Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Валентина ЮДИНА: “Депутаттын ар бир чечими көйгөйлөрдү жана мыйзамдарды жакшы билгенине негизделүүгө тийиш”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Валентина ЮДИНА: “Депутаттын ар бир чечими көйгөйлөрдү жана мыйзамдарды жакшы билгенине негизделүүгө тийиш”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Ош облусунун Куршаб айылдык кеңешинин депутаты Валентина Андреевна ЮДИНА мектептин директору болуп иштейт жана педагогикалык ишмердүүлүктө да, депутат катары ишинде да эмгекке жана тартипке жоопкерчиликтүү мамиле канчалык маанилүү болгонун жакшы билет.

Жергиликтүү кеңешке шайлангандан кийин Валентина социалдык маселелер боюнча комиссиянын курамына кирип, биринчи кезекте COVID-19 эпидемиясынын шартында билим берүү мекемелеринин балдарды күндүзгү билим алууга кабыл алуу даярдыгын изилдей баштаган. Депутат ошондой эле билим берүү уюмдарынын кызматкерлери балдарын бала бакчага жайгаштыра албай жүргөнүн аныктаган. Валентина бул көйгөйдү депутаттардын, айыл өкмөттөрүнүн жана бала бакчалардын директорлорунун арасында айтып чыккан. Натыйжада 10 бала мектепке чейинки билим берүү мекемелерине орноштурулуп, алардын ата-энелери үчүн жумуш шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Валентина Куршаб аркылуу өткөн трассаны бойлото тротуарды иретке келтирүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү (тротуардын жоктугунан жөө адамдар жол кырсыгына кабылуу коркунучунда калышкан). Демилгелүү топтун башка мүчөлөрү менен бирге Валентина каражат чогултуу максатында “марафон” уюштуруп, аны өткөрүүгө жигердүү катышты, анын натыйжасында долбоорду каржылоого 324 000 сом тартылды.

Валентина өз ишинде дайыма аялдар кеңешинин, аксакалдар сотунун жана окуучуларынын ата-энелеринин колдоосуна ээ болуп келет. Келечекте депутат жашоо шарттарын жакшыртууну жана мүмкүнчүлүгү чектелген чоңдор менен балдардын көйгөйлөрүн чечүүнү пландап жатат, ал үчүн мыйзамдарды изилдеп, коомчулуктун көңүлүн бул маселеге бурганы жатат. Бойго жетип калган балдарынын жана жолдошунун колдоосу ага коомдук ишти натыйжалуу аркалап кетүүгө күч жана жетиштүү бош убакыт берүүдө.

Окшош материалы: