Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Гүлянда ОРУНБАЕВА: “Көйгөйлөрдүн кесепеттерин жашыргандан көрө, алар тууралуу ачык айтыш керек”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Гүлянда ОРУНБАЕВА: “Көйгөйлөрдүн кесепеттерин жашыргандан көрө, алар тууралуу ачык айтыш керек”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Ош облусунун Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаты, 15 жылдык тажрыйбасы бар мугалим Гүлянда Мамадалиевна ОРУНБАЕВА аялдар адамдар менен көп баарлашкандыктан, жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн ичинен терең билишет деп эсептейт. 

Гүлянда кесепеттерин жашырууга аракет кылгандан көрө, көйгөйлөрдү ачык айтуу жакшы деген принципти бекем колдойт. Ал өзү бир нече жолу коомдук иш-чараларда ачык жана чынчыл сүйлөгөн сөздөрү үчүн жергиликтүү бийликтин нааразычылыгын көргөн, мисалы, тургундардын өтүнүчү менен эмес, “чоң жетекчилик” келээр алдында жолдордун эптеп-септеп, “кожо көзүнө” оңдолушун сынга алып чыкканда кысымды байкаган. Бирок Гүлянда аткаминерлердин терс мамилесинен коркпойт жана башкаруудагы эски “жараларды” ачыкка чыгарууну уланта берүүдө. Мисалы, мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоого байланыштуу маселени козгоп, Гүлянда кеңештин сессиясында көпчүлүк учурда мектептер шектүү сапаттагы азык-түлүктү сатып алат деп айтып чыкты. Кеңештин төрагасы жана аял депутаттар Гүлянданын бул айтканын колдоп, маселени изилдөө үчүн комиссия түзүүнү чечишкен.

Келечекте депутат балдардын бош убактысын туура уюштурууну, кошумча билим алуу үчүн шарттарды түзүүнү, тактап айтканда, англис тили боюнча ийримдерди ачууну, ошондой эле мектепке ыктыярчыларды чакырууну пландап жатат. Зомбулук, жумушсуздук жана социалдык аялуу аялдардын көйгөйлөрү да депутаттын күн тартибинде турат. 

Гүлянданын беш баласы бар. Жолдошу депутаттын аялын колдоп эле тим болбостон, кеңештери менен да жардам берет, мисалы, инфраструктуралык көйгөйлөргө, анын ичинде жолдордун начардыгы жана ичүүчү суунун жоктугу өңдүү маселелерге көңүлүн буруп, анын маңызын жана маанисин түшүндүрүп, мында эркек шайлоочулардын пикирин кантип эске алса болоорун айтып берет. 

Окшош материалы: