Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстанда тынчтык демилгелерин жана позитивдүү саясий маданиятты илгерилетүү боюнча “Ынтымактуу жашоо” долбоору башталат

2021-08-09 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Кыргызстанда тынчтык демилгелерин жана позитивдүү саясий маданиятты илгерилетүү боюнча “Ынтымактуу жашоо” долбоору башталат

International Alert эл аралык уюму Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү саясат институту менен өнөктөштүктө Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Ынтымактуу жашоо” долбоорун баштайт. Бул долбоордун максаты жигердүү жаштарды, жарандык коомду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын социалдык чыр-чатактардын алдын алуу, укук тартибин сактоо жаатында колдоо, ошондой эле Кыргызстандын тандалып алынган 25 аймагында медиация көндүмдөрүнө окутуу болуп саналат.

Долбоордун алкагында изилдөө жүргүзүү пландаштырылууда жана анын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү деңгээлдеги жарандык коом жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн чыр-чатактарга сезгичтик, алдын алуу жолдору, социалдык чыр-чатактарды ыкчам алдын алуу жана чечүү, адам укуктары жана медиация боюнча окутуу программасы иштелип чыгат. 

“Биз жергиликтүү жамааттардагы мүмкүн болгон чыр-чатактардын алдын алуу боюнча демилгелерди колдогонубузга кубанычтабыз. Евробиримдик үчүн мындай максаттуу долбоорлор аркылуу стабилдүүлүккө жана элдин биримдигине өз салымын кошуу маанилүү. Долбоордун алкагында жергиликтүү деңгээлде башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн колдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чакан гранттар да берилет”, - деп белгиледи ЕБ өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эдуард АУЭР. 

Мындан тышкары, долбоордун алкагында укук тартибин жана мыйзамдуулукту сактоо, региондор жана улуттар аралык же башка араздашууларга алып келген социалдык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча көндүмдөрдү жакшыртуу маселелери жогорку деңгээлде талкууланат. 

“Биздин максатыбыз тынчтыкты көздөгөн жаштар кыймылдарын камтыган күчтүү жарандык коомду куруу жана чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруу болуп саналат. Биз тынчтык риторикасын жана позитивдүү саясий маданиятты илгерилетүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында жигердүү жаштарды пикир алышууга тартууну каалайбыз”, - деп белгилешти программанын консорциум мүчөлөрү, International Alert’тин КРдагы өкүлү Шакират ТОКТОСУНОВА, УМБнын өкүлү Гүлсина КОЖОЯРОВА жана ӨСИ башкарма төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.

Окшош материалы: