Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Билими жана коомдук иш тажрыйбасы аялдарга жергиликтүү кеңештин ийгиликтүү депутаты болууга жардам берүүдө

2021-09-03 / Депутаттык баяндар
Билими жана коомдук иш тажрыйбасы аялдарга жергиликтүү кеңештин ийгиликтүү депутаты болууга жардам берүүдө

Баян "Жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу" (#PSI) долбоору тарабынан даярдалды.

Бүбатма Сайдимаметовна КАДЫРБАЕВА – лидер аял, беш баланын мээримдүү энеси, 10 неберенин чоң энеси. Ал жергиликтүү жамааттын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келүүдө. Аялдардын жана башка жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен такай таанышып, аларды мыйзам чегинде чечүүгө аракет кылып келет. Ушул максатта ал жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, бүгүнкү күндө төш белги менен бирге депутаттык мандатты да алды.

Бүбатма КАДЫРБАЕВА 1966-жылы 15-сентябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Күйөө-Таш айылында төрөлгөн. 1984-жылы Жакыпов атындагы орто мектепти аяктап, 1986-жылы Жалал-Абад медициналык окуу жайын фельдшер-лаборант адистиги боюнча бүтүргөн. Ошол эле жылы эмгек жолун Базар-Коргон аймактык ооруканасынын клиникалык лабораториясында лаборант болуп баштаган.

Кичинесинен коомдук иштерге жигердүү катышып келген. Ал дайыма жаңы идеяларды издеп, бир баштаган ишинин өтөсүнө чыгып, коомго өзүнүн лидерлик сапаттарын көрсөтүп келатат. 2012-жылы Бүбатма жергиликтүү кеңешке талапкер болууну чечкен. Бул чечимин жолдошуна айтканда, андан колдоо тапкан эмес. Күйөөсү жубайына эч ким добуш бербей турганын айткан. Буга карабастан, Бүбатма башка талапкерлер менен бирге шайлоо процессине катышты. Бүбатма көптөгөн көйгөйлүү маселелердин арасында тургундар мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттардын жоктугуна даттанып жүрүшкөнүн байкаган. Ошондо ал бул маселе кабыргасынан коюп, аны чечкиндүүлүк менен өзүнүн программасына киргизип, эгер ал шайлоодо жеңишке жетсе, бул көйгөйдү чечүүгө убада берген.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Бүбатма жеңип чыгып, добуштардын саны боюнча экинчи орунду алды. Ошентип, адамдарга берген убадаларын аткара турган күн да келди. 2013-жылдын май айында Бүбатма айылдашы Кочкор МУРЗАЕВДИН Жон айылындагы үйүн ижарага алып, марафон өткөрүп чогулткан каражатка №9 “Ак-Канат” бала бакчасын ачкан. Учурда бала бакчада 50 бала тарбияланууда.

Мектепке чейинки билим берүү көйгөйү чечилери менен Бүбатма айылдын жаштарына сергек жашоого өтүп, спорт менен машыгууга жардам берүү үчүн жаңы долбоорду даярдоого киришет. Жыйынтыгында чакан футбол аянтчасын курууга да каражат табылган.

2014-жылы Бүбатма Базар-Коргон районунун “Ардактуу атуулу” төш белгиси, 2015-жылы “Даткайым” төш белгиси менен сыйланган.

2014-жылы Бүбатма АКШнын жараны Маргарита ЛИДСти ыктыярчы катары чакырган эле. Маргарита окуучуларды ысык жана муздак суу менен камсыз кылуу үчүн мектепке суу киргизип берүү ишин уюштурууга жардам берген.

2016-жылдын ноябрында депутаттык мөөнөтү аяктагандан кийин ал экинчи жолу жергиликтүү кеңешке талапкер болгон. Бирок, тилекке каршы, депутат болуу үчүн ага беш добуш жетпей калган.

2016-жылдагы шайлоодогу жеңилүү лидер аялды токтото алган жок, Бүбатма кийинки шайлоо өнөктүгүнө катышууга жигердүү даярдана баштады. 2021-жылдын январында ал конкурска катышып, “Жергиликтүү кеңештерге талапкер аялдардын лидерлик мектебине” тандалып алынган. Бул мектеп “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун алкагында уюштурулган. Аталган Долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылайт жана “Хельветас Кыргызстан” менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келүүдө. Лидерлик мектепке катышуу Бүбатманын лидерлик сапаттарын жакшыртууга, ошондой эле шайлоо процессинин бардык нормаларын изилдөөгө шарт түзгөн. Мектептеги окуусу аяктагандан кийин насаатчылык программасынын алкагында ал кошумча консультацияларды алууну улантты, анткени алдыдагы шайлоого катышуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин кыйынчылыктар башталган. Каттоо процесси учурунда документтерди чогултууда, мисалы, соттолбогондугу тууралуу маалымкатты алууда көйгөйлөр жаралган. Бул маселелерди чечүүдө Лидерлик мектептин тренерлери консультациялык жардам көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, Мыкты тажрыйбалар порталында (https://myktyaimak.gov. kg/) Бүбатма башка талапкерлер менен маалымат жана тажрыйба алмашуу үчүн онлайн иш-чарага катышты. Алынган көндүмдөр жана жаңы ыкмалар шайлоо учурунда да, шайлоо өнөктүгүн өткөргөн маалда да колдонулган. Натыйжада, 2021-жылдын 11-апрелинде ал ишенимдүү жеңишке жетип, 236 добушка ээ болуп, депутат болуп шайланды.

Албетте, бул жетишкендикти талыкпаган эмгектин, лидерлик сапаттардын жана Лидерлик мектебине жигердүү катышуусунун натыйжасы катары баалоого болот.

Окшош материалы: