Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаңы мүмкүнчүлүктөр

2011-12-30 / Актуалдуу тема

“ДОЛБООР МУНИЦИПАЛИТЕТТЕРГЕ ЖАКШЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮҮДӨ”

Бекболот Бекиев, “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун жетекчиси: “ДОЛБООР МУНИЦИПАЛИТЕТТЕРГЕ ЖАКШЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮҮДӨ”

– Долбоордун актуалдуулугун жана зарылчылыгын кантип баалайт элеңиз?

– Акыркы эки жылда өлкөдө жалпысынан ЖӨБ органдарынын системасын колдогон ири долбоор ишке ашырыла элек болчу. Бул 2010-жылга чейин өкмөттүн саясий багыты жергиликтүү өз алдынча башкарууну күчтөндүрүүгө эмес,борбордоштурууга, бийлик вертикалын түзүүгө жол алганына да байланыштуу болду. Эми бизде саясий жактан да жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, долбоордун колдоосу өз убагында болду. Ал эми зарылчылыгы тууралуу айта турган болсом, ал эксперттерге да, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө да маалым болуп турат. Канчалык зарыл болгонун түшүнүү үчүн ЖӨБнун башчысынын болгону бир гана күнүн жашап, муниципалитеттердин алдында турган олуттуу көлөмдөгү маселелерди чечүүгө аракет кылып көрүү керек. Биз долбоордун уландысы, улуттук өнөктөштөрдүн жана донорлордун колдоосу, команданын профессионализми ийгиликтүү жыйынтыктарга алып келип, ЖӨБ органдарына алардын маселелеринин жок дегенде кандайдыр бир бөлүгүн чечип бере алабыз деп ишенип турабыз.

– Эмне үчүн Өнүктүрүү саясат институту долбоордун аткаруучусу болуп тандалып алынды?

– Өнүктүрүү саясат институту бир нече чет элдик компаниялардан озуп чыгып, бул тендерди утуп алганы менен абдан сыймыктанат. Бизге белгилүү болгондой, Кыргызстанда алгачкы жолу ушундай деңгээлдеги ири долбоорду жергиликтүү, кыргызстандык бейөкмөт уюм ишке ашырып жатат. Бирок күрөш жеңил эмес жана таза болду. Биз өлкө деңгээлиндеги бейөкмөт уюм катары калыптанганыбызды далилдөө үчүн бир нече жыл катуу иштедик.

– Долбоордун убактылуу алкактары кандай?

– Долбоорду ишке ашыруу мезгили 6,5 жылга эсептелген, процесс бир нече фазага бөлүнгөн. 2011-жылдын 1-ноябрында Өнүктүрүү саясат институту долбоордун кириш фазасын ишке ашыра баштадык. Анын алкагында үч сынамык айылдык аймактардын жардамы менен биз долбоордун алгачкы, үч жылдык фазасында колдонула турган механизмдерди сынайбыз жана колдонобуз. Кириш фазасынын маалында биз үч жылдык иш планын иштеп чыгабыз, аны сөзсүз улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги бардык өнөктөштөрүбүз менен талкуулайбыз. Ал өзүнө гранттык механизмди камтыйт. Баса, айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган гранттар ЖӨБ органдарынын “колдору” менен ишке ашырылат. Негизги фазасында долбоордун иши башка муниципалитеттерге жайылат, бирок алар канча болоорун биз кириш фазасында аныктайбыз.

– ЖӨБ органдарынан тышкары дагы ким долбоордун пайдасын көрүүчү (бенефициар) болот?

– Албетте биз Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттик, Каржы министрлиги жана башка ведомстволор менен тыгыз кызматташууну пландаштырып жатабыз. Мындан тышкары билим берүү мекемелери, бейөкмөт уюмдар, донорлор, массалык маалымат каражаттары долбоордун аудиториясы болот.

Албетте долбоордун башкы өнөктөшү – Кыргызс Республикасындагы айылдык муниципалитеттердин калкы болот.