Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештин депутат аялдары ишке киришти: алар жумуш орундарын түзүүдө, аялуу үй-бүлөлөргө жардам берүүдө, жолдорду тазалап, бюджетти чечмелешүүдө

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Жергиликтүү кеңештин депутат аялдары ишке киришти: алар жумуш орундарын түзүүдө, аялуу үй-бүлөлөргө жардам берүүдө, жолдорду тазалап, бюджетти чечмелешүүдө

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка эли көрсөткөн жардамдын натыйжасында жарык көрдү. Басылманын мазмуну үчүн Өнүктүрүү саясат институту жооптуу, жана ал FHI 360тын, USAIDдин же АКШ Өкмөтүнүн позициясын сөзсүз түрдө чагылдыра бербейт. Материалдарды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Айнура ДЖУНУШАЛИЕВА, “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” Долбоорунун жетекчиси

2021-жылдын жазында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аялдардын өлкөнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна саясий катышуу тарыхында кандайдыр бир деңгээлде рекорд койду – жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын мандаттарынын үчтөн биринен көбү – 39 пайызын аялдар алышты. Бул көбүнэсе мыйзамдардын деңгээлинде аялдар үчүн жергиликтүү кеңештерде мандаттарды резервде кармоонун эсебинен мүмкүн болду.

Жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгүнүн 10 пайыздан 39 пайызга чейин жогорулашы Кыргызстандын шайлоо тарыхындагы эң маанилүү учур болуп саналат. Бул кеминде 29%, ал эми абсолюттук маанисинде дээрлик 2200 аял биринчи жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болот дегенди билдирет. Бирок шайлоодогу жеңиш аялдардын жергиликтүү кеңештин ишине бирдей жана ийгиликтүү катышуусун билдирбей турганы азыртан эле анык болуп турат. Өз позициясын коргоо үчүн аялдарга өжөрлүк жана көктүк гана эмес, ошону менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздерин жана принциптерин билүү, жергиликтүү кеңештин ишинин маңызын түшүнүү жана башка көптөгөн конкреттүү билимдер керек болот. Булардын бардыгы аялдарга өзүн депутат катары толук көрсөтүүгө жардам берет. 

Мындан тышкары, убакытты башкаруу, баарлашуу жана эл алдында сүйлөө жөндөмү, өнөктөштүктү калыптандыруу жана чыр-чатактарды азайтуу сыяктуу жеке көндүмдөр да аял депутаттын өнүгүүсүндө жана ишин жөнгө салып кетишинде  маанилүү роль ойнойт.

Адатта, бул билимди сиңирип,  көндүмдөрдү  өздөштүрүү үчүн жаңы депутат жылдарга созулган эмгек жолун басып өтүшү керек. USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору аркылуу каржыланган “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоору 10 максаттуу муниципалитетке ар тараптуу колдоону сунуштайт. Мунун ичине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүлүшү жана аны уюштуруу өңдүү маанилүү темалар боюнча окуулар жана инсан катары калыптандырган көндүмдөр боюнча тренинг да бар, бул окуулар аялдын депутат болуп өсүүсүнө өбөлгө болуп берет. Ошондой эле практикалык тапшырмаларды аткарууда долбоордун тренерлери жол көрсөтүп, насаатчылык ишин аркаласа, жергиликтүү кеңештин тажрыйбалуу аял депутаттары тажрыйбасы менен бөлүшөт. 

Долбоор аял депутаттар туш болгон көйгөйлөрдүн өзөгүн билип, алардын активдүүлүк себептерин баамдай алды. “Муниципалитет” журналы жергиликтүү кеңештердин депутаты болуп калган аялдар кандай вазыйпаны аткарып жатканы, алар кандай тышкы жана ички кыйынчылыктарга дуушар болгону, ушул кезге чейин кандай жеңиштерге жетишкени, алдыда дагы эмне күтүп турганы тууралуу иргелип алынган окуяларды сыймык менен сунуштайт. Бул түрмөктү USAID каржылаган “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун буюртмасы менен эксперттер Анара МУСАЕВА жана Айнура БАЛАКУНОВА даярдашты. 

Окшош материалы: