Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мээрим АКИРОВА: “Аялдардын эмгеги эркектердин эмгеги менен бирдей деңгээлде таанылышы керек”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Мээрим АКИРОВА: “Аялдардын эмгеги эркектердин эмгеги менен бирдей деңгээлде таанылышы керек”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Ысык-Көл облусунун Тоң айылдык кеңешинин депутаты Мээрим Токтомушевна АКИРОВА 11 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенет – алгач мектепте, андан кийин бала бакчада иштеп жүрүп, айылдагы социалдык көйгөйлөрдү жакшы билгенден тышкары, аларды чечүү жолдоруна да көзү жетет. Билгендерин элдин пайдасына колдонуу үчүн Мээрим жергиликтүү кеңештин депутаты болуп калды. Мындай жоопкерчиликтүү ишти алып кетүү үчүн Мээримде бардык зарыл сапаттар бар: чечкиндүү, айыл тургундарынын арасындагы абройго ээ, ачык сүйлөйт жана өз сунуштарын негиздеп бере алат. Жашоо шартына байланыштуу көйгөйлөрдөн тышкары, аялдардын жамааттын өнүгүшүнө кошкон салымы азырынча бааланбай жатканы Мээримди түйшөлтүп жүргөн. Мындан улам жергиликтүү кеңештин депутаттары менен болгон жолугушууда “Айылдык аймактын ардактуу атуулу” наамын берүүдөгү критерийлерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды. Мээрим мындай демилгени бул наамга татыктуу көптөгөн аялдардын эмгеги дайыма эле көз жаздымында калып жатканы менен негиздеди. 

Маселенин чоо-жайы менен таанышуу процессинде депутат кеңеш алуу үчүн юристтерге кайрылып, башка муниципалитеттердин тажрыйбасы менен жакындан таанышып, андан кийин бардык материалдарды айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына өткөрүп берди.

Андан кийин Мээрим “Айылдык аймактын ардактуу атуулу” наамына ким талапкер боло алат деп ойлоно баштады. Жергиликтүү жамааттын лидерлери, айрыкча жаштар жана айыл башчысы анын идеясын колдоого алышып, бир добуштан Шайыр БЕЙШЕКЕЕВАнын талапкерлигин сунушташты. Шайыр БЕЙШЕКЕЕВА пенсияга чыкканына карабай тургундарга медициналык кеңеш алууга жардам берип келатат. Анын жардамы өзгөчө COVID-19 эпидемиясынын шартында пайдалуу болду.

Мээрим көп балалуу эне, анын алты баласы бар. Алардын экөө бойго жетип, учурда жогорку окуу жайында билим алышат. Жолдошу Мээримди жергиликтүү кеңештин депутаты катары бардык аракеттеринде колдойт. Балдар да апасы азыр депутат экенин жана анын коомдук иши алда канча арбыганын түшүнүп турушат.

Келечекте Мээрим айылдык аймакта балдар менен жигиттер гана эмес, кыздар да спорт менен алектене ала тургандай шарт түзүп берүүнү каалайт. Депутат жүйөлүү сунушту даярдап, андан кийин тиешелүү чараларды өнүктүрүү программасына жана жергиликтүү бюджетке кошууну көздөп жүрөт. Бирок өзү дагы демилгесин колдоп бере турган демөөрчүлөрдү издемекчи. 

Окшош материалы: