Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ирина ЖОЛДОШЕВА: “Жамаатта гана эмес, ар бирибиздин ичибизде да гендердик стереотиптер менен күрөшүү маанилүү”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Ирина ЖОЛДОШЕВА: “Жамаатта гана эмес, ар бирибиздин ичибизде да гендердик стереотиптер менен күрөшүү маанилүү”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Ысык-Көл облусунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Ирина ЖОЛДОШЕВА көптөн бери Кызыл-Туу айылында мектептин директору болуп эмгектенет. Ал айылдыктардын бир нече муунун тарбиялап, окуткан. Дал ушул ЖОЛДОШЕВАнын жардамы менен бүгүнкү күндө окуучуларда англис тилин үйрөнүүгө жана тилди билгендер менен баарлашууга мүмкүнчүлүгү бар: Иринанын демилгеси менен Тынчтык корпусунун ыктыярчысы мектепке чакырылган.

Ирина чынчыл, калыс адам, ар дайым көйгөйлүү кырдаалды мыйзамдардын чегинде кылдат чечүүгө аракет кылат, эч кимдин өтүнүчүн көңүл сыртында калтырбайт, жарандардын мамлекеттик органдарга кайрылуулары кандай нукта чечилип жатканына көз салып турат. Ирина бул сапаттарын депутаттык ишинде да көрсөтүп, экинчи жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болду. Иринанын биринчи чакырылышы бүткөндө, тургундар андан талапкерлигин дагы бир жолу көрсөтүүнү суранышкан. Ирина эч бир кайрылууну көз жаздымында калтырбайт.

Депутат, жамааттын активисти катары Ирина, ошол эле учурда, өз укуктарын коргоого аракет кылган аял кандай кыйынчылыктарга туш болорун жакшы түшүнөт. Бул айрыкча айылдашы Асылдын (ысымы өзгөртүлдү) тагдырында ачык көрүнүп турат. Асыл кичинекей балдардын энеси, балдарын коомдук иш-чараларга алып жүрүүгө мажбур. Балдарын ээрчитип коомдук жашоого катышууга аракет кылган Асыл терс маанайдагы сөздөрдү көп угат, өзү да жигердүү болуп, балдарын да ээрчитип алганы айрымдарга жага бербейт. Ирина Асылга боор тартат жана аялдардын жашоо шарттарын кантип жакшыртып, өзгөчө саясий укуктарын кеңейтсе болоору жөнүндө терең ойлонуп жүрөт. Бирок азырынча толук жооп таба элек.

Буга карабастан Ирина айрыкча жумуш орундарын түзүү аркылуу аялдардын экономикалык шарттарын жакшыртууга аракет кылып жатат. Ошентип, ал жергиликтүү лицей менен бирге кошумча билим алууга мүмкүнчүлүгү жок адамдар үчүн чач тарач курстарын ачуу демилгесин көтөрүп чыккан. Депутат бул үчүн айыл өкмөт башчысын курстарды ачуу, ал тургай жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү зарылчылыгы бар болгонуна ынандыра алды. Натыйжада, ылайыктуу бөлмө оңдолуп-түздөлүп, анда 50дөн ашык адам окуудан өтүп, алар кийин жумушка орношту. Иринанын демилгеси ЖӨБ органдарынан гана эмес, жергиликтүү жамааттан да колдоо тапты: курстун катышуучуларынын ата-энелери, кварталчылар жана төрт айылдын башчылары муктаж болгон тургундар үчүн, айрыкча кыздар жана аялдар үчүн арналган курстар жөнүндө маалыматты жайылтууга жардам беришти.

Ирина депутаттык ишмердүүлүгүн мектептеги иши менен айкалыштырууну улантууда жана билим берүү мекемесинин директору жана жаңы чакырылыштын депутаты катары 2021-жылы мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга киришти. Бул багытта балдар жана кыздар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында мектептин ичинде даараткана куруу өтө маанилүү деп эсептейт.

Ирина бойго жеткен төрт баласынын жана беш небересинин колдоосун сезип турат, аларды өзүнүн коомдук жана педагогикалык вазыйпасын аткарууда дем берип, шыктандырып турган чоң күч катары баалайт.

Окшош материалы: