Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу маселелери талкууланды

2022-01-11 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу маселелери талкууланды

2021-жылды жыйынтыктап жатып, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин (МКЖӨБМА)1 өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуу өттү. Иш-чара мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууну, “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууда социалдык жана гендердик аспектилерди социалдык-экономикалык өнүгүү программасында (СЭӨП) эске алуунун өзгөчөлүктөрүн талкуулоо максатында уюштурулду.

Талкуунун катышуучулары менен адегенде КР Министрлер Кабинетине караштуу МКЖӨБМА директорунун орун басары Данияр ИСАМАТОВ саламдашып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо чөйрөсүндө реформаларды жүргүзүү зарылдыгын белгиледи: “Мамлекеттик, муниципалдык же аскерий кызмат болсун, мында дасыккан, квалификациясы жогору адистердин жана башкаруучулардын бар болгону канчалык маанилүү экенин баарыбыз түшүнүп турабыз. Себеби, экономикалык жактан эле эмес, калган чөйрөлөрдө да мамлекеттин өнүгүшү мына ошол кадрлардан көз каранды. Ошол эле учурда мамлекет кадрларды окутууга, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга бир топ каражат жумшап жаткандыгын түшүнүү зарыл. Бирок, болочок адистерди даярдоо системабыз баштапкы этапта эле – мектептерде, колледждерде, университеттерде “аксап” калууда. Билим берүү тармагында системалуу өзгөрүүлөр жана реформалар керек деп эсептейм. Университеттен чыккан жакшы даярдалган адис мамлекеттик башкаруу системасында алда канча натыйжалуу иштейт. Бирок аны шыктандырып, дем берүү жагын да унутпашыбыз керек.

2021-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдар олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Буга байланыштуу муниципалдык кызматкерлерде  көптөгөн суроолор жаралууда. Мамлекеттик агенттик тийиштүү окууларды уюштуруу маселесинин үстүндө иштеп жатат, атап айтканда, окууларды 2022-жылга мамлекеттик заказды ишке ашыруунун алкагында уюштуруу пландалууда. Жакынкы арада окуудан өтө турган кызматкерлердин саны жана контингенти белгилүү болуп, тиешелүү графиктер бекитилет”.

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ жана КР ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ пландарды, окуунун графигин, аларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулоого даярдыгын билдиришти (https://fb.watch/arPDS6wdr6/).

Андан соң катышуучулар төмөнкү темаларды талкуулашты:

  • “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин ролу” (баяндамачы: Медербек ИСРАИЛОВ, КР Министрлер Кабинетине караштуу МКЖӨБМАнын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.
  • “КР ЖӨБ органдарынын Союзу жана муниципалдык кызматкерлердин окуусу” (баяндамачы: Бектурган ОРОЗБАЕВ, ЖӨБ Союзунун директору);
  • “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына окутуу маселелери” (баяндамачы: Нурдин КҮМҮШБЕКОВ, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун координатору);
  • “Аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландарында социалдык-гендердик аспектилерди эске алуу” (баяндамачы: Жылдыз АБДЫЛДАЕВА, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун гендердик жана билимдерди башкаруу боюнча адиси).

Иш-чаранын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, “КР ЖӨБ Союзу” АӨБ, Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору, Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору.

________ 

1 Иш-чаранын видеосун “Фейсбуктагы” баракчабыздан көрө аласыз: https://www.facebook.com/DPIKyrgyzstan

Окшош материалы: