун бюджетине таасирин тийгизбей койбойт, анткени алардын көпчүлүгү эки валютага ээ. Ошого карабастан, оор эпидемиологиялык шарттарда иштөөдөн алынган сабактар оң натыйжаларды алып келди. Айталы, ӨСИнин долбоордук командалары максаттуу аудитория менен онлайн форматта көбүрөөк иштеше башташты, бул убакытты жана ресурстарды үнөмдөп калды. Жалпысынан, ӨСИ жумушчуларды кыскартуу, жумуштун көлөмүн жана кызматкерлерге эмгек акыны азайтуу өңдүү көрүнүштөрдү болтурган жок. 2020-жылдын апрель-июль айларында бардык кызматкерлер аралыктан иштөө режимине өтүштү. Ошондой эле кырдаал каржылоо уюмдары менен түзүлгөн келишимдердин кыскартылышына же токтотулушуна алып келген жок.

2020-жылы ӨСИ башкаруунун сапатын жогорулатуу боюнча бир топ аракеттерди көрүп, ушул максатта уюштуруу иштерин өркүндөтүү боюнча атайын экспертиза өткөрүүгө буюртма берди. ӨСИ үчүн бул буйрутманы эл аралык тендерди утуп алган “CTC” грузиялык компаниясы аткарды. Буюртманы ишке ашыруу үчүн кошо-каржылоону Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги берди. Иштин негизги багыттары: кадр ресурстарын башкарууну өркүндөтүү, финансылык менеджмент, башкаруу түзүмүн жана отчеттуулукту өркүндөтүү (Байкоочу кеңешти түзүү).

2021-жылы бийликтин борборлоштурулушунун шартында ЖӨБ органдары өз алдынчалыгын азайтып алуу коркунучуна туш болушат. Мындан улам ЖӨБ Союзу менен биргеликте Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши үчүн негизги шарттарды сактоо үчүн ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын коргоо жана аларга колдоо көрсөтүү ӨСИнин негизги милдети болот. Иштин экинчи негизги багыты – “Муниципалитет” журналы менен биргеликте ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталын өнүктүрүү жана Борбор Азияда жергиликтүү башкаруу академиясын түзүү. 2021-жылга ӨСИни өнүктүрүүнүн максаттары жана иш-аракеттери тууралуу кененирээк маалыматты Тиркемеден көрө аласыз.

 

 
 
____________ 

1 Дүйнөлүк банктын буюртмасы боюнча ӨСИнин катышуусу менен даярдалды. Ош облусунун Көк-Жар ААнын мисалында сыноодон өттү

Окшош материалы: