Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Евгения КОРЯГИНА: “Депутат сейил бакты көрктөндүрүүнү гана сунуш кылбастан, демилгесин ишке ашыруу үчүн каражат да издеп жатат”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Евгения КОРЯГИНА: “Депутат сейил бакты көрктөндүрүүнү гана сунуш кылбастан, демилгесин ишке ашыруу үчүн каражат да издеп жатат”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Орлов шаардык кеңешинин депутаты Евгения Юрьевна КОРЯГИНА Орловка шаарындагы “Кыргызжылуулукэнергонун” филиалынын абоненттер бөлүмүнүн башчысы болуп, сегиз жылдан бери эл менен иштеп келатат.

Евгения адамдар менен тез эле тил табышып кете алат, аларды укканды гана эмес, сүйлөшкөндү да билет, жердештери ага ишенип, көйгөйлөрү тууралуу дайыма айтып турушат. Көбүнчө Орловканын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыздоо жөнүндө сөз болот, ошондуктан Евгения аны муниципалдык менчикке өткөрүп, суу менен жабдуу системасын калыбына келтирүүгө киришти. Евгения жергиликтүү кеңештин сессиясында тиешелүү сунуш киргизип, алгачкы жыйынтыктарга да жете алды, Евгениянын көмөгү менен суу резервуары жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолду. Анын демилгелерин Орловка шаарынын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы да колдойт. Депутаттык ишмердүүлүгүндө ал аялдар чечкиндүү болуп баратканын байкап, бардык депутаттарга, анын ичинде эркектерге да өз оюндагысын жеткирүүгө аракет кылып жатканын белгиледи. Депутат катары ал дайыма кварталчылардан, аксакалдар сотунан, аялдар кеңешинен, жаштар комитетинен жана демилгелүү топтун мүчөлөрүнөн колдоо таба алат. Жакында алар шаар тургундары арасында сейил бакты көрктөндүрүүгө байланыштуу сурамжылоо жүргүзүп, шаардыктар сейил бактан эмнени күтүп жатканын билүүгө аракет кылышты. Сурамжылоонун жыйынтыктары бул көйгөй бардык тургундар үчүн, айрыкча аялдар үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөттү, алар сейил бакта балдар аянтчасын куруу зарылдыгын айтышты. Сурамжылоонун жыйынтыгы мэрияга өткөрүлүп берилип, сейил бакты көрктөндүрүү боюнча документтер даярдалды. Бирок, долбоорду ишке ашырууга көп каражат талап кылынган эле. Буга карабастан Евгения алакан жайып отуруп калбастан, бир топ иштерди пландап жатат: мисалы, мэрияга сейил бакты Орловка шаарынын тургундарына ыңгайлуу кылууга жардам берүү үчүн акча чогултуу боюнча маалыматтык баракчаларды даярдоого көмөк көрсөтүп келүүдө.

Евгениянын жолдошу жана эки кызы бар. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына ат салышаар алдында ал бул маселени үй-бүлөсү менен талкуулап, бүгүнкү күндө алардын колдоосу менен жергиликтүү кеңештин депутаты катары ийгиликтүү иштеп жатат. Аялынын коомдук иштеринин маанилүүлүгүн жана натыйжалуулугун түшүнүп, жолдошу ага болгон колдоосун көрсөтөт.

 

Окшош материалы: