Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2020 жана 2030-жылдарга ЖӨБ элеси: мамлекеттен жамаатка эволюция

2011-12-30 / Актуалдуу тема

Талкуу“Сорос – Кыргызстан” корунун каржылык колдоосу менен жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жылдык Адамды өнүктүрүү тууралуу Улуттук докладына даярдыгынын алкагында өткөрүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жана орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана стабилдүүлүккө жетүүдө анын ролун талкуулоо үчүн Бишкек жана Ошто “Күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу –Кыргыз Республикасындагы туруктуулуктун, этностор аралык ынтымактын жана адамдын жашоосу, өнүгүүсү үчүн шарт түзүүнүн негизи”аттуу темада “тегерек стол” талкуулары өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин, өкмөттүн,ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү, эксперттер, донорлор жана бейөкмөт уюмдар чакырылган. Талкуу “Сорос – Кыргызстан” корунун каржылык колдоосу менен жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жылдык Адамды өнүктүрүү тууралуу Улуттук докладына даярдыгынын алкагында өткөрүлдү. Бул жылы бул доклад жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган.

Жыйынтыгында ЖӨБну өнүктүрүү багытында бир нече өзөктүү стратегиялык сунуштар болуп, алар жергиликтүү өз алдынча башкарууга фокус жасалып, 2011-2012-ж.ж. Адамды өнүктүрүү боюнча Улуттук докладдын концепциясына камтылат, андан тышкары 2020-2030-жылдарга ЖӨБнун болжолдуу келечеги иштелип чыкты (ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун болжолдуу келечеги иштелип чыккан эмес).

Биринчи кезекте бул талкуу мыйзам чыгаруучулар, өкмөт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана адистер жамааты ортосунда Кыргыз Республикасынын саясий системасында жана социалдык чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу жана милдеттерине байланыштуу диалогду жандандыруу үчүн зарыл болчу. Негизги көйгөй– ЖӨБ тууралуу бардык талкуулар мыйзам жана саясий талаанын алкагында гана жүргүзүлүп, тиги же бул аймакта жашаган реалдуу адамдардын чыныгы көйгөйлөрүнө байланбай келет. Ошол эле учурда талкуулар профессионалдык, эксперттик, же чиновниктердин тилинде, мисалы, “өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар”, “өз функциялар”, “автономия”,“фискалдык механизмдер” деген өңдүү керектүү жана маанилүү, анткен менен калкка түшүнүксүз болгон сөздөрдүн айланасында өтөт.

Талкуу ЖӨБга карата көнүмүш болгон алкактан чыкты. 60тан ашуун катышуучу, анын ичинде ЖӨБ менен алектенгендер үч топко бөлүндү: “мамлекеттиктер”, аларга мамлекеттик башкаруу органдарынын,депутаттардын, өкмөттүн жана президенттик аппараттын өкүлдөрү кирди. Экинчиси, “өз алдынча башкаруучулар”, ага ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү кирди жана курамына бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз иликтөөчүлөр кирген “эксперттер” тобу.

Ар бир топ бир нече суроолорго жооп бериши керек болчу, анын ичинде төмөнкүлөргө:

ЖӨБ социалдык туруктуулукка жана жаңжалдын чыгышын азайтууга таасирин тийгизе алабы?

• ЖӨБ адамдын өнүгүүсү үчүн мисалы, салттар, үй-бүлө баалуулуктар өңдүү шарттарды түзө алабы?

Талкуунун жыйынтыгы “мамлекеттиктер” жана “өз алдынча башкаруучулар” “жогору жактан” таңууланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу калыптанып калган түшүнүктөрдүн алкагынан чыга албаганын көрсөттү. Алардын пикирилеринде жана сунуштарында ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү,укуктарды өткөрүп берүү, жергиликтүү бюджеттердин чабалдыгы, мыйзамдын чийкилиги өңдүү салтка айланып калган түшүнүктөр. “Эксперттер” гана үмүт жандырып, “ооба, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бул маселелер менен алектене алат жана алектениши керек. Болгону буларда адегенде каалоо, андан кийин гана ресурстар пайда болушу керек. Мындай каалоо калкка жүзүн бурган ЖӨБда гана пайда болот” деп ишенимдүү айтышты.

Мисалы, ЖӨБ жамааттагы этностор аралык ынтымакка таасир тийгизе алабы? Тийгизе алат жана мунун көп мисалдары бар. Калкы көп улуттуу болгон чоң айыл округдары жана шаарлар бар. Ал жактарда жергиликтүү кеңештин депутаттары жана ЖӨБнун аткаруу органдары дайыма кырдаалга көз салып, бардык этностор бир үй-бүлөдөй жашашы үчүн көп аракеттерди корүшөт. Мындай айылдар Чүй жана Фергана өрөөндөрүндө көп жана мындай айылдар көп улуттуу болгонуна карабастан жаңжалдардын чордону болбойт жана жакын жерде жаңжал чыкса да чагымчыл аракеттерге алдырбайт. Мындай муниципалитеттердин сыры жөнөкөй – алардын лидерлери жана

ЖӨБнун жетекчилери эч бир мыйзамда бул алардын түздөн-түз милдети болгону жазылбаса да адамдарда сабырдуулук, ынтымакты тарбиялашат. Бул аймактарда майрамдарды бирге өткөрүшөт, кырсык болгондо чогуу кайгырышат, ал эми эгерде жаштар арасында сабырсыздыктын кичинекей эле белгилери пайда болсо, улуулар чогула калып, тарбиялык иштерди жүргүзөт. Ал эми ушундай айылдардан 10 чакырым алыстыктагы башка жерлерде райондук акимдин буйруктарын гана аткаруу менен алек болгон, жаңжал оту тутанганда гана ага тынчсыздана баштаган да айылдар бар.

ЖӨБ салттарга жана үй-бүлө баалуулуктарына таасирин тийгизе алабы? Этностор аралык ынтымак өңдүү эле, салттар, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана жамааттагы моралдык климат статистикалык эсеп эмес, бул башкарыла ала турган жана башкарыш керек болгон процесс. Бул жарандардын көз карашын жана түшүнүгүн тарбиялоо жана калыптандыруу. Эгерде бул иштер менен жамаат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алектенбесе, “менталитетти башкаруу” ролун башкалар – диний уюмдар, экстремисттер, кылмыштуу топтор алат. Мындай учурда маселени Борбор чечет деп күткөн – байоолук. Борбор эч качан эффективдүү “мээни башкаруучу” боло албайт. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу салттар жана баалуулуктар менен иштей алат. Мисалы, элеттик калктын тойлорго чыгашаларын тыюу жолу менен эмес, өзү үлгү көрсөтүп кыскарта алат. Бул үчүн ЖӨБ жетекчиси райондук мамлекеттик администрациянын тарабына суроолуу карабастан, өз жердештери жана алардын келечеги үчүн чын дилинен күйүшү керек. Ошондой эле сөз менен көндүрүү жана өзү үлгү көрсөтүү менен үй-бүлөдөгү зомбулук, кыз ала качуу, балдар эмгеги, зыяндуу адаттар менен күрөшүп, адамдарды жашоосун пландоого, финансылык сабаттуулукка үйрөтсө болот. Бул үчүн административдик ыйгарым укуктарды жана бюджетти олуттуу көбөйтүү деле зарыл эмес. Болгону жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана анын лидерлери өз табиятын, милдетин эске алып, калкка жүзүн бурушу керек. Жогоруда айтылган маселелерди чечүү менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бир нерседен күмөн санабаш керек: материалдык каражатка байланышкан жолдорду оңдоо, клубду ремонттоо өңдүү маселелер жеңил-желпи чечиле баштайт. Себеби башкаруу органдарынын жана көпчүлүк жарандардын проблемалары чөнтөктө эмес, алардын ой-жүгүртүүсүндө жатат.

Бардык топтор төмөнкүдөй пикирге келишти:

• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө түрткү бере алат жана бериши керек, өзүнүн салыктык базасына да, жамаат мүчөлөрүнүн жакшы жашоосуна да таасирин тийгизе алат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бизнес үчүн кандайдыр бир шарттарды түзүүгө караганда, колдоочу программаларды негиздөө жана ишке ашыруу аркылуу жергиликтүү экономикага таасирин тийгизе алат. Мисалы, фестивалдар, окуу, маалымдоо ж.б. Экономиканын өнүгүшү жакырчылыкты азайтууга жана муну менен туруксуздуктун пайда болуу ыктымалдыгын төмөндөтүүгө шарт түзөт.

• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу адамдын өнүгүүсү үчүн чөйрөгө олуттуу таасир тийгизет. Кыргыз Республикасында адамдын өнүгүүсүнүн деңгээлинин алгачкы тепкичтери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде калыптанат. Анткени дал ушул жерде адам баштапкы жана орто билимге ээ болот, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлөт, маданий жана социалдык жөндөмдүүлүктөр пайда болот. Дал ушул жерде балдар тарбияланып, жаңы муун өнүгөт.

• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – Кыргызстандын жаңы жаранын тарбиялоонун башаты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үй-бүлөлүк салттардын эң мыктыларын сактап калуу максатында да, үй-бүлөдөгү гармониялык өнүгүүгө тоскоол болуп жаткан көрүнүштөрдү (аялдын укугу, балдардын укугу, кыз ала качуу, чыгымдуу тойлор ж.б.) жоюу, алга жылуу максатында да аларга таасирин тийгизе алат.

• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу коррупция менен күрөшө алат, анткени калкка салыштырмалуу жакын. Ал эми калк коррупциялык көрүнүштөргө каршы тура алат.

Андыктан социалдык туруктуулукту камсыздоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу өтө жогору. Ошентсе да жергиликтүү өз алдынча башкарууну кыргызстандык коомчулукта туруктуулукту камсыздоонун жалгыз жана жада калса башкы фактору кароо туура эмес. Көп нерсе мамлекеттик органдардан (парламент, өкмөт жана укук коргоо органдарынан, соттордон) көз каранды. Алар жалпы улуттук идеологияны түзүү, мыйзам алдында бардыгы бир деген саясатты жүргүзүү, бардык мамлекеттик жана ЖӨБ органдарында катаал мыйзамдуулукту камсыздоо үчүн жооптуу болушу керек. Мындан тышкары жарандык коом жана сырткы оюнчулар (мамлекеттер жана трансулуттук уюмдар) өңдүү башка факторлор да бар.

Жаңжалдардын себептерин жоготуу үчүн мамлекет эмне кылышы керек?

Бардык топтор – “Мамлекеттиктер”, “Муниципалитеттиктер” жана “Эксперттер” – жаңжалдардын себептерин жоюунун алгачкы жана эң маанилүү шарты катары мыйзам алдында ар бир адам бирдей болушун камсыздоодо өлкө башчыларынын бекем саясий эркинин болушу, мыйзамдын үстөмдүгү тууралуу жалпы улуттук идеологияны киргизүү зарылдыгын белгилешти. Ресурстар жана аларга жетүү жаңжалдардын тутаныш себептеринин тизмесинде экинчи гана орунду ээледи.

Экинчи зарыл шарт – калктын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүү тармагында да, ресурстарды издөө жана колдонууда (муниципалдык каржы жана менчик) да кеңири ыйгарым укуктарын камсыздаган эффективдүү укуктук базаны түзүү, андан тышкары ЖӨБнун калк алдындагы отчеттуулугун камсыздоо. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу жаңы мыйзамдын алкагында бул шарттардын аткарылышы боюнча Адамды өнүктүрүү боюнча Улуттук докладды иштеп чыккан автордук топтун көз карашын биз мыйзамга комментарийге арналган материалда көрсөттүк (www.dpi.kg).

Үчүнчү милдеттүү шарт – мыйзамдын бардыгы тарабынан аткарылышына мамлекеттик ачык көзөмөл системасын түзүү, андан тышкары мыйзамды жана нормаларды бузганы үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн чараларды так жана кынтыксыз колдонуу.

Төртүнчү шарт – ЖӨБ органдарын жеткиликтүү каржы ресурстары менен камсыздоо же өз ресурстарын (бюджетин) салык базасын кеңейтүү жолу менен өз алдынча көбөйтүүгө шарт түзүү.

Бешинчи шарт – муниципалдык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн жакшы шарттарды түзүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана адамды өнүктүрүү үчүн шарттар

Бардык топтор жергиликтүү өз алдынча башкаруу адамдын өнүгүүсү жана жашоосу үчүн шарт түзүүгө түздөн-түз таасирин тийгизе алат деген менен макул болду. ЖӨБнун жетекчилери административдик, саясий же башка себептерден улам мамлекетке баш ийген үчүн жана жергиликтүү жамаатка, адамга кызыктуу болгон тапшырмаларды аткаргандын ордуна адегенде мамлекеттик тапшырмаларды аткарууга муктаж болгон үчүн мындай шарттарды түзө албай жатат деген божомол айтылды. Ал эми калк, адам өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкарууга реалдуу түрдө таасирин тийгизе албайт. Башкача айтканда адамдын өнүгүүсү үчүн шарт түзүү үчүн ЖӨБ органдары өздөрү бекем болуш керек, өзгөчө каржы жана административдик аспектилерден алып караганда.

Каржылык туруктуулук. Бардык топтор каржылык жана салык мыйзамдарын ЖӨБнун салыктык базасын кеңейтүү үчүн карап чыгуу керектигин айтып, бюджеттик деңгээлдердин санын кыскартуу, ЖӨБ арасында бюджеттик ресурстарды бөлүштүрүү механизмдерин жакшыртуу жана категориалдык гранттарды кайра эсептөө зарылдыгын белгилешти.

Административдик туруктуулук. Бардык топтор муниципалдык кадрларды окутуу системасын жакшыртуу керектигин айтып, муниципалдык кызматкерлер үчүн материалдык жана материалдык эмес мотивация чараларын түзүү зарылдыгын белгилешти.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу эмоциялардын бойогунда

Талкуунун катышуучуларына жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата үч эмоцияны тандоо сунушталды. Жооптордун анализи көрсөткөндөй, эки “тегерек столдун” катышуучулары тең ОПТИМИЗМ деген эмоцияны тандашкан. Мында аймактар арасында жооптор дээрлик окшош болгон: жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата бишкектик катышуучулардын 30у, оштук катышуучулардын 29у ОПТИМИЗМ менен карайт экен.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн (эки аймакта тең), түндүк региондордун жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн УРМАТТОО сезими жок болгону таң калууну жаратты. Мында Ош шаарынын “тегерек стол” катышуучуларынын жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата УРМАТТОО сезими жогору болду.

Ошондой эле катышуучулардын көпчүлүгүнүн арасында КӨҢҮЛ КАЛУУ жана БООР ООРУ сезими болду, бул өзгөчө Бишкек шаарынын катышуучуларынын арасында (жергиликтүү кеңештин депутаттары, эксперттер) байкалды. Балким буга 2008-2010-жылдары борбордон алыстатуу процессинин артка жылышы жана 2010-жылы жайында өлкөдөгү туруктуулукту сактоодо ЖӨБ органдарынын алсыздыгы себеп болушу мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата сезимдердин графикалык көрсөткүчү төмөндө чагылдырылды, ал эми аудитория тууралуу маалыматтар

2020-2030-жылдардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун элеси

Эксперттердин бирдиктүү пикирлеринин анализи “ЖӨБ-2020” жана “ЖӨБ-2030” долбоорлорун түзүүгө жардам берди.

“Тэгдер булуттарынын” жардамы менен авторлор “ЖӨБ-2020” долбоорун көрсөтө алды жана анын жыйынтыгы 2020-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасынын каржылык жактан көз карандысыз болуу артыкчылыгын далилдейт.

“Тэгдер булуттарынын” жардамы менен авторлор “ЖӨБ-2030” долбоорун көрсөтө алды жана анын жыйынтыгы 2030-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасынын калк алдындагы отчеттуулугун жана айкындуулугун, колдоосун далилдейт.

2020 жана 2030-жылдардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын кабыл алууну салыштырууда бул он жылдыктарда система өзгөрүшү керектигин белгилей кетиш керек. Саясатчылар жана эксперттер 2020-жылдан 2030-жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кандай өзгөрөөрүн карай турган болсок,анда каржылык көз карандысыздык бир топ маанисин жоготоорун байкоого болот. Муну аудиториянын 2030-жылга карата ЖӨБ органдары зарыл болгон каржылык өз алдынчалыкка жете алат деген күтүүсү менен түшүндүрсө болот. Ошондой эле административдик көз карандысыздык, эффективдүү муниципалдык башкаруу актуалдуулугу бир аз азайышы мүмкүн. Биринчи планга башка маселелер чыгат, алардын эң негизгиси – ишеним, отчеттуулук,айкындуулук. Кадрлардын квалификациясы жана муниципалдык башкаруунун эффективдүүлүгү мындан да актуалдуу болот. Мындан тышкары жаңы мүнөздөмө пайда болот – жергиликтүү экономикалык өнүгүүдө өз алдынчалуулук.

 

2020-жылдагы Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул каржылык ресурстардын жана тажрыйбалуу кадрлардын жардамы менен муниципалдык кызматтарды жогорку деңгээлде көрсөтүү менен калктын жашоосун жакшырта алган, каржылык жана административдик жактан көз карандысыз ЖӨБ органдарынын туруктуу системасы.

ЖӨБ органдарынын калк алдында жооптуу жана ачык-айкын болгон системасы мыкты мыйзамдарга негизделет жана жарандардын колдоосуна ээ болот.

2030-жылдагы Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул жарандар алдындагы ачык-айкын жана жооптуу иши үчүн калк арасындагы аброю жогору болгон, каржылык жана административдик жактан көз карандысыз ЖӨБ органдарынын туруктуу системасы.

ЖӨБ органдарынын системасы кол алдындагы аймактагы жашоо шартты жакшыртуу жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү маселелерин чечет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ийгилиги тажрыйбалуу кадрларга, каржылык көз карандысыздыкка, эффективдүү башкарууга жана административдик автономияга негизделген.