Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин директору Б.Фаттаховдун ЖАҢЫ-ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

2011-12-30 / Актуалдуу тема

Б.Фаттаховдун ЖАҢЫ-ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

Урматтуу жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин жамаатынын атынан келе жаткан 2012-жыл менен Сиздерди куттуктап, чың ден соолук, жеке турмушуңарда бакыт жана Кыргызстан элинин сыйына негизделген профессионалдык ийгиликтерди каалап коюуга уруксат этиңиздер!

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеп, биздин Мекенибиздин бардык аймактарында болуп, Сиздер биздин өлкөнүн бардык элдери менен күн сайын баарлашасыздар. Ар дайым Сиздер жарандардын күнүмдүк керектөөлөрүн камсыздоого, аймактын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан жергиликтүү жана мамлекеттик маанидеги маселелерди күжүрмөндүк жана чыгармачылык менен чечип келесиздер.

Сиздердин активдүүлүгүңүздөр мындан ары да өсүп, Сиздер тартип жана коопсуздукту камсыздоо, жарандардын жакшы жашоосу үчүн аларга шарт түзүп берип, ар бир үй-бүлөнүн эртеңки күнгө карата ишенимин бекемдөө үчүн жамааттык жана бейөкмөт уюмдарды, үй жана кварталдык комитеттерди, дыйкандарды жана ишкерлерди бириктиресиздер деп ишенем.

Сиздерден башка эч ким кырдаалды өз убагында жана туура түшүндүрүп, чыңалган абалды жумшартып, биздин мыкты элдик салт-санааларыбыздын бузулушуна жол бербей турган коомдук пикирди түптөп, жаман жоруктарды сынга алып, акыйкат иш жасаганга ошого жараша баа бере албайт.

Биз Сиздер менен 2012-жылдын – жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жылынын алдында турабыз. Бул шайлоо өзгөчө болооруна шарттар бар – бизде күчтүү, көз карандысыз, сабаттуу жана жоопкерчиликтүү жергиликтүү кеңештер аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууга өзүбүздүн Конституциялык укугубузду колдонууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мен Сиздерди шайлоого өзгөчө көңүл бурууга, Сиздердин жамааттагы жаңы, келечектүү депутаттарды көрүп, аларга шайлоого жана үгүт өнөктүгүнө катышууга оптималдык шарт түзүп берүүгө чакырам. Келе жаткан жыл жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө жаңы доордун башталышы болушу мүмкүн: биз салыштырмалуу туруктуулукка ээ болдук, мыйзам жаатында да жылыштар бар, элдин жана бийликтин диалог жүргүзүүгө эрки жетет.

Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу кесиптештер!!