Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

USAID Кыргызстандагы жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча долбоорду ишке киргизүүдө

2022-01-11 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
USAID Кыргызстандагы жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча долбоорду ишке киргизүүдө

2021-жылдын 12-январь күнү АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизди.

“Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Ысык-Көл Нарын жана Ош облустарынын муниципалитеттери калкты таза суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү жана эс алууну уюштуруу үчүн шарттарды түзүү сыяктуу жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш алып барышат.

Долбоор айыл өкмөтү жана мэрия кызматкерлерин окутуу, юридикалык кеп-кеңештерди берүү жана башка муниципалитеттердин алдыңкы тажрыйбаларын колдонууга шыктандыруу аркылуу алардын башкаруу ыкмаларын жакшыртууга багытталган. Долбоордун негизги максаттарынын бири – муниципалитеттерге экономикалык жактан негизделген тарифтерди киргизүү, кирешелерди көбөйтүү, жергиликтүү ишкерлер менен өнөктөштүк түзүү жана маалымат технологияларды колдонуу аркылуу алардын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылык жактан туруктуу кылууга жардам берүү. Муниципалитеттер мындай ыкмалар менен өз бюджеттерин кеңейтип, тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн көбүрөөк кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштай алышат.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууда чоң роль ойнойт. Алар бала бакча, суу, таштанды чыгаруу сыяктуу көптөгөн маанилүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн жоопкерчилик алышкан. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты Кыргызстандын ар бир жаранынын күнүмдүк жашоосуна таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан USAID бул кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн муниципалитеттер менен иштешүүдө”, - деди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу Кит СИММОНС.

Долбоордун дагы бир негизги максаты - муниципалитеттердин жоопкерчилигин күчөтүү. Долбоор жарандардын жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты боюнча пикир калтырышына жана жергиликтүү бюджеттерге мониторинг жүргүзүүдө жигердүү болушуна шарт түзөт. “Биз муниципалитеттер кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө потенциалын жогорулатуу үчүн колдоого жана кеңештерге муктаж экенин көрүп турабыз. Ошондуктан, биз башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана элдин турмушун жакшыртууга багытталган кызматташууну кубаттайбыз. Ал өз кезегинде региондордун кеңири өнүгүшүнө өбөлгө болот”, - деди КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек ЖАНТАЕВ.

Долбоор мурунку “Ийгиликтүү аймак” деп аталган долбоордун жетишкендиктерине негизделет. 2016-жылдан бери “Ийгиликтүү аймак” долбоору өлкө боюнча 50 айылдык жана шаардык муниципалитеттерде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга жардам берди. Жыйынтыгында 31 миңден ашуун жаран ичүүчү таза суу менен камсыз болуп, 23 миңге жакын тургун таштанды чыгаруу боюнча жакшыртылган кызматтарды алышты, ал эми беш муниципалитеттин көчөлөрүнө жарыктандыруу орнотулуп, коопсуздугу жогорулады.

“Ийгиликтүү аймак 2” долбоору USAID тарабынан каржыланып, аны Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда. Бул төрт жылдык демилгенин жалпы бюджети 4,9 млн АКШ долларын түзөт. Долбоор тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн: http://dpi.kg/ru/activity/projects/full/0/98.html

Кошумча маалымат алуу үчүн долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турар БЕКБОЛОТОВ менен байланышыңыздар tbekbolotov@dpi.kg жана + 996 770 210555 (Whatsapp/Telegram). 

 

 

Окшош материалы: