Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бийликтин көңүл чордону аймактарга көчүш керек

2011-12-30 / Актуалдуу тема

Кыргыз Республикасы ЖӨБну өнүктүрүүдө белгилүү бир ийгиликтерге жетишкени талашсыз

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук Агенттигинин директору Б.Фаттахов менен маек

– Бахтияр Азизович, 2010-жылдагы окуялар өлкөнү башкаруу системасындагы ыкмаларды өзгөртүү зарылчылыгына түрттү. Башкаруу структурасында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө кемчиликтер көп экенин, адамдардын турмушуна жана мамлекеттин тагдырына оор кесепетин тийгизген стратегиялык каталар болгонун бардыгы көрдү. Ушундан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы, анын өкүлдөрү жана мамлекеттик кураторлор мындан кандай жыйынтык чыгарышты?

– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекет үчүн 2010-жылдын негизги сабагы - башкаруу ишмердүүлүгүндөгү көңүл жана өлкөнү өнүктүрүүдөгү социалдык-экономикалык өзөктүү көйгөйлөрдү чечүүдөгү жоопкерчилик алгачкы аймактык деңгээлге бурулушу керек, башкача айтканда айыл, шаарча жана шаарларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлине.

– Ушул тапта ЖӨБ системасын өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер жана кемчиликтер ортосундагы теңдикти кантип баалайт элеңиз?

– Кыргыз Республикасы ЖӨБну өнүктүрүүдө белгилүү бир ийгиликтерге жетишкени талашсыз: негизги нормативдик укуктук база түптөлдү, профессионалдык муниципалдык кызматтын негиздери түзүлдү, мыйзам чегинде жергиликтүү маанидеги иштер менен мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар бөлүштүрүлдү, муниципалдык башкаруу практикасына маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча иштер башталды.

Ошентсе да реформалардын натыйжасы азырынча туруктуу боло элек, дагы деле мыйзам деңгээлиндеги жана практикалык мүнөздөгү көйгөйлөр кала берүүдө. Негизинен мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын тартиби тууралуу мыйзамдын талаптары жеткиликтүү деңгээлде аткарылбай жатат, бул өзгөчө каржылык камсыздандыруу жагында байкалат. Жөнөкөй тил менен айтканда ушул күнгө чейин “функциялардын артынан акча” деген принцип аткарылбай келет. Мунун жыйынтыгында ЖӨБ органдары өз чөнтөгүнөн калкка айрым мамлекеттик кызматтарды аткарууга мажбур. Ошондой эле айылдык муниципалитеттердин өлчөмүндө чоң айырмачылык сакталууда жана аткарылып жаткан функцияларда бирдиктүүлүк жок.

– Эгерде маселелерге кененирээк токтолсок, аларды чечүүдө кайсынысына артыкчылык берет элеңиз?

– Биринчи кезекте мен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык туруктуулугун бекемдөө маселесин көтөрмөкмүн. Өлкөнүн консолидацияланган бюджетиндеги жергиликтүү бюджеттин үлүшүн көбөйтүү зарыл: учурда ал болжол менен 15 пайызды түзөт жана бул жергиликтүү маанидеги маселелерди эффективдүү чечүүдө жетишсиз. Жергиликтүү бюджеттердин үлүшүн жок дегенде 30 пайызга көбөйтүү зарыл. Муну жергиликтүү бюджеттин үлүшүн көбөйтүү үчүн жалпы республикалык салыктардын пропорциясын бөлүштүрүүдө өзгөртүүлөрдү киргизип (мисалы,киреше салыгы), андан тышкары ЖӨБ органдарынын салыкка байланыштуу, анын ичинде жергиликтүү салыктарды чогултууда ыйгарым укуктарын кеңейтүү максатында Салык кодексине өзгөртүү киргизүү менен жасаса болот жана жасаш керек.

Экинчи орунда муниципалдык башкаруунун сапатын жогорулатуу маселеси турат. Бул өзүнө муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну гана эмес, андан тышкары маалыматтык технологияларды, башкаруудагы жаңы чечимдерди кабыл алууну жана башкаларды өзүнө камтыган комплекстик көйгөй. Өзгөчө мен муниципалдык кызмат керлерди даярдоо, кайра даярдоо жана деңгээлин жогорулатуу системасына токтолгум келет. Бүгүнкү күндө бул жаатта көп көйгөйлөр жана чабал жерлер бар жана биз бул маселени чечүүдө жаңы стратегиялык ыкмаларды иштеп чыгышыбыз керек. Бул өтө оор тапшырма – квалификацияны жогорулатуу системасы муниципалдык башкаруунун заманбап талаптарына гана жооп бербестен, жыйынтыкка негизделген эмгек акы системасына да байланыш керек.

Үчүнчү орунда илимий, аналитикалык иштерде жүзөгө ашырылбай жаткан керектөөлөр турат. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн жыйырма жылдан ашуун тарыхында биз бир нерсени түшүндүк: ЖӨБнун универсалдуу модели жок,болгон эмес жана болбойт. Ушундан улам бизге салттарыбызга, менталитетибизге, ресурстарыбызга жана мамлекеттик түзүлүшүбүзгө ылайыкташтырылган өзүбүздүн системабыз, өзүбүздүн моделибиз керек. Мындай моделди даяр чечимдердин артынан куубастан түзүү бир күндүн жана бир жылдын иши эмес. Азырынча биз анын пайдубалына биринчи гана таштарды койдук, бирок кандай дубал тургузаарыбыз өзүбүздүн илимий жана аналитикалык потенциалыбыздан көз каранды. Бизге мындай иштерди тез арада аткара турган аналитикалык борборлор,think thank уюмдар өтө зарыл. Мисалга муниципалдык менчикти башкарууну алалы. Биз муниципалдык менчик базарын түзүп, аны ишке киргизишибиз керек. Бул үчүн кечээ эле маалыматтык-аналитикалык чечимдер иштелип чыгышы керек болчу. Азырынча алар жок. Жергиликтүү бюджеттер – ошол эле аналитика, болжолдоо жана өлкөнүн, айрым аймактардын деңгээлинде чечимдердин варианты керек. Бирок бул жаатта да азырынча аналитикалык продуктулар жана бул продуктуларды өндүрүүчүлөр аз.Биз ушундай борборлордун, жаңы аянттардын, анын ичинде маалымат алмашуу боюнча аянттардын пайда болушун күтүп жатабыз. Буга байланыштуу «Муниципалитет» аттуу жаңы журнал бул багыттагы өнүгүүгө өз салымын кошот деп үмүттөнөбүз.

Жогоруда айтылгандардын «ичинде» отурган дагы бир маселе бар. Бул – жергиликтүү өз алдынча башкарууга жарандардын тартылуусун күчөтүү. Биринчи кезекте сөз жергиликтүү кеңештер тарабынан көзөмөлдү күчөтүү тууралуу болуп жатат. Бул болсо депутаттардын квалификациясын жогорулатуу шартында гана ишке ашат. Мында демократиянын жана жарандык көзөмөлдүн түз формаларын колдоо жана өнүктүрүү маанилүү. Андан тышкары коомдук угуулар менен гана чектелбестен, жарандардын катышуусунун жаңы механизмдерин киргизүү зарыл. Балким бул жараянда өз сөзүн ЖӨБ органдарынын алдындагы коомдук байкоочулар кеңеши айтат, бирок алардын ийгиликтери же кемчиликтери тууралуу бүтүмдү чыгаруу азырынча эрте. Себеби аналитика жок.

Мындан тышкары чечилүүсү зарыл болгон бир топ көйгөйлөр бар: бул – донордук жардамдын координацияланышы, жергиликтүү экономиканын өнүгүүсүн күчөтүү, аймактарда өсүү чекитин түзүү.

– Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө кененирээк токтолсок болобу? Себеби бул түз жана кыйыр айтканда алардын наны эмеспи.

– Идея бар жана ал келечектүү. Бул – өлкөдө айрым “өсүү чекиттерин” түзүү. Мисалы, бири-бирине жакын жайгашкан муниципалитеттердин бардык деңгээлдеги өнүгүүнүн бюджеттеринин ресурстары топтолгон тобу. Мындай муниципалитеттердеги тез ылдамдыкта өскөн экономикалык активдүүлүктүн эсебинен жакын аралыкта жайгашкан аймактардын экономикасы жанданып, бул активдүүлүк башка аймактарга да жайылат. Албетте мындай муниципалитеттер ресурс, география, коммуникация, транспорт жана башка жагынан атаандаштык артыкчылыгына ээ болушу керек. Мисалы, Ысык-Көл облусунда“өнүгүү чекити” катары Балыкчы шаары боло алат. Бул жерде мамлекеттик колдоо, стимулдаштыруучу гранттар жана өнүктүрүү бюджети багытында принципиалдуу чечимдерди кабыл алуу керек.

Албетте эл аралык донор уюмдардын жардамы да зарыл. Бирок биз жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү боюнча долбоорлор инвестициялык багыттарын аныктоодо өздөрүнө гана ыңгайлуу шарттарды эмес, Кыргызстандагы аймактардын жана муниципалитеттердин стратегиялык кызыкчылыктарын эске алышын каалайт элек. Мында алар жергиликтүү экспертизага жана тажрыйбага таянышса жакшы болмок.

– Донорлор демекчи, жардамды координациялоо, кайталоолорду жоготуу, эффективдүүлүгүн аныктоо тууралуу узактан бери жана көп айтылып келатат. Кырдаалды

кандай баалайт элеңиз?

– Координация – бул жараян. Эч качан «бардыгы координацияланган жана мыкты түрүндө даярдалды» деп айта ала турган учур келбейт. Бул процесс болгон үчүн ал өзүнүн мыйзамдарына ылайык өнүгөт, көзгө көрүнөөрлүк ийгиликтер болот, кемчиликтер да жок эмес. Бирок жалпысынан биз көрүп турабыз, донорлук уюмдар өз убадаларын аткарууга аракеттенип жатат жана иш жүзүндө координация принциптерине берилгенин далилдешүүдө. Мисалы, ЖӨБну өнүктүрүүгө катышкан донордук уюмдар өткөн жылдан тарта бирибиринин иштеринен кабардар болуп туруу, тематикалык жана географиялык жактан кайталоолорду жокко чыгаруу үчүн үзгүлтүксүз координациялык жолугушууларды өткөрүп жатат. «Муниципалитет» аттуу журнал бул процесске өз салымын кошо алмак.

Ошол эле учурда сырткы өнөктөштөрдөн координацияны талап кылуудан мурда биз өз аракеттерибизди жакшылап координациялаганды үйрөнүшүбүз керек. Биз муну жасай алаарыбызды көрсөтүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк бар: ушул тапта Аймакты өнүктүрүү концепциясы даярдалып жатат. Ага Өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы шилтеме жасоодо. Концепцияны иштеп чыгууга Экономиканы жөнгө салуу министрлиги жооптуу. Биз бул Концепцияда жергиликтүү өнүктүрүүнүн, анын ичин де жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык аспектилерин эффективдүү эсепке ала алабыз. Концепцияда көңүл чордонунда 2012-жылы кабыл алынышы күтүлүп жаткан Борбордон алыстатуу боюнча улуттук стратегия болушу керек. Баса, силердин журналдын окурмандары – муниципалдык лидерлер жана жергиликтүү кеңештин депутаттары – стратегиянын багыттарын талкуулоого кошула алат.

– “Муниципалитет” журналына сиздин каалоо-тилегиңиз?

– Силерге ЖӨБнун жана жалпы Кыргызстандын өнүгүүсүнө кызыкдар болгондор ортосунда татыктуу жана тең салмактуу байланыш механизми болууну каалайм. Өз-өзүнчө долбоорлордун кууш фокустагы жыйынтыгына негизделген “долбоордук бюллетендер” алкагынан чыгып, авторлордун жана адистердин кеңири чөйрөсүн түзүүңөргө тилектешмин. Түрдүү көз караштарды чагылдырып, конструктивдүү талкуу жүргүзгүлө. Силерге, силердин окурмандарыңарга жана жалпы жергиликтүү өз алдынча башкарууга ийгилик каалайм!