Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аида ЮСУПОВА: “Жамааттын кызыкчылыктарын жана аялдардын саясий укуктарын коргоп жатканда артка чегинбеш керек”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Аида ЮСУПОВА: “Жамааттын кызыкчылыктарын жана аялдардын саясий укуктарын коргоп жатканда артка чегинбеш керек”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Эгерде Чүй облусунун Бурана жергиликтүү кеңешинин депутаты Аида ЮСУПОВА кайсы бир ишти баштаса, сөзсүз түрдө анын өтөсүнө чыгат. Аида абдан жоопкерчиликтүү адам, ал өзүн айылынын патриоту деп эсептейт жана айыл аймагы эл бактылуу болуп жашай турган жерге айланышын каалайт. Аида иштебегендиктен, өз аймагынын жана жергиликтүү жамааттын жашоосуна жигердүү катыша алат. Ошондуктан, ал жергиликтүү кеңештин депутаты болууну чечти. Жашоочулардын чыныгы көйгөйлөрүн түшүнүү максатында Аиданын демилгеси менен калк менен жолугушуулар өткөрүлүп турат. Аида бул көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча чаралар социалдык-экономикалык өнүгүү программасына, андан кийин жергиликтүү бюджетке киргизилишин камсыздоону каалайт. 2021-жылы Аида айылда балдар аянтчасын куруу демилгесин көтөрүп чыккан. Ал айылда балдардын эс алуусу үчүн иш жүзүндө эч кандай шарт жок экенин өз тажрыйбасынан улам билет. Анын демилгесин кесиптеш депутаттар, айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү жамааттын лидерлери колдоого алышты.

Депутаттык чөйрөдө жетишкен ийгиликтерине жана олуттуу жыйынтыктарга карабастан, Аида аял депутатка, атап айтканда, ЖӨБдүн аткаруу органдары – айыл өкмөтү менен иштөө кыйын экенин моюнга алат. Мисалы, аял депутаттар тобуна өзүнүн көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу, жергиликтүү бюджет жана Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу жөнүндө толук маалымат алуу оңой болгон жок. Жергиликтүү жамааттын менчиги болгон бул ресурстардын колдонулушу тууралуу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери толук маалыматты ачыкка чыгаргысы келбегендиктен, аял депутаттар прокуратурага кайрылууга аргасыз болушту.

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аялдардын саясий укуктарын басмырлоо аракетинин дагы бир мисалы боло алат. Бул шайлоонун жыйынтыгы боюнча башчы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын арасынан шайланган. Кеңештеги бош орунду талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда турган аял ээлеши керек эле. Бирок кеңешке дагы бир эркек киши келиши үчүн аялды мандатынан баш тартууга аргасыз кылышкан. Гүлмира (аты өзгөртүлдү) ЖӨБ органдарынын олуттуу каршылыгына туш болду, бирок артка чегинбестен, жергиликтүү кеңештин депутаты болуп калды.

Аида үй-бүлөсүнөн күч алат – күйөөсү жана төрт уулу аны бардык жагынан колдоп турушат. 

Окшош материалы: