Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ата-энелер үчүн класстык саат:ар бир нерсе үчүн төлөш керек, же акысыз орто билим тууралуу Миф

2012-01-31 / Актуалдуу тема

Борбордук каржылоо системасы кулагандан кийин билим берүү стандарттары да төмөндөдү, мамлекет бул тармакта өсүп жаткан чыгашаларды толуктаганга жетишпей жаты.

Биз эмнени жоготтук?

 
1990-жылы Кыргызстандын билим берүү системасы ИДПдан 7,6% каржылоо үлүшү менен жетишерлик деңгээлде жакшы деп эсептелчү. Мектеп курактагы балдардын 95% окуу жайга барчу, ал эми сабаттуулуктун жалпы деңгээли 99% жеткен. 2005-жылы билим берүү системасына мамлекеттик төлөмдөр 4,7% азайып, мектепке барбаган балдардын саны бир кыйла өстү. ЮНИСЕФ жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, 2005-жылы төртүнчү класстын окуучуларынын 59% гана математикадан стандарттык тесттен өткөн, 2001-жылы бул көрсөткүч 81% түздү. Ошондой эле 44% сабаттуулук боюнча тесттен өткөн, 2001-жылы мындайлардын саны 59% болчу. 
 
Борбордук каржылоо системасы кулагандан кийин билим берүү стандарттары да төмөндөдү, мамлекет бул тармакта өсүп жаткан чыгашаларды толуктаганга жетишпей жаты. Мугалимдердин маянасы жашоого жетчү чектен төмөн болуп, мунун айынан өзгөчө элет жерлериндеги окутуучулардын саны кескин азайды. Мамлекет тарабынан жетишсиз каржылоосунун айынан өз бюджетиндеги «тешикти бүтөө үчүн» жергиликтүү деңгээлдеги мектептер ата-энелерден бейформал түрдө акча ала баштады: балдарды мектепке киргизүү, окуу процессин материалдык жактан камсыздоо, инфраструктураны колдоо үчүн жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн.
 
Билим берүү системасындагы чабал жыйынтыктар жана б а л д а р д ы н билимине канааттанбаган ата-энелердин нааразылыгынан улам өлкөнүн парламентинде каражаттарды максаттуу пайдалануу жана каржылоо булактары тууралуу маселе көтөрүлдү. Билим берүү сапатын жакшыртуу багытында акыркы 20 жылда мамлекеттик саясат ишке ашырып жаткан эмес, радикалдуу чечимдерди кабыл алууга учур жетти. 
 
Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдардагы билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү расмий статистикасында «Кыргыз Республикасындагы билим берүүнү каржылоонун негизги көйгөйлөрү бюджеттөөгө, акча агымын анализдөөгө жана аларды мектептин деңгээлинде ийгиликтүү башкарууга тиешелүү. Буларды кескин кыскартуу билим берүүнүн сапатына кесепетин тийгизип, билим берүү системасындагы кейиштүү абалга алып келди» деп айтылат.
 
Ким төлөйт?
 
КРнын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүгө кеткен чыгымдардын 15-20% гана көзөмөлдөйт. 80% жакынын КРнын Каржы министрлиги (негизинен категориалдык гранттарды) жана 20% - жергиликтүү бюджеттер. Ошол эле учурда атаөэнелердин, демөөрчүлөрдүн каражаттарынан түшкөн каржы агымдарын эч ким көзөмөлдөбөйт жана Кыргыз Республикасынын жарандары өз чөнтөгүнөн балдарды окутууга канча акча коротоору так белгисиз. Ошентсе да биз бир нече бишкектик жана элеттик мектептердин мисалында орточо билим берүүнү каржылоодо ата-энелердин үлүшү канчалык болгонун анализдөөгө аракет жасайбыз. Мындай кырдаалда толук маанисин жеткирүү мүмкүн эмес, ошол себептен биз пайыздык үлүшүн гана карайбыз.
 
Республикалык бюджеттен каржылоо тууралуу маалымат көрсөткөндөй, чыгымдардын олуттуу үлүшүн айлык акы (78,34%) жана Соцфондго төлөмдөр (13,47%) түзөт. Ошол эле учурда окуу процессине, квалификацияны жогорулатууга, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган башка иш-чараларга каражат такыр каралган эмес.
 
Ошол эле учурда окуу процесси бири-бирине байланган бир нече нерселерден турат – мектептен, мугалимден, окуу процесси үчүн зарыл болгон аспап жана материалдардан ж.б. Бул үчөө тең бирдей маанилүү жана зарыл. 
 
1.1. жана 1.2. - диаграммада орто мектептердин чыгашаларынын сметасы жана алар түрдүү булактардан канчалык деңгээлде каржыланары көрсөтүлгөн. Бул эсептер бир нече бишкектик жана айылдык мектептердин мисалында даярдалды. Үлүштөрдүн так көлөмү тууралуу талашып-тартышса деле болот, бирок маңызы өзгөрбөйт – шаардык мектептердин чыгашаларынын жарымынан көбү мамлекеттин эсебинен каржыланбайт, же такыр каржыланбайт. Элеттик мектептерде кырдаал башкача, ал жакта мамлекеттик каржылоонун үлүшү жогору, анткен менен мектептин керектөөлөрүн толугу менен канааттандырбайт. Ошол эле кезде айылдык мектептерде билим берүүнүн сапаты бир кыйла төмөн. Бул мектептин керектөөлөрүн өз чөнтөгүнөн төлөгөн шаардык ата-энелерге окшоп элеттик ата-энелердин акча көп бере албаганы үчүн эмес, элеттик мектептерде каржылоо жетишсиз болгондуктан бул окуу процессине өз таасирин тийгизип жатканын кабар берет.
 
2-диаграммада кайсы статьялар кандай деңгээлде тиги, же бул булактан каржыланарын толугу менен көрсө болот. 
 
Ошону менен окуу процесси мамлекет тарабынан толугу менен КАРЖЫЛАНБАЙТ. Ошол эле учурда эч качан мамлекет тарабынан каржыланбаган, бирок мектептин нормалдуу иштешин камсыз кылып турган чыгашалардын тизмеси да бар. Бул – эмеректерди, жабдууларды жана аспаптарды; күнүмдүк керектөөлөргө жана чарбалык максатта колдонулган предметтер жана материалдар; башка кызматтарды төлөө. Мамлекет мектептин кайсы керектөөлөрүнө көз жумуп келатканын түшүнүү үчүн төмөнкү чыгашаларга көңүл буруу керек:
 
• Жабдууларды сатып алуу.
 
• Медициналык буюмдарды сатып алуу.
 
• Чарбалык максаттар үчүн башка буюмдар жана материалдар (чарбалык товарлар – самын, айна, сүргү ж.б. методикалык адабият, 
мектеп окуучуларын сыйлоо үчүн товарлар, өрт өчүрүү үчүн товарлар, канцтоварлар, спорт жабдуулары, башка товарлар).
 
• Башка кызматтарды төлөөгө байланыштуу чыгымдар (оргтехниканы тейлөө, банк кызматтары, адвокат, нотариустун кызматтары, санэпидемстанция, интернет, суу түтүктөрү, транспорттук кызматтар, гезит, журналдарга жазылуу, аудитордун кызматтары жана башка кызматар боюнча).
 
• Эмерек сатып алуу. 
 
• Компьютердик жабдууларды сатып алуу. 
 
Бул тизмеге үстүртөдөн эле көз жүгүрткөн киши ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн каражатысыз мектептин иши токтоп калаарын, окуу процесси үзгүлтүккө учураарын байкайт.
 
Сен балаңдын билим алуусу үчүн төлөдүңбү? 
 
Жалпысынан мектептеги билим берүү системасы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн талаптарына толук өлчөмдө жооп бербейт, билим берүүнүн сапаты төмөн бойдон. Эч кимге жашыруун деле эмес: учурда “бекер билим берүү” деген түшүнүк жок. Теория жүзүндө ата-энелер кошумча сабактар, ийримдер үчүн акчадан башка мектепке бир да тыйын төлөбөш керек. Көпчүлүк мектептер ата-энелер менен макулдашып, бюджеттен тышкаркы булактардан каржыланган сакчыларды алды. Анткен менен билим берүү системасынын мамлекет тарабынан каржыланышы окуучуларга сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк бербейт. Окуу, методикалык адабияттардын, пособиялардын, компьютердик класстардын ж.б. болбогонун айтпай эле койолу. Ата-энелердин басымдуу бөлүгү болсо балдарын ар тараптан өнүктүрүүнү, шарты мыкты мектепте билим алуусун, квалификациялуу жана сабаттуу мугалимдин болуусун каалайт. Андыктан ата-энелердин көпчүлүк бөлүгү өз ыктыяры менен, же мажбур түрдө мектепти каржылоого катышкан кырдаал түзүлдү. Бир мектепти камсыздандыруу боюнча керектүү чыгашаларды жабуу боюнча кошумча каржылоонун орточо маалыматы.
 
Ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн каражаттарын башкарууда негизги көйгөй – бул каржылык агымдары начар көзөмөлдөнөт жана коррупция үчүн шарт түзөт. Мектеп жетекчилигинин коррупциялык ниети болбогон күндө да көзөмөлдүн жана айкындуулуктун жоктугу баары бир коррупция боюнча шектенүүлөрдү жаратат. Андыктан коомдо мектептерде паракорчулук жана уурулук бар деген пикир калыптанып калган. Ата-энелерден акча чогултууга расмий тыюу салынганы менен каржылоонун бул булагын жок кылбаганы аз келгенсип, аларды такыр эле жашыруун жана көзөмөлсүз калтырды. Өзгөчө коомдук уюмдар тарабынан акча чогултулган жерде көзөмөл  татаалдашты. Коомдук бирикмелере акча чогулткан жерде көзөмөл жүргүзүү жеңилирээк, анткени ал жерде акчанын өлчөмү белгилүү. 
 
Экинчи маселе мектептерде ӨЗ ЫКТЫЯРЫ МЕНЕН деген принциптин бузулуп жатканында. Формалдуу түрдө ата-энелер аларга кысым жасалып жатканын мойнуна албайт. Анткени алар акча бербей койсо, мунун кесепети баласына тиет деп кооптонушат. Чындыгында мектеп башчылары ата-энелерге кысым жасабай койо албайт, анткени алар мамлекет каржы жагынан көп жардам бербесе да, окуу процессинин материалдык жагын камсыз кылууга мажбур. Болбосо алар өз функцияларын аткара албай калышы ыктымал. Ушундан улам мамлекет мектеп башчыларын жана ата-энелерди коррупцияны, бири-бирине болгон ишенбестикти, нааразылыкты жараткан туңгуюкка кептеп койду. Мындай учурда ата-энелер менен мектеп ортосундагы өнөктөштүк, кызматташтык тууралуу сөз деле козгобой эле коюш керек. Бирок буларсыз толук кандуу, билимдүү жаранды тарбиялоо мүмкүн эмес. 
 
Учурдагыдай кырдаалда бизде такыр эле тандоо калбай калды. Биз бекер билим берүүнү камсыздоодо мамлекет өз функцияларын аткара албай калганын моюнга алышыбыз керек. Эгерде биз муну ачык айтпасак, бул маселе жакынкы келечекте чечилбейт.
 
Маселенин юридикалык аспекттери.
 
Эгерде биз мамлекет орто билим берүү жаатында өз функцияларын аткара албай жатканын мойнубузга албасак, Кыргыз Республикасынын демократиялык жетишкендиктерине көлөкө түшүргөн жана эл аралык аброюна шек келтирген татаал укуктук боштук пайда болот. Себеби билим берүүнүн базалык принциби деп эсептелген – бирдей укук жана бекер окуу – Кыргыз Республикасы кол койгон бир топ эл аралык акттарда бекитилген. Алардын айрымдарын гана атайлы.
 
Адам укуктарынын жалпы декларациясы (10-декабрь, 1948-жылдан бери). 26-берене: «Ар бир адам билим алууга укуктуу. Билим берүү бекер болуш керек, жок дегенде баштапкы жана жалпы билим берүү». 
 
Балдар укугу тууралуу Конвенция (16-декабрь, 1966-жыла). Кыргызстан ага 1994-жылдын 12-январында кошулган. «Мүчө мамлекеттер баланын билим алууга болгон укугун тааныйт  жана бул укукту бара-бара аткаруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Анын ичинде: 
 
• бекер жана милдеттүү баштапкы билим берүүнү киргизет;
 
• орто билим берүүнүн түрдүү формаларын колдойт, ага жетүүнү камсыздайт жана бекер билим берүү үчүн зарыл болгон чараларды колдонот; 
 
• билим берүү тармагындагы маалыматты жана материалдарды алууну камсыз кылат;
 
• мектепке үзгүлтүксүз баруусу жана мектепти таштагандардын саны азайтуу үчүн чара колдонот».
 
Экономикалык. социалдык жана маданий укуктар тууралуу эл аралык пакт (16-декабрь, 1966-жыл). Кыргызстан 1994-жылдын 12-январында кошулган. «Мүчө мамлекеттер ар бир адамдын билим алууга укугун тааныйт. Бул укукту ишке ашыруу  үчүн:
 
• баштапкы билим берүү бардыгы үчүн сөзсүз милдеттүү жана бекер болуш керек;
 
• орто билим берүү жана анын түрлөрү бардыгы үчүн ачык жана жеткиликтүү болушу үчүн зарыл болгон чараларды колдонуу, анын ичинде бекер билим берүүнү киргизүү». 
 
Мындан тышкары  КРнын Конституциясынын 20-беренесинде: «Мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди бекер алуу укугу  Конституция тарабынан бекитилген»  деп айтылат. 45-беренеде: «Ар бир адам билим алууга укуктуу. Негизги жалпы билим берүү милдеттүү. Ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди бекер алууга укуктуу. Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык жана жеке окуу жайларын өнүктүрүүгө шарт түзөт» деп айтылган.
 
«Билим берүү тууралуу» КРнын мыйзамы билим берүүнү уюштуруунун негизги принциптерин аныктайт:
 
• Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын сапаттуу билим алууда теңдиги;
 
• ар бир жарандын баштапкы жана негизги билим алуусунун милдеттүү жана бекер болуусу, андан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында бекер жалпы орто билим алуусу;
 
• мамлекеттик окуу жайларында мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде баштапкы, орто жана жогорку профессио-
налдык бекер билим алуу мүмкүнчүлүгү (4, 16-беренелер).
 
Ошондой эле «Билим берүү тууралуу» мыйзам билим алууга укукка мамлекеттик кепилдик берет:
 
• Мамлекет (КР өкмөтү) жарандарга зарыл болгон социалдык-экономикалык жана укуктук шарттарды түзүү менен мамлекеттик 
билим берүү мекемелеринде билим берүү стандарттарынын чегинде жарандардын бекер милдеттүү негизги жалпы, жалпы орто билим алуусун камсыздайт. 
 
• Жарандардын бекер билим алуусу мамлекеттик билим берүү мекемелерин бюджеттик жактан каржылоо, бюджеттик каражаттар менен билим берүү кызматтарын сатып алуу же мамлекеттик билим берүү гранттарын берүү аркылуу камсыздалат. (7-берене).
 
Ушундан улам, ички мыйзамдар да, эл аралык талаптар да Кыргызстанга бекер билим берүүдөн баш тарттыра албайт. Ошол эле учурда мамлекет өз милдеттерин аткарып жатат деп айтуу менен өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз. Кеңири социалдык-экономикалык реформалардын шарттарында кырдаалдан чыгуунун бир нече жолдору жана моделдери сунушталат. 
 
Варианттар
 
Түзүлгөн кырдаалдан улам адистер адегенде мамлекеттик деңгээлде орто мектептер бюджеттин эсебинен толук каржыланбай жатышын таануу керектигин айтышат. Муну мойнубузга алсак, маселени чечүүнүн бир нече сценарийи сунушталат. 
 
I. Бекер билим берүүдөн баш тартуу
 
Бул эң радикалдуу сценарий. Муну аткаруу юридикалык жана эл аралык деңгээлде проблема жаратат (ушул документтин IV бөлүмүн караңыз). Бекер билим берүүдөн баш тартуу менен демократияны өнүктүрүү жана жалпы дүйнөлүк баалуулуктарды киргизүү планына олуттуу сокку урулат. Бул олуттуу саясий утулуш болот жана бир да өкмөт мындай жоопкерчиликти мойнуна алууга батынбайт.  
 
II. Аралаш түрдөгү мектептерге өтүү
 
Орусия Федерациясынын тажрыйбасын колдонуп, каржылоонун аралаш системасына өтсө болот. Мында үч түрлүү мектеп иштейт: мамлекеттик (же муниципалдык), жарым-жартылай мамлекеттик жана жеке. Ошол эле учурда мамлекет баласын акча төлөп окута албай, аларды мамлекеттик мектептерге жиберген ата-энелерге бекер билим берүүнү камсыздап ажатат.  Жарым-жартылай мамлекеттик мектептерде ата-энеси мектептеги билим берүүнү каржылоого катышууга макул болгондордун балдары билим алат. Бул үчүн кошумча бийлим берүү кызматтары үчүн акча төлөйт. Жеке мектептерде билим берүүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылууга кудуреттүү ата-эненин баласы билим алат. Бул сценарий бюджетти каржылык оорчулуктан бошотууга түртөт. Ошол эле учурда теңдик жагынан алып караганда талаш жаралат. Түрдүү деңгээлдеги мектептер социалдык теңсиздикти жана коомдун жакырлар менен байлар деп бөлүнүшүнө шарт түзөт. Экинчи жагынан караганда, бул кырдаалда бөлүнүү жана теңсиздик ансыз деле пайда болду, бул үчүн Бишкектеги элиталык деп эсептелген мектептер менен борбор калаадагы жаңы конуштардагы мектептерди салыштырып көрүңүз.
 
Ошентсе да бул сценарий билим берүүнү баскыч-баскычы менен каржылоого өтүүсүнө шарт түзөт, мында мамлекет ар бир балага бөлгөн акчаны мектептин бардык түрлөрү алат. 
 
III. Ата-энелерден бир өлчөмдө акы алуу
 
Бул сценарийди Каржы министрлиги колдойт жана бир нече жыл мурда иштеген схеманы кайталайт. Ал убакта ата-энелер ар бир бала үчүн 160 сом өлчөмүндө акы төлөчү. Албетте бул сумма кайра каралышы керек. Анын үстүнө мектептин реалдуу керектөөлөрүнө таянып, бул акчаны төлөөдөн бошотулган, жеңилдик берилген үй-бүлөлөрдү эсепке алуу менен суммасы бекитилиш керек. Мына ушул жерде дагы бир маселе чыгат: мектептин реалдуу керектөөлөрү тууралуу так маалыматтардын жоктугу. Мисалы, ремонт үчүн каражат мектептин курулуш жылына, жайгашкан жерине жана абалына жараша бөлүнүш керек. Ушундан улам ар бир мектептин ремонтуна ар башка сумма талап кылынат. Бул маселе чыгашалардын башка түрлөрүнө да тиешелүү. Бул керектөөлөрдү эсептеп чыгуу үчүн бардык мектептерде инвентаризация жүргүзүү керек. Бул үчүн мектептин бардык активи (окуу класстары, материалдар жана жабдуулар, окутуучу курам, окуучулары курамы) жазылган “мектеп паспорту” зарыл.  Ушундан улам Билим берүү жана илим министрлиги мындай пасортизация жүргүзүү үчүн бюджетте каражатты караштырыш керек. 
 
Бул сценарий ишке ашырылган жана мурдагы жылдардын каталарын кайталабаш үчүн кайра анализденип чыгышы керек. Бул реалдуулукка жакын сценарий. Мунун жакшы жери – ата-эненин каржы агымы казыналык аркылуу өтөт, ушундан улам ачык-айкын болуп, көзөмөлдөнөт. Ал эми мектеп жетекчилерин болсо эч ким коррупцияга тиешеси бар деп шектенбейт. 
 
IV. Мектеп процессинде демөөрчүлүк маданиятын өнүктүрүү боюнча чаралардын программасы
 
Төртүнчү сценарий боюнча, ушул тапта орун алып жаткан ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн кайрымдуулук уюм системасын сактап калуу сунушталат. Бирок ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн каржылык агымын ирээтке келтирүү үчүн бир катар иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу зарыл. Бул чараларды жарандык сектор жана мамлекет колдосо, маданияттын жана башкаруунун практикасынын деңгээлин көтөрмөк, коомдук механизмдер жана көзөмөл иснтрументтери пайда болмок. Бул эң логикалуу жана туура жол. Бирок бул мамлекет жана коом тарабынан  бир топ аракеттерди талап кылат. Анткени адамдардын аң сезимин өзгөртүү эң татаал жана көп убакытты талап кылган реформа. Адистердин айрымдары жарандык жана укуктук маданияттын азыркы деңгээлинде акчанын айкын жана эффективдүү пайдаланылышы жакынкы келечекте болбойт деген пикирде. 
 
V. Билим берүү сапатын көзөмөлдөө зарылчылыгы
 
Коомдук пикирдин ою боюнча, мамлекеттин төмөнкүлөргө укугу жок:
 
• толук өлчөмдө канааттандырган билим берүү системасына карата каржылык функциясын аткарып жатам деп эсептөөгө жана унчукпай отурууга;
 
• мектептеги билим берүүнүн сапатын өлчөөнүн объективдүү инструменттеринен баш тартууга.
 
Өзгөчө экинчи пункт маанилүү. Мектептеги билим берүүнүн сапатынын айланасындагы биздин талкуулар конструктивдүү мүнөзгө ээ болмоюнча, биз тиги же бул өзгөрүүлөр тууралуу сөз козгой албайбыз. PISA уюмунун иликтөөсүнүн кейиштүү жыйынтыгы бизди алдыга умтулууга түртүүдө. 2012-жылы мамлекет бул иликтөөгө катышуудан баш тартууда, анткени жакшы жагына өзгөрүү болгон жок деп кооптонууда. Бирок билимдин сапатын текшербей коюу да проблемага көз жумуп коюу менен барабар болот. Билим берүүнүн сапатын текшербөө – бул багыттагы олуттуу көйгөйлөрдү көз жаздымда калтыруу менен барабар. Мындан тышкары PISAнын иликтөөсүнө катышуу үчүн биздин билим берүү системабыз өзүнүн өлчөмүнө ээ болушу керек. Бул позицияга Билим берүү жана илим министрлиги да, Каржы министрлиги да кошулат.  
Надежда Добрецова, 
Өнүктүрүү саясат институтунун 
башкаруу төрайымы
 
Роза Гайбулина, 
“Айкын бюджет үчүн” Альянсынын аткаруучу 
директору
2011 жылдын жай айларында жазылган.